№13, 29.04.08-ж.
  Бешене

Армандуу махабат
"Эки тоо көрүшпөйт, эки адам көрүшөт" деген накыл сөздү ким айтса да туура айтып калтырган экен. Мындан төрт жыл илгери 5-курсту бүтөөрүмдө дарыгер Эрбол аттуу жигит экөөбүз арзышып жүрүп тоюбуз болоорго чукул калганда энем борбордон Ошко чакыртып: "Аркалык жигитке сени бербейбиз" - деген катуу талап коюп, зарлап ыйлаганыма карабай, учурда жашап жаткан жолдошума беришкен. Эми мынтип жолдошум жол кырсыгына кабылып, оор абалында бейтепканага кабылганда, алгачкы жүрөк ээси болгон махабатыма кайрадан кезигип олтурам. Мүмкүн, менин тагдырым кээ бирөөлөргө сабак болоор деген ниетте, кат жазып сиздерге карылдым…
Анда окурман, кат ээсинин "сезим сырларын" сиздер менен тең бөлүшөбүз.
Почта үчүн дарегибиз: Бишкек-48 А/Я 1551.
Телефон: 44-98-21.

…Жолдошумдун кыйла өңүнө чыгып калганын көрүп ичимден кубанып алдым. Бир топко сүйлөшүп олтурган соң, кубана палатадан чыгып, узун коридорду ортолоп келгенимде оң тарабындагы эшик шарт ачылды. Кимдир бирөөнүн тааныш көзү көзүмө кадалды. Бири-бирине арбашып жаткан макулуктан бетер турган ордубузда каттык. Жүрөгү көөдөнүмдү жарып чыкчуудай дик-дик урат.
- Салкын! -деди ал мени көздөй жүткүнүп. - сенсиңби?..
- Эрбол, кечир мени… биринчи эле ушул сөз оозума кириптир. Бет ылдый мөлтүлдөп агып жаткан көз жашымдын кычкыл даамы оозума кирип жаты. Бейтепкананын апапак дубалдары бир жагына кыйшайып бараткандай туюлду. Анан ал мени жерден таптак көтөрүп бооруна кыскан бойдон алып баратты. Эрбол жаш чалган көзү менен аянычтуу карап турганын байкадым. Ошол таризде:
- Кандай жашооң? Балдарың жүрөбү?
- Жок, биз балалуу боло элекпиз. Ал жер тиктеди. Эрболдун бул суроосу жүрөгүмдү сайып алды. Анан анын көлдөй көтөрүмдүүлүгүн көрүп таң калдым. Кызганыч айынан үшүккө чалдыккан жүрөгүмө, өзүм ирээнжий түштүм. Эрбол мени телмире тиктеп:
- Ушунчалык, тагдырым ташбоор болсо кантем. Эрктүүлүгүмдөн гана чыдадым…
Ал жумшара түштү. Мага сыр алдырбаганы менен мууну бошой түшкөнүн байкадым. Эрбол дагы эле көзүмдөн көзүн албай тиктеп туруп, мостоюңку унчукту.
- "Мен арзуу кылган, мен жетпеген бийиктик жалгыз өзүң." - деди шыбырай.
- Курсагың ачкандыр? Чогуу тамактаналы? Анын жетегинде болуп, экөөбүз аз да болсо бирге болууну каалап турдум… Тамактанып чыккыча күн да кечтеп калды. Ал экөөбүз ээрчише көчө боюнда кыркалай өскөн жапжашыл дарактарды аралап бараттык. Эрбол эки колун артка алган калыбында үнсүз. Анда-санда гана башын жогору көтөрүп, көп кабаттуу үйлөрдү анан ачык асманга көз чаптырып, маанайы чөгүңкү баратты. Үн катпай өз оюбуз менен баратып, жогорулап калганыбызда:
- Жолдошуң түзүк жигит көрүнөт, аны мен даарылап жатам… Ал дагы бир демге үн катпай калды да анан:
- Адам эртеңи эмне болоорун билбейт тура. Кээде турмуш пендени селге кабылган чамындыдай чарпып олтуруп, белгисиз тарапка сүрүп коет экен. Терең ойго батып тунжурай түшкөнүмдөн, Эрбол тынчсыздана:
- Чарчадыңбы? Бир аз олтуруп эс алалы? -деди. Бараткан жолубуздан бурула олтургучтан орун алдык.
- Салкын, эмне үн катпайсың? Экөөбүздүн көзүбүз көзүбүзгө кадалды.
- Көп өзгөрүп кетиптирсиң, Эрбол. Ал мага мурдагыдан да келбеттүү анан сүрдүү болуп көрүндү.
- Сырт кебетем өзгөргөнү менен жүрөгүм дале сен деп согот… Сен жөнүндө, баарын изилдеп жүрүп кийин уктум. Тагдырдын татаалдыгына сени күнөөлөй албайм. Мен бактылуу болбосом да сен бактылуу болуп жүрсөң... Кечки салкын абанын мээлүн жели саамайыбыздан сагынгандай сылагылап жатты. Эрбол мага карап: "Биздин сүйүүбүз дал ушул таза желдей аруу эле!" - деди улутуна. Анын айтканын угуп, ичимден сызып алдым. Ал кайра сөзүн улантты, - биздикине бара кет. Колуктум сени жакшы күтөөрүнө ишенем. Башымды чайкай, чөнтөк телефонумдан саатты карадым. - Кетели деп турасыңбы?.. - Эрболдун эрди дирилдей түштү!.. бет маңдайыбызда желбиреп турган дарактын майда жалбырактарына көзүм түштү. Олтурган ордумдан жай козголдум. Эрбол колумдан кармай калды.
- Кайда барасың?
- Эч жакка, мобу кандай кооз жалбырактар? - дедим сеңселген майда жалбырактарга суктана.
- Үзүп берейинби?
- Өзүң бил. Эрбол мага жапжашыл майда болгон дарактын кооз жалбырагынан үч сап үзүп берди. - Мага бирөө эле жетмек, - дедим.
- Сен жалгыз эмесиң да… "Бирөө сен экинчиси жолдошуң. А бул соолуп баратканы мен. Жүрөгүм сыздап кетти. Эмне деп айтаарымды билбей калдым. Көзүмдүн чарасына ысык жаш толуп, кирпигимди ирмесем кошо төгүлчүдөй араң турду. Эрбол жүзүмдөн сылай, - Эмне, ыйлап жатасыңбы? - Жок, мен жөн эле…
- Баса Салкын, жолдошуң мени конокко чакырды.
- Анда биздикине барасыңбы?
- Муну сен айтчы? Ал биздин мурункубузду билип калса, көңүлүнө албайбы?
- Ал андай эмес. Ырас, кадырын салып чакырса баргын. Биз сени күтөбүз. Таң атаарга аз калыптыр? - Мунуң кетели дегениң го… Экөөбүз ээрчише чоң жолго чыкканча таң сүрүлө агарып баратты.
- Эрбол мындан ары бир туугандай катташып жүрөлү! - дедим. Эрбол бир топко ойлоно калып, анан:
- Жүйөөлүү сөз. Кол үзүшпөйбүз ээ.
- Эч качан.
- Келе колуңду… Экөөбүз бек кучакташа коштоштук. Экөөбүз бири-бирибизди кылчактай алстап бараттык. Эрболдун карааны көрүнбөй баратканда, колумда кармап турган дарактын жапжашыл үч сабы титиреп турду…

Даярдаган Чынара Абдраева,
Сүрөтүн тарткан
Эркебек Жекембаев




(Башталышы өткөн сандарда)
Баарын, көргөн билгенимди төкпөй-чачпай айтып берсемби деп ойлогом. Ал үчүн көп убакыт керек жана да, эң башкысы атам шашпай угуп, анан менин сөзүмө ишене турганына күмөн санадым. Мени тартынткан дагы бир жагдай, апамдын түшүндүрмөсүнө көнүп калган атам менден чегип эч нерсе да сураган жок. Мен болсо өзүм каалап турсам да атам сурабагандан кийин баарын чечилип айта албадым.
***
Айткым келип турду, бирок жан дүйнөмдү тиреп, көөдөнүмдү жарып көз жашка айланып жаткан ошол ал-абалымды кантип, эмне менен түшүндүрүп, кандай жол менен жеткирүүнү билбедим. Мурда бул темада атам менен сүйлөшпөгөндүктөн, мен ушундай курма жеп алып ошондон улам бирөөнүн азабын тартып жүрөм деп кантип айтам? Балким Бахид курманын дубаланганы тууралуу өз сезимин билдириш үчүн жөн эле айтып койгондур. Жана бир жигиттин айынан ушундай ооруга чалдыкканымды, ошонун айынан көз жашым кургабай кыйналганымды өзүмдү төрөгөн, кыз сезимин башынан өткөн апам туура кабыл албагандан соң, ошондой эле өзүмдөгү абалды апама жеткирип айта албагандан кийин атама ал жөнүндө чечилип айтыштан тартындым.
Апам экөөбүздүн ортобузда ыймандай сыр төгүү, эне менен кыздай сырдашуу буга чейин болбогондуктан, ичимдеги бугумду ага жеткирип айталбайм. Айткым келет, мени чочутуп койгону, апамдын курманын дубаланышы тууралуу окуяны чындык катары кабыл албаганы. Башынан атамдын эрке кызы болуп, ага жакын болгонум менен мурда мындай темада сырдашып, аны-муну сүйлөшүп көрбөгөндөн кийин көөдөнүмдү жеген бул окуяны, аялзаты гана аңдап биле турган кызга таандык мындай жан дүйнөнү кантип түшүндүрөөрүмдү билбедим. Билинбей көөдөнүмдү жеп жаткан ушул көрүнүшкө жооп таба албагандан соң, өзүмдү бул жашоодо байкуш экенимди дагы бир жолу сездим, жалгыз экениме дагы бир жолу өкүндүм. Жүрөгүм кысыла түштү. Көзүмөн жаш буурчактап төгүлө баштады, аны токтотууга кудуретим жетпеди. Жаздыкты бетиме бастым да, бардык ойдон алаксып, уктаганга аракеттендим.
Канча ойлонуп, канча түйшөлүп, кантип уктап калганымды билбейм. Ойгонсом таң атып келе жатыптыр. Балконго чыгып шаардын муздак абасынан дем алгым келип кетти. Балконго киргенде көптөн бери унут болгон, менде таптакыр калбай калган эркиндикти сездим. Бала кезимде дал ушундай эркин болчумун. Эч кимге моюн бербей, каалаганымды аткарып, оюма эмне келсе алдырып кийип, алдырып жеп бүт дүйнө менин алаканымда тургандай элестөөчү. Баары тең, ушинтип менин көңүлүмдү карап турчудай элес калтырган экен. Мына кайра ошол калыбыма келе түштүм. Мындан ары эч кимге көз каранды болбочудай сезим пайда болду.
Шаардын таңкы көрүнүшүнө көз чаптырдым. Анда-санда жерде бүлбүлдөп күйгөн жарыктар. Көртириликке даярданып жаткан майда кыймылдар, далай адамдардын өмүр тиричилигине күбө болгон этаж тамдар, андан ары жаңыдан байырлап келе жаткан жарыкка кандайдыр бир сыр көрсөткөн бакыйган тоолор. Мунарыктап көзгө комсоо көрүнгөн, жаңыдан тарап, акшоокум таңга орун бошотуп келе жаткан караңгылык. Ошол караңгылык бир саамга менин жеке турмушума окшошуп кеткендей болду.
Кайрадан Бахид эсиме түштү. Ал азыр эмне кылып жатты болду экен? Ал байкуш деле мен сыяктуу оор кыйынчылыкты башынан кечирип, тагдырына туш келген сыноону өткөрүп жатса керек… Жигиттик көктүгүнө салып айылына кетип калбаганда, биздин мамилебиз бир кыйла жөнөкөй эле, мынчалык кыйынчылык тартпай, чечилип калмак деп ойлодум. Ал да, мен да мынчалык азап тартышыбыз Кудайдын буйругу, же тагдырга жазгандан улам болуш керек деген ойго келдим да, кайра ошентип ойлогонума өзүмө таң калдым. Мага сыр бербегени менен ал деле башынан ушундай кыйынчылыкты кечирип жатканын элестетип өзүмдү жооткоттум. Жигит да, башынан мындай азапты өткөргөнүн эч кимге айтпайт да, өз башынан гана кечирип, өзүн-өзү күнөөлөп, ошондой эле мага жете албай жатканы көз алдыма тартылды. Жашырганда не, бул жолку элестөөм, башка учурдагыларга салыштырмалуу кыйла сүйкүмдүү көрүндү. Анын жан дүйнөсүнө, эч кимдикине окшобогон сүйүүсүнө мен гана түшүнчүдөй элес берди. Элестөөм кадимки кыял болбостон, ошол учурда мага кадимкидей лазердик нур менен нурлантып жаткандай кубат берип турду. Ал элестөө пайда болуп Бахид көрүнгөндө муундарым титиреп, өзүм кандайдыр акылга сыйбаган сырткары күчтүн бийлиинин астында калгандай калчылдап турдум. Үшүгөндөй чыйрыгып, кышкы суукта жеңил кийимчен тургандай титиредим. Акырындап башым айлана баштады. Көзүм караңгылап, тоо тараптан келген жел менен кошо бир күч келип мен тарткан дем менен көөдөнүмө кирип, көкүрөгүмдү кысып бараткандай, башымды ылдый кылсам балкондон учуп кетчүдөй абалга жеттим. Оюма кулап кетпөө сезими гана келди… Жан таттуу экен, Кудайлай баштадым. Кандай абалды башыман кечирип жатканымды билбесем да, мени кандайдыр бир сырткы күч ээликтирип баратканын туйдум.
Акыл-эсимди жыйнап сырткы күчкө каршылык кылууга аракеттендим. Каршылык канчага созулганын билбейм, бир маалда ички энергиянын булкунганындай бир сезим пайда болду да, жан дүйнөм эркиндикке чыккандай болду, ошондо балкондо турганым бир эсиме келди да, кулап кетпөөгө аракеттенип, тиземди бүгүп жибердим. Колум балкондун кырынан чыгып кетти да, денемдеги тең салмактуулукту жоготуп кулап түштүм. Катуу жыгылдымбы, же сырткы күчтөн бошонуп кеттимби "дүп" деген үн чыкты.
Таңкы таттуу уйкуда жаткан ата-энем экөө тең ойгонду. Түнкү көйнөкчөн кирип келген апам менин төшөгүмдө жок, балкондо жатканымды көрүп, атама чаңырды:
- Ай, Темирбек, ай!... Мында кызың балкондон секиргени жатыптыр.