Кыргыз гезиттери


п»ї
  Эрегиштен эр ӨлӨт...

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК МАМИЛЕСИ ЗАМАН СЫНООСУНДА
(Башталышы 6-бетте)
Элдин эркиндигин көрө албаган, демин суутуп, маанайын пас кылууну көздөгөн сырткы гана эмес, ичтен чыккан душмандар чоң коркунуч келтирүүдө. Учурунда эгемендүү, көз карандысыз мамлекет дегенди куру сөзгө айланткан жана элди кул мүнөз абалга алып келүүгө аракет кылып, мектептердин, айыл-чарбасынын талканышына, элдин ден соолугун жоготуп жарым-жапайы абалга келишине, жүз миңдеген кыргыздын кыздарынын жана уулдарынын чет өлкөлөргө сатылышына, кул сыяктуу иштешине шарт түзгөн А.Акаевдин доорун калыбына келтиребиз деген күчтөр азыр жанданып алып "кыргыз эли", "Манас" деп кыйкырып, бийлик үчүн, элдин назарын алуу үчүн жан далбас кылууда. Билими даярдыгы аз болсо да элдин көкүрөгүндөгү сөзүн айткан А.Бекназаровдун, Ошто Р.Отунбаеванын эл менен жолугушуусунда дүжүр чалдардын ач кыйкырыгына кабылып турушу жөн жерден чыккан көрүнүш эмес.
Көкүрөгү көр, дүйнөсү тар, пас адамдар жаш-карысына карабай аларга жана сырткы күчтөрдүн таасирине берилип куурчак болуп берүүдө. К.Бакиев жана анын жанындагылар да ушундай адамдардын пендечилик абалынан өйдө боло алышпады. Актыктын жолун бууп, адилетикке чек коюп, чындыктын жолун тосуп бийликке жеттик деп манчыркоонун акыры жакшылык менен бүткөн жок. Экономикалык өнүгүү, байлык кыргыз эли үчүн эркиндик менен адилеттиктен ылдый тураарын түшүнүү болбоду.
Ушундай абалда турганда биз үчүн ата-баба салтын сактаган боордош элдер биздин таянаар тообуз, бир канатыбыз экендигин түшүнөөр кез келди. Тар дүйнөнү кеңейтип, кайсы дүйнөдө кимдердин курчоосунда жашап жатканыбызды билишибиз керек.
Коңшу бир тууган элдер менен адамгерчилике негизделген адилет мамиле түзө билүүнүн зарылдыгы ачык көрүнүүдө. Өзбек эли кыргыздар үчүн маданияты, тили окшош жана дүйнөдөгү көптөгөн башка элдерге салыштырганда алда канча жакын боордош эл экендигин эске алуу шарт. Улут, эл аралык карым-катыш тууралуу сөз кылганда, аны айтылып жаткан элдердин өткөн жана азыркы тарыхынан ажыратып кароо мүмкүн эмес. Ар дайым улуттар ортосундагы мамиле тарыхый кубулуштардын чордонунда турат. Тарыхты ак тилек менен изилдеп жоромолдоо биздин келечектеги ынтымактын өбөлгөсү.
Бекеринен илгерки жунгар-калмак баскыны-кыргыны учурунда кыргыз-казактар Анжиянга барып токтобогондур. Атаке баатырлар ошол Анжыян аймагынан кол курап өз мекенин баскынчылардан тазалаганы санжырачыларга кеңири белгилүү.
Азыркы учурда кыргыздардын жана өзбектердин элдик маданиятындагы жалпылыктарды аныктоодо жана аларды тарыхый жактан азыркы күндөгүсүн да салыштыруу үчүн бул элдердин өз ара карым-катышынын тарыхына токтолуунун мааниси чоң. Көптөгөн кылымдар бою эриш-аркак болуп жанаша жана аралашып жашап келе жаткан кыргыздардын жана өзбектердин өсүп-өнүгүш тарыхы көп жагынан бирдей.
Тарыхты изилдеген окумуштуулардын көз караштары боюнча Борбордук Азияда жашаган элдердин калыптанышынын жалпы тарыхы бар. Кыргыз жана өзбек элдери байыртан эле Давань мамлекетинин (байыркы Парганада) территориясында жашап келген жана жашап жатышат.
Тарыхчылардын жана этнографтардын (И.Жабборов ж.б.) пикири боюнча, өзбек элинин курамына кыпчак талаасынын уруулары кирген жана ал уруулар кыргыз элин түзүп турган уруулар менен бирдей экендиги айтылат. Өзбек элин түзгөн урууну баяндаган санжырада сарай, коңурат, кыпчак, найман, кытай, кушчу, арпай, маңгыт, меркит, кыргыз, тубай, уйгур уруулары аталат.
Өзбек эли өзүнчө эл катары калыптанган ХVI кылымга чейин өнүгүшүнүн, калыптанышынын тарыхы кыргыз эли менен бир болгондуктан, эки эл биргеликте көп жолу тышкы душмандарга каршы турушкан. Кокон хандыгы тушунда чет жерлик басып алуучулар болушкан Бухара эмиринин аскерине каршы согушта жана Кокон хандарынын эмгекчи элди эзүүсүнө каршы болгон күрөштө кыргыздар менен өзбектер биргеликте туруп күрөшкө чыгышкан.
Эркиндик, калыстык үчүн орус падышачылыгына каршы күрөштө жана Анжиян көтөрүлүшүн кыргыздар менен өзбектер биргеликте уюштурушкан, биргеликте жапа чеккен, дарга асылган, сүргүнгө айдалган.
Совет доору кыргыз жана өзбек элдеринин тарыхындагы өтө чоң бурулуштардын мезгили. Советтик доор көптөгөн элдер, улуттар сыяктуу эле кыргыз жана өзбек элдеринин келечек тарыхын жана тагдырын аныктаган учур болду.
ХХ кылымдын 20 - жылдарында кыргыз элинин алгачкы агартуучулары жана совет мамлекетинин маданиятынын түптөлүшүнө чоң салым кошушкан кыргыз элинин алдыңкы интеллигенттери К.Тыныстанов, А.Садыков, Б.Данияров, К.Карасаев ж. б. Ташкент шаарында (САКУ да ) билим алышканын дагы эске салып кетсек ашыкча болбос.
Кыргыздар менен өзбектер бир тууган элдер катары дайыма ынтымакчылыкта жанашып, чогуу тиричилик өткөрүп келишкендигине көптөгөн тарыхый фактылар күбө болот. Айрым фактыларды келтире турган болсок, Кокон хандыгы тушунда Фергана өрөөнүндөгү эң таасирлүү даткалар Алымбек жана Курманжан элди "сен кыргыз, сен өзбек, сен кыпчак" деп ажыратпастан кыргыз-өзбекке бирдей калыс жетекчилик кылышкан, жери жок өзбектерге кыргыз талааларынан жер бөлүп беришкен. Совет мезгилинде Кыргызстан жана Өзбекстан республикаларынын түптөлүшүнө чоң салым кошушкан Ю.Ахунбаев менен А.Орозбеков жаш кезинен бери чогуу байларга жалданып навайчы, арабакеч(кирекеш) болуп иштеп жүрүшкөн, алар дайыма турмуштук ар кандай кыйынчылыктарда бири-бирине колдоо көрсөтүшкөн.
Кыргыз мамлекетинин белгилүү ишмери Казы Дыйканбаевдын эскерүүсү боюнча Исках Раззаков бир тууган өзбек эли жана аны жетектеген Шараф Рашидовдой көптөгөн улуу адамдар менен да тагдырлаш болгон, алардын окуп билим алуусуна көмөктөшкөн.
Казы Дыйканбаевдын айтуусунда аны менен бирге иштеп, эл-журт үчүн деп чоң иштердин башын баштоого аракет кылган бул адамдын Өзбекстандан Кыргызстанга которулуусуна себепчи Усман Юсупов жөнүндө да эскерип өтөлүк. Ал Казы Дыйканбаевге: "Кыргыздар, - менин таекелерим болосуздар", - деп айтып, Өзбекстандын көптөгөн жогорку кызмат иштеринде иштеген мамлекеттик ишмерлердин кыргыз экендигин билдирген. Исках Раззаковдой кыргыз уулдарынын өсүшүнө камкордук көргөн Усман Юсуповдой өзбек элинин көрүнүктүү ишмерлери ошол учурда элдердин бир туугандык мамилесин чыңдап жакындоосуна чоң салым кошкон.
Исках Раззаковдун Кыргызстанга келиши менен элге камкордук көрүү максатында чоң иштер башталган. Бирок бул иштерди анын жана ошол кезде Министрлер Советинин Председателинин кызматында иштеп турган Казы Дыйканбаевдын кызматтан алынышынан кийин ачык жасоого мүмкүн болгон жок.
Аларды кызматтан алууга чыныгы себепкер болгон төрт расмий документ: 1)"Республиканын мектептериндеги окуучулар үчүн эртең менен акысыз ысык тамак берүүлөрдү уюштуруу жөнүндөгү" партиянын Борбордук Комитети менен Министрлер Советинин биргелешкен токтому, 2)"Балдардын ооруларын азайтуу чаралары жөнүндөгү" Министрлер Советинин токтому; 3) "Республиканын атайын орто жана жогорку окуу жайларында кыргыз жаштарынан адистерди даярдоону жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө" партиянын Борбордук Комитети 1958-жылдын августунда кабыл алган токтому; 4) "Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитети жана Республиканын Министрлер Совети биргелешип 1958-жылы кабыл алган "Орус мектептеринде кыргыз тилин окутуу жөнүндөгү" токтому эле.
Бул документтерди кыргыз элине, айрыкча жаштарга, анын ичинде жаш жеткинчектерге арналып, келечек муундарыбыздын камын көрөлү деген улуу аракеттин күбөсү катары бааласак болот. Алар азыр да өз маанисин жана баасын жоготкон жок. Мисалы, согуш башталаары менен орус мектептеринде кыргыз тилин окутуу эч кандай чечимдерсиз эле токтолуп калган. Борбордук Комитетте, министрликтерде жана ведомстволордо да кыргыз тилин окутуу токтолгон. Кырдаал оор эле. Ошол себептүү 1958-жылы кабыл алынган токтом менен кыргыз тилин окутууну кайра киргизүүнү көздөгөн. Бул маселе азыр дагы курч абалда. Орус тили менен кыргыз тилин катар коюп иш алып баруу барган сайын кыргыз тилин талкалап орус тилинин механикалык котормосуна айландырууда. Ошондуктан, Кыргызстандагы өзбек эли тарабынан кыргыз тили биздин өз тилибиз деген колдоосуна муктаж. Кыргыз жана өзбек тилдери кытай, парси, орус, англис тилдерине салыштырганда абдан жакын. Кыргыздардын жана өзбектердин тарыхый өнүгүшү бир деп айтууга алардын жашоо образында, каада-салттарында, үрп-адаттарында, маданияттарында жалпылыктар бар, ошондой эле алардын дининин, тилинин бир болушу да кыргыз мамлекетинин келечеги үчүн биримдикте аракет кылууга мүмкүндүк берет.
Мурда Өзбек совет республикасынын жетекчилеринин колдоосу менен кыргыз тилин көтөрүү үчүн болгон аракеттердин жыйынтыгы тууралуу Казы Дыйканбаев өзү мындайча эскерет: "И.Раззаковду жана мени КПСС БКнын катчысы, анын Саясий Бюросунун мүчөсү Ф.Р. Козлов Москвага чакырып алып: "Силер Союздук Өкмөттөн да жакшыраак көрүнөлүк дедиңерби? Элдин алдында оңой-олтоң эле кадыр-баркка ээ бололук дедиңерби? Биз силерге өмүр бою эсиңерден кеткис, силерге да, балдарыңарга да, неберелериңерге, чөбүрөлөрүңөргө да сабак болгудай, алар эч качан союздук мыйзамды бузбагыдай кылабыз" деди. Ал эми КПСС БКнын бөлөк кызматкерлери орус мектептеринде кыргыз тилинин киргизилишине кескин терс пикирлерин билдиришип, мындан "улутчулдуктун жыты буркурап турат" деп күнөөлөштү",- дейт Казы Дыйканбаев аксакал.
Бул жогоруда келтирилген фактылар көрсөтүп тургандай өзбек элинин арасында тарбия көрүп өскөн Исках Раззаковдой кыргыз азаматтары өз тили, эли үчүн күйүп, мамлекеттик деңгээлде иш жасашкан.
Фергана өрөөнүндө жашаган уюткулуу элдин кыргыз элинин маданиятынын өсүшүнө, мамлекеттүүлүгүнө тийгизген таасири бар.
Азыркы кезде өзбек мамлекети өз ар-намысын сактап, чыныгы көз карандысыз саясатты жүргүзүүнүн аракетинде. Өзбек республикасынын жетекчилигинин туура саясаты, анын жетекчиси Ислам Каримовдун кыргыз элине урмат кылган мамилеси жана эң башкысы өз эли үчүн чындап күйгөндүгү - бул биздин региондогу прогресивдүу көрүнүштөрдүн бири. Анын "өзбек эли үчүн менин жаным курман" - деген сөзүнүн мааниси да анын ушул кан күйгөн окуялардан кийин ачык көрүнүүдө. Бул адамдын акылдуу, адилет саясаты мамлекет аралык, эл аралык алаамат жаңжалдын чыгышынын алдын алды. Ошол эле учурда биз үчүн өзбек элинен да жакын деген казак элинин мамлекетинин башында турган адамдардын кыргыз элине, мамлекетине болгон ойлору барган сайын ачык көрүнүүдө. Азыр бардыгы сыноого алынып кимдин ким экендиги көрүнүп турган чак. "Бир боорлор, бечера мамлекетке жардам" деген куру кыйкырыктын артында реалдуу иш жок экендиги элдердин бир туугандыгына шек келтирип турган учур.
Мына ушундай шартта кыргыз маданияты менен тили, экономикасы өз алдынча чыныгы өнүгүп-өсүп кетүүсү бир тууган элдер менен чыныгы кызматташтыкка, биринчи иретте өзбек мамлекети жана эли менен алысты көздөгөн адилет мамилеге, карым-катнашка муктаж.
Эмиль КАНИМЕТОВ,
философия илимдеринин кандидаты




кыргыз тилиндеги гезит "Нур Эл"
email • архив • редакция 
20-май, 2010-ж.:
1-бет
Манастын касиетин бил, Кыргыз
2-бет
Түштүктөгү жаңжалга тажик генералынын кандай тиешеси бар?
3-бет
Улуу кыргыз элинин мыйзамы
4-бет
Өзбек лидеринин кеңсесинен курал-жарак табылды
5-бет
Өгүз менен эшек
6-бет
КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК МАМИЛЕСИ ЗАМАН СЫНООСУНДА
7-бет
Дүйнө үч катмардан турабы?
8-бет
Ыйык Манас тоосу - Манаслу
9-бет
Спорт ардагерлери өсүп келаткан жаштарга жол бербей келген
10-бет
Дүйнө үч катмардан турабы?
11-бет
АКЫЛДЫН КВАДРАТЫ
12-бет
КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК МАМИЛЕСИ ЗАМАН СЫНООСУНДА
13-бет
Уйкусуздукту кантип жеңсе болот?
14-бет
Периштелердин пенделердин сезимин үзгүлтүксүз өстүрүү үчүн берген 300 суроо-жообу
15-бет
Жыйынтыксыз жыйын
16-бет
Акыл казынасынан...










??.??