№13, 29.04.08-ж.
  Саламат плюс

Абдигапар Сатаров, "On clinic Bishkek" эл аралык медициналык борборунун уролог-андрологу:
"Үй бүлөлүк турмуштун трагедиясы - бул төшөк" Л.Толстой.
Импотенция же эректилдик дисфункция
Импотенция деген эмне?
Импотенция - бул эректилдик дисфункция, тагыраак айтканда жыныстык мүчөнүн эрекцияга (дүүлүгүүгө) жетүүгө же жыныстык катнашты адекваттуу түрдө аткарууга ар дайым жөндөмсүздүгү катары аныкташат. АКШнын саламаттыкты сактоо улуттук институту "импотенцияны" мааниси жактан негативдүү, эскирген сөз экенин айтышып, анын ордуна - "эректилдик дисфункция" - аттуу так жана туура терминди колдонуу зарыл деп эсептешет. Көп жылдардан бери ЭД - бул көбүнчө клиникалык эмес, психологиялык илдет катары эсептелинип, мындай жалган түшүнүктүн айынан көп учурда ЭД менен жапа чеккен эркектерге дароо эле адилетсиз түрдө "импотент" деген мөөр басылып келген. Мындан тышкары ЭД менен жапа чегүүдө жеке эле эркекке эмес, анын өнөктөшүнө да катуу зыян келээрин баса белгилеп кетүү керек.
АКШдагы иликтөөлөргө ылайык 2005-жылы бул оору менен 40 жаштан 69 жашка чейинки 411 миллион адам жапа чеккен. Бирок мындан да коркунучтуусу акыркы он жылдыкта сексуалдык көрүнүштөрдүн ачык-айкын чагылдырылышы, кыздардын денелерин көргөзүп ачык кийинүүлөрү жаш кезинен эле ЭД жапа чеккен эркектердин санынын көбөйүшүнө алып келүүдө.

Эротикалык фильмдердин таасири
Өзүмдүн көп жылдан берки иш тажрыйбама таянып, эротикалык картиналар эркектердин жыныстык жөндөмдүүлүктөрүн алсыздандырууга алып келе турган психологиялык мастурбациянын дал өзү экенине көзүм жетет жана ишендире алам. Ошондуктан учурдагы эфирден берилбесе да дүкөндөрдө ээн-эркин сатылып жаткан эротикалык, порнографиялык фильмдерди көрүү эркектердин (айрыкча жаштардын) жыныстык жөндөмдүүлүгүнө чоң зыян келтирээрин эсиңиздерден чыгарбасаңыздар.

Онанизм зыянбы?
Батыш окумуштуулары онанизмдин эч кандай зыяны жок деп эсептешет. Ал эми биздин урологдордун көз карашында мастурбация менен алектенүү алдын-ала урук чачууга алып келет. Анткени эакуляция реакциясы адамдын организминдеги эң татаал, физика-химиялык, гормоналдык, процесс. Айрыкча жыныстык катнашта болуп көрө элек өспүрүмдөрдүн онанизм менен алектенүүсү ушул процесстин бузулушуна алып келет. Эгер жумасына бир-эки жолу онанизм менен алек болсо, анын зыяны жок. А бирок, күн сайын же бир күндө бир нече жолу бул ишти кылуу жыныс мүчөсүнүн чыңалуусун жөнгө салуучу нерв системасындагы борбордун алсыздануусуна же бел суусунун бат түшүп калуусуна алып келет. Андыктан кыргыз урологдору өспүрүмдөр арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүбүз зарыл.

Импотент күйөөлөрдүн категориясы
Бул мындайча. Жигит үйлөнгөнгө чейин жыныстык катнашта болуп көргөн эмес. Анан үйлөндү дейли. Кошулуунун астында жигиттин эмоцияналдык сезимдери ашыкча козголуп кеткендиктен эрекция келбей же өтө тез бүтүп калат. Анан жигит дароо эле "импотент" турбаймынбы деп өзүнүн психикасына өзү доо келтирет же жубайы эркектик намысына бычактай сайылган сөздөрдү айтып, соо турган жигитти ооруга түртөт. Ушул сыяктуу жаңылануудан сак болуу керек. Мындайды психологиялык-эмоцияналдык ашыкча козголуу деп аташат. Бул учурда күйөөсүнө эң эле алгач жардам берүүчү адам - бул анын аялы. Анткени, ал күйөөсүнүн эч кандай оорулуу эмес экенин түшүнүп, эркектик намысына тийбей, жароокерлик менен аяр мамиле кылса эле акырындык менен баары жайында болот. Эгер аял анткенге жарабаса, албетте жыйынтыгы бир үй-бүлөнүн талкаланышы менен аяктайт.

"Импотенциянын" себептери
Эротикалык фильмдер жөнүндө айтпадымбы. Эми бул адамдын психикасына байланышкан себептер. Ал эми мындан тышкары эркектер толгон-токой дене ооруларынын айынан же болбосо ал ооруларды дарылоонун натыйжасында ЭДга кабылышы мүмкүн. Мисалы:
Өнөкөт оорулар - Жүрөк кан тамыр оорулары, атеросклероз, кан басымынын жогорулашы, инсульт, өнөкөт протатит;
l кант диабети, бөйрөк-боор жетишсиздиги;
Психикалык оорулар - депрессия, гипофиза жана калкан без оорулары
l Пейрони оорусу сыяктуу жыныс мүчө оорулары;
Хирургиялык оорулар жана травмалар - жүлүнгө доо кетүү, хирургиялык операциялар же жамбаш органдарын нурлантуу. Урологиялык операциялар.
Дары терапиясы - кан басымын төмөндөтүүчү, горманалдык, нейролептикалык, калтыракка каршы препараттар, жүрөк оорусуна каршы колдонулуучу - диоксин, транквилизаторлор, антидепрессанттар
Ошондой эле жашоо образында тамеки чегүү, ашыкча арак ичүү, кокаин, марихуана, метадон жана героин өңдүү баңги заттарды колдонуу.

Импотентти сакайтууга болобу?
Медицина бүгүнкү күнү жакшы жетишкендиктерге жетишти. Мисалы, биздин "On clinic" борборунда эректилдик дисфункция менен жабыр тарткандардын 98 пайызын айыктыра алабыз десем жаңылышпайм. Жаңы методдор, дарылар бар. Импотенция - бул апендицит же жара эмес бул жан дүйнөнүн оорусу. Эгер бир жерди оорута турган оору болсо оорулулар дарыгерлерге кайрылышмак. Эркектердин 90 пайызы "мен ушундай экенмин" деп коюп жүрө беришет жана ЭДга каршы дарылануу боюнча дарыгерге кайрылышпайт. Оорулуулар көбүнчө өздөрүнүн ЭД менен жапа чегип жаткандарын билдирүүдөн уялышат жана ошондой эле бул ооруну медициналык эмес, психологиялык маселе менен көбүрөөк байланыштыруу менен жаңылышат. Анан дарыгерлер да оорулуулар менен төшөк жаатындагы маселесин тереңдеп сурап билүүдөн качышат.
Мындан тышкары эректилдик дисфункция жогоруда айтылгандай, эркектик намыстагы сезимдер кыйроого учурап, өзү жөнүндө негативдүү гана пикирде калчу депрессия менен байланышта болушу мүмкүн. Ошондуктан эң маанилүүсү, ооруулар эч оңтойсузданбастан ЭД менен жапа чеккендерин урологдорго билдирүүгө үйрөнүшсө. Кыскасы, ЭД - бул обьективдүү, кээде гана кандайдыр бир себептер менен айыкпай калбаса, көпчүлүк учурда чындап эле айыга турган илдет экенин терең түшүнүүбүз зарыл.

P.S. Урматтуу окурман, бул тема боюнча сиздерди кызыктырган суроолор болсо, 65-31-31, 0(772) 50-73-87 номерине телефон чалыңыздар.

Даярдаган Асхат Айсаракунов
Ден соолук!!!
Рак, онкология, миома, жүрөк-кан тамыр, инфаркт, инсульт, ашказан жарасы, гастрит, гепатит, бруцелез, остеохондроз, полиартрит, радикулит, кант диабети, геморой, тукумсуздук, тери оорулары, анемия, импотенция, гипертония
Тибет ден-соолукту чыңдоо медицинасы мына ушул оорулардан айыгууну сунуш кылат. Стабилдүү жыйынтык! Дарыгер дайындоосу жана кеңеши акысыз!
Тел: 0773 63-48-43,
0555 67-14-18

Новопавловка айылынан
5 бөлмөлүү кирпич үй сатылат. Абалы жакшы. 12 сотых жери, кенен короосу, телефону, газы бар. Келишим баада.
Тел.: (0772-) 67-57-41.