Кыргыз гезиттери


п»ї
  КӨКӨ ТЭҢИР...

Дүйнө үч катмардан турабы?
Биздин эң байыркы бабаларыбыз "дүйнө үч катмардан турат" деп ишенген. Эң Жогоркусу - Көк (Асман) же Жарыкчылык, Ортоңкусу - Жер-суу же Тиричилик, Төмөнкүсү - Жер асты же Караңгылык. Бүт дүйнөнү жаратуучу Көкө Тэңири так ошол "эң жогорку" дүйнөгө тиешелүү болгон да, ал "тогуз катар асмандын үстүндө" турган.

Тэңири аңызга караганда, "Көкө Тэңири адегенде "төбөсү ачык көк" менен "төшүү түктүү жерди" жараткандан кийин алардын ортосунда "киши баласы" пайда болгон". Мына ушул эң байыркы кыргыз аңызы кийин бүтүндөй дүйнө элдеринин аңызына айланып кетти да, бардык диний китептердин "дүйнөнүн жаралышы жөнүндөгү" түшүнүктөрүнүн негизин түздү.
Башка элдердин эзелки жылнаамаларында, анналдарында, санжыраларында: "байыркы түрктөр көп Кудайга сыйынган" деген бир ооз гана кабар берилет да, алар кайсы "Кудайлар" экендиги эч жерде эскерилбейт. Тек гана, ошол "илгерки түрктөрдүн асманга эки колун созуп, "Тэңирим...Тэңирим деп атканы" гана айтылат. "Алар аттан түшөт да, баш кийимин алып, курун мойнуна салып, эки колун асманга созуп, Жаратканга өзүнүн жоокердик тилинде сыйына баштайт".
Эзелки кыргыздардын ишеними боюнча "көк асман" бу дүйнөнүн "калпагы" болгон да, аякта "күндө күн", "айда ай" туулуп турган. Карысынан жашына чейин жоокер элде Күн Тэңир айрыкча кадырлангандыктан бардык боз үйлөр "таңкы ырыскыга толсун" деп чыгышты каратылып тигилген да, Күн Тэңир чыккан чыгыш жак "жогор жак" же "көкүрөк жак", а Күн баткан батыш тарап "аяк жак" же "төмөн жак" катары бааланган. Ошондуктан, Таласта (Алтайда) турган кара кыргыздар береги Ала-Тоону мекендеген кара кыргыздардан ар дайым жогору коюлуп келген. Алар "аяк алып ичээр" улук болгон.Тарыхый түрктөр жөнүндөгү башка элдердин маалыматтарында: "Асмандагы "жети жылдыз" өзгөчө кадырланган". Бул жердеги "жети жылдыз" дегени жети жылдыздан турган үркөр топ жылдызы го! Эски кыргыз аңыздарына караганда береги "жети жылдыз эжелүү-сиңдилүү жети кыз", а башкасында "агалуу-инилүү жети бир тууган". Байыркы кыргыздар так ушул үркөр топ жылдызын башка жылдыздардан ар дайым жогорку коюп келген, не дегенде, алар ай эсептерин береги үркөр топ жылдызына карап тапкан, "тогоолдорду" чыгарган. Эгин эгүү жана аны оруп-жыюу да алиги үркөр топ жылдызынын абалына байланыштуу болгон. Айбанаттардын күүлөөсү жана теке менен кулжалардын чуркашы да дал ушул үркөрдүн чыгышы менен батышына тыгыз байланышкан. Андыктан, жаралгандан мал менен өскөн эл үркөрдү айрыкча кастарлаган. Ага арналып эчен ыр менен аңыздар айтылган. Анын биринде:
- Үркөр, үркөр топ жылдыз,
Үркүп кайда барасың?
- Жоо желимге барамын!
- Жоо желимде эмнең бар?
- Аштык айдар уулум бар,
- Жибек согор кызым бар,-
деп кетет. Байыркы кыргыздар башка жылдыздарга да арнап, ыр чыгарганы маалым, а үркөргө арналган ыр менен аңыздар бир топ. Мына ушунун өзү береги топ жылдыздын эң эзелки жоокер элде айрыкча кадырланганын айгинелеп турса керек.
Экинчиден, эң илгерки кыргыздар мобу Чычкылуу жылдыз (Меркурий), Кызыл Чолпон (Марс), Каракүч эже Эшек кырган (Юпитер), Сары жылдыз (Сатурн), Сары Чолпон (Венера) жана Ай менен Күн береги Жерди айланып жүрөт деп ишенген. Ал эң көнөө заманда Ай менен Күн да жылдыздардын катарына кирген да, ушул жети жылдыз бир орунда турган Жерди айланып турат деп түшүнгөн. Жанагы байыркы кыргыздар кадырлаган "жети жылдыз" так ушул жети жылдыз да болушу мүмкүн, анткени, ал доордо Уран, Нептун, Плутон планеталары али ачыла элек болучу. Булардын кыргызча аттары болгон менен байыркы көчмөндөрдүн түшүнүгүндө алар аркы жалпы жылдыздарга тиешелүү эле... Мындан сырткары, алиги "жети жылдыз" тиги Чоң Жетиген менен Кичи Жетиген болушу ыктымал, анткени, Чоң Жетигендин абалына карап туруп, байыркы бабаларыбыз түнкү маалды аныктаган эмеспи.
Жерди биздин эң байыркы бабалар оболу дүйнөнүн "төрт тарабы", "төрт бурчу" бар түздүк катары түшүнсө, алар, мезгилдин өтүшү менен гана же тээ Кан Кошой менен Кан Манастын доорунда гана Жердин береги Ай же күн сыяктуу "тоголок" ("жердин өзү дөңгөлөк, жеткен жан келер жөрмөлөп..." же "түшүп кетти Тереңге (Америкага ж.б) экенине көздөрү жеткен.
Бу жагынан алганда биздин бабалар дүйнөдөгү эң алгачкы маттериалисттер болгон. Алардын Тэңири ой-санаттары, үлгү-акылдары нукура турмуштан кандай алынса, булардын Жер жөнүндө түшүнүгү да аалам чындыгынан так ошондой алынган. Байыркы кыргыз билгелери: "Күн тоголок" деген чечимге келген. Натыйжада, "Манастан": "Жердин өзү дөңөлөк..." деген улуу саптар орун алган!
Көкө Тэңири калган Тэңирлердин бар башкы эгеси боллгондуктан ага Чоң бий (каракан) баш болуп, жылыга бешинчи айдын орто ченинде күркүрөп аккан дарыянын боюнда жылкыдан курмандык чалып, бүткүл элдик сыйынуу өтүп турган. Көкө Тэңири жоокердик эге болгондуктан аны эл "шумдуктуудай алп, баатыр" же "тоодой дөө" түрүндө гана элестете алган. Батыш (алатоолук) кыргыздарда Көкө Тэңирге сыйынуу Кан Тэңир тоосунун этегинде өткөндүктөн курмандыкка чалынган малдын каны ошол тоонун этегине агызылып, союлган малдын башы менен териси шырыкка сайылып коюлган.
Көкө Тэңирдин калган Тэңирлерден бар болгон айырмасы анын "баатырдык башталышы" (героическое начало) эле. Ал бирден бир жаратуучу, киши баласын ар кандай жамандыктан коргоочу же өч алуучу, жер бетиндеги бардык тиричиликти жөнгө салуучу жана киши тагдырын аныктоочу эге болгон. Көз жеткен жердеги бардык тиричиликти жана бүт дүйнөнү жараткан ошол го! Ал эми Умай эне - ургаачылык башталышты туюнтуп, Очок ээси жана түшүмдүүлүктүн эгеси катары саналган. Көкө Тэңири менен Умай эне, түпкү тегинде, жоокерлерди колдонуучу эге болгондуктан бул экөө тең жоокер элдин ата-энеси катары кадырланган.
Ыйык жер-суу (идук йер-су) Ортоңку дүйнөгө тиешелүү болгон да, ал киши баласына тиричиликке керектүү нерсенин баарын берген жашоонун булагы катары бааланган. Жер-суу ырайымдуулук менен жазалоочу озуйпаны да, Ата-Журттун милдетин да аткарган. Ыйык тоого сыйынуу да Жер-сууга тиешелүү болгон. Андан Ыйык тоо Ку уул (Сол кары элинде "чаян" деген сөз "Жараткан" же "Теңир" деген мааниде колдонулган, жанагы географиялык карталардагы "Саян тоосу" деген ат, түпкү тегинде, "Чаян тагы" (Теңир Тоо) го, тек гана, береги "чаян" деген сөз орус тилинде "саян" болуп өтүп калган, Ку уул тукумдары так ошол "Теңир тоого" (Чаян тагына) сыйынган) жеринде, Кызыл уул мекенинде (Каңгайдагы Тэңир Тоо, ал "өлкөнүн колдоочусу" катары саналган), Ак уул жеринде (Чүйдөгү "Ыйык тоо" же "Теңир Тоо") да бар эле.
(Уландысы 10-бетте)





Ойгон, кыргыз!
Кыргыздар сыр ачышат дастан каткан
Кийинчерээк бул кабар "Жайсаңда" да:
"Кең пейил, баёлукту туу тутушкан
Кыргыздар - шол алгачкы Нур тукумдан"
деп ырасталган. (8-т., 155-б.).
"Ошентип, Улуу Тоону мекен кылган
Оболку улутубуз Күн аталган",
делип да, биз өз түп-башатыбызды таанып-биле баштадык. (8-т., 159-б.).
Кыргыз элинин 23 млн жыл мурда жаратылганы тууралуу аян-кабарды Турар Айталиева кабыл алган. Ошол 23 млн жыл илгери кыргыздар өсүп-өнүгүп олтуруп, 1 млн жыл ичинде Кыргыз мамлекетин түзүүгө жетишкен.
Мындан 18 млн жыл мурда Орион Топ Жылдызынан Улуу Рухтар планетабызга, андагы Кыргыз жерине келип түшүп, кыргыздардын арасында кыргыз болуп жашашкан. Ошол мезгилдерде адамдарга манас - акыл-эс тартууланган. Адамдарга берилген акыл-эсти өстүрүү илим-билимин ошондо Ааламдан келген Улуу Рухтар "Манас" дастанындагы окуялар түрүндө өз жашоолору аркылуу чагылдырып көрсөтүшкөн. "Манас" алгач ошол мезгилде айтылып калган. Ошол мезгилден бери кыргыздар "Манас" дастанындагы каймана, өтмө мааниде, символдор түрүндө берилген Манас илимин өз жашоолорунда чагылдырып жашап калышкан. (Бул жөнүндөгү аян-кабар авторго берилген. Бул маалымат Е.П. Блаватскаянын "Тайная Доктрина" /ТД/ жана Н. Рерихтин "Семь великих тайн Космоса" деген китептеринде жазгандары менен да үндөшөт.).
Жер каймактагандан бери келаткан Кыргыз Жолунун соңку мерчемдүү учуру Атлантида доору аяктаган мезгилге туш келет. Египет аалымдарынын Солонго айткандарын келтирип, Платон 9000 жыл мурда Атлантида аралынын чөгүп кеткени жөнүндө "Тимей" жана "Критий" деген эмгектеринде жазган. Ал эми Египет аалымдары менен Солон сүйлөшкөндөн берки мезгилди эске алсак, анда Атлантиданын акыркы аралы болжол менен 12 миң жылдай мурун чөгүп кеткен деп расмий тарых жылсанагынын чектеринде белгиленет.
Атлантиданын акыркы аралын Атлантика океанына, Жер ортолук деңизге, Кичи Азияга жайгаштырган гипотезалар бар. Бирок, ал гипотезаларда ошол аралдар б.з.ч. 2-3-миң жылдыктарда жок болгон делет.
Эзотериялык илим боюнча Аалам, Жердин сырын ачууга эч кимдин укугу жок. Андыктан Платон да чындыкты жазууга тийиш эмес болчу деп белгилеген Е.П. Блаватская "Жашырын Доктринада". Анда: "Платондун мезгилиндеги билдирилген жазуучулар миң жылдык деп 1000 жылды эмес, 100 000 жылды эсептешкен. …Ошентип, Плиоцен мезгилине таандык болгон, бир убакта зор Атлантиданын бөлүктөрү чөгө баштаган мезгилди Билдирилгендер 9000 жылдын ордуна 900 000 жыл деп окушат" деп жазган (ТД, 2-т., 443-444-б.). Ал арал 850 000 жыл мурда чөгүп кеткен деп да чечмеленип жазылган (ТД, 2-т., 286-б.).
Бул мезгил Ысык-Көлдүн пайда болушунун изилдөөлөрдө аныкталган мезгилине туура келет. Көлдүн астынан терең бургулоодо (3890 м тереңдикте) алынган чөгүндү катмарды изилдөөлөр боюнча алгач көлдүн чыгыш жагында узак мезгилдер бою (олигоцен мезгилинде) агын суу болгондугу болжолдонот. Көлдүн белгилери миоцен мезгилинде пайда болгон. Суусу мол болгондуктан, көл эч качан толугу менен кургап калган эмес жана плиоцен мезгилинде суу тузсуз болгон. Андан кийинки плиоцендин аягы - плейстоцен мезгилинин башында суу астынын түзүлүш элементтери калыптанган, климат кургак жана континенталдуу болуп өзгөргөн, токой аянттары азайган, жазы жалбырактуу дарактар жок болгон. Көл ээлеген жердеги мындай өзгөрүүлөр катмарлардын магниттелишине карата 700+110 миң жыл, 660+190 миң жыл жана 600+300 миң жыл мурда болгон деп белгиленген. (Воскресенская Т.Н. "Палео-Иссык-Куль в позднем кайнозое". Китепте: История озёр позднего мезозоя и кайнозоя. Л., 1988, 200-206-б.). Көл астынын ушундайча өзгөрүүгө дуушар болгон мезгили Ысык-Көлдүн пайда болгон учурун билдирет жана ал "Жашырын Доктринадагы" Атлантиданын акыркы аралы чөккөн мезгилге туура кел??дө.


"Жашырын Доктринада" байыркы аалым бабаларыбыз жазган Жан Китеби жана "Манас" дастаныбыз кийин башка аалымдар жазып калтырган Комментарийлер аркылуу чечмеленген. Мына ошол комментарийлердин биринде Атлантиданын акыркы аралы чөгүп баратканда андан "чыгарылып кеткен эл саманчынын жолундагы жылдыздардай эле көп эле" деп айтылган. (ТД, 2-т., 479-б.). Бул "Кыргыз көппү же асмандагы жылдыз көппү" деген сөздөрдүн эле өзү болуп, кыргыздардын Атлантидадан калган эң байыркы эл экендигин ырастайт.
Гүлсара МАМБЕТАЛИЕВА,
"Манас" изилдөөчү





кыргыз тилиндеги гезит "Нур Эл"
email • архив • редакция 
20-май, 2010-ж.:
1-бет
Манастын касиетин бил, Кыргыз
2-бет
Түштүктөгү жаңжалга тажик генералынын кандай тиешеси бар?
3-бет
Улуу кыргыз элинин мыйзамы
4-бет
Өзбек лидеринин кеңсесинен курал-жарак табылды
5-бет
Өгүз менен эшек
6-бет
КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК МАМИЛЕСИ ЗАМАН СЫНООСУНДА
7-бет
Дүйнө үч катмардан турабы?
8-бет
Ыйык Манас тоосу - Манаслу
9-бет
Спорт ардагерлери өсүп келаткан жаштарга жол бербей келген
10-бет
Дүйнө үч катмардан турабы?
11-бет
АКЫЛДЫН КВАДРАТЫ
12-бет
КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК МАМИЛЕСИ ЗАМАН СЫНООСУНДА
13-бет
Уйкусуздукту кантип жеңсе болот?
14-бет
Периштелердин пенделердин сезимин үзгүлтүксүз өстүрүү үчүн берген 300 суроо-жообу
15-бет
Жыйынтыксыз жыйын
16-бет
Акыл казынасынан...










??.??