№13, 29.04.08-ж.
  Обон күлкү

Шайырлар шакабасынан
Маданиятыбызга белгилүү залкар инсандардын, акын-жазуучу, куудулдардын кызыктуу кылык жоруктарын, какшык, шакаба, азил-тамашаларын иликтеп, издеп, эл шайырларынын шиңгилдеринен ортоңуздарга тартууласакпы деп, күлкүдөн гүл десте сунуп олтурабыз, кабыл алыңыздар.

Амалдуу аял жана ашбычак
Улуу-кичүү бирдей теңтуш манасчы Саякбай атабыздын тамашаларынан өз оозунан угуп калдык. Бир сапар айтып бергени төмөнкү окуя болду.
"Коллективизация учуру, -дейт Сакем, - Ысыккөлдө бригадирмин. Апийим чийдирип, түшүм жыйнап жүргөн кезим. Колхозчу келин-кыздардын ишине көзөмөл жүргүзөм. Сөздөн сөз чыгып, ушакка ушак кошулуп отуруп аялыма "тиги менен жүрөт, бу менен ойнойт" дегендей маалымат жеткен экен, мен аны байкабапмын. Бир күнү дигер намаз окуп отурсам аялым артыма келип алып:
- Агартып кыз тууп, көгөртүп уул туусам да менин көзүмө чөп салып, апийимде иштеген катындарды чекесинен апийимдин арасына басасың ээ, жүзү кара! - деп сүйлөнгөн боюнча аш бычакты чынынын кырына курчутуп алды да, дамбалдын аласын аткый кармап, шарт кесип алды. Ошондо гана эмне кылганын түшүндү окшойт, кайра өзү чочуп бакырган бойдон чалкасынан кетип жүрөт.
- Айланайын, балдарымдан атасы, деги "ары жагың" аманбы, мен ачуум менен эмне кылганымды билбей калыпмын? -деп сурады аялым эсине келгенден кийин.
- Жок, кемпир сага кереги тийип калабы деп киндик жагыма каңтарып койгом, мына аман-эсен, -деп аялымды соороттум деген эле кайран Сакем.
Ш.Абдымалик

Зуу койгон ЗИС
Дунгандын бир дыйканы шалыны аябай айдап, күзүндө күрүчтү күрөп алат. Аны алыскы райондордун бирине алып барып сатмакка атайын машина жалдайт. Шоопур колдон суурулган бир шылуун жигит окшобойбу. Токмокко жеткенде токтотуп, курсагы ачкан алиги дыйкан дунган тамактанып алалы дейт. Шылуун шоопур курсагынын токтугун айтып, машиналарынын бурамаларынын боштугун айтып, шылтоо кылып калат.
Карынын кампайткан дыйкан бир оокумда беймарал чыкса эле унаасынын карааны көрүнбөйт. Ары-бери далбастап чуркап, акыры аргасы кеткенде милиционерге кайрылып, жалынып-жалбарып айтып турганы дейт:
Машина ЗИСа,
Шофер киргизча,
Три тонна риса,
С места скрылса,
А где Обихиса…
Сатирик Ильгиз Талип

Тамашалуу түшүнүк кат
Шамырбек жумушка кечигип келип, түшүнүк кат жазууга аргасыз болду. Жазганы жетекчисине жакпай, кайра-кайра жаздырды. Азыркысы үчүнчү мертебеси:
"Таң атканча чиркей өлтүрүп, уктаган эмес элем. Эрте менен тыркыйып уктап калыптырмын. Анын кесепетинен…. Эми башынан айтайын: Жатканыма 20 мүнөттөй болуп калган кезде чиркейлердин үнүн эшиттим. Кудум кинодогу фашисттердин самолетундай ызылдашат, кысталактар! Дароо тура калып, жарыкты жандырып жибердим эле, чиркейлердин төртөө патолокто, бешөө дубалда, бирөө уулумдун мурдунун учуна, жетөө сасык байпагыма, экөө аялымдын аласына конуп калды. Чиркейлер менен күрөшүп чарчаганымды айтпа. Чындыгында, өлүп кетсин деп чиркейлерди өлтүрбөй койсом болмок, бирок мынча көп чиркейлерди өлтүрбөй койсом дагы төрт-беш эсе көбөймөк. Балким булардын баардыгы тең ургаачыдыр. Аялымдыкына конгон эки чиркей гана эркек болушу ыктымал"
- Ай, ушинтип да жазчу беле түшүнүк катты, давай дагы жазып кел -деди.
Арадан жарым саат өтпөй, бири-бирине оп-окшош беш түшүнүк катты алып, начальнигине кирди да, анда кубанычтуу чыкты. Анда мындай жазуулар бар эле, 100 сом сыйлык. Төрага (колу)
О.Бөрү уулу

"Бучугум күндө чучук жейт"
Бир жаш келин багалегин түрүп, муздак сууну кечип өтүп баратса, аны байкаган жигит кызыгып тийишип калат:
- Ой келин, суу муздак, бучугуңузга суук тиет,- десе, ал да кебелбей:
- Бучугума суу тийбейт, бучугум күндө чучук жейт,- деп, жигитти сөзгө жыгыптыр.

Байдылданы сыйлаган бай болот
Байдылданы сыйлаган Кубанычбек Маликовдун 50 жылдык тою өзү туулуп өскөн Көкжар деген айылда өткөрүлмөк болуп, ал жерге акын-жазуучулар чакырылат. Жазуучу журту көп иччү эле деп сактанган акын 3-4 милиционерди да даярдап коёт. Нарында проза боюнча консультант, жазуучу Качкынбай Осмоналиев Байдылдадан жогорураак отуруп калат да, 100 грамм баш болгон ичимдиктин түрлөрү ичине киргенден кийин, ойду-тоону сүйлөп, улуу -кичүүнү көзүнө илбей богооздоно берет. Жанагыл милиционерлер аны үйүнө жеткирип ташташат. Эртеси акын Жалил Садыков ишинде отурган Байдыкеге келип: "Кечээ Качкынбай сенин жаныңда отурду эле, кайда кеткенин көрдүңбү?"-деп сурайт. Байдыке ойлонбой туруп:
"Төрө пейил өңдөнүп,
Төрдө отуруп банкеттен,
Төрт жүз грамм ичкен соң,
Төбөсү менен жалп эткен.
Төбөңдөн урган маңканы
Төрт милиция алып кеткен" - деп жооп бериптир.

Камбар кара менен Жумабай кодо
Экөө дос, бойлору өтө кодо. Жаштайынан бир айылда өскөн, тамаша сөздөрдү сүйүшкөн аскиячылардан. Чукугандай сөз таап, көпчүлүктү күлдүрүп олтура беришет. Бирок чычалашпайт.
Жадыраган жаз айларынын жылуу күндөрүнүн биринде чайханага кирип келишет. Адаттарынча эл делдейип аскиячылардын сөздөрүнө кулак салышты. Алдыларына чай да келди. Анан тамашага өтүштү.
- Жумабай - деди Камбар шеригине тийише, - Сенин энең Самарканддык чоң эшек болгондо эмчегине боюң жетпей, эме албай ачтан өлүп калмак экенсиң?-дегенде чайханадагылар кыраан каткырык көтөрүштү.
Камбардын өңү тубаса капкара-негрдей өңүнө карап, Жумабай да бош келбеди.
- Камбар, сен жаңы төрөлүп жерге түшкөндө энең байкуш "кескелдирик төрөдүм окшойт"-деп чочуп кетсе керек. Бул таап айткан таамай кепке адамдар чайхананы түп көтөрө күлүп жиберишти.

Коён
Аюу Японияга барып калат. Ал жердегилер менен таанышып:
- Мен - аюумун, бирок кыргыздар мени "Майрык" деп коюшат. Силер дагы мага бир ат коюп бергиле-дейт. Алар макул болуп "Атак" деп ат коюп беришет. Келгенде карышкыр менен коён тосуп алышып, Японияда эмне кеп деп сурап калышат.
- Баары жакшы экен, а турсун мага "Атак" деген ат коюшту.
- Эгер мен барсам мага кандай ат коюшат - дейт карышкыр.
- Сен карышкырсың "Катак" болосуң го…
Анда коён ойлонуп туруп:
- Жок, жок, мен Японияга барбайм -дейт имиш.

Лезвияны алып салайын
Гинекологко бир кыз келип:
- Доктор, жардам бериңиз. Жакында турмушка чыгам. Эгерде менин кыз эместигимди билип калса күйөөм өмүр бою кечирбейт го?
- Анда келиңиз, жатыңыз - деп доктор кыздын айтканын орундатат. Үйлөнүү тоюнан кийин кыз белектерин алып келип гинекологко:
- Сизге абдан чоң рахмат, ушунчалык кан көп кетти дейсиз.
- Эч нерсе эмес, эми дагы жатыңыз
- Эмнеге? - десе
- Лезвияны алып салайын деп доктор күлүптүр.

Урматтуу окурмандар, турмушуңуздарда болгон күлкүлүү окуялар болсо бизге жазып жибериңиздер. Эң кызыктуу деп табылган окуялардын авторлоруна редакциянын атайын белектери бар.
Каттар үчүн абоненттик ящик: Бишкек-48 А/Я 1551, же болбосо 44-98-21, телефонуна чалыңыздар.

Даярдаган Алмазбек Эркебай