№13, 29.04.08-ж.
  Тентек пикиробон

- Рамисти Рамис кылган аялы дешет го?
Рамис Рыскулов, акын:
- Муну ким айтса да туура айткан. Мен буга толугу менен кошулам. Не бир дос-туугандар карабай калган кезде аялымдын, кыздарымдын колдоосу алдында кыйын кезеңди жеңип чыктым. Ошондуктан "эрди эр кылган да, кара жер кылган да аял" деп бекер айтылбайт. Мага окшогон эркекке анча-мынча аял туруштук бермек эмес. Бул жагынан аялыма ыраазымын.

- "Ойнош оттон ысык, боктон сасык" дегенди кандай түшүнөсүз?
Марат Жанталиев, актер:
- Негизи кыргыздын ар бир айтылган сөзү тегин жерден чыкпайт. Сүйүшүп-күйүшүп, жаңы мамиле башталганда ойноштор оттон ысык болушат, анан "өтө кызыл бат оңот" дегендей кызыгы тарап, көңүлү кала баштаганда "тооктун эти топурак даамданат" болуп бири-бирин көргөндө көңүлү айланып калат. Сиз айткан сөз мына ушундан келип чыккан.

- Жашоонун керемети эмнеде?
Алина Жетигенова, ырчы:
- Алты саның аман, жакындарың жаныңда, эл-журтуң тынч болсо жашоонун керемети ошол. "Ач олтурсаң да тынч отур" дегендей ар бир адамдын жашоосунда бейпилдик өкүм сүргөндө гана ал бул жашоонун ырахатын сезе алат.

- Өнөрлүү неге өлбөйт?
Бек Борбиев, ырчы:
- Өнөр адамы өзү өлсө да, анын жан дүйнөсүнөн жаралган чыгармалары, эмгеги, таланты өлбөйт. Ошондон улам өнөрлүү өлбөйт дейт. Чыгармачылыкта басып өткөн жолуң бу жарык дүйнөдө из болуп, муундан-муунга сакталып калат.

Эң биринчи өбүшкөн күнүңүздү эстеп көрүңүзчү?
Эрнис Бөрүбаев, куудул:
- Мектепте окуп жүргөндө өтө жоош, тартынчаак бала болгондуктан кыздарды өпмөк түгүл колунан да кармаган эмесмин. Анан 11ди бүтүп айылдан шаарга келгенде алгачкы жолу 18 жашымда Гүлнур деген кыз менен өбүшкөм. Андагы сезимимди азыр сөз менен айтып жеткире албайм. (Күлүп) Туруктуулугумду карабайсыңбы, азыр ошол кыз менин жубайым.

- Адам эрктүүлүк керек учурда эмне үчүн эрксиз болуп калат?
Бүбүкан Досалиева, журналист:
- Биринчиден ал ар бир инсандын мүнөзүнө жараша болот. Жалпылап алганда, бул учурда адам баласы психологиялык жактан өзүн-өзү жоготуп,
алсыздыкка учурайт. Менимче, мындай
жагдайды сабырдуулук, көтөрүмдүүлүк менен
гана жеңиш керек.

- Сүйүүдөн көңүл калат дегенге кошуласызбы?
Айжамал Кабылова, ырчы:
- Жок. Кошулбайм. Сүйүү деген назик, керемет сезим. Андан көңүл калуу мүмкүн эмес. Кандайдыр бир катуу, орой, олдоксон мамиле менен жан дүйнөнү оорулук алышы мүмкүн. Бирок, "Сүйүүдөн көңүлүм калды" деген адамды жолуктура элекмин.




  Жылдыздар төлгөсү

28-апрелден - 4-майга
Кой (21.03-20.04)
Жумушчу аптаңыздын алгачкы күнүндө финансылык жааттагы маселе келип чыгат. Мүмкүн алыс жактарга көз чаптырып өзүңүзгө ашыкча түйшүк арттырбай эле койгонуңуз оң. Мындайда эртеңки күнүңүздү терең ойлоп кырдаалдык абалдан токтоо мүнөзүңүз менен гана чыгып кете аласыз. Ар бир чечимди чыгараардан мурун акылыңызга калчап жүрөгүңүз менен чече билүүгө көнүгүңүз. Жуманын экинчи жарымында кызмат ишиңизде алга карай жигердүү жылуулардын болуусун байкайсыз. Мындайда капысынан келген чакырууну колдон чыгарбай, карьераңыз үчүн пайдалана билиңиз. Аптанын эс алуу күндөрүндө кызмат иштеринин көптүгүнөн эс алууга да чамаңыз келбейт.

Букачар (21.04.-20.05)
Аптанын агымында өзүңүздүн керт башыңызга көңүл бөлө билиңиз. Мүмкүн сиздин жүйөөсүз сөздөрүңүз чектен чыгып баратат. Байлык колдун кири эмеспи, кызмат ордуңуздан жосунсуз пайдаланып өзүм билемдикке салганыңыз аз күндө эле калчап коёрун жадыңыздан чыгарбаңыз. Жеке жашооңуздагы ийгилик мүнөзүңүзгө жараша түрдүү шартта өзгөрүлүп турат. Аптанын бейшемби же жума күндөрү кимдир бирөө менен романтикалуу жолугушуулардын болуусу күтүлүүдө. Убакыттан пайдаланып сиз үчүн эң кымбат болгон сүйүктүүңүзгө сюрприз даярдаңыз.

Эгиздер(21.05-21.06)
Дүйшөмбү күндү өзүңүздүн ден-соолугуңузга арнап, таза абада көбүрөөк эс алганыңыз оңтойлуу. Шейшемби жана шаршемби күндөрү жеке өзүңүзгө кызыктуу болгон илимий булактардын агымынан пайдаланып көптөн бери түйшөлүп келген маселеңиздин багытын таап алууңузга ыңгайлуу күндөр. Жуманын экинчи жарымында көпчүлүк арасында керт башыңызды ойлоп өзүмчүл болуудан сактанууңузду жылдыңыз эскертет. Аптанын эс алуу күндөрү үй-бүлө мүчөлөрү менен жолугушасыз.

Бөйөн (22.06-22.07)
Апта башында сиз ойлогон жаңы идея пландарыңыз эч кынтыксыз коллектив тарабынан колдоого алынат. Мындай көпчүлүк колдогон ишиңиз менен чет жакага чакыруу алып, жеке карьераңызды максатуу өнүктүрүүгө жол ача аласыз. Ушул тариздеги агым менен талбай иштей билсеңиз, сиз көтөргөн маселени коллектив гана эмес башка чөйрөдөгү коомчулук да колдойт. Иш жумалыгыздын ар бир агымын кыйыр көз менен карабай, кадам сайын байкоо жүргүзгөнүңүз оң.

Арстан (23.07-23.08)
Жуманын биринчи бөлүгүндө мүмкүн болушунча активдүү болууга аракет жасаңыз. Башкы ийгилик өзүңүздүн күжүрмөн эмгегиңизге байланыштуу, андыктан чечкиндүүлүк менен жакын адамыңыздын көмөгүнөн да баш тартпасаңыз реалдуу түрдө сиздин пайдаңызга чечилет. Бейшемби күнү капысынан келген акча менен капчыгыңыздын калыңдаганына кубанбай, анын алды-артын терең ойлонгонуңуз жөндүү. Дал ушул аралыкта кызмат жаатындагы материалдык абалга көңүл буруп, кол алдыңызда иштеген кесиптештериңиздин көңүлүн көтөрүп койгонуңуз оң.

Бийкеч (24.08-22.09)
Бийкечтер аптанын алгачкы күнү, убакыттан пайдаланып билимдин эң сонун жаңы баскычтарын өздүк аң-сезимиңиз үчүн пайдаланып калууга оңтойлуу. Жуманын калган күндөрү баш айланткан ишиңиздин көптүгүнөн хоббиңиз болгон кызыктуу китептерди барактоого да чамаңыз келбейт. Аптанын экинчи жарымында сиз күтпөгөн илимий иштин ийгилик жемишинен маанайыңыз жаркыйт. Мүмкүн жаңы таанышуулар менен бирге жаңы достордун топтому сизди күтүп турат. Жеке жашооңузда көйгөй келип чыкпоонун алдын алам десеңиз, ден-соолугуңузга көңүл бөлүп, кам көрө билиңиз.

Тараза (24.09.-23.10)
Аптанын алгачкы күндөрү лоторея же сүйүү жаатындагы достор тарабынан уюшулган тамашалуу оюн сизге ийгилик алып келбесин жылдызыңыз эскертет. Мындай жагымсыз кырдаалдан чыгып кетем десеңиз, көңүл ачуучу ыксыз жагдайлардан оолак болгонуңуз оң. Бул жумада жагымдуу жагдайдын планы жалаң гана акча маселесине келип кептелет. Аптанын ишемби же жекшемби күнү көңүл ачууну пландаганыз жөндүү.

Чаян (24.10-22.11)
Бул жумада жеке өзүңүзгө тиешелүү иштер көп болгондуктан, активдүү болууңузга туура келет. Сиздин ишкердүүлүгүңүзгө эч ким тоскоол болбосун кааласаңыз, бир туугандарыңыздан кеңеш сурабай эле койгонуңуз. Бейшембиде капысынан жолуктурган адамдан чочулабаңыз. Мүмкүн жан дүйнөңүзгө жакын адамды ушул ирет жолуктурасыз.Убакытты туура пайдаланып, үй-бүлө куруу маселесин да планыңызга киргизип коюңуз. Ишемби күнү көңүлүңүздөгү жакыныңыз менен жолугушуу кечени уюштуруп, көңүлдөгү көмүскө иштерди тездетиңиз.

Жаачы (24.11-22.12)
Аптанын биринчи жарымында кызматыңызга байланыштуу бардык иштерди чечип алуу оңтойлуу. Андыктан, дүйшөмбү жана шейшемби күндөрү жумушуңузга керектүү болгон шарттарды түзүп алсаңыз ашыктык кылбайт. Жуманын экинчи жарымында карьераңызды өзгөртүүгө ыңгайлуу учур табылат. Мүмкүн сиз көптөн бери издеп келген жаңы багыттын булагына кезигесиз. Эгер чечкиндүү болсоңуз артыңызга улам кылчактап кечиктирбей, жумуш ордун жаңыртсаңыз болот. Жеке жашооңузда ар дайым алга карай умтулуп, келечекке максат коё билсеңиз, ийгилик кушунун тууру сиздин гана колуңузда болот.

Текечер (22.12-20.01)
Текечерлердин жан дүйнөсү жаздай жайдаары болгондуктан, аптанын алгачкы күнүндө кимдир бирөөлөр менен романтикалуу таанышуулардын болуусу күтүлүүдө. Мындайда жылдызыңыздын жалгыз кеңеши: жаңы таанышыңыз менен көпкө сейилдөөдөн көрө кымбат баалуу ресторан же кафелерге барып анын капчыгынын калыңдык күчүн байкап көрүңүз. Жуманын агымында алгач жолу бөтөн бирөө жөнүндө сезимиңиздин бүлүнгөнүнө өзүңүз да таң каласыз.

Көөкөр (21.01.-19.02)
Бул жумада майда бирок, маанилүү үй-бүлөлүк көйгөйлөрдүн чечимине жалгыз баш катыргандан көрө туугандарыңыздын кеңешине кулак салыңыз. Мындайда баарын өзүм билемдике сала берсеңиз эң жакын адамыңыздын ишениминен чыгып калууңуз толук ыктымал. Бул убакыт аралыгында өзүмчүл болуудан сактаныңыз. Апта аягында арты кыска көңүл ачуучу оюндарга кызыкпай эле койгонуңуз оң.

Балык (20.02-20.03)
Аптанын биринчи бөлүгүндө жакын достор менен жолугушуп маектешүүңүздүн арты жан дүйнөңүзгө ырахат тартуулайт. Мунун арты сиздин пессимистик жашооңузга жаңыча көз караш, кызыгууларды тартуулоо менен бирге романтикалуу жоолугушуулар күтүлүүдө. Жуманын экинчи бөлүгүндө көп адамар менен маектешүүгө туура келет. Мындай шарттан тажабай эле коюңуз, бул жаат сизге руханий жактан булак болуп берет.