КылЧактаба, кыргызым!

Ар бир өлкө ички маселелерин өзү гана чечиши керек
Сырткы күчтөрдүн жана өлкө ичинде жашап жаткан провакаторлордун Кыргызстан мамлекети үчүн кылган чагымчыл аракеттеринин натыйжасында, Ош жана Жалал-Абад областтарында оор кырдаал күч алды. Бул баш аламандыктын башы кечээ эле баштала калган жок. Канча бир убакыттан бери топтолуп келип жарылууга жакын турган. Бул, албетте бийлик башындагылардын жүгүзгөн күнкор саясатынын кесепети.

Кан какшап Улуттун Баш мыйзамына кире албай жүргөн Улуттук тилибизди, өзүбүз тушап орус тилин төбөсүнө расмий кылып мингизгенде, өзбектер "биз орустардан кем бекенбиз?", "биздин тил баш мыйзамга үчүнчү мамлекеттик тил болуп кирсин",- деп чыгышты. Кадыржан Батыровдор өзбектерди көтөрүп чыкканда эле бул курч кырдаалдын башы койкойо баштаган. Эмне үчүн ошондо ошол идеянын ана башы болгон Батыров экстремист катары, Конституциялык түзүлүштү бузууга аракет кылган адам катары кармалып-камалган жок? Эгемендүүлүк алгандан бери мамлекетибизде Улуттук стратегия, улуттук идеология деген болгон жок. Акаевдин "Күн карама" стратегиясы, Бакиевдин "Хандык ЦАРИИ" стратегиясы улуттук кызыкчылыкты уруп да койбоду. Дайыма эл аралык укукту бетке кармап отуруп, титулдук улуттун укугу тебеленип келгендиктен, өлкөбүздө жашап жаткан башка улуттар да бизди сыйлабай калышты. Өзүңдү-өзүң сыйлабасаң, сени башка бирөө сыйламак беле? Албетте, титулдук улуттун кадырын түшүргөн эне тилибиздин Баш мыйзамда тебеленип-тепселгенин айтсак болот.
Чек арадагы айылдардын демографиялык абалы, ички жана тышкы миграция мамлекет тарабынан бир да жолу эске алынган эмес. Коңшу өлкөлөр менен чектешкен айылдардагы эмгекке жарамдуу атуулдарыбыз сыртка чыгып кетишкендиктен, алар иштете албай калган бош жерлерди ар кандай жаман ойдогу келгиндер, аренданы жамынып акырындап басып алып жаткандыгы басма сөз беттеринде ачык эле жазылып жатты. Кана ошондо мамлекеттик бийликтин улут үчүн жасаган кадамы?
Саресеп салып байкасак, азыркы референдумда алына турган Баш мыйзамыбыз так күнү белгиленип калгандан кийин, бул кырдаалдын пайда болушу, биздин референдумду болтурбай коюу үчүн сырттан "дос терисин жамынган баатырлар" бар экенин дагы бир жолу тастыктап койду. Ачарчылыкта кол сунуп сактап калган, бир боор деген казагыбыздын кол тийгис лидери Нурсултан Абыш уулу да, элибиз кыйынчылыкта турганына карабай 1 ай чек арасын жаап алды. Таластык туугандар казак элине эмес Нурсултан Абыш уулуна жооп ирээтинде Киров суу сактагычын жапкандан кийин гана чек араны ачууга аргасыз болду. Себеби, казак туугандар жанына күч келгенде, мындай мамлекет башчынын барынан жогу деп, өздөрү эле бийликтен түшүрүп коймок. Себеп дегенде, эгер казактар сугат суусуз калса, анда 1930-жылдагыдай Улуу жуттун кайра башталаары ажеп эмес болчу. Казак туугандардын кирешесинин негизги булагы эгин талаалары менен нефть экендигин жашырууга болбойт.
Ачыгын айтканда ГЭСтерди куруп Кыргызстандын келечеги үчүн пайдаланууга Өзбекстан менен Казакстан экөө тең каршы турушат. Орусиянын учактары жана башка куралдары менен камсыздалган Ислам карим уулу менен Нурсултан Абиш уулу дайыма бизге каршы бир позицияда экени маалым. Орусиянын Борбордук Азия маселелери боюнча изилдөөчүсү А. Князев "Рогун ГЭСи же Камбарата ГЭСин Өзбекстан аскердик кийлигишүү ыкмалары менен тоскоолдуксуз токтотуп койсо болот",- деп, үч өлкөнүн ортосуна от коюуп жатпайбы. Ушундай чагымчыл макаласы үчүн А. Князевди ким сотко берип, жоопкерчиликке тартса болот го. Анын артында ким турат деп, ары-бери кылчактабай...
Биз дайым башка иш түшсө орустарды карап калабы. Ал эми океандын арт жагын жакшы пайдалана билген, кээ бир укук коргоочулар Бириккен Улуттар Уюмунуна аскер сурап кайрылып жатканы, биздин өлкөгө дагы бир державанын башын тыкканы турат. Биз Ирак маселесинде көптөгөн бейкүнөө адамдар, балдар, аялдар кырылып жатканда Бириккен Улуттар Уюму ким тарапта экени жана каяша айталбастыгы көрүнүп, дүйнө элине өз кадыр баркын жоготуп койгондугун унутпашыбыз зарыл. Ошентип, биз эки тарапты караганды токтотуунун учуру келип жетти.
Акаев мураска калтырган 2,5 млрд доллар карызын жана Бакиевдин ЦАРИИ саясатын башынан өткөрүп, аларды өлкөдөн кууп чыккан эл - эгемендүүлүктүн мураскери. Ал эми биз уул-кыздарыбызга, Кыргызстанды көз карандысыз, карызы жок, өнүккөн мамлекет кылып мураска калтырышыбыз керек эле. Тилекке каршы, азырынча анте албай жатабыз.
Эгемендүүлүктүн кадыр-баркын түшүнгөн ар бир инсан, өлкөбүздүн ичине сырттан аскерлерди киргизүүгө каршы турушубуз керек. Ата-Мекенибизге башка аскерлерди киргизүү, мамлекетибиздин эгемендүүлүгүнө жана көз карандысыздыгына доо кетирет. Акыбалды турукташтыруу үчүн ички ресурстарыбызды толук мобилизациялоо жолу менен Мекенибизге тынчтык орното алабыз. Биз эң-кыйын, оор экономикалык акыбалда калсак да, көз карандысыздыгыбызды жана бүтүндүгүбүздү сактап калуу, ар бир уул-кызыбыздын милдети!
Элдар АТТОКУРОВ




  Америкалык профессордун сӨзҮ...

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛГЕ КАМКОРДУК КЕРЕК
Жалпыга маалым болгондой, ушул 2009-жылдын 25-сентябрында "Мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамдын" кабыл алынышынын жыйырма жылдык мааракеси болуп өттү. Ал салтанатта конок катары катышкан Американын белгилүү саясат таануучусу Уильям Фиермандын сүйлөгөн сөзү далай катышуучулардын делебесин козгоп, аларды терең ойго чөмүлттү. Биз төмөндө ошол сөздү толугу менен тартуулайбыз.

Мен "Мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамдын" кабыл алынышынын жыйырма жылдык мааракесине сиздер менен бирге конок катары катышып жатканыма абдан бактылуумун. Бүгүнкү майрамга чакыргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясына жана бул мүмкүнчүлүктү ишке ашыргандыгы үчүн АКШнын Бишкектеги элчилигине терең ыраазычылыгымды билдирем.
Менин бул жерде болушум жана менин пикирлерим кыргыз тилинин жагдайынын жакшырышына, бул ажайып өлкөнүн бейкут өсүп-өнүгүшүнө жана ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы илимий жана башка маданий байланыштардын чыңдалышына кичине болсо да салым болот деп үмүттөнөм.
Мен сиздердин өлкөдөгү тилдик кырдаал жөнүндө сиздер менен ой бөлүшкүм келет. Менин пикирлерим башка өлкөлөрдөгү тилдик саясат боюнча окугандарыма, Кыргызстан жөнүндө окугандарыма жана уккандарыма, бул жердеги өзүмдүн көргөндөрүмө негизделет. Сиздердин өлкөдө онго жакын жолу болуп, мындагы өнүгүүлөрдү жакындан байкоого жана кыргыз тилин үйрөнүүгө аракет кылып жатсам да, бул абдан маанилүү жана этият мамилени талап кылган тармакта эң жакшы жолду сиздер, Кыргыз Республикасынын жарандары гана таба алат деп баса белгилегим келет. Менин талдоолорума же корутундуларыма макул болбосоңуздар да, ой-пикирлеримди Кыргызстандын досунуку катары тыңдайт го деп үмүттөнөм.
Сиздердин өлкөңүздөрдүн эң күчтүү жактарынын бири ар түрдүү ой-пикирлердин айтылышына жол берген жагдай деп ойлойм. Бүгүнкү Кыргызстандын мени кабыл алышы менен 1976-жылы Орто Азияга алгачкы жолу келгенимдин айырмасын айтпай коё албайм. Мен, америкалык аспирант, анда Ташкентке республикадагы тил саясатын изилдөө үчүн бир жылга келген элем. Мени абдан шектенүү менен кабыл алышып, ишиме ар түрдүү формада тоскоолдук кылышты. Ташкент мамлекеттик университетинде мага илимий жетекчи катары дайындалган Г.Шариповичтин эң негизги милдети менин артымдан калбай ээрчип, изилдөө иштерин чектөө эле. Ал өзбек тилинин келечеги жоктугуна жана илимий стратегия ушуну талап кыларына мени ынандыруу үчүн бардык аракетин жумшады. Эсимде, ал бир жолу мага эки беш жылдыкка жетпеген мезгилдин ичинде СССРде бир гана тил керек болуп каларын айткан эле. Бүгүнкү күндүн сересинен артка кылчайып, Гулям Шариповичтин келечекке болгон көз карашына же чындыкты жашыруу канчалык оңой болоруна жылмайсак болот.(Менин таң калганым, эстон, украин, грузин, армян жана башка көптөгөн тилдер менен бирге өзбек, казак, кыргыз тилдеринин жок болуп кетишине ал чындап эле ишенди бекен? Же өзү ишенбесе да, жаш америкалыкты ушуга ишендире алам деп ойлоду бекен?). Кандай болгондо да бүгүн бул жердеги жагдай таптакыр башка экенине жана тил саясатынын маселелери боюнча олуттуу түрдө ачык пикир алышуунун мүмкүн болгонуна абдан бактылуумун.
(Уландысы 10-бетте)