№09, 01.03.08-ж.
  Дарамет

Муратбек Бегалиев, композитор:
"Кээ бир министрлер саламыңды да жоопсуз калтырат…"
- Композитор катары тырмакчадагы "Жылдыздар" боюнча эмне ой айтат элеңиз?
- Он беш жылдан бери биз миңдеген таланттуу балдарды тарбиялап чыгардык. Өзүң айтмакчы, жеңил-желпи ырдап жүргөн тырмакчадагы "жылдыздар" эмес, кадимки кичине жылдызга жакындарынын бардыгы биздин колубуздан билим алышты. Ошол эле Актан Исабаев, Гүлнур Сатылганова, Ырыскелди Осмонкулов, Кундуз Таштаналиева, Адил Чекилов, "Инсан" тобунун балдары, симфониялык оркестрда өсүп келе жаткан балдарыбызга, ырчыларыбызга, бийчилерибизге татыктуу, жетишээрлик билим бердик десек болот. Азыркы учурда алардын көпчүлүгү чет мамлекеттерде кыргыздын желегин көкөлөтүп жүрүшөт. Мына, "таланттуулар" деп тартынбай айта аласың. Ал эми жанагыл тырмакчадагы "жылдыздарга" карата "Ушул жерден келип, атайын музыкалык билим алып калышса" деп дайым айтам. Билим алмайын, күлүккө чап, ашып кетсе үч жылдык күчү бар. Андан соң туңгуюкка капталып, алдастап , жол таба да албайт. Кыскасы, андан ары чуркай албайт.
Нота деген бул жогорку баскычтагы математика. Аны билбей туруп ырдоо-камчысы бар, күлүгү жок дегенге барабар. Нотаны өздөштүрбөй эле тойдо ырдагансып, комузду алып, жөн эле айкайлап же эстрадага даяр гармония менен, даяр аппаратурада жазылган ырды ырдап чыгып, бийлеп алышат. Мен муну жөн эле "караоке" деп айтаар элем. А чынында караокени да таза үн менен ырдоо керек. Азыр ушундай жол менен сахнага агылып келип жатышкан жаштарды эстрада же симфониялык оркестр менен ырдатып көрөлүчү. Ырдамак түгүл жаа бою качышат.
Кандай болбосун,чыныгы жылдызды эл көрөт. Жылдыз деп Алла Пугачёваны, Иосиф Кабзонду, Муслим Магамаевди, Болот Миңжылкыевди, Кайыргүл Сартбаеваны, Керим Тураповду айтат. Алсак, Алла Пугачёва башкаларга жол салган укмуштуудай улуу адам болуп кала берди. Баары анын таскагынын артында калышпадыбы.
Бизде кийинки кезде ырдалып жаткан ырлардын баары бузулду. Колоритибиз элдик духту жоготпошу керек. Бирок, жаштардын "буму" да жакшы. Эми ошону акча табуу үчүн эмес же "Жылдыз" оорусуна кабылыш үчүн эмес, туура нукка алып келүүгө тийишпиз.
- Фонограмма менен ырдоонун жол-жобосуна карата эмне айтат элеңиз?
- Чынын айтканда, фонограмманы таптакыр токтотуп коюу да мүмкүн эмес. Электроника же телевидениенин да өзүнүн эрежелери бар. Бардыгы жандуу ырдаш үчүн оболу сапаттуу микрофон, аппаратура болушу керек. Ал эми концерттерде таза ырдоо талапка ылайык нерсе.
- "Жөнөкөй болсоң- адамдар сага тартылат" деген жакшы кеп бар…
- Албетте, жөнөкөйлүккө баарыбыз тартылабыз, байланабыз. Бирок, жөнөкөй десе эле кичинекей болуп калбай, бийик болууга умтулуу зарыл. "Улук болсоң, кичик бол" деп таамай айтылган.
Таң калам…Кээде министрлер менен учурашып калсаң, бой көтөрүп, саламыңды жоопсуз калтырып, унчукпай койгондор да кездешет. Кудайга кол берсең да эшиктен кирип келе жатканыңда мейли, кароолчугабы, мейли, пол жуугучкабы, жылуу жүз менен салам берип өт. Колдон келсе, ошолордун айлыгын көбөйт. Кол алдыңда иштегендерди өз үй-бүлөңдөй кара. Ошондо гана Адамсың, бийиксиң, жөнөкөйсүң.
Бардык жерде жайдарыланган жылуу жүз менен чын дилиңден жакшы мамиле жасасаң, куруучулук, өсүш, түзүүчүлүк, жаратмандык болот. Мына, бул жөнөкөйлүктүн баштапкы белгиси деп билишибиз керек.

- Кээде чындык чыркырап, жерде калган учурлар болот эмеспи. Мындай абал башыңыздан өткөнбү?
- (Ойлонуп…) Өткөн. Өтүп да жатат… Турмуш ак-кара боёксуз өтпөйт эмеспи. Чындык чыркырап, тепселип, бирде кейишке салат, бирде чыйралтат, бирде алсыратып чарчатат, бирде жашоо үчүн күрөшкө багыттап, күч-кубат берет.
Жанымда туура эмес, ыплас иштер жасалып жатса, маданияттуу түрдө тарс эттирип, бетке айтып таштайм. Ошон үчүн мени жакшы да көрүшөт, а балким, жаман да көрүшөөр. Бирок, дал ушул мүнөзүмө канааттанып, жашоодон ырахат алып келем.
Баарлашкан Н. Сагынбаева




  тамаша да - ээй

Азизанын бийлегиси келип…
Шаардагы клубдардын биринде дискотека өтүп, ичкендер ичип, бийлегендер бийлеп жаштар гүүлдөп жаткан учур. Ырчы бийкечтерибиз Неля менен Азиза да эс алууну каалашканбы, клубга келип, гүүлдөгөн жаштарга келип кошулушат. Азиза ойго батып туруп калат. Оюн учурунда бир жигит Азизанын жанына келип ырчыны чын эле тааныбай калганбы же тамашага салганбы айтор:
- Карындаш, сизди бийге чакырыштыбы?
- Чакыра элек, мен азырынча бош элемин.
- Анда менин пиво кружкамды кармап туруңузчу, мен бир тегеренип бийлеп келе калайын…


Нурлан жана кош алма
Нурлан Алдаяров достору менен сеп этип алып, көчөдө чайпалып келе жатат дейт. Алдынан бир суйкайган кыз чыгып калат. Анда көзү алачакмактаган Нукең тийишип калат:
- Эй карындаш! Кош алмаңдан бир жолу кармап алайынбы?
Суйкаңдаган бийкеч да тамашакөй белем, жөн турбай:
- Байке, алар азыр быша элек,чийки бойдон
- Качан бышат болду экен?
- Биз да үмүт үзбөй күркүрөгөн күздү күтүүдөбүз!




 "Обондун" архивинен

Элмирбектин ыры Токтобүбүнүн чыры
Ырчы Токтобүбү Черикчиева ырдап жүргөн "Жалгыздыкта коштошуу" деген ырдын айланасында ызы-чуу болгон. Алгач "Кербез" гезитинде жарыяланган макалага кайрылалы.

Доомат чоң
Акын,музыкант,аткаруучу-жалгыз тээк комуздун үч кылындай, бирисиз бири күүгө келбейт, ич ара үндөшүп турушу шарт.
Арийне….
Мени ууру тутуптур жаш обончу Элмирбек Иманалиев.-дейт көп кырдуу өнөр ээси; драматург, жазуучу, акын Мырзабек Тойбаев; - Токтобүбү Черикчиева деген ырчы төрт сөздү көтөрүп келип; - "Байке, ушуларды пайдаланып, бир текст жазып бериңиз" деп өтүнгөн. Шагын сындырбай, шак жазып бердим. Ал үчүн айыптуумунбу? Мында китебим чыкканы атат, ошол ырды өзгөртпөй туруп киргизем, ак эмгегим да! Черикчиева башка акынга да заказ бериптир, азыр "сөзү Шайлообек Дүйшеевдики" деп аткарып жүрбөйбү, бирок анын биринчи куплети жана кайырмасы Элмирбектики боюнча ырдалат. Анда эмне; Шайлообек да уурубу?
- Эң популярдуу "Жалгыздыкта коштошуу" ырынын сыры ушундай.Чыгарманын ашмалтайын чыгарган айыптуу чырчы- "Асаба" гезити жылдын мыкты адамдарына кошуп жаткан ырчы Токтобүбү Черикчиева.Өз балдарынын же үйүндөгү ит, мышыгынын аттарын алмаштырса мейли эле, акын менен обончунун ортосуна от салып,ырларын чаташтырып,каалагандай чакмак ойноого акысы жок болчу! Доомат чоң, ар ким ордун билгени оң.

Эми биз бул боюнча Токтобүбүнүн өзүнөн сурадык:
- Токтобүбү, "Кербез" гезитинин жогорудагы сага койгон "чоң дооматына" эмне деп жооп берет элең?
- "Кербез" деле дооматын нормальный койсо болмок, "ашмалтайын чыгарып" дебей. Бирок, мен эч качан бул ырдын ашмалтайын чыгардым деп ойлобойм. Тескерисинче, аны элге жеткирдим. Ырдын автору Элмирбек Иманалиев менен сөзүн оңдоо боюнча сүйлөшүп алганбыз башында.
"Мейлиңиз, кантсе да элге чыгып кетсе болду" деген Элмирбек. Анан мен автордун мурдагы сөздөрүнүн идеясына байланыштырып акын Шайлообек Дүйшеевге жаздыргам.
Ал эми Мырзабек Тойбаевге келсек,ал киши 60 жылдык юбилейин өткөрмөк экен, мага жолугуп юбилейге анын сөздөрүнө жазылган бир обонду ырдап беришимди суранып калды. Анда Ш Дүйшеевге кайрыла элек болчумун. Анан ушул "Жалгыздыкта коштошуу" ырына сөз жазып көрсөңүз дедим. Бирок кийин жазылган сөз обонго жакшы айкалыша бербеди ,"сөзүңүз жакпады, ырдабайм" дедим ал кишинин өзүнө. Эгер Шайлообек байкеники жакпаса аны деле ырдамак эмесмин, дагы башка акынга жаздырып көрмөкмүн. Чыгармачылык деген ушундай эле болсо керек деп ойлойм, бир жолу чиймеленген нерсе эле жарыкка чыга берсе, анда…..
- Ыр популярдуу болуп кетти,эми кимдир бирөөлөр ыйласа деле токточудай эмес, Элмирбек сага нааразы эмеспи?
- Жок. Бир жолу жолугуп куттуктаган болчу.