№12, 22.04.08-ж.
  Чачыла

Обон - шоу
"Министрдин кызынын махабаты" Россияда…
Бир гана Кыргызстанда эмес, а түгүл боордош элдерге чейин диски тараган "Министрдин кызынын махабаты 1, 2" киносунун режиссёру Рустам Аташов, продюсери Шайырбек Стамкулов менен "Министрдин кызынын махабаты" кино тасмасынын башкы каарманы Жоробек (Аскат) менен бирдикте Россиядагы кино сүйүүчүлөргө үчүнчү тасмасын көрсөтүп келүүгө аттанышты.

Кургур куудул Кубандын куржуну какшыганда…
Кубан Алимов кырктын кырына келгенде кызык болду. "Атан төө мас болсо тайлак төө менен дос болот" деп кыргызым таамай айтканбы, өнөрпоздордун боксуна катышып, жаш балдар менен боксташып, өзүнүн балдарындай балдардан ойда-а токмок жегенин көрүп "кап" дедик эле. Ошондо башына көбүрөөк муш жеп калганбы, айтор кийинки күндөрдөгү сүйлөгөн сөздөрү журналисттерди да, окурмандарды да ойго салды.
"Обон" гезитинин редакциясына өзү келип "Сакишке үйлөнөм" деп айтса, "Супер Инфого" барып "Сакиштин колун сурадым" деп айтат. Анан "Аалам" гезитине "жөн эле тамаша сөз" деп айтыптыр. Куржуну куру калып, эл алдына чыгууга шаасы жетпей калганда "Атың чыкпаса жер өрттө" деген ата-бабалардын акылман сөзүн эстегенби деп айраң калып отурабыз.

Алишер темир тулпарын жаңыртты…
Кыргызымдын патриоттук ырларын ийинине келтирип, комуздун коштоосунда чеберчилик менен кол ойноткон ырчы жигитибиз Алишер Тоотаев калем учунан бал тамган он беш акындын ыр жыйнактарын сатып алды. Ал эми жеке жашоосунда "BMW" унаасын "Мерседес 230гө" башма-баш алмаштырып, түштүк жергесинин жолдорунда чимирилте айдап жүргөн чагы.

Бегимайдын гардеробу бир көйнөккө көбөйдү
Өзүнүн уккулуктуу үнү менен көпчүлүккө жаккан Бегимай Эсенгулова "Атаке" деген ырына клип тарттырып жаткан чагы. Клип тарттырат десе эле оңой көрүшөт. Анын түмөн-түйшүгү канча? Бир клипке тартылуу үчүн формасына эле 300$ дан ашык каражат сарпталат экен. Бегимай аталган клибинде 300$ лык татынакай көйнөк кийип чыгат.

Келме кезектеги конок күтүү…
Оригиналдуу ырлары, тамшандырган таланты менен жаш-кары дебей, ыр ышкыбоздорунун сүймөнчүлүгүнө айланган, популярдуу ырчы Ильяз Абдразаков Казакстандын жаш ырчысы Кайрат Нуртасты борборго конокко чакырды. Бардык уюштуруу иштерин Ильяз марттык кылып мойнуна алган. Себеби, Ильяз казак жергесине барганда боордоштор ырчы жигиттерибизди жылуу кабыл алып, а түгүл Кайрат Нуртастын жеке концертине катышып, өнөрүн да көрсөтүп келген. "Келме кезек бар" демекчи, эми минтип, конок тосуу Ильяздын жоопкерчилигинде.

Акыркы коңгуроо же Мажиттин концерти...
Кыргыз эстрадасындагы кичинекей ырчы жигитибиз Мажит да көпчүлүктүн шарданы менен сахналаш байкелеринен кем калышпай чыгармачылыгында үзүрлүү эмгектенип жатат. Мажит 24-25-майда акыркы коңгуроону баарыбыздын эсибизге салып, жаңы эле мектеп партасын аяктап, 5-10-20 жылдык өткөрүп жаткандарды куттуктап, оригиналдуу концерт бермекчи. Концертке сахналаш достору жана куудул акелери келишет. Таскагы күчтүү Мажитке концерти ийгиликтүү өтсүн дегибиз келет.

Даярдаган Мээрим Сатарова




"Жылдын мыкты ыры" деген республикалык фестивалынын ЖОБОСУ
Бардык жагынан элибиздин маданий, эстетикалык мүдөөсүнө бап келген ырларды жандандыруу, жамырап келаткан кунарсыз ырлардын, обончулардын жана аткаруучулардын көбөйүшүн тизгиндөө максатында Кыргыз улуттук телерадиокорпорациясы, Бишкек шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын маданият министрлиги менен биргелешип, 2008-жылдын акырына чейин "Жылдын мыкты ыры" деген республикалык телефестиваль өткөрөт.

Фестивалдын шарттары:
Фестиваль ырларды жаңы жараткандар жана мурда аткарылып жүргөндөр деп эки башка баа жана байге менен белгиленет.
l Баш байгеге талапкер акын, обончу, композитор, аткаруучу, аранжировкачы жогорку көркөм деңгээлдеги жаңы чыгарманы тартуулашы керек.
l Эски ырларды жаңы аранжировкада аткарып катышкандар болсо жогорку чеберчиликтин үлгүсүн көргөзүү керек.
l Телефестивалга катышуучулардын жашына, улутуна, чыгарманын кайсы тилде аткарылганына чек коюлбайт.
l Телефестивалга катышууну каалагандар сунушун, обонун, текстин, фонограммасын Кыргыз улуттук телерадиокопаниясынын "Ибарат" маданий агартуу борборунун "Манас" студиясына жибериши керек. Телефондор: 65-85-02; 65-66-40, 65-80-89 Дареги: Жаш гвардия-59.

Телефестивалдын жеңүүчүлөрүн баалоо жана сыйлоо:
Телефестивалдын жүрүшү, татыктууларды тандоо ай сайын атайын түзүлгөн калыстар тобу тарабынан жабык бааланат да, алар телевидениеден көрсөтүлүп турат. Телефестиваль эстрада, эстрада-фольклор, фольклор номинациясы боюнча ар башка иргелет. Баш байгеге бир эле маалда обону, аткаруучусу, тексти, аранжировкасы эң мыкты деп табылган бир гана ыр татыктуу болот. "Жылдын мыкты ыры" деп табылгандар декабрь айында аныкталып, гала-концерт менен кошо байгелер тапшырылат.




  Сен сүйгөн обон

Урмат Усенов
"Тажадым"
Сөзү: Урмат Усенов
Обону: чет элдики

Көкүрөктө туйлады, көөдөнгө сыйбады,
Көңүл менен касташтым, кыйбадым.
Каректериң жалганчы, көз жашың бал тамчы,
Көркөмүңө кул болдум,кайырчы.

Кайырма:
Тажадым мен, тажадым баарынан,
Чарчадым мен, чалындым багымдан.
Бар туруп балын татпадым,
Оң болоор жалгыз калаганым.
Махабатым, жаңылдым, жазганмын,
Билсем дагы катага малындым,
Күнөө менде билем, жаным,
Сүйөм деген сөзүм шамым.

Кетким келет камынып, эркиме таарынып,
Ээлеп алган сезимди кагынып.
Түшүнбөдүң жалгыз бой күрөштөн чарчадым,
Чеги болоор түгөндүм жалынып.