Акыл казынасынан...

Майып көпөлөк
Күндөрдүн биринде бир киши отуруп, мындай бир окуяга күбө болот. Бир көпөлөк пиллада кичинекей бир тешикче ачып, бир нече убакыт бою ошол тешикчеден денесин чыгарууга аракет жасап жатты. Көпөлөккө алдыга жылууга эч дарманы, күчү жетпечүдөй сезилди. Колунан келген бардык аракетти жасап, башка кыла турган айласы калбагандай болду.
Ошентип, киши көпөлөккө жардам берүүнү чечти. Колуна кайчы алып, кичинекей тешикти чоңойто баштады. Бул тешиктен көпөлөк оңой эле чыгып кетти. Бирок, көпөлөктүн денеси кургап, кичинекей канаттары болсо бырышкан бойдон жатып калды.
Киши байкоосун уланта берди. Анткени, ал "көпөлөк канаттарын ачып, денесин көтөрүп асманды көздөй учуп кетет"- деген үмүттө эле.
Бирок, ал ойлогондордун бири да болгон жок. Көпөлөк жашоосунун калганын соолуган денеси жана бырышкан канаттары менен жерде сойлоп өткөрдү. Канчалык аракет кылса дагы учалган жок. Албетте, киши жакшы ниет жана кайрымдуук кылды. Пилладагы кичинекей тешикчеден көпөлөк кысылып, суурулуп чыкканда гана Жараткан анын денесиндеги суюктукту канаттарына жиберип, уча турганга мүмкүнчүлүк жана күч бермек.
Анткени жаратылыштын мыйзамы ушундай, "жашоо үчүн күрөшүү" дегендин мааниси дагы ушунда. Ар бир адам, ал турсун кыбыр эткен жандыктын бардыгы өз күчү, өз аракети менен гана жашоо үчүн күрөшө алса Кудай дагы түйшүк үчүн эки эселеп күч берет. Турмушта анык керек боло турган нерсе - аракет. Эгерде Жараткан бизди бардык нерсеге күч жумшабастан эле жетүүгө жол берсе, анда жогорудагы көпөлөк сымал майып болуп калат элек.




Акыл тамчылары
· Күчтүү болууну кааладым. Жараткан мага күчтүү болушум үчүн кыйынчылыктарды жиберди.
· Акылдуу болууну кааладым. Жараткан мага чечүү үчүн көйгөйлөрдү жиберди.
· Ийгилик кааладым. Жараткан мага акыл - эс жана ой - жүгүртүү күчүн берди.
· Сүйүү кааладым. Жараткан мага жардам бериш керек болгон, кыйналган адамдарды жиберди.
· Жакшылык кааладым. Жараткан мага мүмкүнчүлүктөрдү жиберди.
· Мен каалаган нерселерди Жараткан мага берген жок, бирок мен каалаган нерсеге жетүүм үчүн муктаж болгон нерселерди берди. Жашооңузду коркпостон өткөрүңүз. Кыйынчылыктардын баардыгына туруштук берип, аларды жеңип чыгаарыңарга ишениңиз.




  ӨмҮр зымырап...

Митхун 60ка чыкты
Советтер Союзунун убагында ар бир айылдын афишаларында Индия киносу баланча күнү болот дегенде карызга акча издеп, табылбай айла кеткенде үйдөгү бөтөлкөлөрдү өткөрүп болсо да билет алууга жан далбас урчу элек. Ал кезде өзгөчө Митхун Чакробарти катышкан кинолор өтө популярдуу эле.

Ал тартылган тасмада Митхун ырдаса кошо ырдап, кубанса кошо кубанып, ыйласа кошо ыйлаган күндөр, аттиң артка кайрылып келбээри бышык. Балким, ошол кезде адамдардын жан дүйнөсү бузулбай, булактай таза болгон чыгар. Ошондон улам, кинодогу бардык оң жана терс көрүнүштөрдү өзүбүздүн жан дүйнөбүз аркылуу өткөрчү элек. Эмичи? Айтайын дегеним, азыркы кинолордун дээрлик бардыгында мыкаачылык, варварлык, жырткычтык менен адам өлтүрүү көнүмүш адатка айланып калбадыбы...
Эң кызыгы, Советтер Союзу убагында миллиондогон адамдардын кумирине айланып, миллиондогон кыздардын жүрөгүнө чок салган "танцор" Митхун Чакробарти бүгүнкү күнү жашоосунун негизги бөлүгүн жашап өтүп, 16-июнда өзүнүн 60 жылдыгын белгиледи. Ал өзүнүн карьерасында 250дөй тасмага тартылса, ошонун ичинен 10 чакты киносу гана дүйнөнү багындырган. Ал эми акыркы жылдары Митхундун эфирден көп көрүнбөй калуусу, жогоруда сөз кылган 250дөй тасмасынын 200үндө терс каармандын ролун жаратып, коомчулуктун көңүл сыртында калган. Ошого карабастан, бүгүнкү күнү Митхун Индиядагы эң бай адамдардын катарына кирет.
Ал үч эркек, бир кыздын атасы. Азыркы тапта жашы өтүп калгандыктанбы, айтор жаш кезиндегидей кыйтыңдабай, убактысынын көбүн балдары менен өткөрүү менен алек.
Жахангир Эшенкулов




  жылмайып кой...

Анекдоттор
- Шалман досум үйдөбү?
- Үйдө, - деп аялы жооп берет, - аны эмне кылат элең?
- Миң сом карыз сурайын дедим эле.
- Сен да кызык экенсиң, - дейт шалмандын аялы, - миң сом болсо үйдө отурат беле досуң.
***
- Аялзатына кантип жагыштын жолун үйрөтөйүнбү?
- Үйрөтчү.
Жүз доллардык банкнотко ыр менен кат жаз...
***
- Бири-биринен уялуунун эң жогорку чеги кайсы?
- Ачкыч салган тешиктен бири-бирине чагылыша түшкөн көздөр!
***
Кыз:
- Жаш жигит сиз менен таанышып алсам болобу?
Жигит:
- Жок, менин сүйлөшкөн кызым бар, а аялым тууралуу эч унчукпай эле коеюн...
***
Таңкы саат төрт. Аптеканын күзөтүнүн босогосундагы кыз:
- Мага уйкусуздуктан арылтуучу дары бериңизчи?-дейт.
- Кандайынан?
- Бойго бүткөндү текшерүүчү тест.
***
- Эмкинин эркектери кандай?
- Эмкинин эркектери эртең менен жумушка майрамга жөнөгөндөй кетишет. Ал эми кечинде үйлөрүнө майрамдан келаткандай кайтышат.