Кыргыз гезиттери


п»ї
  Иш менен сӨз дал келбесе...

Жыйынтыксыз жыйын
Мүлдө Чычкан тукумдуулар чогулушуп,
Чо-оң короодо жолугушуп,
Курултай ачышты,
Кужулдашып жатышты.
Күн тартибине бир маселе коюлду:
"Кантип коргоонуу керек Мышыктан".
Ушул иш болду,
Алардын бүйүрүн кызыткан.
Аңгыча минтти бирөө
Чыга калып кычыктан,
Кызыган кезде жыйналыш:
- Чычкан аттуулардын баарында кыйналыш.
Мышыктан кырылып калдык кыйлабыз.
Байыңар бар,
Бакырыңар бар,
Балбаныңар бар,
Баатырыңар бар,
Айткыла,
Кандай акылыңар бар?
Айтор, ары кетишти,
Бери кетишти,
Акыры мындай деп чечишти:
- Коргонууга мыкты жол мына,
Коңгуроо тагуу керек
Мышыктын мойнуна!
Шыңгырап кыймылдаган сайын,
Угулуп турат дайым.
Ошентип,
Анын келатканын
Алыстан сезебиз,
Култ-култ ийинге кирип кетебиз.
" Бук жакшы акыл" - дешти,
Бир ооздон макул дешти.
Тараганы калганда аз эле,
Пайда болду
Да бир балакеттүү маселе:
- Көңүл бурбапбыз го ой буга,
Айткылачы,
Ким барып тагат коңгуроону
Мышыктын мойнуна?!
Болгон жок мен деп чыккан жан.
Кой,
- Күтө туралы дешти азыр,
Чычкан тукумунан чыкканча
Мышыктын мойнуна
Коңгуроо тага турган баатыр.
Ушундай токтом кабыл алышты,
Курултайды жабышты.
А менин эскертерим элге,
Эч качан натыйжа чыкпайт,
Иш менен сөз дал келбеген жерде.




Бакытка жетем десең
Турмушуң барган сайын татаалдашып,
Тургансып абысындар атаандашып.
Көр тирлик калып калбай, озуп кетпей,
Илээшип келе жатат катар басып.
Көп көрдүм бороондорун, шамалдарын,
Арбыбайт баскан менен кадамдарым.
Капырай, кыйшыгыма кыт-кыт күлүп,
Кыйкымчыл болуп барат адамдарың.
Кыйкымчыл кытмырларга айла барбы,
Колдонуп ойго келбес айла-амалды.
Алдамай, алып-жулмай, кара өзгөйлүк,
Баягы кайрымдуулук кайда калды?
Кайрылбайт суу сурасаң жаныңдагы,
Баары бир ага караң, агың дагы,
Алсызды жөлөп-таяп жардам берген
Ажатчыл салтың кана каныңдагы?
Өктөлүү тагдырыңа капасыңбы?
Өзүңдү өзүң жерип жатасыңбы,
Боюңдан жоготтуңбу, боорум кыргыз,
Боорукер, ажат ачкыч сапатыңбы?
Дат баспайт миң жыл жатса алтын гана,
Алтындай калкым, иштин артын кара.
Ыпылас, жат жоруктан сактап калаар
Ынтымак, намыска бек салтың гана.
Эркиндик коюң эмес корооңдогу,
Эскинин кыйын болор оңолмогу.
Кыйын болоор, кыргызым, кыйын болор
Оңой жеткен жеңиштин торолмогу.
Эгемендик орногон кылым мыкты,
Эгемен деп ырдаган ырың мыкты.
Арак эмес аракет жеңерин бил,
Азыр бизди кыйнаган кыйындыкты.
Базар болду барар жер, жатар жайың,
Көбөйүп шыр кетүүңдөн такалмайың.
Момундукту мойнуңдан алып салып,
Кайдигерлик каныңдан тазармайын.
Турган жумуш турмушка утулмайың,
Улам арбып сооңдон кутурмайың.
Чыгарың чын адамдык ариеттен,
Сары азезил Самаштан кутулмайын.
Арак курусун, аракты ичпеш керек,
Кылчактабай алдыңа тиктеш керек.
Сагызгандай талдагы шакылдабай,
Кумурскадай жабыла иштеш керек.
Таза болсун, намысың, арың дайым,
Турсун жанып жүрөктөн жалын дайым.
Кор болгонуң кор болгон, боорум кыргыз,
Жалкоолук жаман дарттан арылмайын.
Ыйлаган көп бул күндө ырдагандан,
Куураган көп чынында жыргагандан.
Ишенип кой, Ишибиз оңуп кетпейт
Чогоолсунуп чоңдору сындагандан.
Сынчыларым, Не келет колдоруңдан,
Чарчаганча чакчыгай болгонуңдан,
Майнаптуу бир жыйынтык чыкпады го
Керең кулак кеп жебес чоңдоруңдан.
Алар биле-ет, бийикке чыгып алган,
Алар кыйы-ын, ыкчууга ыгып алган.
Шамал кирбес шалпайган кулагына,
Шампандай кепкектерди тыгып алган.
Эмне кымбат чынында асыл жандан,
Кагуу жейсиң бир күнү катылгандан.
Билип кой, май көл, сүт көл орной калбайт,
Кыйынсынып ажого асылгандан.
Издеген бар туюктан чыкчу жолду,
Издегендер табышаар мыкты жолду.
Баары бүтүп калгансып, башканы кой
Иттин уулу байгары сынчы болду.
Ууртуңдан ак көбүк чачылганча,
Сайрай бербей, эй сынчым, акыл калча.
Элди сүйгөн чыныгы уул болсоң,
Жардам бергин жабыла асылганча.
Сен таптаза башкалар ылай эмес,
Сен кара тал башкалар куурай эмес,
Жыргал заман орнотуп ийе турган
Ал да биздей бир киши Кудай эмес.
Жалгыз дарак шуулдап токой болбойт,
Баары сонун, падыша мокой болбойт.
Ойлон сынчым, жабыла иштебесек,
Он падыша келсе да ишиң оңбойт.
Малга салып манчаңды жалап турбай,
Өзүң жыргап, өзгөдөн талап кылмай
Тыңдыгыңды токтотуп такылдагым,
Кол кабыш кыл компоюп карап турбай.
Чегинүүсүз жеңиш жок.
Жеңиш керек.
Бир пикирге,
Бир ойго келиш керек.
О кыргызым, ооз менен орок орбой,
Акыл-эсти жумушка чегиш керек.
Душманың ким, досуң ким ылгооң керек,
Эгемендин ырларын ырдооң керек.
Кыйындыктан чыгуунун жолу бирөө:
Сен иштесең мен карап турбоом керек.
Колдон келген жумушту иштеп бергин,
Жолоочудай жогуңду издеп келгин,
Чымын болуп мурдуңду майга малбай,
Чымчык болуп бир чырпык тиштеп келгин.
Кээ бир кезде дүркүрөйт денем менин,
Келесооң ук!
Ук жана кеменгериң.
Эл мөгдүрөп, кыйналып турган чакта,
Эл тонобой, эл тая эрендерим.
Арбысын алга баскан кадамдарың,
Бириксең билем тоодой чамаң барын.
Өзгөнүн майрыгына сын такканча
Өзүңдү өзүң түзө жарандарым.
Картың бүтпөйт кайра-кайра тырмаганда,
Кардың тойбойт калкылдап сындаганда.
Кардың тоет, кыргызым качан гана,
Кара жерди тытынып тырмаганда.
Эй кыргызым, энөөлүктүн алдын тороп,
Эмгек кыл,
Эмгек кылсаң кардың тоет.
Майнап чыкпайт базарды аңдыгандан,
Мал өстүрсөң - май-сүткө кардың тоет.
Каттуурак күч келтирип каламыма,
Кайрылам, кыргыз, ар бир адамыңа.
Тилиң мен кур бекер такылдабай,
Ишиң менен үлүш кош заманыңа.
Ар таңда тилек тилейм жасагандан,
Күн нуру жанып турсун асабамдан.
Ач жүрүп эркин болуу кандай бакыт,
Ток жүрүп күнкор болуп жашагандан.
Козгосун ырым сенин делебеңди,
Кооздо эмгек менен ЖЕР ЭНЕҢди,
Бакытка жеткиң келсе, боорум кыргыз,
Балаңдай бапестеп бак ЭГЕМЕНди!
Эсенгул Ибраев




Калеми
Кармаганда каным дүргүп, чыйралам,
Орошон бир ойлор келет туйлаган.
Сапар жолдо төш чөнтөктө болбосо
Түгөйүмдү жоготконсуп кыйналам.

Калем менен сөз терметип, ой куба,
Өмүр бою катып келем койнума.
Көзүм өтсө калемсаптын сүрөтүн,
Мүрзөмдөгү ташка чегип койгула?!

Эстелик таштарындагы жазуулардан
Кош эми, өкүнчү көп жалган дүйнө,
Пайгамбар, падышадан калган дүйнө.
Элимен алганым көп, бергеним аз,
Жетишпей калбадымбы, арман дүйнө!

Уурдатып убадага жылдарыңды,
Ата - Журт билем ооруп турганыңды.
Жан тартып, жакшы сөздү айтамын деп,
Жараңдын оозун кайра тырмадыңбы?

Ачууң-акактаткан аптабыңды?
Жамгырың-жашың төгүп жатканыңбы?
Капилет канга боёп капчыгайың,
Кас душман каап өттү капталыңды.

Көбөйүп көкүрөгү бечелдериң,
Кертилип кете берер бекем жериң?
Мезгилдин кан тамырын кармай албай,
Улуттун ошол окшойт улуктугу.

Каткан чындык чындыкпы?
Же чын эле "өрдөк жокто чулдукпу?"
Кандай бийлик болсо деле кулдукпу?
Көкүрөктү жара тээп чыгалбай,
Көмүскөдө каткан чындык чындыкпы?

Кайышып турат кабыргам
Күмүштү кумдан иргедиң беле?
Көңүлүм чөгүп кирдедим неге?
Күлүстөн эрлер күйдүм чок болуп,
Күйүттө жүрсө билбедиң неге?

Күлүктүн жонун жоорутту кимдер?
Булактын көзүн соолутту кимдер?
Эшиктен кирип төрүңдү бийлеп,
Ата-Журт сени оорутту кимдер?

Аргымак жону тешилди бүгүн,
Сыр аяк сыры жешилди бүгүн.
Журтуңа жугум боло албай жүрүп,
Ургулай бербе төшүңдү бүгүн.

Каруу-күч кетсе белиңдин шору,
Кадырды билбес келиндин шору.
Калкына айтар чындыктан качкан,
Кадырсыз бийлик элимдин шору.

Бөксөргөн идиш толбоочу беле,
Күн көзүн көргөн тоңбоочу беле.
Журтуна баш-көз болуучу уул,
Өз элин өзү кордоочу беле?
Бир таман жол
Куну качып, калкып чыкпай каймагы,
Кемип турат кебиңдин бир кайнамы.
Эстүүлүк кыл, эшикти жаап сыртынан,
Баш оорутуп, жомок айтпай кайдагы.

Тургунбек Бекболотов







кыргыз тилиндеги гезит "Нур Эл"
email • архив • редакция 
20-май, 2010-ж.:
1-бет
Манастын касиетин бил, Кыргыз
2-бет
Түштүктөгү жаңжалга тажик генералынын кандай тиешеси бар?
3-бет
Улуу кыргыз элинин мыйзамы
4-бет
Өзбек лидеринин кеңсесинен курал-жарак табылды
5-бет
Өгүз менен эшек
6-бет
КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК МАМИЛЕСИ ЗАМАН СЫНООСУНДА
7-бет
Дүйнө үч катмардан турабы?
8-бет
Ыйык Манас тоосу - Манаслу
9-бет
Спорт ардагерлери өсүп келаткан жаштарга жол бербей келген
10-бет
Дүйнө үч катмардан турабы?
11-бет
АКЫЛДЫН КВАДРАТЫ
12-бет
КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК МАМИЛЕСИ ЗАМАН СЫНООСУНДА
13-бет
Уйкусуздукту кантип жеңсе болот?
14-бет
Периштелердин пенделердин сезимин үзгүлтүксүз өстүрүү үчүн берген 300 суроо-жообу
15-бет
Жыйынтыксыз жыйын
16-бет
Акыл казынасынан...










??.??