Кыргыз гезиттери


п»ї
  Баш мыйзамдын баш оорусу...

Улуу кыргыз элинин мыйзамы
Апрель окуясынан кийин келген бийлик өкүлдөрү кыргыз үчүн жаңы мыйзам жазып, аны кабыл алуу үчүн 27-июнга референдум жарыялады. Албетте, бул Баш мыйзамдын долбоору тууралуу эл арасында оң да, терс да пикирлер бар. Алардын айрымдары, кыргыз эли эбактан бери эле өзүнүн жазылбаган мыйзамы менен жашап келгендигин, ал Баш мыйзам укумдан-тукумдан уланып, эл оозунда оозеки айтылып келаткан каада-салт, үрп-адаттары экендигин баса белгилешет. Айтайын дегенибиз, кыргыз улуту эч убакта башка бирөө таңууланган эреже-жөрөлгөлөр менен өмүрүн өткөрбөстөн, тескерисинче башкаларга үлгү болууга аракет кылган.

Кыргыз эли байыркы эл экендигин тарых тактагандан кийин, кыргызды кантип мыйзам ченемдүү башкарып өнүктүрүү, кандай закон бап келээрин баяндайбыз. Кыргыз элин башкарууга чыгыштын конститутциясы төп келбейт, техникасы да, этика-салты, көз карашы такыр болбойт. Улуу элди башкаруу үчүн Ата-тегин, жаратылышын, табитин, ыйманын, улуу духун, керемет сөздөрүн, жашоого байланышкан сырын, шыгын, менталитетин баалап туруп, башкаруу мыйзамын түптөш керек. Кыргыз канындагы духу, байлыгы, салты дайыма өчүп, жанып, жаңыланып жоюлуучу нугу бар.
Кыргыз элинин табигый мыйзамын эгер ушул мезгилден түптөп берсек, Ата-тегибиздин арбагы урат, Теңир жазалайт, Жер-Эне кырсыгат.
Кыргыз журту дүйнө законуна баш ийбейт, улуу мыйзамдын нугунда жашайт, адамзаттын жердин законуна баш ийбейт, ошол өңүттө башкарылбай тескерисинче кыйрайт, куту учат, жоюлууга дуушар болот.
Кыргыздын башкаруу мыйзамы - бул касиетин, тегиздигин, улуулугун, тереңдигин, улуу духун, өнөрүн, жөлөгөн күчүн, тарыхын, куттуу Эл экенин даңазалап, нурдан бүткөн канын козгоп, гүлдөтө турган сырдуу мыйзам.
Батыш элине таянып теңелем деп, Теңир тозогун ушул күнгө чейин көрдүк, кыйрадык.
Техникалык доордун мыйзамы биздин элдин духуна, багытына, ыйык журтуна, ата-тегине, арбайына төп келбейт.
Батыш сыяктуу кыргыз элин бир президент башкарып, өнүктүрүп кете албайт, жөн гана улуу конститутция түзүп, ошол кыймылды уюштуруучу болуп бериши мүмкүн.
Байыркы кыргыз салты, ырымы, кыргызчылыгы - конститутция болуп иштеген, кыргыз эли кулпуруп, тоодо отуруп өнүккөн, боз үйдө жашап боштондукка чыккан, көрбөй туруп сүйлөшкөн. Кыргыздын жолун тааныбай туруп жол баштоо - бул Арбай ураар Алаамат иш болот. Кыргыз өзүн тааныса, техникасыз, президентсиз аткан октой өнүгөт, анткени, бул кыргыз элинин, Жер эненин куту, сыры.
Кыргыз журтунун конститутциясы - бул канындагы табигый мыйзамы, Теңирчилиги, жөнөкөйлүүлүгү, жоюлбаган керемети, көсөмдүгү, астанасындагы жайгашкан ата-тегинин арбайы, жылдыздагы түбөлүктүү орду, тегиздиги, табияты, баш ийген шаманчылыгы, кой мүнөздүгү, жүкчүлдүгү, убагы келгенде учуп чыгып, көктөн чыгып бийлегени, ачыла элек сыры көптүгүнөн кара кыргыз аталышы, том-том болгон ой мүнөзү болот.
Кыргыз байыркы дейбиз, бирок батышты ээрчип кор болобуз. Керек болсо, кыргыз табиятты тейлеп, заманды утурлаган, кылымды жетектеген, эч кимди ээрчибеген, алгыр тапталган куш, Аалам-Жерди тааныган, адамзатка тагдыр буйруган, Көк Тэңирдин сырын кийген, кайыптан кырк үр кыздан жаралган ыйык эл, жаманын да, жакшысын да чаап келген, бакшысы сыйкырлап боёгон, болумуштан оңбос, өчпөс, өлбөс, кемибес, Жер эненин улуу кенчи болот.
Улуу мыйзамды тапкыла, дүйнөнү тамшандыра салгыла, түбөлүк өнүккүлө, заманды муунтуп жетектегиле, элиңерди тааныгыла, көрүнгөнгө суктанбай суурулуп чыккыла, чындап баш мыйзамды кыргызчылыкка бычкыла. Арбайыңар асманда турат, Ала-Тооңор аркаңарда тосуп турат, башчы качып, баш мыйзам кайыптан жазылып турат, кабылдабасаңар эми чындап арбай урат, артыңарда калың журт кыргыз кут карап турат.
Башчы болсоңор, ушул мыйзам көнөт, эгер коркуп койсоңор, Ата-тегиңдин арбайы чындап кордойт. Карапайым кыргыздын касиети чарпыйт.
Мыйзам жетилди, жемиши кыргыздыкы, тездеткиле!
Мыйзамды чыгарып, кыргыз чырагы өчөрдө тамызын, чындап, эл оюнча такка отургула!
М. ТАЖИЕВ



 "БиБиСи" билдирет...

Кыргызстан союздаштардан аскердик жардам алат
Жамааттык коопсуздук келишим уюму Кыргызстанга жардам көрсөтүү планын бекитип, ага ылайык 9 тик учак, БТР, аскердик техника, атайын каражаттар жана күйүүчү май жөнөтүлөт.
Мындан тышкары, массалык баш аламандыктарды басуу боюнча тажрыйбалуу адистер жөнөтүлмөкчү. Бул туурасында Орусиянын коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев билдирген.
Ош менен Жалал-Абадда тополоңдор башталганда убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева ЖККУдан жардам сураган эле. Баш аламандыктар ырбап, курмандыктар көбөйгөндө сырттан бир нече ирет жардам сураган.
Орусия торагалык кылган уюм аскер жөнөтүлбөй турганын айтып, бирок аскердик техника жагынан колдоо көрсөтүүгө убада кылган.
Жамааттык коопсуздук келишим уюмга мүчө өлкөлөрдүн президенттери дээрлик бир апталык талкуудан кийин Кыргызстанга жардам көрсөтүү планын жарыялап отурушат.


Кайткандардын саны отуз миңден ашты
Соңку бир күндүн ичинде эле 11 миңге чукул адам чекарадан өтүп келди дейт Кыргызстандын чек ара кызматы. Чекара кызматынын кабарында качкындар кыргыз-өзбек чекара тилкесиндеги 9 өтмөктөн өтүп жатышат.
Кечээ күнү Жалал-Абат облусунун бийликтери Өзбекстан расмийлери менен жолугушуп, коогалаң учурунда коңшу өлкөгө качып өткөн качкындарды мекенине кайтаруу аракетин көрүп баштаган.
Качкындар биринчи кезекте өз коопсуздукка кооптонуп жатканын айтышууда. Ошондой эле алардын айрымдары талкаланган жана өрттөлгөн турак-жайында кантип баш калкалайм деген маселени коюп жатышат. Кооптонгон жана чочулаган көз караштардан улам качкындардын өз мекенине кайтуусу оор дейт байкоочулар.
Ош жана Жалал-Абад аймагында жүргөн укук коргоочулар Жалал-Абадка кайткан качкындар үй-жайларына жайгашып жатышканын, ал эми Ошто болсо бир тобунун үйлөрү өрттөнүп кетип, аларды жайгаштыруу маселеси пайда болгонун белгилеп жатышат.
Үй-жайсыз калган качкындарды убактылуу чатырларга жайгаштырып, аларга азык-түлүк жагынан жана медициналык жардамдар көрсөтүлүүдө.
Ош жана Жалал-Абаттагы коогалаңдардан улам Өзбекстанга баш калкалаган качкындар саны жүз миңге чамалаганы айтылган эле.




 "Азаттыктын" айткандарынан

Кыргыз-өзбек жарашууда, качкындар кайтууда
Жалал-Абаддагы кабарчыбыз Ырыспай Абдраимов кыргыз-өзбек чек арасындагы качкындардын абалын көрүп, алардын ой-пикирин угуп кайтты. Качкындардын алды кайтып келе баштады, калгандарынын дагы кайтуу ниети бар, бирок дагы эле коркуу сезими кете элек. Алар өлкөдө тынчтык орнотууну, чагымчыл күчтөргө бөгөт коюну, үй-жайы өрттөнүп талкалангандарга жардам көрсөтүүнү мамлекеттен талап кылышууда.
- Кыргыз-өзбек чек арасындагы Сузак районуна караштуу Арык деген айылынан кайттым. Ал жерде өзбекстандык Кыргызстандан ал жака качып баргандардан кайткан адамдардын маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө 4 жарым миңге жакын адам кайтты. Ал эми качкындар менен маектешкенимде, алар Кыргызстан тарапта абал калыбына келип жатканын угуп, кечээ аларга облустук губернатор (Жалал-Абад облусунун губернатору Бектур Асанов) баргандан кийин жакшы маанай түзүлгөндүгүн билдиришти.
Ошондой эле айрым качкындардын үйлөрүнүн өрттөлгөнүнө байланыштуу мамлекет аларга камкордук көрүп, андан тышкары Кыргызстанда тынчтыкты калыбына келтирсин, ошондой эле улуттар арасында эч кандай чыр-чатак болбосун, элдерди бөлүүгө ажырым салбасын деген талаптарын айтышты.
Ошол жерде турган Сузак районунун дарыгерлери өз жардамын кылып, дары-дармектерин берип турушат. Ал эми ошол эле чек арада эл аралык дарыгерлер уюму Өзбекстандан кайтып келаткан качкындарга дары-дармек менен суусундуктарды таркатып турушту.
Көпчүлүк адамдарды кайтарыш үчүн Жалал-Абад облустук бийлиги маршруттук таксилерди да уюштурган. Дал ушул сааттарда мен алган маалыматтар боюнча, кыргыз-өзбек чек арасынын Базар-Коргон районуна караштуу Сейди-Кум айылында райондун акими Кубатбек Артыковдун маалыматы боюнча, миңге жакын качкын турат, ал эми башка бейрасмий маалыматтар боюнча 3-4 миңге жакын качкындар болушу мүмкүн.
- Сиз качкындар менен жолугушуп сүйлөшүптүрсүз, кайра ушундай окуялар кайталанып кетет деген кооптонуу барбы?
- Качкындар дагы, башка адамдар дагы коопсуздугуна кабатырланууда. Анткени кандайдыр бир ар бир адамда коркуу сезими дагы эле үстөмдүк кылууда. Ошол коркууну жоготуш үчүн мамлекеттик уюмдар, коргоо уюмдары жакшынакай элди кайтарып, коопсуздугун камсыз кылсын деген ойлорун айтышты.
Буга чейин Базар-Коргон райондук акимчилиги менен элдик кошуундун өкүлдөрү Базар-Коргон районунда элдештирүү акциясын өткөрүштү. Анда кыргыз-өзбек улуттары 14 адамга ак калпак, ак чепкен кийгизишип, жакшынакай тамак берилип жараштыруу келишимине келишти. Мындан ары ар кандай коопсуздуктарды келтирбеш үчүн, элдин кыжырын келтирбеш үчүн өткөн окуяларды кайра-кайра козгобой, унуталы дагы тынчтыкка карай өкүм сүрөлү, мындай жөрөлгөлөрдү ар бир айылда өткөрүп, көчө комитеттерин түзүү менен тынчтыкка гана үндөп, элди жакшылыкка үндөйлү деген ниеттер айтылды. Ошондой эле базаркоргондуктардын Кыргызстан калкына тынчтык сактап калууну үндөгөн кайрылуулары болду.




Ошто шайлоо комиссиянын уурдалып кеткен 5 мүчөсү бошотулду
Бул тууралуу БШКнын төрагасы Акылбек Сариев "Азаттыкка" билдирди. Айрым массалык маалымат каражаттары бүгүн Ошто жергиликтүү шайлоо комиссиясынын 5 мүчөсүн белгисиз адамдар уурдап кеткенин БШКнын басма сөз кызматына шилтеме жасап маалымат таратты. Анда, шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү, өзбек улутундагы 5 аял шайлоо укугу боюнча сабактан кайтып баратканда белгисиз адамдар тарабынан уурдалганын алар менен чогуу жүргөн аял окуя болгон жерден качып чыгып, тиешелүү жерге кабарлаганы айтылат.
27-июнда референдумга жаңы Конституциянын долбоору коюлат. Учурда референдумга мөөнөтүнөн мурда добуш берүү башталганын БШКдан билдиришти.






кыргыз тилиндеги гезит "Нур Эл"
email • архив • редакция 
20-май, 2010-ж.:
1-бет
Манастын касиетин бил, Кыргыз
2-бет
Түштүктөгү жаңжалга тажик генералынын кандай тиешеси бар?
3-бет
Улуу кыргыз элинин мыйзамы
4-бет
Өзбек лидеринин кеңсесинен курал-жарак табылды
5-бет
Өгүз менен эшек
6-бет
КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК МАМИЛЕСИ ЗАМАН СЫНООСУНДА
7-бет
Дүйнө үч катмардан турабы?
8-бет
Ыйык Манас тоосу - Манаслу
9-бет
Спорт ардагерлери өсүп келаткан жаштарга жол бербей келген
10-бет
Дүйнө үч катмардан турабы?
11-бет
АКЫЛДЫН КВАДРАТЫ
12-бет
КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК МАМИЛЕСИ ЗАМАН СЫНООСУНДА
13-бет
Уйкусуздукту кантип жеңсе болот?
14-бет
Периштелердин пенделердин сезимин үзгүлтүксүз өстүрүү үчүн берген 300 суроо-жообу
15-бет
Жыйынтыксыз жыйын
16-бет
Акыл казынасынан...










??.??