Күүгүмдөгү сырдашуу

Ырчы Султан Садыралиев:
"Өнөр майданынан өз улутумду таптым"
"Кудача кыз", "13 жашар баланын арманы", "Махабатым", "Мухаммед", "Кан досум" аттуу ырлары менен ыр ышкыбоздорунун сүймөнчүлүгүнө айланып, көптөгөн селкилердин сезимине чок салган кыргыз эстрадасынын популярдуу ырчысы Султан Садыралиев бизде конокто:


- Султан, сени кээ бирөөлөр кыргыз десе, айрымдары казак дешип бүгүнкү күнгө чейин талаш-тартыштар болуп келет. Өзүң айтчы, кайсы өлкөнүн жаранысың?
- Ата-энем Казакстанда жашагандыгына байланыштуу биз ошол жакта чоңоюп калдык. Тактап айтканда атам кыргыз, апам казак кызы. Негизи атаң кай жактан болсо сен ошол жердин жараны болосуң да. Андыктан мен өзүмдү Кыргызстандын жараны, кыргыз элимдин кулунумун деп эсептейм. Биздин үй-бүлөдө менден башкасы таякелер тарапта чоңоюп, эр жетишти. А мен болсо 8- классымдан тартып Таласта окуп, кыргыз тилинде ырдап, кыргыз салтында, өзүмдүн журтумду жашоосунда жашап жатам. Башкача айтканда менин жүрөгүм кыргыз деп согот.

- Жарык дүйнөгө келгенден кийинки жашоонун башаты балалык чагың менен башталат эмеспи. Бал тамган балалык издериңди кантип эскересиң?
- Ойносо оюнга, күлсө күлкүгө тойбогон ал учурумду эстесем, бала бойдон калгым келет. Менин балалык баёо кездерим Казакстандын Көкдөнөн айылында, болгондо да жашыл көктөм кең жайлоодо өттү. Менин ата-энем мал багышчу. Алардын доорунда атка минип, кой кайтарып, мал багып, кымыздык терип жеп чоңойдум. Ошондогу жайлоодон, тоолордон алган ырахатты эч жерден сезе албай келем. Жаратылыштын, жайлоодогу шаркырап аккан суунун, бийик-бийик тоолордун, таза абанын тийгизген таасирлери мени ыр дүйнөсүнө жетеледи десем жаңылышпайм.Бийик тоого чыгып, жашыл чөптүн арасында бутту учкаштырып жатып алып кыңылдап ырдай берчүмүн. Кыскача айтканда балалык кезим бир короо койду алдыма салып алып, ат чапмай менен коштолду.

- Анда, айыл тиричилигине бышкан бала турбайсыңбы?
- Албетте. Мен кылбаган жумуш деле калган жок. Уй саагандан тартып, кой союп жиликтегенге чейин билем. Атам бизди айылдагы кара жумуш менен тарбиялады.

- Студенттик жашоону баштан кечирип жатасың. Ачка-ток калган учурлар да жок эместир?
- Өмүрүмдөгү эң жакшы эстен кеткис күндөрдү сурап жүрөктү эзе турган болдуңуз го. Искусство институтунун жатаканасында 3 жыл Мирбек, Чынгыз, Акбар төртөөбүз жашадык. Домбра, комуз көтөрүп алып кыздардын бөлмөсүнө барып ырдап берчүбүз. Ошондо кыздардан уялып, намыстанып атып эле курсагым тойбой калчу. Андан да айылдан келген акчаны бир күндө жок кылып алып, нан менен суу ичип, жөө жүргөн күндөр деле болбой койгон жок. Студенттик күндөр көзүбүздү ачып, көп нерсени үйрөттү окшойт.

- Жаштыкта эмнелер гана болбойт. 100 граммдан басып алып, баш ооруган күндөрүң болгонбу?
- Анча-мынча пиво ичип, көңүл ачканым эле болбосо, аракты өкүртө ичип, кулап калган күнүм болгон жок. Жаңы студент болуп жүргөн кезде майрамдарда, жакшылыктарда ченем менен өзүмө жараша ичип койчумун.Азыр ичпей калдым.

- Өнөр майданына келгенден бери эмне таап, эмне жоготтуң?
- Көп нерсе таптым, ошону менен бирге жоготконум да болду. Эң эле биринчи жан дүйнөмдүн байлыгын таптым. Себеби, чыгармачыл адамдар жан дүйнөсү бай адамдар болот. Экинчиси өз улутумду таап, атамды ыраазы кылдым. Атам мага "Балдарымдын баары казак болуп кетеби-деп коркчумун, балам сен менин көөдөнүмдөгү көксөгөн тилегимди орундаттың"-деп ыраазы болуп келет. Чынында азыр мен Казакстанга барсам 2 күндөн ашык туралбайм. Анткени, менин туугандарым, мекендештерим дегеле мага керек адамдар бул жакта. Мен ушул адамдарды, өз өлкөмдүн абасын сагынам. Өкүнүчтүүсү чыгармачылыктын сересине түшкөндөн бери көптөгөн досторумду жоготтум. Ыр дүйнөсүнө аралашкандан соң убактымдын тарлыгынан досторума убагында жолугалбай, алар чакырган жерге баралбай жүрүп, жакын адамдарымдан узап кеттим. Ушундай-учурларда бири-бирибизди түшүнүшпөй калдык. Бишкекке биринчи жолу концерт берээримде, эл келбей калса досторумду отургузуп ырдап берем деген ойдо, кимиси алдымдан чыгып концертиңе барайынбы десе, макул боло бериптирмин. Анан концерт коюла турган күн келгенде, зал толуп, эл аябай көп келсе болобу. Сахна артында концерт менен алаксып атып, досторума көңүл бөлө албай, концертке кирбей калышкан. Ошондон кийин бири-бирибизди түшүнбөй көптөгөн досторум менен байланышым үзүлгөн. Мейли,убагы келгенде өздөрү түшүнүшөттүр.
- Досторуң көп жерде Султан популярдуулукка жеткенден кийин өзгөрүп кетти деп айтышат экен. Буга эмне айта аласың?
- Адам баласы өзгөрбөйт, тескерисинче жашоо адамды өзгөртөт экен. Мурун сахнага чыга электе, жөнөкөй студент катары институтта окуп жүргөндө тааныбаган адам менен учурушпай эле өтүп кете берчүмүн. Анда эч кимдин деле иши болчу эмес, таарынышчу деле эмес. Азыр эми ошол институтка барып тааныбаган адамым менен саламдашпай коёюнчу, эртеси Султан көөп калыптыр деп дуу-дуу кеп болот. Азыр ушундай сөздөрдөн коркуп, таанысам-тааныбасам да элдин баары менен учурашууга милдеттеме алгам.

- Аябай ачууң келип, кабагыңа кар жаап калганда оозуңдан кандай сөз чыгат. Дегеле өзүңдү кантип алаксытасың?
- Андай учурда сөгүнүп деле салам. Көбүнчө машинамды шаардын четине айдап барып, эч ким жок жерде үнүмдү бийик чыгарып, бакырып-бакырып жеңилдеп алам.

- Турмушуңда туура эмес иш жасап, бармак тиштеген учурларың болдубу?
- Ооба, болгон. Бармагымды тиштемек түгүл, жулуп алайын дегем. Бул мен үчүн өтө кейиштүү, өмүрүмдөгү өкүнүчтүү нерсе. Аны эч ким билбейт, эч кимге айткан эмесмин, айтканга да болбойт. Ал менин ичимдеги айтылбас сыр. Ошондуктан эмне деп сурабай койгонуңуз оң.

- Эл ичинде Султан граждандык никеде бир кыз менен жашайт экен деген имиштер айтылып келет. Мунун канчалык деңгээлде чындыгы бар?
- Туура. "Шамал болбосо дарактын башы кыймылдабайт"-деген сөз бар го. Бирок, мен граждандык никеде жашадым деп толук айта албайм. Болгону жаштык - мастык кылып бир убакта бир кыз менен катуу сүйүшүп, кээ бир күндөрү анын үйүндө калып калган учурларым көп эле болгон. Чынын айтсам мындай жашоого качан эле чекит коюлган. Бул сөз бардык нерсе чечилип ал иш бүткөндөн кийин тарап отурат. Азыр менин башым бош.

- Жүрөгүңдү ээлеген кызың барбы?
- Жашым 22 ге келип, кыздар менен сүйлөшпөйм десем, калп айткан болом. Сүйлөшкөн кыздарым аябай көп. Бирок алар дос катарындагы кыздар. Эркектик сөзүмдү айтсам өзүм сүйүп-күйүп, сүйүү менен ооруй элекмин. Азыр ошондой учурду күтүп жүрөм. Жүрөгүмдү "дүк-дүк" эттире турган кыз жолукса, бүгүн болсо бүгүн, эртең болсо эртең эле үйлөнүүгө даярмын.

- Арзуусун айтып, артыңдан чуркаган кыздардан куру эместирсиң...
- Андай кыздардан аябай качам. Анткени, өзү чуркаган кыздын сүйүүсү узакка барбайт. Алар чуркап көнүп калышкан. Эркек, кыздар канчалык жабышкан сайын ошончолук алыстап, иренжий баштайт. Эч качан, кыз сүйүп жигиттин жүрөгүн багынта албайт. Колдон келсе эркекти сүйдүрүп, кызгантканга аракет кылыш керек.

- Кээде сахнанын түйшүгүнөн тажайсыңбы?
- Ошондой түйшүккө чыдап, ыраазы болгон үчүн сахнада жүрөбүз да. Тажабайм, бирок, эмгегим бааланбай, көз жумдум мамилеге тушуккан учурда капаланып кетем.

- Акыркы кездерде популярдуу болуп жаткан дастандарың тууралуу да кеп салсаң?
- Негизи мен кичинекей кезимден эле дастан айтып жүрөм. Андыктан өзүмдү дастанчымын деп айтсам болот. Эстрада жанрында ырдаганыма эки жарым эле жыл болду. Менин чыгармачылыгым дастан менен башталды. Кудай буюрса, келечекте дагы да көптөгөн дастандарды жарыкка алып чыгам деген ойдомун. Элдин кабыл алуусу да жаман эмес.

- Эмнеден коркосуң?
- Ушактан, куру дооматтан корком. Былтыр жайында көлгө эс алганы барып бир кыз менен таанышып калдым. Жакшы кыз экен, мага жакты, анан 2-3 күн чогуу кафеге барып тамактанып, 1-2 жолу дискотекага алып барып койдум. Анан эми биз деле адамбыз да. Кечке эле сахна, күйөрман, ыр, түз жүрүш керек деп эле "рамканын" ичинде буулуга беребизби. Биздин да жан дүйнөбүз эс алыш керек. Мына ошондон 2 ай өтпөй Султан Чолпон-Аталык бир кызга шакек салыптыр, жакында үйлөнөт экен деген жалган ушактар тарап кетти. Карап турсаң элдин түшүнүгүнө түшүнүп болбойт.Кыздар менен сүйлөшсөң да, сүйлөшпөсөң да балээге каласың. Кой, тынч жүрөйүн деп сүйлөшпөй койсоң, дароо эле жанагы тигиндей, баягындай имиш го деп сөз кылып чыгышат. Эмне дейбиз, жашоо ушундай экен да.

Маектешкен Ж.Калдарова