Кыргыз гезиттери


п»ї
 "Азаттыктын" айткандарынан

Өзбек лидеринин кеңсесинен курал-жарак табылды
23-июнда Ош шаарында күч органдары жүргүзгөн тинтүү операциясы учурунда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, өзбектердин маданий борборунун жетекчиси Жалалидин Салахутдиновго таандык "Ошкрастекст" ишканасынын кеңсесинен курал-жарак, ок-дарылар табылды. Ош шаарынын коменданты Курсан Асанов "Азаттыкка" бул факты боюнча учурда тергөө амалдары башталып, иликтенип жатканын билдирди.

Республикалык өзбек маданий борборунун төрагасы Жалалиддин Салахутдинов курал-жарак табылган "ОшКрастекс" ишканасы анын өзүнө таандык экенин ырастап, бирок анын кеңсесине ок-дарыларды жана түрдүү курал-жактарды күч органдары атайылап таштап, чагым уюштуруп жатат деп "Азаттыккка" билдирди.
Эки күндөн бери Ош жана Жалал-Абад облустарында күч органдары шектүү жайларды текшерүү, тинтүү операциясын жүргүзүүдө. Бир күн мурда Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы текшерүүнүн натыйжасында жыйырма чакты көзгө атар кармалганын, ошондой эле курал-жарактар, жардыргыч заттар, маңзаттар табылып жатканын билдирген. Оштун өзүнөн жардыргыч салынган 42 идиш табылган, ошондой эле жардыргыч заттары бар эки машина менен беш киши кармалган. Алар теракт жасоого аракет кылган деп шектелүүдө. Ош шаарында бүгүн жүргүзгөн операциянын жүрүшүндө шектүү жайлардан 19 атуучу курал, башына мыктар кагылган таяктар, ок-дарылар алынды.
УКМКнын маалыматына караганда кармалган көзгө атарлардын жетөө чет элдиктер. Тергөө иштери жүрүп атканына байланыштуу укук коргоо органдары колго түшкөн көзгө атарлар кайсы мамлекеттин жарандары экендиктерин айтпай жатышат.
Укук коргоо органдары 11-13 июндагы тополоң күндөрү уюшкан топтор милиция бөлүмдөрүн, аскер бөлүктөрүн басып алып, жүздөгөн ок атуучу куралдарды тартып алышкан фактылар болгонун билдирүүдө. Азыр эми ошол куралдарды түшүндүрүү иштери менен дагы, айрым кооптуу жерлерди тазалоо-тинтүү жолдору менен кайтарып алуу аракеттери көрүлүүдө.
Экинчи жагынан коңшу өлкөгө өтө качкан адамдар кайра кайтып келе баштады. Кыргыз чек арачылары качкындар абдан көп болуп жаткандыктан, айрымдарын эч кандай документи жок эле өткөрүп жатышат. ВЛКСМ айылында чек ара постунда документи жок экенине карабастан качкындар өткөрүлүп жатканын бул жердеги чек ара аскерлеринин башчысы Бусурманкул Турганбаев "Кабар" агенттигине билдирген. Ошондуктан мындай көпчүлүктө учурдан пайдаланып, качкындардын кейпин кийген экстремисттик күчтөрдүн өлкөгө кирип кетиши ыктымал деген кооптонуулар айтылууда.
Ошол эле учурда облустагы айрым аймактарды куралсыздандыруу жана тартипке келтирүү операциялары учурунда, айрым жоокерлер адамдарды уруп-сабоо, кээде тоноого чейин барышканы тууралуу маалыматтар түшүүдө. Ош облусунун комендантынын орун басары Замирбек Молдошев "Азаттыкка" ушундай арыз-дооматтар болуп жатканын белгилеп, андай фактылардын үстүнөн прокуратура органдары иш алып барып жатканын билдирди.
Укук коргоочулар дагы атайын операциялар учурунда карапайым элге зордук-зомбулук көрсөтүү көрүнүштөрү болуп жатат деп күч органдарынын аракеттерин сынга алып жатышат.




Жыйырма көзгө атар колго түштү
Ош жана Жалал-Абад облусунда жүргүзүлгөн атайын операциялар учурунда жыйырмадан ашык көзгө атар кармалды. УКМКнын жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаевдин маалыматына караганда, алардын жетөө чет элдиктер.

Ошол эле учурда атайын операциялардын учурунда карапайым тургундарды уруп-сабоо, кээде тоноого жол берилип жатканы тууралуу маалыматтар түшүүдө.
Тергөө иштери жүрүп атканына байланыштуу укук коргоо органдары колго түшкөн көзгө атарлар кайсы мамлекеттин жарандары экендиктерин айтпай жатышат. Эми алардын күнөөсүн сот аныкташы керек.
Кеңешбек Дүйшөбаевдин айтымында, Ош шаарында жана Ош областында кооптуу жерлерди тинтүү, тазалоо операциясы улантылууда. Тосмолонгон айрым көчөлөр, кварталдар толук ачыла элек. Ошондуктан күч структуралары тазалоо жүргүзүүгө мажбур. Операция учурунда курал-жарактар, жардыргыч заттар, маңзаттар табылып жатат:
- Албетте, тазалоо учурунда кагылышуу коркунучу пайда болуп атат, ошондой болсо да биз мажбурбуз. Анткени биринчи кезекте муну эл талап кылып атат. Роза Исаковна да бизге бардык элдүү пункттарды ачууга бир нече күн берген. Ага жараша алгылыктуу тыянактар бар. Курал жарактар, автоматтар, пистолеттер алынып атат. УКК кызматкерлери кечээ жардыргыч салынган 42 идиш тапты, элестетсеңер кандай трагедия болмок. Эки күн мурда жардыргыч заттары бар эки машина менен беш киши кармаганбыз, алар теракт жасоого аракет кылганы байкалды, жардыргычтар алынып, тергөө жүрүп атат. Маңзаттар да табылып атат. Бул маңсоодагерлердин да окуяга тиешеси барын кабарлап турат,-деди Кеңешбек Дүйшөбаев.
Укук коргоо органдары 11-13 июндагы тополоң күндөрү уюшкан топтор милиция бөлүмдөрүн, аскер бөлүктөрүн басып алып, жуздөгөн ок атуучу куралдарды тартып алышкан фактылар болгонун билдирүүдө. Азыр эми ошол куралдарды түшүндүрүү иштери менен дагы, айрым кооптуу жерлерди тазалоо-тинтүү жолдору менен кайтарып алуу аракеттери көрүлүүдө.
Ошол эле учурда облустагы айрым аймактарды куралсыздандыруу жана тартипке келтирүү операциялары учурунда, айрым жоокерлер адамдарды уруп-сабоо, кээде тоноого чейин барышканы тууралуу маалыматтар түшүүдө. Ош облусунун комендантынын орун басары Замирбек Молдошев "Азаттыкка" ушундай арыз-дооматтар болуп жатканын белгилеп, андай фактылардын үстүнөн прокуратура органдары иш алып барып жатканын билдирди.
Укук коргоочулар дагы атайын операциялар учурунда карапайым элге зордук-зомбулук көрсөтүү көрүнүштөрү болуп жатат деп күч органдарынын аракеттерин сынга алып жатышат.




Конституциянын маани-маңызын эл түшүндүбү?
27-июнда бүткүл элдик добуш берүүгө коюла турган Конституциянын жаңы долбоорун түшүндүрүү жана талкуулоо иштери соңуна чыгып калды. Өлкөнүн бир катар аймагында бул багытта алгылыктуу иштер жүргөнү менен өзгөчө түштүк аймагында долбоор туурасында маалыматтар калкка толук жетпей жаткандыгын демилгечи топтун бир катар мүчөлөрү билдиришет.
Баш мыйзамга киргизиле турган өзгөртүүлөр туурасында калкка маалымат жеткирүү иш-чаралары 7-июнда башталган. Ушул күндөрү Кыргызстандын дээрлик бардык аймактарында түшүндүрүү иштери уланып жатат. 25-июнда аяктай турган бул иш-чарага Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү, бир катар өкмөттүк эмес уюмдар жана ыктыярчылардан турган 500дөн ашык демилечи топтун мүчөлөрү катышууда.
Конституциялык кеңешменин мүчөсү Курманбек Дыйканбаев белгилегендей Баш мыйзамдын жаңы долбоорун калк ичинде толук талкуулоого убакыт тартыш болуп жатат:
- Ар кайсы жерлерде чогулуп жатканда 100-150гө чейин адамдар чогулуп жатты. Кызуу талкуулар, көп суроолор болду. Тилекке каршы, убакыт аз болуп калды. Колубуздан келгенин кылдык. Бирок убакыт азыраак болуп калды. Жанакы долбоор дагы ар бир үйгө жетет деп ойлогом. Бирок региондордо сурасак ар бир үйгө, ар бир түтүнгө Баш мыйзамдын долбоору жетпептир.
Кыргызстандын аймактарында долбоорду түшүндүрүп, калктын кайсы мыйзам үчүн добуш бере тургандыгы туурасында маалымат жеткирүү үчүн 25 мобилдүү топ түзүлгөн. Бул топтун түзүлүшүнө көмөктөшкөн "Интербилим" борборунун мүчөсү Гүлнара Журабаева билдиргендей мобилдүү топтор ар бир облуска бөлүнүп, иш алып барышууда:
- Ар бир мобилдүү топто эки киши бар. Мобилдүү топтор конституциялык кеңешменин мүчөлөрү менен бирге иштешишкен. 7-июндан баштап иш алып барып жатабыз. Бирок ага чейин биз топторду Конституциянын жаңы долбоору боюнча маалымат берип, окутканбыз.
"Интербилим" борборунун берген маалыматына ылайык, Кыргызстандын түндүгүндө 40 миңден ашууна жарандардын арасында түшүндүрүү иштери, талкуулар жүргүзүлгөн. А бирок түштүктөгү болгон окуялар Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында долбоорду толук кандуу түшүндүрүү иштерин кыйла кечеңдеткен. Кыргызстандын түштүгүндө Референдум жана Баш мыйзамдын долбоору боюнча маалымат берип келген Конституциялык кеңешменин мүчөсү Шайырбек Маматокторов, болуп өткөн тополоңдор түшүндүрүү жана талкуу иштерин дээрлик токтотуп койгондугун айтты:
- Түштүктөгү окуяларда калкка маалымат эмес, жөнөкөй эле гуманитардык жардам жетпей жатат. Көп нерсе токтоп калды. Ошолордун катарында Конституциялык кеңешменин түшүндүрүү иштери да өзүнөн өзү токтоду. 16-сынан бери бир топ иш жасалды. Эртеңден баштап дагы убакыт бар. Дагы эле айыл башчылары менен, жетекчилер менен, жамааттын башчылары менен иштерди референдум өткөн күнгө чейин жүргүзөбүз.
Түшүндүрүү иштери Бишкек шаарында да жүргүзүлүп, аларга бир катар жаштар уюмдары жана студенттер дагы катышып жатышат. Бул багытта иш алып барып жаткан мобилдүү топтун мүчөсү Элдияр Карачалов борбор шаардагы түшүндүрүү иштери туурасында буларды айтат.
- 7-июндан бери Бишкекте 35 жолугушуу болду. Райондук акимчиликтер, мэрия менен чогуу ар кайсы жерлерде талкуулар өткөрүлдү. Фабрикаларда болду, заводдордо болду. Мектептерде да өткөрүлдү. Студенттер арасында да түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Күнүнө жок дегенде эле эки же үч жолугушу болуп жатат.
Калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн демилгеси топтун бир катар мүчөлөрү белгилешкендей, өлкөдө 27-июнда боло турган Референдум жана Конституциянын жаңы долбоору туурасында маалыматы болбогон жарандар бир кыйла. Алдыңкы эки күн ичинде калкка түшүндүрүү иштерине жетишүү дагы бир маселеге айланууда.
Кубат Касымбеков





кыргыз тилиндеги гезит "Нур Эл"
email • архив • редакция 
20-май, 2010-ж.:
1-бет
Манастын касиетин бил, Кыргыз
2-бет
Түштүктөгү жаңжалга тажик генералынын кандай тиешеси бар?
3-бет
Улуу кыргыз элинин мыйзамы
4-бет
Өзбек лидеринин кеңсесинен курал-жарак табылды
5-бет
Өгүз менен эшек
6-бет
КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК МАМИЛЕСИ ЗАМАН СЫНООСУНДА
7-бет
Дүйнө үч катмардан турабы?
8-бет
Ыйык Манас тоосу - Манаслу
9-бет
Спорт ардагерлери өсүп келаткан жаштарга жол бербей келген
10-бет
Дүйнө үч катмардан турабы?
11-бет
АКЫЛДЫН КВАДРАТЫ
12-бет
КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК МАМИЛЕСИ ЗАМАН СЫНООСУНДА
13-бет
Уйкусуздукту кантип жеңсе болот?
14-бет
Периштелердин пенделердин сезимин үзгүлтүксүз өстүрүү үчүн берген 300 суроо-жообу
15-бет
Жыйынтыксыз жыйын
16-бет
Акыл казынасынан...










??.??