№09, 01.03.08-ж.
  Бокс

Руслан Чагаев -
"Ак Тайсон"
Бою - 185 см
Салмагы - 104 - 106 кг
Машыктыруучусу - Майкл Тим
Менеджер - Клаус Питер Коль
Жашаган жери - Гамбург, Германия
Сологой мушкер
Эбегейсиз зор күчкө ээ болгон бул өзбекстандык мушкердин жылдызы жанып турган убагы. Профессионалдык бокска чейин 85 жолу рингге чыгып, анын 82син жеңиш менен аяктаган. 1995-жылы Ташкентте өткөн Азия чемпионатында Өзбекстандын атынан катышып, "Азия чемпиону" наамын утуп алган. Мына ошондон баштап Русланга көп мүмкүнчүлүктөр ачыла баштайт. 1996-жылы Атлантада өткөн олимпиадага биринчи оор салмакта катышып, бир кыйла ийгиликке жетишкен. Ошол эле жылы Раванада өткөн жаштар чемпионатында коло медалга ээ болгон. 1997-жылы дүйнө чемпионатынын финалында адаттагы бирөөнү эмес, атактуу Феликс Савонду 14:4 эсебинде жеңип, "Дүйнө чемпиону" аталат.
Айта кетчү жагдай
Ф.Савон дүйнөнү дүңгүрөткөн Девид Туа, Анджей Голота, Деннел Николсон, Рей Мерсерге окшогон мушкерлерди жерге сулатан дөө болгон.
2001-жылкы Белфастта өткөн чемпионатка өтө оор салмакта катышып атаандаштарын оңой эле мөөнөтүнөн мурда утуп, дагы бир жолу дүйнө чемпиону аталган. Айрыкча финалдык беттешүүсү көпчүлүктүн али да болсо эстеринен кете элек. Анткени, дал ошол финалдык беттешүүсү Алексей Мазыкин менен беттешип, 2 раунд тынбай токмоктойт. Акыры Алексейдин секунданттары аргасыз мушташтан баш тартууга мажбур болушат. Бул дүйнө чемпионатынан кийин Руслан биротоло профессионалдык бокска өткөн. Андан бери Руслан көптөгөн мушкерлер менен рингге түшүп, эч кимисинен жеңилген эмес. Беттешүү жыйынтыгы белгилүү болбой калган мушташты эсепке албаганда Руслан 24 жолу рингге чыгып, атаандаштарынын баарын жерге сулаткан. Кумири Майк Тайсон болгон бул өзбекстандык мушкер басымды накаутка коёт. Ал үчүн анда сокку күчү жетиштүү. Өткөн жылы WBA версиясы боюнча Дүйнө чемпиондугу үчүн болгон мушташта Руслан орустардын ишенген мушкери Николай Валуев менен беттешип утуп алат. Белгилей кетчү нерсе бул Валуевдин алгачкы жеңилүүсү болгон. Үстүбүздөгү жылдын жаз айларында Руслан Чагаев - НиколайВалуев менен кайрадан рингге түшөт деген сөздөр жүрүп жатат. Профессионалдык бокска чейин 19 жашында оор салмакта "Дүйнө чемпиону" аталган Руслан Чагаев эч кабатырланбайт. "Күч атасын тааныбайт" дегендей эле Руслан Чагаев Николай Валуевди жеңээрине ишенет.




IBF-жаңы чемпиону
Орто салмактуулар арасында 28-мартта болуп өткөн бокс боюнча америкалык Верно Филлипс менен жердеши Карл Спинкс арасында мушташ болуп өттү.
12 раундга чейин созулган беттешүүдөн кийин Филлипс 116-112, 115-113, 113-115 эсебинде Спинкстен IBF чемпиону наамын тартып алган.
38 жаштагы Филлипс профессионал рингде 20 жылдай катышып келген. Бул убакытка чейин 54 беттешүү өткөрүп, 42 жолу жеңип чыккан.
Филлипс үчүн бул жогорку наамдагы 3 - жеңиши, 1-жеңиш 1993-жылы WBO чемпиону
2-жеңиш 2004-жылы IBF чемпиону

"Аэрофлот" Пекин Олимпиадасында
Пекиндеги "Аэрофлот" компаниясынын өкүлчүлүгү 2008-жылкы олимпиадада жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн биринчилерден болуп официалдуу олимпиадалык жүргүнчү ташуучу компания деген атайын сертификат алды.
Эми июль айынан баштап Кытайдын борборуна боло турган жумалык авиарейстердин саны көбөймөкчү.

  Футбол

Бутун сындырып…
"Бавариянын" түрк жарым коргоочусу Хамит Алтынтоп Европа чемпионатына эки ай калаарда бутунун бир сөөгүн сындырып алган. Анын Европа чемпионатында катышуусу күмөн болуп турат. Себеби Алтынтоп Турциянын негизги оюнчусу.
Алтынтоп жаракатты 26-март күнү "Белоруссия" (2:2) менен болгон достук матчында алган. "Бавария" клубунун башкы машыктыруучусу Оттмар Хатцфельддин айтымында жарым коргоочу сезондун аягына чейин ойной албайт.
Евро-2008 тандап алуу турниринде Алтынтоп 12 оюндун 11 ине катышып, эки гол киргизгенге жетишкен. Европа чемпионатында Турциянын группалык атаандаштары: Чехия, Португалия, Швейцария

Президент - футбол оюнчусу
Боливия президенти Эво Моралес экинчи дивизиондогу командага ойноорун билдирди. Жаш кезинен футбол оюнуна кызыгып, эми "Литороль" командасынын оюнчусу болуп калды.
"Литороль" машыктыруучусу Эльмер Пардо алар үчүн президенттин футбол ойноосу чоң сыймык экенин жашырбайт.

"Арсенал" коргоосуз калды
"Арсеналдын" оң коргоочусу Бакари Санья бутунан жаракат алып үч жума дарылана турган болду. Эми Санья 2-8-апрелде "Ливерпуль" менен боло турган 1/4 финалдык оюндарында ойной албайт.
Жаракатты футболчу "Челси" менен болгон оюнда алган. Ошол оюнда "Арсенал" (1:2) эсебинде жеңилип, жалгыз голду Санья киргизген болчу.
"Арсенал" машыктыруучусу Арсен Вингердин айтымында Санья үч жума же болбосо беш жума эс алат.
Санья "Арсеналга" "Осера" командасынан өтүп, Англия чемпионатында - 29, лига чемпионатында - 7 оюн өткөргөн.

Уэйн Руни үйлөнөт
"Манчестер Юнайтед" чабуулчусу, Англия курама командасынын оюнчусу Уэйн Руни өзүнүн бактысын таап, сүйгөнү Колин Маклафлинге 4 миллион евролук той өткөрүп берет.
Алардын төрт күнгө созула турган үйлөнүү-үлпөтү июнь айында Францияда болуп өтөт. Франциянын кайсы жеринде экени азырынча жашыруун. Келиндин той кийими Нью-Йорктогу Marchesa мода үйүнөн алынган, баасы 130 миң евро. Тойго 60 үй бүлө чакырылган, алардын арасында боксёр Рикки Хаттон "МЮ" клубундагы жакын достору чакырылган.
Тойдо кете турган чыгымдарды жалпысынан алганда Рунинин жарым жылдык акысына барабар.

Даярдаган Санжарбек Абдырахманов




  Жылдызыңыз жөнүндө толук маалымат

Бөйөн (Рак)
(22-июнь - 22-июль)
Мүнөзү ачык, натурасы кыялкеч. Бөйөн-айдын бийлигинде болгондуктан эң сырлуу белги. Ай анын сезимталдыгын күчөтүп мүнөзүнө таасир этет. Тегерегиндегилерге таңгаларлык жана түшүнүксүз. Бөйөндөр - нерв системасы назик, интуициясы жакшы өнүккөн. Булардын натурасы өзгөрмөлүү сезимдерге окшош болгондуктан, ай нурунда толук ачылат. Алардын күлкүсү таасирдүү. Эгер ал өзү тамашалабаса, анда башкалардын тамашасына күлөт. Анын көңүлдүүлүгү, токтоолук менен айкалышкан. Бөйөн эчтемеге ачык умтулбайт, белгилүүлүктү да куубайт, бирок ал ага керек, канааттануу алат.
Көңүлдүүлүк менен катар эле меланхолиядан азап чегишет. Алардын депрессиясына океандагыдай гана чөгүүгө болот. Күндүр-түндүр сырдуу коркунуч кууп жүргөсүйт, алар аны юмор менен канчалык жапса да, ишенимсиздик, басмырттык көңүлүндө бийлик кылат. Алар өтө сезимтал болгондуктан көз караш менен да жаралоого болот. Алардын көз жашы дайыма чындык. Алардын чөгүнкүлүгүн түшүндүрүү абдан жеңил, алар бир нерсеге басыңкы болсо кекеткенсип унчукпай калышат.
Эркек - Бөйөн
Бул эркек бир жолукканда эле өз көңүлүн сизге ачып таштайт деп күтпөңүз. Чала тааныш кишиге эч качан ишенбейт. Аны чындап түшүнүп, билүү үчүн көп убакытты, чыдамдуулукту талап кылат. Анын сактануусу таңгалтырып, пессимистиги көңүл чөктүргүдөй таасир этет. Ал сизге өтө көңүл бургандыктан көтөрүңкү кыялкеч экен деп ойлосоңуз, жоруктарын акылга салгандыкты, ишкердүүлүктү байкайсыз. Эмне кылуу керек, мындай эркекти? Түшүнүүгө аракеттениңиз. Аны Эгиздердей туруксуз деп күнөөлөй албайсыз, жөн эле айдын фазаларынын өзгөрүшүнө жараша көңүл абалы өзгөрүп турат. Бүгүн мындай, эртең мындай. Анын ортосунда ал өзүнүн чыныгы натурасын да көрсөтө алат.
Эстегиле Бөйөндүн жосундары орой, ылым санабагансыганы менен жүрөгү жумшак, камкор. Кейикчээлдикке дайыма толуп турганын өзүн жаралагандай сезет. Өзүнүн ийинине дайыма шашып турат. Көпчүлүк убакта пессимистиги менен жагымдуулугу аз сезилип, ашкере сактыгы менен тегерегиндегилердин баарын көңүлсүздүккө түртөт. Антсе да айрыкча айлуу түндө көңүлдүү жана турмушка ыраазы болгон учуру болот.
Эреже катары алар жакшы иштеп табат. Бөйөн менен жашасаң ар кандай кыйынчылык болушу мүмкүн. Бирок акчанын тартыштыгынан кыйналбайсыз. Ошентип, сиздин тагдырыңыз анча деле ойлонгондой жаман эмес. Акчаны түгөткөнгө караганада чогулткан көбүрөөк жагат.
Күмүштүн жылтылдагы, акчанын шуудурагы анын нервин сооротот. Бирок ал акчаны бир нерсеге арнап чогултпайт. Айлыктан айлыкка эптеп жеткен эркектин ролун ойнойт.
Бөйөн өзүнүн назик жана түшүнгөн натурасы менен сонун ата. Ал балдары менен чексиз чыдамдуу, алардын ишине чындап кызыгат. Уулдары менен сыймыктанып, кыздарын үзүлө коргойт. Бирок балдар чоңойгондо кыйынчылыктар пайда болот, себеби, ал балдар аны жакшы көрүп, түбөлүк аны менен калуусун каалайт. Ошентсе дагы бир жолу эскертип коюу керек: анын эски калпагын,жыртылган эски үй тапичкесин, мектептеги коллекцияларын ыргытып жибербеңиз - бул бүт анын кымбат буюмдары. Көчөгө күйөңүз менен чыгарда өз зонтигиңизди ала чыгыңыз: аба ырайы бузулса,аны жаандан коргойсуз.
Аял - Бөйөн
Адегенде сизге анын сезгич жана назик экенин, же жөн эле баш бербеген неме экенин аныкташ кыйын болот. Бул суроо сизге ошол бойдон эле чечилбей калат. Кээде ал капалуу болуп, ал көңүл абалы сизге өтүп кетет, кээде болсо тынбай күлүп сизди өзүнүн назиктигине бөлөйт. Чаян - аял бир аз таңкаларлык, бирде азыраак көңүлсүз, ал учурда кыялкечтикке эң бай.
Анда катылган акча дайыма бар. Өзүн бактысыз сезгенде акчаны жумшай баштайт. Чыгымына караганда кирешеси дайыма көп. Аны сиздин жеке эсеп да кызыктырышы мүмкүн, акча анын сүйлөшүү үчүн сүйүктүү темасы. Мындай аялга кымбат белек берсеңиз, ал "жөн эле койсоң болмок"- деген сөздү анткорлонбой чын ниеттен айтат.
Бөйөн - аял сынды жактырбайт. Күлкүлүү болуш анын көңүлүн жаралайт, ал эми калтырып кетүүгө жөн эле чыдай албайт. Ал айрым учурда гана ашык кол салат. Дайыма арсарсып турат, ошондуктан мамилени улантуу үчүн биринчи кадамды сиз шилтешиңиз керек. Эгер ал алдыга жыла турган болсо, же четтен, же капталдан өтөт. Натурасы боюнча уяң, "түшүнбөйт го"- деген коркунуч менен курчалган, ал эркекке жаңылык болуу жолун тандайт.
Анын көңүл абалы бир айда төрт жолу, айдын фазаларына жараша өзгөрөт. Анын көңүл абалын алдын ала айтыш абдан кыйын. Анын башкы коркунучтарына дагы бирди кошууга болот, сизди жетишээрлик сүйбөйт го деп да коркот. Кухня анын сүйүктүү комнатасы. Ал сизге ашкере кам көрөт, бул көпчүлүк эркектер сыяктуу эле сизге да жагат. Анын сезиминде эч кандай жасалмалуулук, тайыздык жок. Эгер ал бир нерсеге ээлик кылса - эркекпи, же чыныбы, алар анын түбөлүк менчиги болуш керек. Ал сиздин досторуңузду жакшы ойдо калтырбашы да мүмкүн. Бирок, сизге өзүнүн сүйкүмдүлүгү менен жакшы ойду калтырат. Ал терең сезимдерин эң жакшы кишисине калтырууну жактырат. Башка бир аялды кездештирсеңиз, аларды салыштырып көрүп, өзүңүздүн бөйөнүңүзгө чуркап келип, "мага кайрадан жабыша көр"- деп жалдырай баштайсыз.
Сөзсүз эле ачкөз атоого болбойт, бирок анын керексиз нерселерди жыйнап алма адаты бар. Ал өзү турмушта эч нерсени өзгөртө албайм, же кыйынчылыкты жеңе албайм деп ойлойт. Ал үчүн жагымсыз учур башталганда көз жашын төгүп, жакшы учур келишин унчукпай чыдамдуулук менен күтүп отурат.
(Арстан жылдызы тууралуу кийинки
санынан окуй аласыздар)