ЖаркылдайсыҢ жайнайсыҢ...

Чынында эле сен кимсиң аялзат?! Балаң үчүн карууңду казык кылып түн уйкуңдан, күн тынымдан кечип, кара чачың куу болгуча кара жаныңды карч урган, күйөөңдүн токмогун жеп алып, ал ооруп калса же башына иш түшсө кайра эле ага үйрүлүп түшкөн, анын намысын коргогон камкорсуңбу!? Же ажылдап атып аны аракечке айланткан, аялзатына таандык назик мүнөзүң калып, ал бир муштаса сен эки муштап эрегишкен, акыры аны бычак көтөргөнгө же муунуп өлгөнгө аргасыз кылган канкорсуңбу!? Деги сен кимсиң?! Үйбүлөнүн куту, ыйык мээрман эне, жаншерик жарсыңбы? Мажнун болгон жигитиңе колу жеткис Айсыңбы? Же айтып келатышкандай эркекке эрмек болуу үчүн анын кабыргасынан жаралган кадыресе эле бир жансыңбы? Көптөгөн чыгармалар сени кол жеткис бийиктик катары даңазаласа, айрымдары жериңе жеткире жамандашат. Көптөр сен дегенде акылдан адашат, жеткенден кийин жекире карашат. Сени коргоп да, кордоп да келишет. Деги сен кимсиң?

СЕН КИМСИҢ, АЯЛЗАТ?
Адамзат жаралганы эле сага карата түрдүү пикирлер айтылып келет. Ал түгүл орто кылымда Европанын бир жеринде "Аял адамбы же адам эмеспи?" деген талкуу жүргөнү, акыры аял адам эмес деген пикирге келишкени эсиңдеби? 1595ж. Албанияда "Аялдын адам эместиги жөнүндө" деген китеп жарык көргөнүн билесиңби? Ал эми 19-кылымдагы немец философтору Артур Шопенгауэр сени казга, Фридриц Ницше мышыкка окшоштурганы жөнүндө кабарың барбы? Бир аялдын көп күйөөгө тийүү фактысы бар болсо да, ал океандын тамчысындай эле болгон көрүнүш эмеспи. Ал эми эркектердин көп аял алышы атамзамандан эле бардык элде кездешээри белгилүү. Муну макул кызкелиндердин саны көп болгондугунан деп коёлу, ал эми аялдардын паранжы жамынганын, күйөөлөрүнөн бейкүнөө эле токмок жегенин ж.б.у.с., башканы коюп өзүбүздүн эле айтылуу Ормон уулу Үмөтаалы мылтыгынын түздүгүн сынаш үчүн аялдарын атып ойногонун кантип жашырабыз. Мындай мисалдарды, фактыларды жүздөп, миңдеп келтирүүгө болот го. Кызды бала катары эсептебей дароо көөмп салган элдер да болгон тарыхта. Кыргыздар деле кыз төрөлсө кубанбастан кырк жылкы аташкан. Ошол эле Ормон хандын тушунда Бектен деген зөөкүрдүн аялы (ал кадимки Жантайдын кызы болгон экен) кыз төрөсө "кийин бирөөнүн катыны дедиртип кыз күтпөйм!"- деп жаңы төрөлгөн кызды күзгү суукта коргондун кырына таштатып койгону, ага айбат көрсөткөн аялын жыга чаап өлтүргөнү бүгүнкү күнгө чейин эл оозунда айтылып келет.
Айтор матриархаттан патриархат дооруна өткөн мезгилден баштап эле аялзатынын коомдогу орду кемсинтилип, үйбүлө чөйрөсүнө чейин төмөндөтүлүп келген. Аял бала төрөп, үй жумушун жасаганга гана ылайыктуу деп эсептешкен. Аял менен эркектин ортосундагы теңсиздик, аялдарды басмырлоо бүгүнкү күнгө чейин улантылып келүүдө. Буга "алтын баштуу аялдан бака баштуу эр артык" деген пикир да күбө. Ошондой болсо да аялдар ар дайым эле басмырланууда болгон дегенибиз акыйкатсыздык болор. Дүйнөдөгү бардык прогрессивдүү күчтөр, диндер аялзатын ардактоого, аларга астейдил мамиле жасоого чакырат. Жер жүзүндө аялзатын даңазалаган, аны урматтоого чакырган көптөгөн уламыштар, дастандар, айтор көркөм чыгарманын бардык түрү жашап келет. Аялзатына эне катары болгон мамиле эзелтеден эле өтө ыйык болгон, айрыкча акылы тунук, баатыр аялдар ардакталып келген. Алардын эрдиктерине, акылгөйлүгүнө эркектер ар дайым баш ийип, астейдил мамиле жасашкан, коомдогу өздөрүнө татыктуу ордун ыйгарышкан. Алардын акылына, даанышмандыгына тан беришип, артында аңыз кеп калтырышкан. Акындар ыр чыгарышып, сүрөтчүлөр керемет сүрөттөрүн тартышкан.
Айрыкча 20-кылымда аялдар азаттыгы маселеси алдыңкы планга чыккан. 1910 ж. Копангагенде өткөн социалист аялдардын 2 конференциясында К.Цеткиндин сунушу менен экономикалык, социалдык жана саясий тең укуктуулук үчүн күрөштө аялдардын тилектештик күнү - 8-март аялдардын эл аралык күнү катары киргизилген. 1945 ж. расасына, улутуна, диний ишенимине жана саясий көз карашына карабастан көпчүлүк өлкөлөрдүн аялдардын тең укуктуулугу үчүн, аялдар менен балдардын абалын жакшыртуу үчүн, тынчтык, демократия жана элдердин көз карандысыздыгы үчүн Аялдардын эл аралык демократиялык федерациясы түзүлгөн. Буга 114 өлкөнүн 129 аялдар уюму бириккен. 1975 ж. БУУнун Генеральный ассамблеясы "Бүт дүйнө аялдарынын он жылдыгын" жарыялаган. Анын негизинде БУУ 1979 ж. "Аял менен эркектин ортосундагы теңсиздиктин алдын алуу максатында аялдарга болгон дискриминацияны жоюу тууралуу" конвенция кабыл алган. Көп өлкөлөрдө аялдар комитеттери, аялдар уюмдары түзүлгөн. Акыйкаттык менен айтсак мурдагы СССР жаралган күндөн тартып эле гендердик саясатка көңүл бурган. Совет бийлигинин алгачкы күнүнөн баштап аялдар маселеси 1планга коюлуп, көңүл чордонунда болгон. Токол алууга, кызга калың берүүгө, 16га жашы жете элек кызды никеге каттоого катуу тыюу салынган. Жашы жетпеген кызды аялдыкка алгандар аёсуз жазаланган. Аялдар коомдук ишке тартылган. Натыйжада кыз келиндер илимбилимге жетишкен, алды академик болуп, дүйнөлүк проблемаларды чечүүнүн үстүндө иштесе, айрымдары эл башкарган, аялдар эмгектенбеген эл чарбасынын бир да тармагы болгон эмес. Согуш мезгилинде да аялдар коомдогу зор күч болгон. Андан кийинки мезгилде да өндүрүш тармактарында иштегендердин басымдуу бөлүгүн кызкелиндер түзгөн. Ошентип түрдүү доордо аялдарга карата түрдүүчө концепциялар болгон. Кыргызстан өз алдынча эгемендүү мамлекет болгондон кийинки алгачкы учурдан баштап эле аялдар маселеси алдыңкы планда туруп келет. 1996 ж. Кыргызстанда Аялдар жылы деп жарыяланган. Улуттук "Аялзат" программасы иштелип чыккан. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу палатасы аялдарды басмырлоого жол бербөө боюнча эл аралык Конвенцияларды ратификациялаган. "Баатыр эне", "Кутман эне", "Энелик даңк" орденмедалдары мамлекеттик сыйлык катары берилет. Аялдарды Өкмөт иштерине тартуу боюнча Кыргызстан дүйнөдө Швециядан кийинки гана орунда турат экен. Бизде "Мээрим" фондусу, Аялдар конгресси баштаган абройлуу уюмдар иш жүргүзүшүүдө. Ошентсе да бүгүнкү күндөгү экономикалык кыйынчылыктын кесепетин эң ириде аялдар тартып жатканы да жашырын эмес. Совет мезгилинде көптүн арасында, көчтүн карасында жүрүп, эптеп айлык алып келген адамдар бүгүнкү жашоо ыңгайына жараксыз болуп, жаңыча жашоого ийкеми келбей, алсыздары арактын артынан түшкөн. Натыйжада үйбүлө түйшүгү бүтүндөй аялдардын мойнуна түшүп, азыр базарда отурган да, өлкөдөн өлкөнү кыдырып, өгүз көтөрө алгыс жүктөрдү ташыган да, жан айласынан аргасыз шуркуяга айлангандар да кыз келиндер. Жайкы ысыкта, кышкы суукта ден соолуктарына карабай жан багуунун айынан базарда жүргөн, айылдарда витаминсиз тамак ичип, чай нан менен гана жан сактаган аялдар төрөгөн балдар майып, дендароо, жок эле дегенде чабал болорун турмуш эчак далилдеген. Ал эми колунда барлардын кыздары барчылыктын баш айлантмасынан арак менен тамекиге шугулданып жүрүшсө алардан деле дени соо бала төрөлөрү күмөн.
Буга чейин адамды мыйзамсыз саткан өлкө Таиланд менен Филиппин болуп келсе, бүгүн мурдагы СССР аймагында элдердин кызкелиндери сойку базарында соодага айланды. Расмий маалымат боюнча 1999ж. Кыргызстандан 8 миң 367 аял, анын ичинен 1881и чет өлкөлөргө кеткен. Бажы инспекциясы менен Тышкы иштер министрлиги аялдарды жашыруун алып чыгуу боюнча 200 учурду каттоого алган. Бирок, жүргүзүлгөн иликтөө бул сандын алда канча көп экендигин, чет өлкөгө сойкулукка сатылган аялдардын саны 1999ж. жок эле дегенде 4 миңди түзгөнүн көрсөткөн. Кыргызстандын Улуттук статистикалык комитетинин расмий маалыматы боюнча бир гана Араб эмираттарына сойкулук бизнеси үчүн 1999ж. миңден ашуун кыз алынып кеткен (Кутбилим, №10,16.03.2001)". Ушул гезиттик маалымат республиканын калкынын келечеги коркунучтуу боло баштаганын каңкуулап турган жокпу!? Шуркуяга айланган, ичкиликке ооган кыз келиндерге катуу мыйзам, жаза керек. Ошол эле учурда кызкелиндерди эле бир жактуу күнөөлөй бербей аларды бузган, азгырган, алдаган, акыры ошол абалга жеткирген эркектерди да таап жазалоону колго алуу жолдорун изилдөөгө мезгил жетти. Кыздарды чет өлкөлөргө ишке чакырган гезиттик рекламаларды текшерүү, Интернет аркылуу таанышууларды иликтөө, далдалчы сутенерлерди таап, жаза колдонуу ж.б. чараларды көрүү жолдорун ойлонуу зарыл. Сойку кызкелиндерди кубалоо менен эле чектелбей, аларды сергек коомго тартуунун башкача жолдорун табуу абзел. Антпесе элдин келечегине доо кетет. Азайып, мажестенип калгандан кийин элдин кайра ар тараптан дүркүрөп өсүшү күмөн. Далай тагдырды кечирип, ушул мезгилге жеткен кыргыз жок болуп кетпес. Бирок, бүгүнкү кызкелиндердин абалы, б.а. ден соолуктарынын бузулуп жатышы, көр турмуштун айынан балдарына жеткилең тарбия бере албай, жеткинчектердин нарк насилден куржалак калышы ж.б. эртеңки күнгө сөзсүз залакасын тийгизээри турган иш. Анткени, баланы төрөгөн да, ага тарбиянын башатын берген да аялзат. Эрди эр кылган да, жер кылган да аялзат. Бир тууган менен бир тууганды, эл менен элди табыштырган да, чабыштырган да аялзат. Демек, элдин келечеги аялзатына гана жараша болот.
Ысмайыл КАДЫРОВ