№11, 15.04.08-ж.
  Улуу сөздө уят жок

Махабат майданы
Лаззат искусствосу элге таандык
Жыныстык мамиле эки адамдын руханий жакындашуусунун кадимки зарылдыгы катары болуусу керек. Тилекке каршы көпчүлүгүбүз жыныстык катнашты бактылуу кумар катары гана көргөнүбүз туура эмес. Азыркы бүткүл дүйнө элдериндеги кызыгуу менен айтылып жүргөн "секс" деген латын тилинен алынып, жыныс же эркек жана ургаачы дегенди түшүндүрөт. Демек, "секс" деген сөздү уят сөз катарында эмес, эркек менен аялдын ортосунда болуучу жаратылыш жараткан мыйзам ченем катарында кабыл алышыбыз зарыл. Адамдын сексуалдуулугу - бул дүйнөдөгү болуп көрбөгөндөй чоң көрүнүш, мындай сонундук адам баласына гана тиешелүү. Секс деген сүйүү менен дене кумарынын туу чокусу, бекемделген көркү. Катнаш учурунда миңдеген сезимдер жаралышы мүмкүн. Ал нерсе организмдин кабыл алуусуна, дүүлүгүүсүнө, даярдыгына жана физиологиясынын өзгөчөлүгүнө жараша өтөт.


Бейиштин төрү төшөктө
Айлана-чөйрөнү эркекке караганда аял эрте кабыл алат. Эмоциялык-психикалык реакциясы күчтүүрөөк. Эркектеги кылт эткен кыймылды байкашат. Алар жасанып жүргөндү жактырышкандыктан, анысын айтып суктанып, сөз кылып койгон абдан пайдалуу. Ар бир аял өзүнүн сулуулугу, сезимталдыгы жөнүндө айтып туруусун каалайт. Күйөөсү эркелетип көңүл бөлүп жүрсө, аялдын жаңы сезимдери ойгонот. Бул нерсе жыныстык жакындашууга болгон психологиялык зор даярдык. Ушул нерсе канчалык дыкаттык менен чын жүрөктөн жүрсө ошончолук узакка лаззат оюнундагы бейиштин гүлүн тересиңер. Аялдын жаратылышында уялчаактык касиет бар. Эркек чеберлик менен анын сезим дүйнөсүнө аралашып, болуп көрбөгөндөй жыты аңкыган, аң-сезим аңтарган ажайып дүйнөгө жетелей алса, ал уялчаактык өзүнөн-өзү жоголот. Жубайлардын көпчүлүгү жыныстык искусствонун балдай таттуу эки жарым, бир бүтүндүгүнө жете алышпай, көпчүлүк мезгилде экөө эки бөлөк боло бергендиктеринин залалы ажырашууларга, көңүл калууларга алып келет. Инсандык мүнөздүн чыныгы образы ушул дүйнөдө ачылат. Жыныстык байланыш алдында Кудайдан тиленип, уруксат сурашат, сүкүткө олтурушат, сыйынышат. Кынтыксыз эки дене бир жолдо Теңирге кол сунат. Жубайлар ортосундагы руханий тазаруу бири-бирине берилген зор ишеним, маданияттын бийиктиги өкүм сүрөт. Мындай жубайларды жараткан өзү гана ажыратпаса, түбөлүктүү бөлүнгүс жолго түшөт. Алардын ортосунда жаралган сүйүүдөн мажирөө балдар төрөлбөйт, чыгаан балдардын жер үстүнө келишине шарт түзүлөт. Мындай өлкө сөзсүз өнүгөт, өсөт.


Түгөнбөс булак
Байыркы Индия элинде ыйык сүйүү жана жыныстык мамилелердин ыкмалары жөнүндө "Шабдаалынын гүлдөрү" деген керемет чыгармаларды жаратышкан. Көрсө адам үч нерсеге өтө кызыгат экен. Акылга, жан дүйнө жана сулуу денеге. Сулуу денеге кызыгуу эң күчтүү лаззаттык эңсөөгө алып келет. Жан дүйнө кенен болсо досчулукка, акылы күчтүү болсо кадыр-баркка ээ болуп ушул үчөө бириксе чоң сүйүү жаралат тура. Дагы бир кызыгы Индия жеринде таштан жасалган миңдеген эркектердин пенистерин (жыныс мүчөлөрү) жана аялдардын жыныстык кындарын ар бир шаарларынан жолуктурууга болот. Индиялыктар - эркек менен аялдын жан дүйнөсү болгон бул сүйүү органын, турмуштун түгөнбөс булагы катарында сүйкүмдүү кабыл алышат.


"Адамча сүйлөгөн бука"
Жар-Башы жайлоосундабыз. Беккул деген чабан агам жакага бир жумага кеткен. Мен анын аялы Айнашты апамдын катуу тапшырмасы боюнча кайтарып жатам. Ай сүттөй жарык. Чатырдын ичи күүгүмдөнөт. Жеңем чатырдын кире беришинде, мен анын балдары менен төрдө жатабыз. Капысынан ойгонуп кеттим. Кимдир бирөөнүн күш-быш дем алганы, жеңемдин кыңкыстап, жалынып-жалбарганы кулагыма шак эле дей түштү. Иштин төркүнүн түшүнө коюп, коёндой бөгүп тыңшап калдым.
- Болду эми, туруп кет. Жапар ойгонуп калса күйөөмө айтып коёт, анда эле өлгөнүбүз, - деп жеңем бирөөгө акырын унчукту.
- Жеңекебай, дагы бир жолу, анан кетейин, - деп колдурайт анысы.
Үнүнөн дароо тааный койдум. Керимбек деген зоотехник жигит. Анын күндүзү чабандарды кыдырып жүргөнүн көргөм. Жеңем көндү окшойт, зоотехник анын үстүнө дагы чыгып, жуурканды желпилдетип жатты. Бир маалда Керимбек жыла басып сыртка чыгып кетти. Мен чукуранымыш этип койдум эле, жеңем жанындагы узун чыбык менен жерди сабап-сабап:
- Өш, өлөт алгыр, чатырга сүйкөнгөнү эмнеси, - деп сүйлөнүп калды.
Анткени Беккул абамдын он чакты бодо малы бар эле. Алардын баары түнкүсүн чатырдын жанына келип жатышчу.
- Жеңе, адамча сүйлөгөн ал кандай бука? - деп анын жоругуна кызганыч жаратып тетири карай оодарылдым.
Бечара жеңем таш тийгендей оозун ача албай дымып калды.

Эрди - катын урушат, "эмеси" менен жарашат
Үч жаш келин ээн бөлмөдө аңгемелешип олтурушат. Сөз төркүнү эркектин таарынычын кантип жазуу керектигинен башташат.
- Менин күйөөмдүн таарынычы бир бөтөлкө арак,- деди Майрамгүл.
- Менин күйөөм жеткен көк бет, бир таарынса кыйлага дейре дулдуюп жүрө берет. Үйгө уяттуу мейман келип калганда гана аргасыздан алаксып кетет - дейт Жазгүл.
- Ал эми мен - дейт үчүнчүсү, күйөөмдүн таарынычын баскан эң жакшы жолду тапкам деп турмуштук тажрыйбасынан бөлүшөт. Биз деле элге окшоп үрпөңдөшөбүз. Сүйлөбөй калабыз, бирок аныбыз жатаарга чейин эле созулат. Төшөк салган соң, күйөөм сыртка чыгып кеткенде, энеден туума дырдай чечинип, төшөккө жатып алам, ары карап. Күйөөм жылаңач экендигимди көрүп чечинет. Мен калп эле ары жылып коём. Ортобуздагы жалын кандай күйө түшкөнүн сезбей калабыз. Андайга бычмал эркек жөн жай туруп бербесе, "нормальный" эркек туруштук бере албайт. Ошондон улам илгеркиден "Эрди катын урушат, көтөнү менен жарашат"-деп бекер макал болуп айтылып калбаса керек,-деп жылмайып, тиги экөөнү ойго салыптыр.

Жыты аңкыган бактар
Мындан 1400 жыл мурда Араб өлкөлөрүндө шейх Нефазави жазган "Жыты аңкыган бактар" чыгармасында лаззат турмушундагы аялдардын айлакерлигинен, куулугунан кантип сактаныш керек экендигин жана бою кичинекей эркек менен бою узун аялдардын, аябай семиз аял менен эркектин жана майып мунжу болуп калган кишилердин ортосунда болуучу лаззат кумарынын ыкмаларын атайын жазган.
Дүйнө кызыктарга абдан бай. XII кылымда адамдар жыныстык мамилеге кызганчаактык кылышып, аял эркектин ал жагын бекем бекитип коё турган бел курчоолорду ойлоп таап, аны азыркы убактарга чейин колдонушат.

Бейшембиде бел чечкен
Эркектер негизинен ар дайым демилгелүү, башкача айтканда улуу иштин илгерилешине жол ачканы, анын узактыгы нерв системасынын тибине, турмуш шартына, тамактануусуна, акыл-эс руханий абалына байланыштуу. Денелери тийишкенде , өбүшүүдө, кучакташууда эркектер тез дүүлүгөт. Аялдар бир аз жайыраак. Мындайлыгы алардын жөн гана табияты. Ошондуктан жупташкан жубайлар ортосунда оргазмдын ар түрдүү учурдагы мезгилдери байкалышы мүмкүн. Бир бул нерсе оору эмес, бара-бара өз нугуна түшчү психологиялык процесс.
Илгерки элибиздеги "Пайшамбалик" салтында жыныстык катнаш жасоочу маалдын так сакталганы жөн жай жерден эмес. Бул биринчи кезекте жогоруда биз айтып кеткен психологиялык даярдык, сагынуу, эңсөө, күтүү жана жупташууга даярданып, тазаланып ошондой эле төшөк ордунун таза болушу. Бир сөз менен айтканда бул мамилеге биринчи жолу бараткандай маани маңызын көтөрүү. Эс алчу бөлмө чала жарык кылынган бөлмөдө өткөнү дүүлүгүүгө оң таасирин берет. Мас абалда бул ишке киришүү эркекке да, аялга да зыянын тийгизбей койбойт. Алкоголдуу урукту түшүрүү эркек үчүн да зыян, экинчиден аялдарды түрдүү жыныстык ооруларга алып келүүсү мүмкүн. Мындай урук менен камсызданган аял тез карыйт. Эркек канчалык таза азык-түлүктөр менен тамактанса, ошончолук таза касиеттүү урукту аял кабыл алат. Акыл эстүү аялдар күйөөсүнүн эмне жеп жатканына зор көңүл бөлөт, анткени анын жемишин өзү терет.

А. Эркебай