Эстрада ырчысы Айгүл Чалова:

"Ушактардан тажаган кезде койчуманга тийип кетким келет"
- Айгүл, алгач сенин жүзүңдү тааныткан "Сүйүү арманы" аттуу ырың жөнүндө сөз козгосоң?
- Ар бир эле тирүү жандын жүрөгүндө жалындаган сезими болот болуш керек. Аталган ыр да менин бир убактагы ыйык сезимимден жаралган. "Кайгысы жок жүрөктөн каалагандай ыр чыкпайт" демекчи чыныгы сүйүү отуна кабылып, жан дүйнөм жай албай калган кезде калем кармоого туура келип, мени ыр дүйнөсүнө жетелеген "Сүйүү арманынын" кайрыктары пайда болду. Жүрөктөн чыккан ыр жүрөккө жетет экен. Кудайга шүгүр өзүмдүн автордук ырымдын арты менен аздыр-көптүр күйөрмандарымды таба алдым.
- Азыр өзүң курактуу бир канча жоон топ ырчылар кыргыз сахнасында кызмат кылып жатышат. Ушундай атаандаштык күчөп турган учурда сүрүлүп калам деп коркпойсуңбу?
- Албетте, корком. Ошончо жоон топтун арасынан суурулуп чыгуу оңойго турбайт. Канткен күндө да "жарк" этип чыгып, "жылт" этип өчүп калбоого болгон күчүмдү жумшайм.
- Ыр дүйнөсүндө сени ирээнжиткен көрүнүштөр да жок эместир…
- Медалдын эки жагы болот дегендей сахнанын да күңгөй-тескей жактары бар. Бирде ушундай сулуу, керемет дүйнөдөн ырахат алсаң, кээ бир учурларда көңүлүң чөгүп кыйналасың. Чынын айтсам күтүлбөгөн жерден ар кандай ушактын каарманы болуудан тажадым. Ошол ушактарда кымындай болсо да чындык болсо мойнуңа алып, уялып олтуруп каласың. Анан жок жерден, түшкө кирбеген сөздөрдүн ээрчип жүргөнүнө күйбөгөн жериң күл болот экен. Мындай учурларда айылга барып эле бир койчуга тийип алып, жайлоонун таза абасында тынч жашап жүрө бергим келет. Биздин кыргыздарда өсүп келаткан адамга ич күйдүлүк кылып буттан тартып, колдон сүйрөмөй адат бар эмеспи. Ушактын баары ошонун натыйжасы.
- Эми биротоло ырчы болоюн дейсиңби же башка тармакка багыт аласыңбы?
- Менин максатым ырдап эле ырчы болуш эмес, ырас ушул багытта билим алып, ушул чөйрөнү тандагандан соң, жарым жартылай кылбай, андан жыйынтык чыгаруу. Андыктан баштадыңбы, таштаба - деген ураан менен жашап келем.
- Арзыган адамың барбы?
- Бар. Бир жылдан бери сүйлөшүп жүрөм. Кудай буюрса күз айларында тушоо кесүү концертимди берсем, ошондон кийин баш кошобуз деп пландап жатабыз. Ал менин чыгармачылыгымды түшүнүп, жардам берип келет. Өзү бизнесмен.
- Турмушка чыксаң жоолук салынасыңбы?
- Негизи жоолук салынган айымдарды абдан сыйлайм. Чач, жоолук деген аялзатынын көркү да. Ошон үчүн убагы келсе сыймыктануу менен эле салынып жүрөм.
- Бүгүнкү замандын жигиттерине кандай баа берээр элең?
- Чынын айтканда, намыскөй, чечкиндүү, сөзүнө бекем, өз ордун билген жоопкерчиликтүү жигиттерибиз азыраак болуп жатат. Көпчүлүгү жалкоо. Бирок, мен муну менен бардык жигиттерди ушундай деп айткандан алысмын. Кудайга шүгүр, тырышчаак, акылдуу, намыс үчүн бардык жагдайга даяр турган эр жүрөк жигиттерден да куру эмеспиз. Муну окуп алып мырзалар капа болушпастыр… Болгону ар ким өз деңгээлинде кабыл алыш керек.
- Той-топурларга чакыруулар болуп турса керек. Бир тойлук кызматың канча?
- Мурда мынча бересиң дегенден уялып, бергенин алып коюп, бербесе сурабайт элем. Көрсө жөн ырдагандын да сөзү болот экен. Өзү адамдарга жакшылык жакпайт. Тойдун эртеси эшеги ылайдан өткөндөн кийин "Ээ Айгүл Чалова ушунча менен эле келет экен, чамасы муну көп деле чакырышпайт окшойт" деп кеп кылышат тура. Ушундай сөздөрдү уккандан кийин өз ордумду билип жүрөйүнчү деп 200 доллар менен барып жүрөм.
- Кыргызда "Эненин көөнү балада, баланын көөнү талаада" деген жакшы сөз бар. Дегеним ата-энеңди канча күндө бир эстеп турасың?
- Баланын жакшысы ата-эненин бактысы деп коёт. Ата-эне баланы кандай гана кыйынчылыктарда азап менен чоңойтот. Менимче, ак сүтүн берген эне менен ак эмгегин аянбаган ата ар бир баланын эсинде болот болуш керек. Андыктан мен да ата-энемди кыйналып же жыргаганда гана эмес күнүгө эстеп турам. Апамды ойлосом окуучу кезимде апамдын алдында эркелеп отуруп жазган төмөнкү ыр саптарым эсиме келет.
Эне ыйык, эне кымбат баарынан,
Мен өзүңдү көрбөй калсам сагынам.
Мына азыр бойго жетип турсам да,
Энекелеп чыккым келбейт жаныңдан -деп бактылуу балалык күндөрдүн биринде жазган элем. Менин тилегим, өлкөбүздө атанын ар намысын сактаган, эненин ак сүтүн актаган жаштарыбыз көбөйсүн.
- Жашоодон ар кандай учурларды күтүүгө болот. Эгер сени белгисиз бир жигит ала качып барып, кыргыздын ырымы кылып, босогого 90догу кемпирди жаткырып койсо эмне кылмак элең?
- Мындай жагдай менин башымдан өттү десем болот. Быйыл кышта УТРКнын журналисти Шайырбек Арапов мага байланышып "Айгүл сенин "Сүйүү арманы" деген ырыңа менин бир тааныш эжем клип тарттырып берем деп жатат, ушул ыр ошол эженин тагдырына окшош экен"деп калды. Ушундай колдоо болуп атса кантип жок демек элем, дароо эле макул болуп ошол күнү эжени Шайырбек үйгө жибермей болду. Анан белгиленген убакытта эшикке чыксам биз пландаган жерде бир машина турат. Ары жагында камера менен бирөөлөр жүрөт. Эмне болуп жатканын түшүнбөй жанына басып барсам, ичинде телевидениеде иштеген бир таанышым бар экен. Андан Шайырбекти сурасам, азыр тиги эжени ээрчитип келет, сен мени менен туруптур деди. Жүрөгүм бир нерсени сезгендей тиги камера көтөргөндөр эмне кылып жүрөт десем шаардын тазалыгын тартып жатышат деп койду. Ага деле ишендим. Анан эле бир мезгилде машинадан 2 бала түшүп, бири колумдан, бири бутумдан тартып машинага салышты да ылдый көздөй жөнөштү. Жүрөгүм оозума эле каптала түштү. Эмне кылаарымды билбей, баары бир олтурбайм, алып барганыңар менен баса берип силерди уят кылам. Андан көрө мени түшүрүп эле койгулачы, эч кимге арызданбайм деп жалдырасам да унчукпай коюшту. Жиниме тийип мени карап алып күлүшөт. Акыры эптеп түшүп кеткенге аракет кылып эшикти ачкандын камын ойлоно баштадым. Балээге күчүм жетмек беле, колумдан бекем кармап кыймылдатпай коюшту. Көп өтпөй бир үйгө токтотушуп, мени үйгө көздөй тартып киришти. Алар менен жулкулдашып атып, машинанын эшигин сүзүп, башым да шишип кеткен. Үйгө киргизип башыма жоолук салганда көзүмдөн жашым куюлуп, жашоом токтоп калчудай болуп кеттим. Эжелериме телефон чалсам, "Азыр биз жетип барабыз, жоолук салына көрбө" дешти. Ызылдаган аялдар келип баса калып, жоолук салышат. Мен жоолукту ыргытып, эшикке карап чуркайм. Ал аз келгенсип көшөгө да тартып коюшуптур. Балдар көтөрүп келип, көшөгөгө отургузуп коюшат, мен болсо атырылып сыртка чуркап, бирөө-жарым келип калса экен деп тилейм. Атам менен апам көз алдыма келип, бакырып ыйлап, өзүмдү коёрго жер таппайм. Ичимде чын эле ушул жерге калып калсам кантет, тааныбаган адам менен кантип жашайм, күйөөгө тиет деген ушул беле, эми ушинтип ырдабай каламбы деп келечегимди ойлоп, башым ката баштады. Анан бир мезгилде Шайырбек келип: "Айгүл сен УТРК нын "Капкан шоу" деген жаңы берүүсүнө кабылдың, бул тамаша"-деп күлүп атпайбы. Ошондо ойлонуп атып өзүмдү жоготуп койгон экенмин, эмне айтышымды билбей бир топко чейин дендароо болуп туруп калдым. Ошентип ойдо жок жерден күтүлбөгөн окуяга туш болгом. Чынын айтсам, ала качуу мен үчүн өлүп бараткан сыяктуу эле болду. Ошон үчүн бул нерседен аябай корком. Албетте, сиз айткан 90 догу кемпирди аттап өтүш менин колумдан келбейт. Бирок, терезеден болсо да качып чыкканга аракет кылмакмын. Кудай анын бетин ары кылсын, өзүм сүйгөн жигитиме эле көңүлүм менен турмушка чыгайын.


Маектеш жөнүндө маалымат:
Айгүл Чалова 1983-жылы 25-июлда Токтогул районунун Терек-Суу айылында туулган. Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунун эстрада бөлүмүн бүтүргөн. Беш бир туугандын улуусу. Учурда жеке ырчы.

Ж.Калдарова