№10, 08.04.08-ж.
  Атактуунун арзуусу

КР Өкмөтүнө караштуу туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Турусбек МАМАШОВ:
"СҮЙҮҮ МЕНИ ИЙГИЛИКТЕРГЕ ЖЕТКИРДИ"
- Турусбек Чукуевич, сиз "Обон" гезитинин жаңы рубрикасынын биринчи коногу болдуңуз. Кыргызстанда аттуу-баштуу, өзүнүн эмгеги менен таанымал, элге белгилүү инсандар аз эмес. Биз кызыккан суроо - сүйүү сезими тууралуу болмокчу. Сиздердин турмушуңуздарда сүйүү сезими болгонбу? Болгон болсо, балалык сүйүүдөн баштап бүгүнкү күнгө чейинки сүйүү тарыхын эстеп, жаап-жашырбай ачык биз менен бөлүшсөңүз?
- Сиздин сурооңузга түшүндүм. Сүйүү сезими адам баласынын турмушунда, тагдырында өтө чоң орунду ээлейт. Ар бир адам сүйүү жөнүндө сөз болгондо албетте, биринчи кезекте балалык сүйүүнү көз алдына элестетет. Мен да балалык сүйүүгө өз турмушумда өтө терең баа берүү менен бирге, унутулгус жаркын элестерди эстеп көрүүгө аракет кылып көрөйүн. Балалык сүйүү эч качан унутулбайт, себеби бул биринчи сүйүү. Балалык сүйүү тазалыгы менен ар бир адамдын өмүрүндө түбөлүккө сакталат. Менин турмушумда балалык сүйүү 9-класста окуп жүргөндө келди. Сүйүү сезимин алып келген кызды биринчи эле көргөндөн баштап кандайдыр өзгөчө абалда калганымды азыр да көз алдыма элестетип, өзүмдү бактылуу сезем. Себеби сүйүү сезими мага жаңы күч, кубат, жаңы толкун-ойлорду, жакшы үлгүлүү адам болууга, окууну жакшы окууга, кыскача айтканда, өзүңдү чоң жигит катары сезип, жоопкерчиликти моюнга алууга түрткү берди. Эмдигиче эсимде, 9-10-классты эң жакшы ийгиликтер менен бүтүрүп, өзүмдү эң бактылуу эркек катары сезгенимди жашырбайм.
Сен да сүйдүң Айнашты,
Мен да сүйдүм Айнашты, - дегендей, мен сүйгөн кызды бир топ татыктуу жигиттер да сүйгөн. Бирок ал кызга болгон чыныгы, таза сүйүүнүн деми менен күчүмдү сынап дуэлге да чыгып көрдүм. Акыры ал кыздын жүрөгүн ээлөө менен анын да мага болгон терең сүйүүсүнө күбө болдум. Балалык сүйүү түбөлүккө эсте калат. Эстеген сайын жылмайып, кудайым балалык сүйүүнү буюрганына ыраазы болуп, өзүңдү бир ирмем болсо да бактылуу сезип аласың.
- Турусбек мырза, студенттик кез кандай өттү? Балалык сүйүүңүз эмне менен бүттү? Турмушта сүйгөнүңүзгө жете алдыңызбы?
- Убакыт билинбей өтө берет экен. Окууну бүтүрүп, студенттик жылдар башталды. Өз алдымча чоң жигит болуп, үйдөн алыс Ленинград шаарында окуп жүрдүм. Студенттик, жаштык кез да өзүнчө унутулгус жакшы элестерди калтырды. Балалык сүйүү студенттик жылдарда да уланды. Бири-бирибиз менен кат аркылуу таза сүйүүбүздү билдирип турдук. Сүйүүнүн деми менен ырларды жаздым, обондорду чыгардым. Менин сүйгөн кызым да керемет сыйкырдуу сөздөрү менен сезимин кат аркылуу билдирип, мага дем, күч берип турду. Ошол сүйүү сезимине - өмүр бою таазим кылам. Себеби сүйүү менин турмушумда өтө чоң ийгиликтерди алып келди. Билбейм, эгер сүйүү болбогондо эмне болот элем.
Сүйүү турмушта чоң инсан, бийик адам болууга түрткү берет экен. Бирок бул турмушта сүйүү сезими жок, сүйүүнүн күчүн, сырын билбей өтүп кеткен адамдар да арбын кездешет. Мен өзүмдү эң бактылуумун деп сезем, анткени кудайым мага сүйүү сезимин берүүдөн аянган жок. Балалык сүйүү боюнча убагы келгенде бир роман жазса да болчудай.
Биздин балдар, кийинки муундар сөзсүз биз жашаган мезгилди, анын тазалыгын, бири-бирибизге болгон назик сезимдерди, адамдардын бири-бирине болгон жылуу мамилесин, ошол кездеги маданияттын деңгээлин, табигаттын кооздугун, эмгекке, окууга болгон мамилени, сүйүүнүн маданиятын, айтор чыныгы турмуштун тазалыгын билүүсү зарыл деп эсептеймин.
Мен Ленинградда, сүйгөнүм Бишкекте окууну улантуудабыз. Биздин алыстыгыбыз, ушак-айың сөздөр, кур намыс биздин ортодогу сүйүүгө чекит койду.
Турмуш кызык тура, турмуштун шамалы ары айдап, бери айдап көп нерселер баштан өттү. Турмуштун чоң сыноосунан өтүү мен үчүн өтө оор болду. Бирок сүйүү сезими - бардык кыйынчылыктарды жеңүүгө жардам берди.
- Турусбек Чукуевич, кечелерде, отуруштарда өзүңүздү кандай алып жүрөсүз? Бир караган кишиге сиз өтө оор басырыктуу адамдай сезилесиз?
- Тескерисинче, мен кечелерде аябай шайырмын. Гитарада ойноймун, жакшы бийлейм. Көп учурларда лидерлик касиетиме таянып өзүм башкарам, кечелерди өзүм алып барам. Көпчүлүктүн көңүлүнүн тереңинде, өзгөчө кыздардын көңүлүнөн орун алам.
- Кантип, кандайча балдарыңыздын апасы менен таанышкансыз? Ортоңуздарда сүйүү болгонбу?
- Менин турмушумда сүйүү сезими жетишээрлик болсо да, чыныгы сүйүү балдардын апасына байланыштуу. Жубайым Динара экөөбүздүн ортобузда чоң, таза сүйүү болгон. Кудайга шүгүр, биздин сүйүү эки тараптуу болду. Динара экөөбүздүн сүйүүбүз, бирдиктүү турмушубуз өзүнчө чоң роман. Мен бул жөнүндө сөзсүз колго калем алып, кийинки жаштар үчүн үлгү болсун деп жазууну эңсеп жүрөм. Убагы келгенде буюрса роман да жазылып, киного да тартылат.
Мен башында айтпадымбы, сүйүүнүн өзгөчө деми, күчү болот деп. Биздин сүйүүнүн деми, күчү менен бүгүнкү чоң ийгиликтерге жетиштик, залкар-залкар иштерди жасадык. Ортодо татынакай Айсулуу, Аселя кыздарыбыз пайда болду. Көп биртуугандарды, досторду таптык. Биздин өмүрлүк жашообуздун өмүрү кыска болсо да биздин сүйүүбүз унутулбайт, түбөлүккө жашайт.

Сымбат Максутова




  Жылдыздар төлгөсү

7-апрелге - 13-апрелге
Кой (21.03-20.04)
Аптанын алгачкы күнүндө чымыркана чыдамкайлык менен иштеп койсоңуз соңунда жасаган жумушуңузга ыраазы болосуз. Мындай ийгиликке жетишүү үчүн өзүңүздү-өзүңүз колго ала билүүңүз керек. Кимдир бирөөлөр сиздин эмгегиңиздин аркасында жашынып күн көргөндөй сезилет, кандай болгон күндө да ийгилик жалгыз өзүңүздүн гана колуңузда экенин унутпаңыз. Аптанын экинчи жарымында сизди терең ойлонто турган маселе келип чыгат. Мындай көйгөйдү чечүүдө жеңил-желпи сунуштарды кабыл ала бербеңиз, мүмкүн дал ушул ирет тагдырыңыздын чыныгы пайдубалы түптөлүүсү ыктымал. Бул жагдайда жеке кадыр-баркыңыз да бааланып, сиз күткөндөй чечим чыгарылуусу күтүлүүдө.

Букачар (21.04.-20.05)
Эгер кызмат ишиңизге байланышкан жаңы сунуштар келип түшсө, күдүктөнүп олтурбастан мурунку тажрыйбаларыңызды колдоно билсеңиз, накта кирешеге маарыйсыз. Мунун натыйжасында сизди көптөн бери убайымга салып келген карызыңыздан оңой эле кутулууңуз ыктымал. Жуманын агымында ар түрдүү багыттагы документ иштерине кол коё бербеңиз, убакыттан пайдаланып соода иштери менен алектенген жакындарыңыз жеке ишмердүүлүгүңүзгө кедергисин тийгизүүсү күтүлүүдө. Бир нерсени чечүүдө, жорго тилдүү инсандардын сөзүнө ишенбестен акыл калчап иш кылсаңыз, соңунда өкүнбөйсүз.

Эгиздер(21.05-21.06)
Дүйшөмбүдө сүйүктүүңүз менен сөз учугун тактап олтуруп кагылыша кетесиз. Жакыныңыздын жосунсуз жоругун алгач ирет баамдап, тегеректегилердин баарына жасаган суз мамилеңиз өзүңүзгө эле татаалдыкты жаратат. Аптанын шаршемби жана бейшемби күндөрү туугандарыңыз уюштурган жыйынга катышыңыз, мүмкүн сиздин да сөзүңүз өз деңгээлинде салымын кошот. Үйбүлөлүк көйгөйдү биринчи планга койсоңуз сиздин түйшөлткөн өткөөл өзүнөн-өзү калыбына түшөт. Романтикалык мамиле сиздин келечекке койгон чечкиндүүлүгүңүзгө байланыштуу. Жуманын соңку күнүндө үйүңүздө болуп, ден-соолугуңузга кам көрүп табитиңизге ылайыктап күрүч тамактарына ыктаганыңыз оң.

Бөйөн (22.06-22.07)
Кызмат ишиңизге болгон салкын мамилеңизди жөнгө сала билиңиз. Күндөгү кайталанган тажатма ыкма эч кандай сизге жардам алып келбейт. Ар бир ишти өркүндөтүп тескеп кетүүдө жетекчиңиз менен кеңешип, анын айткан көрсөтмөлөрүн жүзөгө ашыра билиңиз. "Заманаң бөрү болсо бөрү, жору болсо жору бол" дейт эмеспи. Ар бир учурдун татаал кырдаалынан чыга билсеңиз гана ишиңиз андан ары илгерилейт. Андыктан убакытты уурдатпай аракет кылсаңыз, активдүүлүгүңүз артып, жетекчиңиздин сизге болгон ишенимин арттыра аласыз.

Арстан (23.07-23.08)
Жумушчу аптаңыздын башталышында кесиптештер арасында сизге карай айтылган сын-пикирлерин түшүнүп, ортодогу жагымсыз кырдаалдан сылык мамиле менен гана чыга билиңиз. Мындайда таш менен урганды аш менен уруу - адептүүлүккө жатат. Тегеректегилердин сизге жасаган мамилесинен чөккөн көңүлүңүз жума күнү кайрадан калыбына түшөт. Алга карай өсүүдөгү бурганактуу тоскоолдуктардан сизди бир топ алсыратат. Көз көрүнө бут тосуулардын жалгыз гана жолу сак болушуңузду жылдызыңыз эсиңизге салат.

Бийкеч (24.08-22.09)
Бул жумада бийкечтер өмүрүнө кылдат болуусун жылдыздар эскертет. Алар көптөгөн жагымсыз абалга кептелүүсү ыктымал. Мындай кырдаалдын негизги себеби, өзүн жогору баалап, "өзүм билем" деген көз карашынан улам келип чыгуусу ыктымал. Шейшемби же шаршембидеги маанилүү иш түйүнү боюнча жолугушууларды кийинки баскычтагы орунга жылдырганыңыз оң. Көз көрүнөө жалган таарынууларды сезимиңизге жакын ала бербеңиз, муну жөн гана куулук деп түшүнсөңүз болот. Апта аягында соопчулукту алыстан издебей, бейиш эненин таман астында экенин эске алып, алыстагы ата-энеңизден кабар алып, акыбалын сурап коюңуз.

Тараза (24.09.-23.10)
Бул жумадагы таразаларды аксаткан маселе жакын достору тарабынан уюшулган жол тосуу кедергиси. Мындай жолтоолордон арылам десеңиз, жаңы ишмер адамдар менен жолугушуудан качпаңыз. Мунун натыйжасы карьераңыздын алга карай өсүшүнө же түптөлүүсүнө кенен жол ачат. Жеке турмушуңузда ыксыз көңүл ачып, сүйүктүүңүзгө көңүл бөлбөгөнүңүздөн улам аны таарынтып алууңуз ыктымал. Жакыныңыздан ажырагыңыз келбесе, сезимиңизди туш келгенге эле айта бербестен, бул сезимди бир гана жакыныңызга арнап, анын көңүлүн таба билиңиз.

Чаян (24.10-22.11)
Дүйшөмбүдө капысынан кезиккен таанышуунун арты сүйүүгө болгон эргүүнү жаратат. Ар бир баскан кадамыңыз менен ой-кыялдарыңыз мүнөзүңүзгө төп келбесе да жаштык кумарына азгырылган ойдон оолак болсоңуз, соңунда өкүнбөйсүз. Жума күнү эмгек ишиңизди ирети менен тыкан аткара билсеңиз гана иш жөндөмдүүлүгүңүз көпчүлүк тарабынган алкоого алынып, жетекчиңиз тарабынан алкышка арзыйсыз. Апта аягында алыска сапар тартуу же үйүңүздөн алыстоо ыңгайсыз. Мунун арты сагыныч толгон кусалыкка алып келет.

Жаачы (24.11-22.12)
Апта башында ар кандай кырсыктын алдын алам десеңиз, соопчулук иштерине арнап атайын жандык курман этиңиз. Ар качан жарды адамдарга кайрымдуулук кылуу ар бир пенденин дилине жараша болот. Мындай сооп иштердин арты менен этегиңизди бучкактаган балээлерден арыла аласыз. Эгер сиз алыс тарапка сапар алууга даярдык көрүп жатсаңыз, аптанын алгачкы күндөрүнө пландабаңыз. Жолго чыгууну жуманын экинчи жарымына пландаганыңыз оң. Же болбосо жекшемби күнү жол камын көрүп, көздөгөн багытыңызга чыксаңыз олжолуу болуп кайтасыз.

Текечер (22.12-20.01)
Бир ишти баштоодо бөтөн бирөөнүн сунушун калчап олтурбай, алгач өзүңүздүн акылыңызга салып көрүңүз. Эгер жумушуңуздагы маселени чечүүгө чаркыңыз жете бербесе, сиз үчүн жан үрөгөн жакын адамыңызга же досуңузга кеңешип, иш кыла билсеңиз, майда бирок маанилүү иштериңиз өз изиндеги калыбына түшөт. Жуманын экинчи бөлүгүндө жакын туугандарыңызга кабарлаган маанилүү билдирүүңүздөн улам түшүнбөстүктөр келип чыгуусу күтүлүүдө. Андыктан ар бир маалыматты кабарлоодо анын канча пайызы чындыкка төп келээрин эсепке алганыңыз оң.

Көөкөр (21.01.-19.02)
Жумушчу аптаңыз алгачкы күнүндө эле көңүлүңүзгө жарака кетирген көйгөйлүү чечим менен башталып, баш катырган суроонун арты жарыңызды же көңүлдөшүңүздү тандоо экенине алып келет. Аз убакыт ичинде күтүлбөгөндөй алсыроого туш келесиз. Түйүндүү, чыдай алгыс мындай абалдан көпчүлүктүн башы бириккен талкуунун натыйжасынын арты менен гана чыга аласыз. Документ иштерине кол шилтеп кайдыгер карабаңыз, билинбеген убакыт аралыгында финансылык кризиске кириптер болууңуз ыктымал.

Балык (20.02-20.03)
Жанга жагымдуу алга карай өсүү жолу чыныгы турмуштук идеялардан келип чыгуусуна ушул ирет толук ынанасыз. Ал эми өзүңүздүн көз карашыңызды көпчүлүк алдында айтууда ишенимдүү анан далилдердин негизинде түшүндүрө билсеңиз, теория менен практиканы айкалыштырып, кол сунган максатыңызга тезирээк жакындай аласыз. Аптанын эс алуу күндөрү көөдөнүңүздү боштукка коё бербей, кийинки күнгө койгон иш планыңызды акылыңызга калчай билүүгө көнүгө билсеңиз, "ийгилик кушу ар дайым колумда" деп ишенсеңиз болот.

Даярдаган Чынара Абдраева