------WebKitFormBoundarydfAE "Обон", 15.04.08 - 23-бет: "Обон"-почта...• Кыргыз гезиттер
№11, 15.04.08-ж.
 "Обон"-почта

Урматтуу окурман, эч тартынбай жүрөгүңүздөн сызылып чыккан сагыныч саламбы, көкөй кескен көкүрөктөгү ойбу, боорду эзген күлкүбү, мүмкүн анекдотпу, казан какшыткан какшыкпы, арналган арзуу сүйүүбү, уюган нарктуу сөзбү, кумирге болгон каалообу, жолугушуубу, таанышуубу, алдануубу, бекем ишенүүбү же саргартып санаага батырган издөөбү, айтор жашообуздун бүткүл кыймылын камтыган ойлоруңуздар болсо бизге жөнөткөнгө шашылыңыздар!..
Сиздердин ой-пикирлериңиз гезит бетине жарыяланат. Мыкты деп табылган SMS билдирүүлөргө атайын белектер бар.

ОП-11-01. Саламатсыздарбы, Урматтуу"Обон"гезити.Биринчиден сиздердин Интернетке чыкканыңар менен! Сиздер интернетке чыксаңыздар Кыргызстандан сырткары өлкөлөрдө жашап жаткан кыргыз боордошторуңуздар да окурманыңар боло алат. Бар болуңуздар! Ошондой эле кыргыз өлкөсүнө ынтымак, биримдикти каалар элем.
Экинчи саламым Кыргыз түрк манас университетинде окуп жаткан РОЗА КУДАЙБЕРГЕН кызынын 16-апрель туулган күнү менен куттуктайым! Розага чың ден-соолук, узун өмүр, окууларына ийгилик каалайм! Ошондой эле ошол окуу жайда окуп жаткан досторум Гани, Тынчтыкбекке, Улуттук университетте окуп жаткан досторум Бактыбек, Татыбектерге да окууларына ийгилик каалайм. Жакшы окуп Атажуртуна ак эмгегин арнаган азаматтардан болсун деп. Досуңар Суран. Кытай.Үрүмчү шаары.

ОП-11-02. Мирлан, кечир мени. Досуң Айбектин сөзүнө ишенип, сенин көңүлүңдү оорутуп жүрөгүңө суу септим окшойт. Неге телефонуңду өчүрүп салдың. Суранам сенден акыркы жолу болсо да мени менен бир эле ирет жолукканга шарт түзчү. Кандай болгон күндө да сен менин алгачкы махабатым экендигиңди эстен чыгарба. Жаным, мен сени сагындым. Айгерим 0773 24-26-..

ОП-11-03. Айланайын айымдар силерден суранам күнөөсүз наристени көчөгө таштагандан көрө ...дү кыспайсыңарбы! Убал дегенден коркосуңарбы силер. Бакыт

ОП-11-04. Студенттер экзамендерге кандай даярданып жатасыңар. Баш иштебесе чөнтөктүн шору дегендей чөнтөгүңөргө күч келип жүрбөсүн. Башыңарды жакшыраак иштеткиле. Анара

ОП-11-05. Ысыккөлдөн салам. Менин сүйүктүү таежелериме, апама, инилериме чоң салам. Ысыккөлдөн Турсункул

ОП-11-06. Көпөлөк айтат, ээн-эркин микрофонго чыгып алып:
- Кыргыз Өкмөтү абдан шумдук намыскөй.
Эмне кылып жүрөт орустарды кыргызча сүйлөттүрбөй.
Андан көрө орустарды кыспайбы кыргызча сүйлөттүрүп, көптүрбөй?
Анан чиркей минтет:
Менин атым чиркей,
Бишкектеги орустар надоели иттей.
Эмне кылып жүрүшөт кетпей?
Жөн койсо океңбайлар,
Семиришти киттей,
Нервге тийди биттей.
Кыргыз Өкмөтү намыстанганды билбей. Чынара. Бишкек шаары
ОП-11-07. Борборду Ошко көчүрсө, Бишкекке айылдан келгендердин саны бир кыйла азаймак. Азиз

ОП-11-08. " Обон", качан убакытты туура пайдалануу жөнүндө маалымат бересиңер. Муратаалы

ОП-11-09. "Обон", К. Бакиев кантип оруска үйлөнүп калган, айтып бере аласыңарбы? 07728627..

ОП-11-10. Кыска юбка кийген кыздарды бутка табылгы менен чапса, намысы жоктор! KG Patriot

ОП-11-11. Куланак айылында жашап жаткан ата-энеме салам жолдойм. Сиздерге бардык жакшылыктарды каалап Айзат

ОП-11-12. Нурлан Мотуев президент болуп калса кандай болот эле?… Бакыт

ОП-11-13. Куланак айылындагы мектептин 9-б классына салам жолдойм. Аксыдан Айзат

ОП-11-14. Ош шаарында жашап жаткан агам Сейитмамбетке жана үй-бүлөсүнө салам жолдойм.

ОП-11-15. Гезиттердин баары эле жакшы, бирок "Обон" супер. Айка

ОП-11-16. "Обон", Байболов Кубаттын 1988-жылкы кызы бар бекен, билип бере аласыздарбы? Болот

ОП-11-17. Ар жекшемби күнү "Достук" мейманканасынын арка жагында диний семинар болуп жатат. Саат 12-30да аялдарга, 13-30 да эркектерге, кирүү акысыз.

ОП-11-18. Алмаз Атамбаев Бишкекке мэр болуп дайындалат дешет. Атамбаевге окшоп көзү тойгон бирөө келсе шаар чындап эле өнүкмөк. Жаныбек

ОП-11-19. Бакияна деген бийчи кызды чексиз сүйөм. Бирок ал мени теңине албай жатат. "Обон" жардам бергилечи. Жеки

ОП-11-20. Өзгөн районунун Жергетал айылынын 1988-жылкы балдар-кыздарына салам жолдойм. Алматыдан айылдашыңар

ОП-11-21. К.Рысбаевдин 11-а классынын 2006-жылы бүтүргөн Эльмирага салам. Классташың

ОП-11-22. "Обон", силердин гезитиңер абдан жакты мага. Окурманыңар

ОП-11-23. Көп күлүү жүрөктү карартат экен. Кээде бей-бечараларды да эстеп коёлу. Шакир

ОП-11-24. "Обон", менин саламым бүтүндөй кыргыз калкыма. Зайырбек

ОП-11-25. Анекдот: Коён балатынын түбүнө бир бөтөлкө арак жана закускага деп сабиз бекитип, уурдап кетпеш үчүн "Балатынын түбүндө арак жок" деп илип койбойбу. Кийинки күнү келсе балатыда "Аюу аракты алган жок, сабизине такыр тийген жок" деген жазуу илинип туруптур. Жими