колдо бар алтындын баркы жок...

Сүйүүнүн кадырын ким билет?
Илгери-илгери, жер шарында бардык рухий баалулуктар жашаган керемет арал бар эле. Анда жашагандар күндөрдүн биринде ал аралдын акырындык менен соолуп, чөгүп баратканын байкашат. Ушундан улам, анда жашаган рухий баалулуктар өздөрүнүн кемелерине олтуруп, жер которуп кете башташат.
Аралдан жалгыз гана Сүйүүнүн кеткиси келбейт, бирок анда калуу коркунучун сезип, акыры сүзүп кетүүнү чечет. Бирок, өзүнүн кемесинин болбогондугуна байланыштуу, Байлыкка барып, ала кет деп суранса, андан мындай жооп укту:
- "Мен кемемдин ичин алтын, күмүш, бриллиантга окшогон көздүн жоосун алган зер буюмдарым менен толтуруп алдым. Таарынба, бирок сага орун жок"- дейт ал.
Ошол учурда алардын жанынан Кайгынын кемеси өтүп баратканын көргөн Сүйүү ага да жогорудагыдай өтүнүч менен кайрылат.
- "Кечир мени Сүйүү, мен өтө кайгырып, көңүлүм чөгүп жатканда жалгыздыкта эле болуп турганым жакшы. Мага тоскоол болбочу"- деген жообун узатат.
Мындан соң, аралды таштап бараткан Кубанычтын кемесине Сүйүүнүн көзү урунат.
Бирок, ага канчалык кыйкырып-өкүрүп, жанындагы жоолугу менен булгалап жатса дагы, Кубаныч күлүп-каткырып баратканынан Сүйүүнүн чакырыктарын укмак Тургай, ал тарапты карап да койбойт. Мындай мамилеге көңүлү түшкөн Сүйүү эмне кылууну билбей турса, артынан аны чакырган бир добуш угулду.
- "Сүйүү кел менин жаныма, мен гана сени алып кетем"- деген үн анын көңүлүн көккө көтөрүп, катуу сүйүндүрдү.
Артка кылчайса эле ак сакалы чубалган чал кол булгалап, өзүнүн кемесине ишарат кылып туруптур. Сүйүү көпкө ойлонбостон, дароо анын кемесине отуруп, кургакка жетти. Бирок, ал жерге түшөөрү менен эле чал үн-сөз катпастан белгисиз тарапка сүзүп кетти.
Сүйүү өзүнө жакшылык кылган чалдын атын сурап калууга жетишпей калганына өкүнүп, анын ким экендигин билүү үчүн Акылга кайрылды.
- "Акыл айтчы, мени өлүмдөн куткарып калган чалды сен тааныйсыңбы?"- деген суроосун узатты.
- "Бул деген Убакыт болчу".
- "Убакыт?"- деп Сүйүү өзүнүн уккан кулагына ишене бербей, башын мыкчыды да, эмне үчүн ал аны куткарып калганын билгиси келди. Сүйүүнүн башынын катып турганын көргөн Акыл өзүнүн мындай акыркы сөзүн айтты:
- "Себеби, бул жашоодогу Сүйүүнүн чыныгы маңызын Убакыт гана түшүнөт жана билет"- деген жообун кайтарды.




Нурзат Токтосунова, УТРКнын теле алып баруучусу:
"Ал аруу сезим арнаган адам катары жүрөгүмдө калды"
- Алгачкы сезим эсиңдеби?
- Алгачкы сүйүү баардык мектеп курагыбызда келсе керек. Алардын катарында албетте мен деле бармын. Мен 9- классымда өзүмдөн кичүү баланы сүйгөм, бирок азыркыга чейин ошону ойлойм. Эми ал жөнүндө гезиттердин баарына жазып "ай сен баланчаны сүйгөн турбайсынбы?"-дегендерге каршымын. Бирок, ушундай суроо берилип калгандан кийин ар ким өзүнүн башынан өткөнүн айтат эмеспи. Сүйүүдө уялуу сезими болот экен. Ал бала мени карабайт болуш керек деп ойлочумун. Ушинтип бири-биринин сезимин билбей жүрө бергенден көрөкчө көңүлү бар экендигин билдирип коюу деле туура болуш керек. Мен деле тымызын күндөлүк жазган маалым болду, кийин окуп көрсөм, көпчүлүгү ошол жөнүндө жазыптырмын. Башымдан өткөн окуя мындай: ал биздин айылда жашачу эмес. Биздин айылга келип калганда мен аябай уялып, сумкамды көтөргөн боюнча үйдү көздөй чуркачумун. Аны көргөндө сүйлөй албай жөн эле учурашып койчумун. Анын үстүнө кичүү болсо, билбейм эмнесин жакшы көргөнүмдү. Айылдан шаарга студент болуп келгенге чейин деле жакшы көрүп жүрдүм. Бир күнү ал келип "Сени сүйөм",- деп айтып салды. Мен негедир ошол убак айнып кеттим. Чынын айтсам аны абдан эле жакшы көрүп, 5 жыл бою күтүптүрмүн. Бирок, кийин башка жигиттер сезимдерин билгизишип, жашоодогу арышыбыз арылап кете бердик да. Ошондон бери ал жигитти көргөн жокмун. Азыр анын бактылуу экендигин элден угам. Ал ошол аруу сезим арнаган адам катары, жакшы адам катары жүрөгүмдө калды.
Собол салган Залкар КЫДЫКОВ




  Ой тамЧылар...

Сүйүүнүн асыл-ойлору
Аялзатын канчалык сүйгөн сайын, ал ошончолук жашарып турат
***
Турмушка чыкканга чейин кыздар келечегин ойлоп тынчсызданса, эркектер үйлөнгөндөн кийин гана келечеги тууралуу ойлоно башташат.
***
Эгер жаман кызды жолуктуруп калсаң, өзүңдүн турмушуңду бузбай, андан алыстап кет.
***
Эгер жакшы кызды жолуктуруп калсаң, анын турмушун бузбай, андан алыстап кет.
***
Эч ким эч качан сүйүү эмне экендигин аягына чейин түшүндүрүп бере албайт. Себеби, ал түбөлүккө кала берчү табышмак. Ошондуктан, бул жарык дүйнөгө келген ар бир жаны муун анын жандырмагын жандырганга умтулуп келет.
***
Эркек аялдын алгачкысы болгусу келсе, аял эркектин акыркысы болууну каалайт.




Кулагыңа кҮмҮш сырга...
Кыздарга кеңеш
1. Кемчиликтериң жөнүндө унут. Өзгөргөндөн коркпо. Ар тараптуу бол. Бир нерсеге эле жабышып тура бербей сынал. Өзүңдү изде. Демилгелүү бол, ошондо сени ар дайым эстешет.
2. Укканды бил. Башкалардын пикирин сыйла. Өзүңдүкүн таңуулаба.
3. Бутуңдун алдын караба, шашылба, бүкчүйбө. Ишенимдүү кадам шилте. Бут кийим ылайыктуу болууга тийиш. Бийик така кийип алып жигитти багындыра албайсың.
4. Көп оку, анткени кызыктуу адамдар менен ар дайым сүйлөшкүң келет эмеспи. Үйдө аз отур. Тегерегиңде толтура кызыктуу нерселер бар экенин бил. Жана ачылыштарыңды досторуң менен бөлүш.
5. Биринчи эле жолугушкан күнү өзүң жөнүндө баардыгын ачык айтып салуунун кереги жок. Айрым нерселер тууралуу унчукпаңыз, жигиттерге табышмактын жандырмагын табуу абдан жагат.
6. Үнүңдү жогорулатпа. Бирок, эмоцияңды өзүңө кармабай ачык көрсөт. Эң башкысы театралдаштырып жибербе. Өзүңдүн көз карашыңдын чечкиндүү айткандан коркпо.
7. Досторуң, мурдагы жигитиң тууралуу жаман эч нерсе айтпа. Жигиттер ушуну баалайт. Жана сенден үйрөнөт.
8. Адамдарды басынтпа. Минтүүгө сенин акың жок. Боюңду көтөрбө. Өзүңдүн алсыздыгыңдан уялба. Кээде каприздерге жол бер.