Кыргыз гезиттери


п»ї
Ыйык Манас тоосу - Манаслу
Дүйнөдө "Манас" эпосубуздан башка көлөмдүү эпикалык чыгарма жок
Айрымдар "Манас" болгону фольклор деп жомок катары кабылдап келишет. Бирок, Манастын жөн гана жомок эместигин, анын жогорку акыл-эс экендигин, касиетин, кутун тастыктаган фактылар жок эмес. Биз бүгүн Жер бетине виртуалдуу саякат жасадык. Ушул интернет барактарына жасаган саякатыбыздан көзүбүз көрө элек өтө сүрдүү, кооз, көрктүү, айбаттуу Непалдагы Манаслу деген тоо тууралуу азыр гана билишиңиз мүмкүн.

Манаслу - Непалдагы тоо
Бийиктиги 8 миң 156 м. Бийиктиги боюнча дүйнөдө 8 орунда турат. Бул Аннапурнадан чыгышты көздөй 40 миль пейжазды чагылдырган абдан опурталдуу, кооптуу эңкейиштери көп, кар көчкү жүрүп турган чукул чоку. Манаслу Манас санскритинен которгондо, "Ыйых духтун тоосу" дегенди түшүндүрөт. Манас чындыгында эле күчтүү энергияны өз ичине камтыган бийик акыл-эс экенин моюндаганга аргасыз болосуң.

Манас атанын касиети аяндарда
Атомгүл Осмонкулова аттуу замандашыбызга берилген "Эмне үчүн Манас атанын тарыхы жазылбай келген" деген аянга көз жүгүртөлү. "Бул күч-Манас Күчү Улуу прогресске Кызматка келген күч. Ал тарыхта жазылып калууга муктаж болбогон. Себеби, тарыхта калса ар кандай күчтү ал реалдуулукту таанып биле албай байланышка чыгуу менен, аны туура эмес максаттарга пайдаланып келишмек. Бул ыйык күчтүн иштөө убагы, мерчеми келе элек болгон. Бул УЛУУ Доорго -Оттуу Доорго иштеп берүүчү күч. Бул күчтү мындан аркы терминологияда "Манас күчү" деп атагыла. Манас эмне үчүн Кыргыздардан чыккан? Азыркы келип турган Замандын Туусун кармап, аны татыктуу түрдө Оттуу Доорго ылайык алып жүрүү күчү КЫРГЫЗдарга берилип олтурат.
Кагаз бетинде эмес, гениңерде, каныңарда болуп келгени анын ыйыктыгын далилдейт. Көп улуттардын кагазга түшкөн тарыхы, силердин гениңер менен келген күчтөй таза боло албайт. Себеби, ал кагаз менен көптөр таанышат, пикир туулат жана ойлор, айтылуулар башка күчтөрдү ал тарых күчүнө аралаштырат. Ал эми Манас Күчүн алып жүрүүчү таза инсанды(Манас айтуучулар) БИЗ Тандап Алабыз. Манас күчү менен иштөөчү инсанды да БИЗ Тандап Алабыз. Бул күч өз улутуңардагы бардык сферага жана жалпы Адамзат үчүн Колдоо Көрсөтөт жана бул күчтү кай максатка колдонуш керек экенин Таза Аян менен гана билим жумшагыла!
Ушул Ыйык Күч менен иштөөчү урпактар Тазалыкты кармагыла!!!"-деп айтылат.

Даярдаган
Азима АКУНОВА





кыргыз тилиндеги гезит "Нур Эл"
email • архив • редакция 
20-май, 2010-ж.:
1-бет
Манастын касиетин бил, Кыргыз
2-бет
Түштүктөгү жаңжалга тажик генералынын кандай тиешеси бар?
3-бет
Улуу кыргыз элинин мыйзамы
4-бет
Өзбек лидеринин кеңсесинен курал-жарак табылды
5-бет
Өгүз менен эшек
6-бет
КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК МАМИЛЕСИ ЗАМАН СЫНООСУНДА
7-бет
Дүйнө үч катмардан турабы?
8-бет
Ыйык Манас тоосу - Манаслу
9-бет
Спорт ардагерлери өсүп келаткан жаштарга жол бербей келген
10-бет
Дүйнө үч катмардан турабы?
11-бет
АКЫЛДЫН КВАДРАТЫ
12-бет
КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК МАМИЛЕСИ ЗАМАН СЫНООСУНДА
13-бет
Уйкусуздукту кантип жеңсе болот?
14-бет
Периштелердин пенделердин сезимин үзгүлтүксүз өстүрүү үчүн берген 300 суроо-жообу
15-бет
Жыйынтыксыз жыйын
16-бет
Акыл казынасынан...










??.??