№09, 01.03.08-ж.
 "Обон"-почта

Урматтуу окурман, эч тартынбай жүрөгүңүздөн сызылып чыккан сагыныч саламбы, көкөй кескен көкүрөктөгү ойбу, боорду эзген күлкүбү, мүмкүн анекдотпу, казан какшыткан какшыкпы, арналган арзуу сүйүүбү, уюган нарктуу сөзбү, кумирге болгон каалообу, жолугушуубу, таанышуубу, алдануубу, бекем ишенүүбү же саргартып санаага батырган издөөбү айтор жашообуздун бүткүл кыймылын камтыган ойлоруңуздар болсо бизге жөнөткөнгө шашылыңыздар!..
Сиздердин ой-пикирлериңиз гезит бетине жарыяланат. Мыкты деп табылган SMS билдирүүлөргө атайын белектер бар.

Ошондой эле гезиттин электрондук почтасына, obon_pr@mail.ru дареги боюнча жиберсеңиздер болот.

Мындан сырткары

0555 002691 же 0555 000986
номерлерине SMS жөнөтсөңүз болот.

ОП-09-01. Кой - Таш айылында жашаган жээним Бакай кызы Назираны 29-март туулган күнү менен куттуктайм.

ОП-09-02. Нарынбай кызы Наргиза, Нарын дарыядай узун болсун өмүрүң, атыңа-затың куп жарашкан, айдай жарык болсун көңүлүң. Кут болсун туулган күнүң. Нурия

ОП-09-03. Көк-Жар кичи конушунда жашаган бөлөм Акылбек кызы Айтурганды март айындагы туулган күнү менен куттуктайм. Бекем ден-соолук, кыргыздын акылдуу кыздарынан болушуна тилектешмин. Нурия

ОП-09-04. Кандайсың Сара? Менин атымдан SMS жазган номерди жазып жиберчи. 07730219..

ОП-09-05. Студент зачёт тапшырып жатып, химиялык формуланын атын атай албай кыйналып:
- Агай, мен бул формуланы биллем… Тилимдин эле учунда турат.
Анда агайы: -Тилиңдин учунда турса түкүрүп ташта, туз кислотасы эмеспи! Бишкектен Акыл

ОП-09-06. Окурмандын оозунан эч түшпөгөн,
Бир санын калтырбастан күндө окуган.
Маалыматты, түркүн сырдуу жаңылыкты,
Калтырбастан кайра-кайра күндө окуган.

Ар барагын ачкан сайын ойго батам,
Адаштырбай ар бир бетин жаттап калам.
Окуп бүтүп, айрып таштап салбастан,
Сүрөттөрдүн керектүүсүн чаптап алам.

"Обон" сен оболоп жүрө бергин,
Сага арнап ырымды жаза берем.
Кереметтүү түркүн сырды сенден окуп,
Дагы-дагы даражаңар өсө берсин.
Айназик 07734810..
ОП-09-07. Классташым Бакытты 1-апрель туулган күнү менен куттуктайм. Бакытка кааларым чың ден-соолук, узун өмүр, иштерине ийгилик-деп классташы Гүлзат.

ОП-09-08. Сокулук районунун Жыламыш айылындагы сүйүктүү атам Курманга, мамам Бүбайрага жана инилерим Анарбек, Акылбек, Автандилдерге чоң салам жолдойм-деп кызыңар Гүлзат.

ОП-09-09. "Жарк этпес кара көңүлүм не кылса да,
Асманда ай менен күн чагылса да.
Дүйнөдө сендей мага эч бир жар жок,
Сага жар менден артык табылса да"
- деп айтылуу Абай сүйүктүүсүнө арнагандай мен да сен деп жашап келем ардагым. Сенин балбылдаган карагаттай көздөрүң, жайдары мүнөзүң көңүлүмдү арбап алды. Түндөсү түшүмдөн, күндүзү оюмдан кетпес болдуң. Көздөрүң… Эх, көздөрүңө арбалдым, байландым. Сени жолуктурганыма бир эссе бактылуумун, бир эсе армандамын. Мени аячы?!
Садык, Бишкек

ОП-09-11. Ойлосом ойлор чубалат,
Жазсам ырлар барак бети булганат
Күтөм сени, күтө берем бары бир,
Өмүр деген бир сен үчүн куралат.
Саламаттан Лилияга

ОП-09-12. Кесиптешим Гүлмира эжеге
Дүйнөдө ай да сулуу, күн да сулуу,
А бирок, адам деле абдан сулуу.
Дүйнөдө андай сулуу көп болсо да,
Эжебиз Гүлмира да абдан сулуу.
Айназик

ОП-09-13. "Министрдин кызынын махабатында" Жоробектин ролун катыра ойногон Аскат Эрбаевди 27-мартта 25 жашка толушу менен куттуктайм. Сизге ийгилик каалайм. Бар болуңуз. Нурзат
ОП-09-14. Салам "Обон". "Юридикалык жардам" деген рубрика ачып койбойсуңарбы? Мамбетжума.

ОП-09-15. Номери 679 менен аяктаган Асел сен жеткен амалкөй турбайсыңбы! Эркек баламын дебейсиңби, кыз экен деп чалып алыпмын. Урмат.

ОП-09-16. Жыргал дос, биз чогулган жерге эч эле келбейсиң да... Медер

ОП-09-17. Акаев күнөөлүү эмес. Эгерде кыргыздар жамандык-жакшылыкка азыраак акча короткондо, экономикабыз аркага кетмек эмес. Өзүбүз күнөөлүүбүз. Сарамжалдуулук керек. Ажымурат

ОП-09-18. Саламатсыңарбы, "Обондун" жалпы жамааты. Сиздерден сураныч, "Башаламандагы" Сапар жөнүндө жазып койгулачы. Алдын ала рахмат. М...

ОП-09-19. БГУнун ФКС факультетинин 3-курсунун 53-группасында окуган Ашимбекова Айпериге чоң салам. Эч ооруба, бактылуу бол! Элнура

ОП-09-20. Урматтуу "Обон"! качан бекер жарнама бетин ачасыңар. Бизнесмен

ОП-09-21. Караколдогу атам Аалы, апам Нургүлгө салам айтам. Эч оорубай, балдарыңыздын бактысына аман болуңуздар. 07723728хх

ОП-09-22. Жаз келип кыздар дагы ачык кийине башташты. Кээ бирлери денесинин 30%ын гана жаап жүрүшөт атаганат. Жараткан ошолорго ыйман берсин да. Азамат

ОП-09-23. Байкап көрсөм кыргыздын жигиттери үчүн атайын улуттук бий жок экен. Көрсө, илгери кыргыз жигиттери бийлебей, бийлеттирген тура. Жими

ОП-09-24. Темир Назаров өчтүбү? Жооп берип койгулачы. 07722223хх




Конкурс!!!
Беш сап ырга 500 сом
"Ырдын башы ыраба, ырды менден сураба" дейт кыргыздар. Ыр жандуу элбиз. Куюлушкан сөздөрүбүз көркөм чыгарманын алпы "Манасты" жаратып атпайбы. Кыргыз - турган турпатыбыз менен ырбыз. Ар адамдын жүрөгүнө ыр түнөп, оргуштап обон калкыйт.
Ошондуктан, урматтуу окурман! Обондуу ырларды ой-даа жатка билгендер үчүн конкурс жарыяладык. Конкурстун шарты боюнча, обондуу ырлардан бир сап табышмак катары берилет. Ошол бир сап ыр кайсыл обончунун ырынан алынды, ошол сөздү ким жазган жана ырдын аты кайсы? Кайсыл ырчы аткарат? Ушуга так жооп берүү зарыл. Так жооп берген адамга нак 500 сом сыйлык беребиз.
Эскертүү: Туура жообун "Обон" почтага SMS аркылуу биринчи болуп жиберген адам жеңүүчү деп табылат.

1 ...Силерге деп багышталган дасторкон ...,

2 .. Жамгыр менен кошо чуркап бийлеген...

3 ... Нуруңа мээримиңе магдыраткан...

4 ... Жүзүмдөй мөлтүрөгөн жароокерим...

5 ... Кышка калган жалбырактын өңүндөй...