№11, 15.04.08-ж.
  Дүйнө жылдыздары

Атактуулардын ааламында
Атактуулукка алгачкы кадам
Ырчы айым Валерия 1967-жылы 17-апрелде Аткарск шаарында музыканттардын үй-бүлөсүндө туулган. Ошол эле туулган жериндеги музыкалык окуу жайдын фортепиано бөлүмүн аяктагандан соң 1985-жылы Москвага көчүп келип, Гнесин атындагы музыкалык академияга тапшырып, белгилүү ырчы Иосиф Кабзон менен элге кеңири таанылган актриса Гелена Великановадан таалим алган. 1992-жылы Валериянын биринчи альбому англис тилинде жарык көргөн. Бул альбомду жарыка чыгарыш да болочоктогу ырчыга оңойго турган эмес. Виталий Бондарчук менен Ричардо Тейлстин жардамы көп тийген, тактап айтканда алардын материалдык колдоосу менен Лондондон, Мюнкельден барып жаздырып келет. Борбор менен эле бирге бул англис тилиндеги альбому Европанын көпчүлүк бөлүгүнө шамалдай тараган.
Өзү ата-энесиненен алыста жүргөнү менен алардан ар дайым моралдык жана материалдык жардам алып каражат жагынан көп деле кыйналбастан альбом чыгарууга, ыр жаздырууга, клип тарттырууга толук мүмкүнчүлүгү болгон.
1993-жылы Россиянын журналисттери тарабынан ырчынын орус элинин эстрадасына кошкон салымын эске алып, эмгегин баалап "Жылдын мыкты адамы" наамын ыйгарышат. Мындай көңүл буруу Валерияны катуу толкундантканбы айтор, чыгармачылыгы бир топ өркүндөп 1999-жылы "Эң мыкты ырлар" деген экинчи альбому жарык көрүп, анын ичинен "Ты где то-там", "Не обежай меня" деген ыры хит-параддардын туу чокусун ээлеп, көп убакыттар бою астына ат чыгарбай келген, бул ырлардын жаралганына тогуз жыл болсо да бүгүнкү күндө да ырдалып келет. Ал эми 2000-жылы Россиянын булуң-бурчтарын кыдырып, гастролдоп өз репертуарындагы ырлардын бирин да калтырбай аткарып, өзүнө бир топ кадыр-барк, атак топтогонго жетишет.

Карьерадагы көмөктөш
Албетте, Валериянын бул жетишкен ийгиликтеринде продюсери ошол эле убакта жолдошу Александр Шульгиндин эмгеги өтө чоң. Себеби ырларынын дээрлик баарынын сөзү же обону Александрдыкы. Продюсери гана эмес, күйөөсү да болгондуктан бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган бул эки бактылуу жубайларды кайсы кара теке сүзүп, ортолорун кайсы кара мышык аралаганын ким билсин, айтор экөө эки башка жолго түшүп, мыйзамдуу түрдө ажырашат. Жеке жашоосундагы бул чукул бурулуш ырчынын чыгармачылыгына да терс таасирин тийгизип, эстрададан эки жыл алыста жүрүп, 2003-жылы Шульгин аркылуу экөөнүн ортосунда келишим сот аркылуу бузулгандан кийин гана, Иосиф Пригожин менен чогуу иштешүү жөнүндө жаңы келишим түзүп, сахнага кайтып келет. Ал эми өзүнүн экс күйөөсү жана продюсери жөнүндө ырчы мындай дейт: "Шульгин мага көп жардам көрсөткөнүн танбайм (чыгармачылык жактан) бирок бир үйдөн түтүн булатып, бир казандан аш ичип, чогуу жашайбыз дегенибиз жаңылыштык болду, ошентсе да очогубузду сактап калыш үчүн мен акыркы мүнөткө чейин күрөштүм, күйөөмдүн терс мүнөзүн оңдоо үчүн эмнелерди гана кылбадым. Ага жасакерленип, көңүлүн карап… айтор, анын баарын кайта баштан эскерип, көңүлүмдү түшүргүм келбейт. Эң негизгиси аягында менин күчүм жетпешине көзүм жетип, бул адамды жаман жоруктан сактап калмак тургай, өзүм кошо жоголо турган болгондо гана андан кол үзүүнү чечтим. Ажырашкандан кийин өзүмдү бир топ жеңил сезип калдым. Кудайга шүгүр, үч балам бар, ата-энем маңдайымда, ал эми материалдык абалымды айта турган болсом баарын нөлдөн башташ керек, анткени Крекшиндеги үйүмдү сатсам да, баары бир Москвадан квартира алганга жетпейт. Албетте банктан кредит алыш керек болду. Ал эми кредиттен кутулуш үчүн тынымсыз ишштеш керек болчу. Бирок мен мындай кыйынчылыктардан коркпойм, анткени мен мындан да оор күндөргө туш болгом. Албетте, буга чейинки мээнетимдин баары текке кеткени өкүндүрбөй койбойт. Эмнеси болсо да мен Александрдан эч кандай мүлк талашып, намысымды дагы бир жолу тебелетким келбейт"-дейт.

Жаңы жашоодогу кадам
Турмуштун мындай соккусун көтөргөнгө Иосиф Пригожиндин жардамы тийген. Алгач гатролдоп жүргөндө балдарын ата-энесиникине таштап турчу. Ырчынын үй-жайы жок экенин уккан күйөрман аял өзүнүн Арбаттагы квартирасына көчүп кирүүсүн, балдарына каралашып бала багуучунун ролун аткарып тураарын айтып кат жазган. Албетте, мындай сунушка ырчы эч качан макул болмок эмес, ошентсе да мындай көңүл бөлүү, эч качан тааныбаган күйөрманы тарабынан болгон жылуу мамиле Валериянын жүрөгүн жылытып, бир топ дем берген.
Ырчынын биринчи никесиндеги жашап жаткан убагында көргөн кордуктарды ал көбүнчө ырларында чагылдырып берген. Ошондой эле ал продюсерин алмаштыргандан кийин да стилин өзгөрткөн.
Учурда Иосиф Пригожин менен өмүр сүрүп жаткан Ваерия мындай тагдырдын тамашасына бир эсе күлкүсү келсе, бир эсе таң калат, сыягы анын маңдайына жалаң продюсерлерди жазса керек. Иосиф жакында отуз тогуз жашка чыкты. Белгилүү продюсер бул туулган күнүн өзүнүн сүйүктүү жары жана балдары менен эле белгилөөнүү туура көргөн.
Адатта атактууларды ээрчип жүрүүчү ушак-айың Валериянын да үй-бүлөсүн айланып өткөн эмес. Журналисттердин айтымына караганда ырчы учурда "Адам жана мыйзам" (Человек и закон) бөрүүсүн даярдап, алып барган Алексей Пиманов менен ысык мамиледе деген сөздү чыгарышкан. "Сенин күнүң" деген гезиттин кабарчылары атайын изилдөө жүргүзүп чыгышат: Иосиф Пригожин менен Валерияны, Алексей Пиманов менен аялы Валентина Пиманованы суракка алышып, жыйынтыгында бул ушакты толугу менен жокко чыгарышкан. Ырчынын айтуусуна караганда ал Пиманов менен иштерине байланыштуу жолугушууга дайыма өзүнүн күйөөсү Иосифти ээрчитип барчу.
Валерия сахнанын гана көркүн ачпастан, үйүндө да сүйүктүү жар, мээримдүү эне. Ал бош убактысында балдары менен жолдошуна тамак жасап бергенди жакшы көрөт. Айта кетчү нерсе ырчынын Аня менен Сеня аттуу балдары "Глория Джинс" компаниясы менен келишим түзүп, бул компаниянын кийимдерин реклама кылышат. Ал эми Валерия гастролдо жүргөндө телефон аркылуу балдары убагында жатышканын, сабактарын кандай окуп жатышканын сурап көзөмөлгө алып турат.



Согдиана иштөөдөн баш тартты
Чыгыш сулуусу, кубулжуган үнү бар Согдиана карьерасына көңүл кош мамиле жасай баштады. Ырчынын продюсери Александр мындай жагдайды төмөнкүдөй түшүндүрөт: "Согдиана тапткыр эле жумушун таштап салды, эмне радиодон бир ыры хит болуп жаңырып жатса эле болду бекен. Эгерде Согдиана ушул калыбынан жазбаса анда аты бир жылга жетпей эле өчөт. Мунун баарына ырчынын күйөөсү күнөлүү, себеби ал ченде жок кызганчаактыгы менен Диананы көп нерседен кур калтырып жатат. Рамдын оюна койсоң Согдиананы ырдаткысы жок, бирок акыркы чечим ырчынын өзүнөн гана көз каранды" -дейт ачуусу келген продюсер.

Гоша Куценко "ак моюн" менен достошту
Актер ооруканадан эки жума мурун чыгып жатканда доктурлар ичимдик ичүүгө катуу тыюу салышкан. Бирок борбордогу ресторандардын биринде өзүнүн жеке программасында өзү жазган ырларды аткараарда дээрлик бир топ аракты түбүнө түшүргөн. Гошанын айтымына караганда ичкилик ичмейин ырдай албайт. Куценконун граждандык никеде жашаган аялы Ирина белгиленген кечеге бир саат кечигип келет, кирип келээри менен бир колуна стакан, бир колуна микрофон кармаган күйөөсүн көрүп көңүлү чөккөн. Кече бүткөнчө Иринанын итиркейи келип, араң чыдап отурган.

Земфира экспертизадан өтүүгө даяр
Земфиранын колунда тартылган тамырлардын сүрөтүн көрүп (татуировка) психологдор эмнегедир аны "наркозатын колдонот" деп тыянак чыгарышат. Мындай абалга арданган Земфира "эгерде менден шек санагандар болсо мен токтолбостон атайын экспертизадан өтүүгө даярмын. Ал эми менин колумдагы тартылган татуировка желенин сүрөтү, ал желеге чаташкан адам менмин. Мунун баарын дээрине жеткирбей түшүнүп алып, мен жөнүндө жалган ушак таратып моралдык жактан доо кетирген адамдарды сотко берүүгө толук акым бар. Анткени, алар орой түрдө мыйзамды бузуп жатышат. Эмне, татуировка тарттырган эле наркоман болуп калат бекен" -деп ырчы аң-таң болуп турган кези.

"Тутси" тобунун солисткасы топтон чыкты
Жалаң кыздардан түзүлгөн бул квартет триого айланды. Тактап айтсак 27 жаштагы солисткасы Алеся Ярославская кош бойлуу болгондуктан, аны топтон чыгарышты. Эмнегедир Ярославская буга чейин бир топ концерттерге катышпай калганын топтун жетекчилери Лесяны ооруп калды, автокырсыгына туш болуп келе албай калды, зарыл жумуштары чыгып калды деген сыяктуу болгон шылтоолорду айтып түшүндүрүп келишкен. Бирок шибегени көпкө ката албаган сыяктуу бул квартеттин сыры да көпчүлүккө маалым болду. Леся кош бойлуу болгон үчүн гана жумушунан айдалган. Эми бул триону Ирина Ортман, Настя Крайнова жана Маша Вебер түзөт.

Сати телефонун жоготуп…
"Фабрика звезд" тобунун солисткасы Сати Казанова бир жагынан "Джип" маркасындагы темир тулпар алып, кубанычы койнуна батпай турса, бир жагынан хулигандарга чөнтөк телефонун уурдаткан.
Казанованын эске тутуусу начар болгондуктан бардык маанилүү маалыматтарды телефонуна сактай турган. Чөнтөк телефону жоголгондон кийин ал өзүнүн сахналашы "Корни" тобунун солисти жана жакын досу Леша Кабановдун туулган күнү экенин эсинен чыгарган. Бул туурасында Сати качан гана туулган күнү өткөндөн кийин достору эскертишкенин ырчы "Сенин күнүң" гезитине билдирип, Леша Кабановдон кечирим сураган.

Даярдаган
Анара Дүйшөналиева