№13, 29.04.08-ж.
  Көйгөй

Сойкулардын очогуна айланган конок үйлөр…
Борбор калаада үй-жайы жоктор же капчыгы жукалар "түндү кайда өткөрүү керек?" деп баш катырышып, түнөк табуу үчүн көчөмө-көчө кыдыра убара чегишээри айдан ачык. Чөнтөгү жукалардын талабын орундатуу үчүнбү базар экономикасынын учур талабына ылайык "Кайсын Кулуев" атындагы көчөсүнүн башынан аягына чейин кынтыксыз иретте жазылган "бир күндүк түнөк", "мончо" деген жазуулар кардарлардын талабын кайсы багытта орундатаарын билмекке байкоо салдык.

Турагы жок же көңүл ачуучулар үчүн конок бөлмөлөр
Угушубузча, ушул тарапта К.Кулуев деп аталган көчө конок үйлөрүнүн анык мекени. Катар тизилген үйлөрдүн ар бир экинчи үйүндө көчө тарапка коюлган "конок үйү күнү-түнү сауна, мончо, биллярд" деген жазуулары бар тактайчаларга көзүбүз түштү. Тобокел кыла биринчи эле туш болгон конок үйүнө токтоп коңгуроо бастык.
- Саламатсызбы, бөлмө керекпи? Саатынабы же… Кире бериштен эле шашкалактаган бир киши тосуп чыкты.
- Канчадан?
- Күндүз саатына 70 сомдон.
- Суткасына алсак канча болот?
- Кечки саат 8ден эрте мененки 9га чейин 200-250 сом. Кааласаңар кирип көргүлө. Бир бөлмө таң атканча сиздердики. Мүмкүн, шериктериңер көп болсо кысынбай эле алып келе бергиле. 10-15 болуп жатсаңар да биз киришпейбиз. Бөлмөлөрдү көрсөтүп чыгайын.
Өзүн Кадыр деп тааныштырып эпилдей жайдары сүйлөп жаткан адам, биз прессадан экенибизди укканда заматта түрү өзгөрдү. Тезинен чыгып кетүүбүздү талап кылып, кардар экен десе…, убакытты бекер коротосуңар. Бизди эле көрүп калдыңарбы, мындай бизнести ачканыбызга бир ай да толук боло элек же жалгыз гана биздин үйдү көрдүңөрбү? -деп эшикти тарс жаап салды. Ушундай эле көрүнүш экинчи, үчүнчү үйдүн кожоюндарында болуп жатты. Айлабыз кеткенде, кабарчы экенибизди жашырууну туура көрүп, эки кабаттуу "мейманканага" кирип көрдүк.
Экинчи кабаттын кире беришинен айымбы же бийкечпи чачтарын кулпурта жасап кыска юбка кийген бирөө бизди каршы алды. Арт жагында чакан диванда чалкалай жаткан эки айым бизди таң кала карап жылмайып туруп калышты.
- Келиңиздер, жатак бөлмө керекпи?
- Ооба, керек?
- Бир түнгөбү же саатынабы?
- Бир түнгө...
- Андай болсо, эрте мененки сегизге бир бөлмө 300 сом. Ичинде диван, телевизору да бар. Кааласаңар башка шарттарды да түзүп беребиз - деди биз менен чогуу жүргөн кабарчы балага карай жылмайып. Ал да жөн калбай:
- Кандай шарт? Кыздар да болобу? Аларды кайдан алып келесиздер? - деди. Чалкалай жаткан кыздар бир ооздон:
- Мына, биз өзүбүз кардарларды тейлейбиз…
- Баасын келишип албайлыбы?
- Саатына 100-150 сом, таң атканча 800 сом.
- Тынчыбызды эч ким албайбы?
- Биз ошол тынчтыкты сактоо үчүн ушул жерде түнөйбүз да, деди бизди каршы алган айым. Кеч киргенде келмекчи болгон кабарчы бала, тигилерге каратып туруп коёндун сүрөтүн тартып кош айтышты.
Уядан эмнени көрсөң учканда ошону аласың…
Андан төмөн көздөй баратып көчөнүн эки тарабы тең, конок үйлөргө жыш жайгашканын карап, мынчалык "Сауна, мончолордун" көптүгү элдин муктаждыгыбы?- деген ойдо таң кала карап турганыбызда, эне сүтү оозунан кете элек кичинекей эки баланын бири-бирин улам түрткүлөп биздин жаныбызга келе албай турганынан жанына чукул барып кепке тарттык.
- Саламатсыңарбы, ушул жерде жашайсыңарбы?
- Ооба…
- Атыңар ким болот?
- Меники, Урмат деди шакылдай. Экинчиси өзүн Баку деп тааныштырды.
- Бизди сүрөткө тартып койбойсузбу? Макул деп, мончоктой тизилген экөөнү сүрөткө тарттык.
- Балдар, кайсыл үйдө турасыңар? Тиги үй биздики -деди "бир күндүк конок үй" деп тактайча менен бадырайып жазылган дарбазаны көрсөтүп. А Урматтыкы тиги бандиттер көп келчү көк дарбаза. Өзүн Баку деп тааныштырганы:
- А силердикинде, "сауна, мончо" жок да ошого күйүгүп жатасыңбы?..
- Силердин мончоңорго, кыздар да түшсө болобу?
- Кыздар… жалгыз түшкөнгө болбойт го…
- Анда кандай адамдар түшөт?..
Урмат күнөөлү адамдай үн катпай башын жерге салып туруп калганынан пайдалана, жанында турганы:
- Булардыкына сойкулар менен бирге акчасы көп күрөз байкелер түшөт, сиздердин жаныңыздарга кардарларбы деп, келди…
Ал жиндене ыйлайын деп калганынан:
- Баку сен досуңдун оюн туура эмес түшүнүп калдың окшойт, - жаман ойдон алыс болгула? Силер жакшы балдарсыңар да?
- Кардарларды мен эмес, апам тейлейт да… -дегенче дарбазасын ачып жаткан айым уулун чакырып калды.
Ошентип, көчөнүн аягына чейин кагуу жегенибизге карабай мейманкана, конок үйлөрүн кыдырып, жашоо үчүн тирешүүдөгү чакан бизнес жолунун багыты менен таанышып чыктык.

Байкоо салгандар
Чынара Абдраева,
Мээрим САТАРОВА




  Өлүп тирилген ишкер айым

Бишкек шаарынын Ленинград Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинен орун алган тажрыйбалуу ишкер Касиет аттуу эже жакында эле, жүрөк оорусунан улам дем алуусу токтоп оо дүйнө көздөй сапар тарткан. Жолдошунун жүрөккө жасаган кыйыр массажы да таасир этпей колу-буту тырышып, денеси кадимкидей муздап калган. Кечки саат алтыда дем алуусу токтогон Касиет эже түнкү саат экилерде кайрадан эсине келип, муздап калган денесине кадимкидей жан кирип тирилиптир. Бул аралыкта тууган - урук чогулуп бала бакырасы ызы-чуу да салыпшыптыр. Тогуз саатта эсине келген эже ордунан "жүрөгүмдү ордуна койгулачы" - деп үшкүрүнө, козголуптур…

Мындай укмушту коңшу жашаган Шайыргүл эжеден укпаганда балким, ишенбейт белем. Ал өзү менен чогуу иштеген Касиет аттуу эженин жакында эле өлүп тирилгени тууралуу айтып, бизди таң калтырды. Андан ар кайсыны сурай бергенимден, Касиет эженин чөнтөк телефонун берди.
Алган дарек боюнча эжененин үйүн көздөй жөнөп кеттик. Жол ката, ар нерсени бир ойлоп: "Мүмкүн гезитке десек макул болбой койсочу? Аркы дүйнөгө өлүп тирилгени ырас элеби?.." - деген күдүк ой менен барып кепке тартып калдык.
- Касиет эже, жүрөк ооруңуздан улам оо дүйнө көздөй сапар алып, кайра жашооңузга келгениңиз ыраспы?
Баары мындайча башталыптыр…
- Уулум 23-февралда үйдөн чыгып кеткен бойдон эки күн бою үйгө кайрылып келбей койду. Оюма ар нерсе келип, сарсанаа болдум. Жалгыз олтуруп, барак толтура чиймелеп уулума арнап ыр жаздым. Ал эмне жөнүндө экени деле эсимде жок. Күн кечтеп күүгүм кире баштаган, мына бүгүн үчүнчү күн, -деп коем ичимден. Ойдун жетегинен чыга албай санаага батып жүрөгүм сыздап олтурсам, уулум Канат эшиктен кирип, келип калды. Аны көрүп сүйүнүп кетип барагымды деле таштап уулумду кучактап: - Сен үчүн канча азаптанып, дегеним эсимде. Болуп жаткан нерселер эсимден чыгып кеткендей болду, кимдир бирөө өпкөмдү корулдата сууруп кеткендей сездим. Сыздаган жүрөгүм да басылып кыйналган жаным жай ала жыргай түштүм. Заматта, ичим бопбош көңдөйгө айланып калды. Сыздаган оору азабынан арылганыма, өзүмчө кубанып да алдым. Карасам, шоолаланган мунарык таптаза жарыктыкта жалгыз турам. Кайсыл жерге келгенимди деле так билбейм. Болгону оюмда эч нерсе жок. Башым таптаза барактай, мурунку өткөн-кеткен жүрөк толо кайгым да жок…
Мен кайдадыр кеңдик менен белгисиз бир жакка баратсам, башына узун кара калпак кийип, өңүрүнө бозгуч пальто илген таекем олтуруптур. Анын көзү өтүп кеткен эле. Мен ага карай жакындап бараттым, эмнегедир менден жүзүн буруп, ары карай терс карап алды. Түңүлбөй кыйлага чейин жалдырап карап турдум. Ал мени таң кала карап, анан артын сала терс бурулуп кетти. Андан ары кайдадыр шоолаланган жарык менен бараттым. Көзүмө дагы бирөө көрүнгөндөй жакын эле жерден элес пайда болуп, мунарыктаган туман арасынан мындан жыйырма жыл илгери көзү өтүп кеткен айылдаш, көлдүк эженин караанын көрдүм. Ал да жалгыз жүрөт. Анын кийген кийими көзүмө даана көрүнө баштады. Башында кара түстүү шляпа анан капкара түстөгү пальто. Мени эмнегедир таң калып карап турду. Жакынсынып, жакындай берээримде менден алыстап, жүзүн буруп кетти. Белгисиз жарыкты эш тутуп белгисиз жолго түшүп баратсам, кара дипломатын колуна көтөргөн группалашым жүрөт. Ал бала Түптөн болчу. Менден качпаса экен дейм ичимден. Ал шыпылдап бир жака шашып бараткандай ылдамдыкта. Мени күткөндөй туруп калды. Экөөбүз жакындап калганыбыздан кийин төмөн карай түшкөн көп тепкичтерди көздөй ээрчитип алып жөнөдү. Ал улам маанилүү бирдемелер жөнүндө сүйлөп жатат, а мен болсо анын ар бир сөзүн текке кетирбей тыңдап угуп калышка аракеттенип жаттым. Бирок, анын сөздөрү анын мага айткан маалыматын уга албадым. Ортодон атайын бир нерсе каптап турган сыяктуу…
Кулагыма ачыла түштү:
- "Тиги үйгө жаткыралыбы?" деген сөздөр угулду. Оордумдан козголсом жүрөгүм лакылдайт. Оозу-мурдум кыйшайып колдорум карышып калыптыр. Өйдө боло, Жүрөгүмдү эмне кылдыңар?..- деп эсиме келгенсидим. Баары эле элейишип, көздөрүндөгү жашын сүртүп туруп калышты.
- Сиз эсиңизге келген учурда кайсы убак болуп калган экен?
- Түн бир оокум болуптур, жолдошумдун айтканына караганда, саат экиден он беш мүнөт өтүп калган экен. Мени карап баары үрпөйүп эле, жыгачтай катып калган денемди ушалап оозу-мурдумду калыбына келтирүүгө убараланып жатышты.
- Мындай өлүмдүн себеби эмне деп ойлойсуз?
- Мага көп эле аян берилет. А тургай көзүмдү жумсам, үй бүлөмө белгисиз мага гана тааныштай туюлган кишилер көрүнүп, алар мени коркуткан күндөрү да болот. Анан мечитке барып намаз окуган жакын адамдарым айтып калышат: "сиздин энеңиз, улуу мусулмандык парызын моюнга албайт экен, намазга жыгылууңар керек" -деп.
- Намаз окучу белеңиз?
- Келме келтиргенди да толук билбейм. Болгону сезимде Кудайга болгон чоң ишенимим бар. Мүмкүн, өз энемдин тарбиясынандыр, а киши тубаса киши көрүү жөндөмдүүлүгүнө ээ болгонуна карабай мусулманчылыктын шарияттарына ишенгиси келбейт жана ишенбейт.
- Энеңиз динге ишенбесе анан кантип киши көрчү эле?
- Муну кандай деп айтсам. Эже бирдемени ойлонуп кеткендей, кашын серпип алды да анан:
Чынында, энем атайын киши көрчү эмес. Бирок, коңшу айылдаштар энемдин даарыгерлигин билишип, колу-буту чыккандар анан кээ бир талмалуу оорулуулар келип калышчу. Энем киши көрүүнү жаман көрчү ага карабай адамдар биздин үйгө көп келишээр эле. Келген адамды дабалап жатканда ичинен бирдемелерди айтып күбүрөнчү: - Эмнелерди айтып жатасыз мага да үйрөтүңүзчү? - десем урушуп койчу. Апамда улуу касиет бар, бирок, эмнеликтен экенин али күнгө чейин билбейм, бул касиетин жаап жашырып, ачыкка чыгарбай келет. Кудайдан эмнени сурасаң пендесине ошону берет экен. Энем оорулууларды колу-бутун салганын көрүп менин да бутум чыгып кетсе экен, деп тилей берчүүмүн. Ырас эле колум анан бутум да чыгып, эч даарыгерсиз эле өз энем салып берген.
- Учурда намаз окуйсузбу?
- Азыр беш убак намаз окуу дилимде бар. Бирок, беш убак намазды күнүмдүк тиричиликтен бошобой бирде окусам бирде окубайм. Намаз окугун деп, мага күйгөн жакын тааныштарым, Куран китептерин да беришкен. Алардын баары бөлмөмдө сакталып турат.
- Анда дале моюнуңуз жар бербей жаткан го?
- Жок. Моюндаганым ырас. Ошон үчүн болуу керек. Жол боюнда салынган дүкөнүбүздүн ичи толо ачуу суунун түрүнөн бар болчу. Азыр алардын баарын алдырып салдым. Муну бирөө дилиме салып, жаным кыйналганынан улам жасадым. Азыр болсо эрте мененки намазды окуп жатам - деп сөзүн аяктады.

Даярдаган Чынара Абдраева