Кыргыз гезиттери


п»ї
Уйкусуздукту кантип жеңсе болот?
Жашообуздун үчтөн бир бөлүгү уйкуда өтөт. Уйку чарчаган жана жукарган нерв системасынын эс алып жаткан бир убагы. Бул процесс болуп жаткан убакта, бир күн боюу топтолгон маалыматтар жыйналып, кийинки күнгө даярданат. Нормалдуу эс алуу үчүн чоң адамдарга күнүнө 7-8 саат уйку керектелет. Кээ бирлери күндө 3 эле саат укташса, айрымдары 8-9 саат уктаса дагы өздөрүн эс алгандай сезишпейт. Окумуштуулардын айтуусу боюнча, эрикчел жана үмүтсүз адамдар көбүрөөк укташат. Үмүттүү адамдар болсо уйкуну аз талап кылышат. Азбы же көпбү баары бир ар бир адамдын уйкуга муктаждыгы бар. Уктабастан жакшы жашоо өткөрүү мүмкүн эмес. Окумуштуулар лабароториялык иштердин натыйжасында көп убакытка уктабаган адамдарда маанилүү руханий жана тулку боюндагы проблемалар пайда болорун байкашкан. 60 саат уйкусуз калган адамдын денесинде өзгөрүлөр болуп, моюн булчуңдары күчсүздөнүп, колдору титирей баштайт. Ал эми 90 сааттан ашык уктабаган адамдын көзүндө кыялдануу көрүнбөй, өзү кайсы жерде экенин да биле албай калат. Бул нерсе 2 же 3 күн уктаганда гана араң өтөт. Уйкусуздук адамдын табигый жашоосуна абдан терс таасир этет.

Уйкуну келтирбей кармап туруу үчүн эмне кылыш керек?
Сагыз же кургатылган жер-жемиш чайнаганда жаак сөөктөрү иштеп, ал уйкуну келтирбөөгө жардам берет. Кофе менен чайды уйкусуздук үчүн колдонууда абайлаңыз, өтө көп ичүү жүрөктүн согушун тездетип, артериалдык кан басымды көтөрүп жиберет. Бул учурда муздак аба, муздак сууга чайкануу денеңизди сергитип, уйкуңузду умачтай ачат. Бирөөлөр менен жандуу сүйлөшүү, үн чыгарып ырдоо да жабышкан көздөрүңүздү ачат.

Уйкуга эмнелер тоскоол?
Кофе, кызыл чай, коко-кола уйкуну бузат. Жакшы укташ үчүн, валериана чөптөрүнөн демделген чай же бир стакан жылуу сүт жутуңуз. Жатаар алдында буркурата чегилген тамеки, алкоголь ичимдиктери тынч уйкуну жоготот. Түнкү ичилген коньяктан кийин болсо таңында ойгонуу, калыбыңа келүү өтө кыйын. Жатаар алдында күчтүү тамактанып алганда организм тамак сиңирүү менен алектенип, уйку менен эс алдырууга күчү жетпей калат. Жумшак төшөк, чоң жаздык денени жакшы эс алдырбайт, тынч уктоого тосколдук кылат.
Уктоочу бөлмөдөгү турган иш столу, компьютер уктоого терс таасирин тийгизет. Баш жагыңызда турган сааттын "бетин" тескери буруп коюу оң натыйжа берет. Уйкудан дайым жапа чегип жүргөн адам жөнү жок ачууланып, сөз көтөралбай, нерви чыңалуу абалында жүрөт. 1896-жылы эле америкалык доктурлар нерви жайында, ден соолугу чың адамдарга тажрыйба жүргүзүп, аларды 90 сааттык түнкү эс алуусунан ажыратышкан. Натыйжада: 2-3 күндүк уйкудан калган адамдар аң сезимдүү ойлонуу, көңүл буруу, маалымат кабыл алуудан калып, жашоого болгон сезимталдыгын, кубанычын жоготушкан. 5 күнгө чейин уктабагандары болсо соо абалында айтпачу сөздөрдү сүйлөп, дөөрүгөн абалга жетишкенде - доктурлар андан ары тажрыйбаны улантуудан чочулашып, дароо токтотушкан. Ал эми Чикагонун медициналык борборундагылар жүздөгөн жубайлардын ажырашуусун көзөмөлдөп, уйку сүйүүчүлөр оор, кайгы-капа бастырган ажырашууну оңой көтөрөрүн далилдешкен. Кыргызча айтканда, "санаасы жок -уйкучу" беле...
Жумуштан үйгө келдиңиз дейли, бир жакшы уктап эс алгыңыз келет. Ал эми канча аракеттенсеңиз да уйку жок. Бир саат жатасыз, эки саат, үч саат, анан туруп уйкунун дарысын ичесиз. Ушундан кийин уктадыңыз дейли, бирок эртең менен баш көтөрүлбөй денеңиз жанчылгандай оорлошуп калат. Ушундай абал бир нече кайталангандан кийин, уйку кача баштайт. Бирок ушул абал көп убактарда жөн эле бир жөнөкөй гигиеналык эрежени бузганга байланыштуу болушу дагы мүмкүн. Маселен, уктоочу бөлмө үп болуп, дем алууга кыйын же жамынып жаткан жууркан өтө жылуу болгондуктан да уйку качат. Болбосо жатарда кофе же кара чай ичсе да ушундай абалга алып келет.
Ошон үчүн уктаарда ушул өңдүү уйкуга зыяны тийүүчү тамак-аштан алыс болуп, бөлмөнү желдетип алуу керек, чай же кофенин ордуна жылуу сүт, ромашканын кайнатмасы же бир чай кашык бал кошулган жылуу суу ичсеңиз, булар уйкуну тезирээк чакырат.

Суудан соң сулаңыз...
Бир күндүк чарчооңуздан кутулууга жылуу ваннадан өткөн керемет жок. Ал эми ага бир канча чөптүн түрүнөн салып жатсаңыз - мемиреген уйкуга жетеленип, түнүңүз бейпил болот.
Кечки тамактан бир саатт өткөн соң 37-38 градус температурадагы сууну толтуруп, 50 граммдан жалбыз, ромашка, мелисса, календула, роза гүлүн же өзүңүзгө жыты жаккан башка бир чөптөн кошуп, сууда 20 мүнөт жатып эс алыңыз (андан ашыкча эмес). Мындан соң дароо жатууга камданыңыз.
Бөбөк балдар уйкусунун канбаганынан улам чалынып жыгылуу, денесин кокустатып алууга көп чалдыгышат.
Өспүрүмдөр наристелер сыяктуу эле 8, 5-9 сааттан кем уктабашы керек. Тилекке каршы, алар улуулардын жашоосу менен жашап, убагында эс алышпайт. 17-19 саат уктабаган айдоочу мас адамдан жаман. Жолдо баратып уктап кеткен айдоочунун айынан көптөгөн автокырсыктар кездешет.
Уйкудан калган адам эртең мененкисин кебетеси жагымсыз тартып, өз жашынан улуу көрүнөт. Түндүн бейпили, күндүн куунагы жакшы.
Уйку - денеңиз эс ала турган, көңүлүңүз тынч ала турган жай. Башкача айтканда, акысыз санаторий десек да болот. Эч кандай аракет кылбай, акча коротпой эле уйкунун кучагында жатканда өзүңүзгө, ден соолугуңузга көп пайдалуу нерсе аласыз. Тынч уктап, бейпил түн өткөргөн адамдын ден соолугу да жакшы, жашоосу да сергек болот.

Акыл көрөңгөңдү сакта
Эртең мененкисин уйкусу канбай туруп кеткен адамдын организми уйку-соо абалында кала берет. Мындай убакта кан катмарыңыз жай согуп, ички органдарыңыз да ишке жакшы киришпей, тамакка табит тартпайт. Уйку канбаган убакта сырткы суукка жылуу кийинип чыгуу да таасир бербей, адам чыйрыга берет. Уйкусуздук менен жабыркагандарга оору бат жугуп, сакайуу кыйындыкка турат, организм алсыз болот. Аз уктаган адам акыл калчоо жагынан да аксайт. Канадалык профессор Стенли Ковендин айтуусу боюнча, уктабай калган ар бир саатың аң-сезимиңди 1% ге төмөндөтөт. Анын жүргүзгөн тажрыйбасы суткасына 3 саатка кем уктагандардын акыл көрөңгөсү 15%ге төмөндөгөнүн көрсөткөн.
Даярдаган Раиса ТАБАЛДИЕВА







кыргыз тилиндеги гезит "Нур Эл"
email • архив • редакция 
20-май, 2010-ж.:
1-бет
Манастын касиетин бил, Кыргыз
2-бет
Түштүктөгү жаңжалга тажик генералынын кандай тиешеси бар?
3-бет
Улуу кыргыз элинин мыйзамы
4-бет
Өзбек лидеринин кеңсесинен курал-жарак табылды
5-бет
Өгүз менен эшек
6-бет
КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК МАМИЛЕСИ ЗАМАН СЫНООСУНДА
7-бет
Дүйнө үч катмардан турабы?
8-бет
Ыйык Манас тоосу - Манаслу
9-бет
Спорт ардагерлери өсүп келаткан жаштарга жол бербей келген
10-бет
Дүйнө үч катмардан турабы?
11-бет
АКЫЛДЫН КВАДРАТЫ
12-бет
КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК МАМИЛЕСИ ЗАМАН СЫНООСУНДА
13-бет
Уйкусуздукту кантип жеңсе болот?
14-бет
Периштелердин пенделердин сезимин үзгүлтүксүз өстүрүү үчүн берген 300 суроо-жообу
15-бет
Жыйынтыксыз жыйын
16-бет
Акыл казынасынан...










??.??