№11, 15.04.08-ж.
  Тобокелчи

Рахат Бердикеев, каскадер:
"Трюктарды кыргыздардай эч ким аткара албайт"
Кайталангыс трюктар менен кыргыздын атын алыска жеткирип, кыргыз кинолоруна тартылбаса да, башка мамлекеттердин кинолорунда бир канча роль жараткан Рахат Бердикеев 1966-жылы 11-ноябрда туулган. Катышкан кинолору: "Согдиана", "Чынгызхан", "Абай жолу", "Темирлан", "Көчмөндөр", "Шамал адам", "Кырдагы сыдырым жел", "Уюлдагы түн", "Кореец" жана башкалар.
Рахат Абылабекович менен байланышып, кеңсесине баш баксак, өз учурунда барган экенбиз. Себеби, маркум Үсөн Кудайбергеновдун арбагына кой союп, куран окутууга камданып жатышыптыр. "Жүрү, чогуу барып келебиз" деп куран окутуучу жайга бирге бардык. Жолдо бара жатып үч жылдан бери маркумдун төрөлгөн жана өлгөн күндөрүндө куран окутууну салтка айлантып, Үсөн Кудайбергенов атындагы фонд түзүп, үй- жайы жок карапайым мекендештерибизге жер алып берип Үсөн Кудайбергенов атындагы жаңы конуш түзүүгө болгон күчү менен аракет кылып чуркап жүргөнүн сөз кылды. Анда эмесе "Үсөн Кудайбергенов" атындагы каскадерлор федерациясынын президенти Рахат Бердикеев менен болгон маегибизге көңүлүңүздөрдү бурабыз.

- Рахат байке, эң оболу сиз менен кененирээк таанышып, сөзүбүздү уласак. Кайсыл жердин кулуну болосуз?
- Мен Кыргызстандын кулунумун. Нарын облусунун, Жумгал өрөөнүндөгү Ташдөбө айылында туулуп,- Чаекте өскөм. Уругум Катаган, кээде отуруп ойлонуп калам, колхоздо өскөнүм мага чоң жардам берди окшойт деп. Шаарда төрөлсөм балким мындай болбойт белем. Беш бир туугандын экинчисимин.
- Бул топко кантип келип калдыңыз?
- Менин бир устатым бар болчу, ошонун артынан келип калдым десем болот. Анда 23 жаштан 24 жашка өткөн күлгүн курагым болчу. Айылда жүрүп бир трюк жасасам аны агай көрүп калып, сен баладан бир нерсе чыгат деп Үсөн байкеге тапшырып кеткен. Ошол күндөн тартып, ушул күнгө чейин балдар менен топтун ысыгына күйүп, суугуна тоңуп чогуу жүрөбүз.
- Каскадер болуш үчүн атайын билим керекпи же окуунун кажети жокпу?
- Каскадер болуш үчүн окуунун деле кереги жок. Бирок мүмкүн болушунча сабаттуу болсо жакшы эле болот. Каскадер болом деген адамдын жүрөгү тоо болушу зарыл. Физикалык жактан канчалык күчтүү болуп турган менен жүрөгү жок болсо, ал эч качан каскадер боло албайт.
- Азыркы жашоодо акча жок болсо, эч жакка бара албай калбадыкпы. Силерди материалдык жактан ким каржылайт?
- Биз өз наныбызды өзүбүз таап жейбиз. Мамлекет тарабынан эч кандай колдоо болбойт. Киного тартылабыз. Андан тышкары кыргыздын жигиттери кандай экенин көрсөтүп турган демөөрчүлөр чыгып калат. Аябай жакшы колдоп берет. Биздин эмгегибизди баалап, колдогондугу үчүн рахматыбызды билдиребиз.
- Азыркы учурда бул топтогу балдарга трюктарды ким үйрөтөт?
- Каскадер балдардын баарына башында Үсөн байке үйрөтүп кеткен. Ошол кишиден үйрөнгөндөрүн азыр кайталашып, бири-бирине үйрөтүп жүрүшөт.
- Кыргызстанда атайын каскадерлор мектебин ачканга болбойбу?
- Болот, албетте. Ушул мектепти ачалы деп, президентке да кирип чыккам. Үсөн байкенин атындагы мектепти ачуу тууралуу кагазга кол коюп, 40 гектар жер бөлүп берген, документтер да так. Ал документтер менен биринчи мэрияга жиберди, ал жакка барсам бизде мындай жер жок деп, Аламүдүн районуна жиберишти. Ал райондон да таппай, кайра мэрияга келгенге туура келди. Бирок айла жок МВД, ГУВД га кайрылдык. Кайрылууну карап чыгып, 11 гектар бош жер бар экенин айтып, мэрияга тиешелүү экенин изилдеп чыгышты. Ошол чечимдин негизинде архитектурага барсам, чиймесин чийип келгиле деп калды. Чиймесин чийдирип барсам, эмнегедир мэрия бул жерге каршы болуп жатат. Президенттин колу коюлуп турат го, бул кандайча десем да көңүл бурган жок. Мына ошол жер ошо боюнча алынбай турат. Ал мектепти ачууга колдоо көрсөтө турган демөөрчүлөр да бар, бирок тилекке каршы жер жок. Орто Азия боюнча каскадерлордун мыкты тобу Кыргызстанда гана. Казакстанда "Жал" деген каскадерлор студиясы бар. Эгерде жер колго тийип калса, Кудай буюрса каскадерлор үчүн мектеп ачсак деген чоң үмүтүбүз бар. Эң мыкты, эң жакшы каскадерлордун баары Кыгызстандан чыккан. Кандай трюктар болбосун кыргыздар аткаргандай эч ким аткара албайт.
- Татарстандын, Казакстандын кинолорунда тартылып жүргөнүңөр баарыбызга маалым. Ошол фильмдерге кандай жол менен кабыл алынасыздар?
- Негизи алар жактан атайын бизге келип талантыбызга күбө болуп, жаксак ушунча киши керек деп келишим түзүүгө өтөбүз. Биз да фильмдин сценарийин окуп көрүп, бул ролго ким жөндөмдүү экенин карап, ошол кишилер барат. Бул дегеним, бир каскадер ат үстүндө мыкты аткарса, экинчиси бийиктиктен мыкты секирет. Ошолордун баарын карап, канча киши болсо, барып тартылып келебиз. "Кореец", "Чынгызхан", "Абай жолу", "Темирлан", "Көчмөн" жана башка кинодогулардын баары биздин балдар. Маркум атабыз Үсөн Кудайбергеновдун шакирттери.
- Үсөн Кудайбергеновдун киши колдуу болгону баарыбызга белгилүү. Анын иши аягына чыктыбы?
- Биз аны ким, кандай киши өлтүргөнүн эч кимибиз көргөн жокпуз. Кек сактоо деген эң жаман нерсе эмеспи. Ошентсе да атабыздай болуп калган кишини өлтүрүп кеткен адамдарга наалат айтып келебиз. Ал иштин артында тийиштүү органдар бар. Бирок, тилекке каршы азыркыга чейин бети ачыла элек.
- Жеке жашооңуз жөнүндө айтып бербейсизби?
- Эмне деймин. Үйбүлөлүүлүмүн, үч баланын атасымын. Улуу кызым турмушка чыккан, кичүүсү кечээ 10-мартта төрөлдү.
- Балдарыңыз сиздин жолуңузду жолдойм десе, эмне кылаар элеңиз?
- Эгерде ошондой болсо кош колдоп колдойм. Себеби, ар бир ата, балдарынын өз жолун жолдогонун каалайт эмеспи. Балдарымдын менин жолумду жолдошуна сыймыктануу менен карайм. "Каскадер" деген сөздүн өзү кандай сыймыктуу.
Маектешкен
Нурзат Жусупова