Кыргыз гезиттери


п»ї

  КыҢыр иш кырк кҮнгӨ жетпей билинет...

Түштүктөгү жаңжалга тажик генералынын кандай тиешеси бар?
Бүгүнкү күнү Кыргызстандын эле эмес, дүйнө коомчулугу да түштүк жергебизде болгон кыргыз менен өзбек кагылышуусун талкуулап, бирок чыныгы себептерин билише элек. Бирок, бул эки элдин ортосуна от жаккандар Бакиевдер экендигине төмөнкү далилдерди окуган адам оңой эле ишенет.

Айтайын дегенибиз, Жаныш Бакиев Тажикстандын Тоолу Бадахшан облусунда жатып алып, коңшу өлкөбүздүн Улуттук коопсуздук кызматынын генералынын жардамы менен эки улуттун ортосундагы чыңалып турган абалды оңой эле курчутуп жиберген. Себеби, Ош жана Жалал-Абад облусунун тургундарыны айтымында, канчалык эки улут бири-бирин жек көрүп турганда да, мынчалык мыкаачылыкка (энелерди, он гүлүнүн бири ачыла элек балдарды өлтүрүүгө) барышмак эмес.
Бүгүнкү күнү, түштүктөгү чатакка Тажикстандын генералы Абдулло Назаровдун түздөн-түз тиешеси бар экендиги ачыкка чыгууда. Тактап айтсак, Ош жергесинде кыргыз-өзбек дебей аларды автоматтын огу менен кырып, көрүнгөн жерде жашынып, снайперлер менен терип аткан тажик улутундагы бир топ жалданма канкорлор кармалып, сурак беришүүдө. Биз мында тажик боордошторубуздун атына көө сыйпоодон алыспыз, бир гана жогорудагы генералдын былык кылыктарынын жүзүн окурмандарга ачып берүүнү туура көрүп олтурабыз. Жаман улут болбойт, жаман адам болот дегендей, кары-жаш, бала-аял дебей, четинен кырууга жөндөмдүү жалданма канкорлорду табуу да катардагы адамдын колунан келе берчү иш эмес.
Курманбек Бакиевдин иниси Жаныштын Тажикстандын Тоолу-Бадахшан облусунда жашынып жаткандыгы тууралуу маалыматтар мурда бир катар ММКларда айтылган эле, бирок аны анда ким канатынын алдында калкалап жаткандыгы тууралуу эч ким кабардар эмес эле. Көрсө, ал өзүнүн мурдагы "черный рыноктогу" бизнес өнөктөшү, Тоолу-Бадахшан облусу боюнча Улуттук коопсуздук кызматынын начальниги Абдулло Назаровдукунда конок болуп жүргөн экен. Аны досу дегенибиздин себеби, Афганистандан Орусия жана Европага кеткен жүздөгөн тонна баңги-заттар Орто Азия мамлекеттерин транзит катары колдоноору маалым. Ал эми убагында күч структураларын парда артында башкарган Ж.Бакиев ИИМдин баңги-бизнес менен күрөшкөн таза эмес кызматкерлерин четинен кармап, нарко каналдардын баарын бууй баштаган Баңги-заттарды көзөмөлдөө агенттигин жаптырганын анын кызматкерлери бүгүнкү күнү айтышууда. Кыскасын айтканда, мүнөздөрү төп келишкен жасалма генералдар Жаныш менен Абдулло бат эле тил табышып, кирешелүү баңги-бизнеси менен шугулданып жүргөнүнө бир топ эле убакыт болуптур. Тагыраак айтканда, Ж.Бакиев Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын 1-орун басары болуп дайындалганда, Абдулло Назаров да Тажикстандын Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчисинин орун басарлык кызматын аркалап келген.
Эң кызыгы, Кыргызстанда апрель окуялары болгон соң, май айында Тажикстандын Улуттук коопсуздук кызматынын начальнигинин орун басары А.Назаров өз суранычы жана каалоосу менен жетекчилигине кайрылып, Кыргызстанга чектешкен Тоолу-Бадахшан аймагына УККнын начальниги болуп дайындалат.
Эми, А.Назаровдун бейнесине сүртүм жасоо үчүн бираз артка кылчайсак. Ал 1991-жылы диний-экстремисттик иштерге активдүү аралашып кеткендиги үчүн Тажикстандын КГБсынан иштен айдалат. Ал эми Тажикстандагы жарандык согуш учурунда, оппозиция тарапта салгылашып, кийин Афганистанга качып, андагы моджахеддердин лагерлеринде башын калкалоого аргасыз болот. Тажикстандагы бийлик менен оппозиция бир пикирге келишкен соң, 30%тик квотанын негизинде Назаров Сог облусунун УККсынын жетекчиси, кийинчерээк республика боюнча төраганын орун басары болуп дайындалат.
Ал жетекчилик кызматка келээри менен таң калычтуу себептер менен анын атаандаштары жок болуп, же табышмактуу өлүмгө дуушар болушат(Кудум Ж.Бакиевдин иш-аракетиндей). Бирок, ал бийликке келсе да, мурдагы моджахеддер жана баш кесерлер менен байланышын үзбөстөн, тескерисинче күчөтүп, жакындашып, Тажикстандын борборун толугу менен өз көзөмөлүнө алууга жетишет.
Ушундай тажрыйбага ээ экендигин билген Жаныш көп ойлонбостон, өзүнүн кесиптешинин кызматын колдонууга бел байлап, Тажикстандын тоосун ашып кеткен. Жөнөкөй сөз менен айтканда, агасын эле эмес, үй-бүлөсүн да бийликтен кетирген элден өч алуу үчүн даяр баш кесерлерди багып жүргөн Абдуллого кайрылса, ал жашыл акчаларды көргөндө, кантип "жок" дейт. Себеби, ал үчүн да түшкө кирбеген акча таап калуу үчүн укмуштай мүмкүнчүлүк түзүлүп жатпайбы. ал вертолет менен курал-жаракты да, өзүнүн баш кесерлерин да Ошко таштап, жанагы күнөөсүз өзбектерди кырган ошолордун канкорлору болуп чыгып жатпайбы. Себеби, акыл эси ордундагы адам эч убакта эки жаштагы баланы оорукананын 5-кабатынан жерге ыргытпайт да, туурабы окурман? Же 10 жаштагы кызды зордуктап, боюнда бар аялдын курсагын бычак менен жара тартып, карып калган аксакалды койчосунан мууздап салбайт, да? Мындай зөөкүрдүк, мыкаачылык иштерди атайын жалданып жана Афганистан сыяктуу өлкөдө даярданып келген адамдар гана жасай алышы мүмкүн. Себеби, жөнөкөй жарандар дайым куралданып жүргөн ошол эле өзбек жана кыргыз улутундагы крим-чөйрөнүн жигиттерине кол сала алышмак эмес. Алар кол салмак тургай, өтө мыкаачылык менен аларды жайлашканы маалым. Ошол эле өзбек улутундагы кримавторитет Айбек Мирсидиковдун өлүмүн мисалга алсак эле жетиштүү.
Эң өкүнүчтүүсү, далай күнөөсүз адамдардын өмүрүн алган Жаныш жана Абдуллого окшогон погончон канкорлордун коңшу өлкөдө ээн-эркин басып, колуна кишен салынбай жатканында. Эгер, аларды азыр кармап камабаса, дагы далай адамдардын башын жутушу ажеп эмес. Себеби, бул эки жасалма генерал Ош жергесинде жашаган кыргыз менен өзбектерди гана чабыштырбастан, бул чатакка Кыргызстан менен Өзбекстанды тартууга аракет кылгандыгын укук коргоо органдарынын айрым кызматкерлери айтууда. Бирок, эки мамлекет ортосундагы кагылышуу Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун маселени тамырынан көрүп, эмоцияга алдырбай, даанышмандыгын көрсөткөндүгүнөн гана токтоп калды. Эгер, ал өзбек аскерин Кыргызстанга киргизүүгө буйрук бергенде, далай кандар агылмак...
Улан МАМБЕТОВ







кыргыз тилиндеги гезит "Нур Эл"
email • архив • редакция 
20-май, 2010-ж.:
1-бет
Манастын касиетин бил, Кыргыз
2-бет
Түштүктөгү жаңжалга тажик генералынын кандай тиешеси бар?
3-бет
Улуу кыргыз элинин мыйзамы
4-бет
Өзбек лидеринин кеңсесинен курал-жарак табылды
5-бет
Өгүз менен эшек
6-бет
КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК МАМИЛЕСИ ЗАМАН СЫНООСУНДА
7-бет
Дүйнө үч катмардан турабы?
8-бет
Ыйык Манас тоосу - Манаслу
9-бет
Спорт ардагерлери өсүп келаткан жаштарга жол бербей келген
10-бет
Дүйнө үч катмардан турабы?
11-бет
АКЫЛДЫН КВАДРАТЫ
12-бет
КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК МАМИЛЕСИ ЗАМАН СЫНООСУНДА
13-бет
Уйкусуздукту кантип жеңсе болот?
14-бет
Периштелердин пенделердин сезимин үзгүлтүксүз өстүрүү үчүн берген 300 суроо-жообу
15-бет
Жыйынтыксыз жыйын
16-бет
Акыл казынасынан...










??.??