Москва
кайрыктары

Пирматов Адашкан Боронбаевич 1963-жылы 29-апрелде Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа айылында төрөлгөн. 1980-жылы Карл Маркс атындагы орто мектебин бүтүргөн. Жогорку билимдүү, Токой чарбасында 20-жыл үзүрдүү эмгектенген. Токой чарба агентствосунун ардак грамотасынын алган, КР Президентинин мактоо баракчасын ээси. Чыгармачылыкта "Жан шерик" жана "Асыл турагым" ыр жыйнак китептеринин автору. "Москва кайрыктары 4" жана адабий клубунун мүчөлөрүнүн ондогон ыр жыйнак китептеринин редактору. Үч уул бир кыздын ардактуу атасы.

Менин жарым

Менин жарым жаркыраган алтындай,
Экендигин мен билемин баркымдай.
Мага болгон мамилеси таптаза,
Уят болбойм, тике сүйлөйм тартынбай.

Уул- кыз төрөп, ачып менин бактымды,
Баскан жолум, таза сыйлап артымды.
Жарпым жазат сый урматта мээримдүү,
Сен дегенде көңүл кушум талпынды.

Баш кошкондон барктап мени келесиң,
Өмүрүмдө суудан өтчү кемесиң.
Табияттын таасирине баш ийем,
Жарым менен ширетилген элесиң.

Үйүмдөгү мээр шыбагам сен белең,
Балдарыма энекемдей кең белең.
Коломтомдун туусу болуп жүрө бер,
Күкүмдөй да күнөө көрбөйм бир сенден.


Кайдыгерлик

Дарактардай жерди чапчып тамырың,
Даректериң кылым карып арыдың.
Өзөгүңдү өрт алгандай алоолоп,
Кылымдардан өчпөй келет жалының.

Далай сынды бутактарың, шактарың,
Суу ташкындап, сел алгандай бактарың.
Урпактарың урук улайт кайратман,
Унутулгус кайгы жүрөк тактарың.

Дале болсо ынсапсыздар жоголбой,
Сөөктөрүнө тамга салып оңолбой.
Келечегин башкарууну көрө албайм,
Уйгу-туйгу доол уулуган бороондой.

Бай бийлериң, кан корлоруң кем болоор,
Карапайым кайран элге тең болоор.
Элди ойлобос кайдыгерлик бийлигиң,
Барып-барып торго түшүп жем болоор.

Эзелтеден элин баккан эр кайда,
Тезге салган адилеттүү хан кайда.
Өзүмчүлдүк өзөктөрүң өрттөнгүр.
Кара жаның баккан менен не пайда.
Тентидик го, элден кетип кең сайда.

Адашкан Пирматов,
КР Жазуучулар Союзунун мүчөсү


Ретроспектива и память

Посвящается 70-й годовщине
Великой Победы!

Помню, как снайперов взвод продирался,
Через дремучую чащу в лесу.
И по-пластунски затем пробирался,
Чтобы в лесу пересечь полосу.

Как обезумев от страха и грома,
Лютые фрицы бежали, кто мог.
Под перекрёстный огонь огнедрома,
Без честь мундиров, а кто без сапог.

Помню поход школы всей по предгорьям,
Как спецкоманды со всех округов.
Шли по болотам, секретным подворьям,
Чистили землю от лютых врагов.

Как возвратились с победой и честью,
В школу родную, на быстрых парах.
Как моментально отправили вести,
В милых, прекрасных, любимых словах.

Помню, как пули трещали над каской,
Сверху, с обрыва, с немецких бойниц.
Как героически взвод, без опаски,
Взял их в кольцо в положении ниц.

Как добивали нацистскую свору,
За геноцид, Ленинград, за террор.
Били "лимонками" без разговора,
За геростратовский новый позор.

Помню, "добыл" "языка" я весною,
Важного, в штабе врагов, как-то раз.
Вот ведь такие нас в землю зароют,
Без размышлений убьют напоказ.
Помню, как май заявил вокруг цветами,
Как умиляла весны синева.
Как млечный путь объявлялся над нами,
Как потрясала природы канва.

Помню, как Мосина чудо-творенье,
С оптикой Цейса держали, как клад,
В небо стреляли, что в час вдохновенья,
В честь дня Победы, без всяких наград.

А вот сегодня вассалы и янки,
Режут границы, не зная преград.
Дружно готовят стальные болванки,
Видно фашизмом забыт Сталинград.

Юрий Филимонов,
Участник войны ВОВ
г.Москва. Мещанский район


Аруулук

Арам жүрүп, арам жашоо жат мага,
Адал сүйүп, жашагым бар ак гана.
Чөп салбадым, аялымдын көзүнө,
Көз салбадым, аялымдан башкага!

Жүгөндөп бир мүнөзүмдү туруктуу,
Жүрөм дайым тазалыкты тутуп туу.
Ал андыктан ылайланбай өмүрүм,
Арыгымда агып турат тунук суу.

Чындыгында кандай жыргал аруулук,
Чымын жанды болушунча карч уруп.
Жашаш керек, арамдыкка бой сунбай,
Жашаш керек, адалдыкка баш буруп.

Кудай акы, ыйман болуп жолдошум,
Кут даарыган, бак караган жолдомун.
Жан досторум, ак жашайлы өмүрдө,
Жалпыбызды Жаратканым колдосун!

Акылбек Мамадалиев,
КР Жазуучулар Союзунун мүчөсү


Убакыт

Балалыктан алыстап айласыздан,
Бала жыты эңсетип көп сагынткан.
Баш ийбеген убакыт нары качып,
Баарыбызды үшкүртүп берет арман.

Убакыттын жебеси болгон кезде,
Уттуруппуз коротуп кур мезгилге.
Үрөп жанды топтогон дүнүйөдөн,
Эмне пайда калат эх, изибизде.

Күндөн-күнгө убактыбыз азайып,
Күлүмсүрөп жаштыгыбыз картайып.
Карыганда окуймун деп намазды,
Канча өмүр текке кетти күн качып.

Ааламга таң атып, күн нуру чачылды,
Анан узап күн уяга жашынды.
Адамзаты күнүм жакшы өттү деп,
Аңдабадык убак деген закымды.

Жакындадык да бир күнгө ажалга,
Баш ийбедик Аллах берген амалга.
Бүгүн бир аз ойноп-күлүп алсак деп,
Бүт ниетти бурдук билбей жаманга.

Ойлонуп ой учуна жетпей келем,
Убакыттын өткөнүн сезбей келем.
Жаш чагымдан намазга жыгылганда,
Бүгүн минтип өкүнүп жүрбөйт элем.

Кыр ашырып күтүп мезгил тажабай,
Кыскарганын өмүрүмдүн карабай.
Өкүнөбүз жаштык өтүп кетти деп,
Өз кезинде убакытты баалабай.

Бороев Элдияр,
Таш-Көмүрдөн


Оюмдан

Чыгардым деп айтсам дагы оюмдан,
Чыга албай калгансыймын торуңдан.
Чындыгында сен боору таш экенсиң,
Чыкпа эми менин баскан жолумдан.

Чычалаймын чыгардым деп оюмдан,
Чынын айтсам сүрөтүң түшпөйт колумдан.
Чилде түшкөн ушул каардуу суукта,
Чыйрыгамын чыгарсам сени койнумдан.

Кантсем эле оюмдан бат чыгасың,
Кандай жансың, корс болсоң да жагасың.
Кайыл болуп жүрдүм эле баарына,
Кана айтчы, өзүңө кимди чабасың?

Кыйнадың го ойлорумдан чыкпастан,
Кылыктанба, ачыгын айт сыкпастан,
Жалдыратпа, жалынууга алым жок,
Түймөч кылып жүрөгүмдү тытпастан.

Нурзат Ибраимова,
Ноокаттан

Убакыт жок намазга

Он мүнөткө убакыт жок намазга,
Он сааттап отурабыз сайттарда.
Оору сымал жабыштыго интернет,
Оюбузду буруп алды жармаша.

Жыйырма мүнөт убакыт жок намазга,
Жумуш десе чуркап, акча табууга.
Жумуш калса беш эле же бир күнгө,
Жетпей калат же кыскарат маяна.

Он мүнөткө убакыт жок намазга,
Диплом үчүн окуу милдет күнүгө.
Барбай калсак бир эле күн сабакка,
Беш сабактан "н/б" болот ич күйө.

Он мүнөткө убакыт жок намазга,
Ойлоп көрчү эсти жыйып бир азга.
Олуттуубу бул дүнүйө намаздан?
Окубасак кайгырбайбыз бираз да.

Калып кетсе жумушубуз кейийбиз,
Калып кетсек той-аштардан тилдейбиз.
Калып кетсе кокусунан бир намаз,
Канча сооптон калганыбыз билбейбиз.

Дүйнө калат, чогуу кетпейт биз менен,
Акыретке жакын кадам из деген.
Өткөрбөстөн өмүрлөрдү бекерге,
Окуйлучу намазды жан дил менен!

Шамил кызы Сеилкан,
Жалал-Абаддан


Мекен

Сенде туулуп, жарык көрдүм, сүйлөгөмүн,
Сагынычтын эмне экенин билбегемин.
Сүйгөм сени, сүйүп турам азыр дагы,
Эй, Мекеним! Сен бар үчүн күүлөнөмүн!

Тоо бүркүтүң алп канатын күүлөгөнү,
Жашыл түркүн, бала шаңдуу көчөлөрүң.
Такыр эстен кетпей турат жат жерде,
Эй, Мекеним! Сен барсың мен дүрдөнөмүн!

Абсатаров Дамир,
Оштон




 

Warning: include(../gezit.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/nur/15/0524_9.htm on line 319

Warning: include(../gezit.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/nur/15/0524_9.htm on line 319

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../gezit.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/nur/15/0524_9.htm on line 319
Яндекс.Метрика