Демо: Всплывающее окно при загрузке сайта с помощью CSS3 и немного javascript
  меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси
В Москве презентовали собрания художественной прозы Ч.Айтматова "Чингиз Айтматов. Возвращение"
16.05.2015. В Москве, в здании Всероссийской государственной библиотеки иностранной литературы (БИЛ) имени Рудомино прошла презентация четырехтомного собрания художественной прозы Чингиза Айтматова под названием "Чингиз Айтматов. Возвращение".
Издание этого сборника осуществлено в соответствии с трехсторонним меморандумом, заключенным в 2013 году, в год 85-летия со дня рождения выдающегося писателя, дипломата и общественного деятеля Ч.Айтматова, подписанным между посольством КР в РФ, БИЛ имени Рудомино Российско-Кыргызским деловым советом. Сборник стал первым в России крупным изданием произведений всемирно известного писателя, увидевшим свет после его смерти.
Представление четырехтомника прошло с участием государственных и общественных деятелей России и Кыргызстана, представителей творческих союзов, руководителей и послов иностранных государств, людей, лично, знавших классика, почитателей его писательского таланта.
Вел вечер заведующий релационно-издательским отделом БИЛ Юрий Фридштейн. Перед собравшимися выступили Чрезвычайный и Полномочный Посол КР в РФ Болот Джунусов, председатель Российско-Кыргызского делового совета Иван Поляков, народный поэт Татарстана Ренат Харисов, депутаты Госдумы РФ Владимир Семагин и Дмитрий Носов, профессор МГУ имени Ломоносова Марклен Конурбаев, ректор литературного института имени Горького, писатель Алексей Варламов, академик Российской Академии художеств Андрей Золотов, литературный редактор БИЛ Ирина Мельникова.
В завершение вечера монолог из повести "Материнское поле" на кыргызском языке и отрывок из романа "Плаха" на русском прочитали российская актриса театра и кино Жаныл Асанбекова и актер московского тетра "Бенефис" Евгений Любимов.
Выступавшие говорили о различных гранях айтматовского таланта, о масштабности его личности и непреходящем значении его творчества для современников и последующих поколений. Также отмечалось, что данный четырехтомник, как предусмотрено меморандумом, является подарочным изданием и не станет продаваться. Но будет передаваться в дар библиотекам, организациям России и ряда стран, включая Кыргызстан.
"Нур" пресс.


ЕАЭС: "КАРА ТИЗМЕ" ЖОЮЛБАЙТ
Патент системасы, орус тили жана тарыхтан экзамен тапшыруу, миграциялык карта биримдикке кирген беш өлкө парламенттери документтер топтомун ратификациялагандан кийин жоюлат.
Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кошуулусун, андан кийинки жеңилдиктерди биринчи кезекте мигранттар күтүүдө. Алардын айрымдары ЕАЭСке расмий кирген күндөн тартып жеңилдиктер иштей баштайт деп үмүт кылышкан. Эмгек, жумуштуулук жана миграция министрлиги бул боюнча түшүндүрмө берип, 8-майда Москвада кол коюлган документтер топтомун биримдикке кирген беш өлкө тең ратификациядан өткөргөндөн кийин гана жеңилдиктер иштей баштарын билдирди. Министр Айбек Азыранкуловдун белгилешинче, мигранттарды түйшөлткөн патент системасы да ошондон кийин жоюлат.
- Кыргызстандан алган бардык дипломдор, сертификаттар эч кандай кошумча тастыктоосуз Орусиянын бардык аймактарында жарайт. Башкача айтканда, ошол жакка барып, иштегенге мүмкүнчүлүк ачылат. Кыргызстан жарандары биримдикке кирген бардык өлкөлөр, Орусия, Казакстан, Беларус, Арменияда 30 күнгө чейин уруксат кагазы жок эле кирип-чыкканга шарт түзүлөт. 8-майда кол коюлган келишим беш мамлекетте толугу менен ратификация болгондон кийин патент системасы, орус тил жана тарыхынан экзамен тапшыруу, медициналык тактама деген нерселер жокко чыгат.x
Кыргызстандын жарандары келишимдин негизинде биримдикке кирген мамлекетте эркин иштей алат. Белгилей кетүүчү жагдай, мугалимдер жана медицина тармагындагы адистер аты аталган өлкөлөргө барып иштесе, кошумча аттестациядан өтүшү керек. Эгер келишим мөөнөтү бүтсө же ал бузулса, 15 күн ичинде кайрадан жаңысына кол коюп же өлкөдөн чыгып кетиши зарыл. Ошондой эле бирдей укукта медициналык жардам алып, окуу жайларга тапшыра алат. Эмгек китепчеси ачылып, стажы жазылат.
Азыранкуловдун айтымында, азырынча мигранттардын пенсиясына байланыштуу маселе чечиле элек. "Кара тизме" да толук жоюлбайт.
- Кыргызстан ЕАЭСке толугу менен киргенден кийин деле "кара тизме" маселеси чечилбейт. Себеби бизге келген чет мамлекеттин жарандары Кыргызстандын мыйзамын бузган учурда Административдик же Кылмыш кодексине жараша чаралар көрүлөт. Керек болсо өлкөдөн чыгарылып, депортация болот. Бул деле ошондой. Айрым категориядагы адамдар, студенттер, жогорку квалификациядагы адистер, үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири Орусиянын жараны болсо "кара тизмеден" чыгарылат. Одоно мыйзам бузбагандарды тизмеден чыгаруу мүмкүнчүлүгү ачылып жатат.
Эгер тогуз айдан ашуун мыйзамсыз жүрсө беш жылга, бир жылдан ашуун жүрсө 10 жыл Орусияга кирүүгө уруксат берилбейт.

Владимир Филиппов:
Документ ратификацияланганга чейин Кыргызстандын жарандары Орусияга барбай туруп эле орус тили жана тарыхтан Кыргыз-Славян университетинин базасында окуп, экзамен тапшыра алат.
Эскерте кетүүчү жагдай, Орусияга ID карта менен барчулар миграциялык карта толтурушу керек, жалпы жарандык паспорт менен чек арадан өткөндөр толтурбайт. Орусиянын Миграциялык кызматынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Владимир Филипповдун айтымында, кыргызстандык мигрант Орусияда 90 күнгө чейин жүрө алат. Эгер ушул мөөнөттөн кийин дагы эмгек келишимин түзбөй же убактылуу жашоого ураксат албаса депортация болуп, өлкөгө кирүүгө үч жылга чейин тыюу салынат.
- 90-180 деген формула бар, башкача айтканда, 90 күнгө чейин жүргөнгө мыйзам жол берет. Эгер кыргызстандык жаран Орусияда узагыраак мөөнөткө кала турган болсо, ал эмгек келишимине кол коюп же убактылуу жашап туруу боюнча уруксат кагазын алышы керек. Эгер бул документтери жок жүрө берсе, өлкөдөн чыгарылат жана үч жылга чейин кайра кире албайт. Эгер тогуз айдан ашуун мыйзамсыз жүрсө беш жылга, бир жылдан ашуун жүрсө 10 жыл Орусияга кирүүгө уруксат берилбейт.
Филиппов "кара тизмеге" байланыштуу аты-жөнүн өзгөрткөндөр билинип калса, катаал чаралар көрүлөрүн да эскертти. Анткен менен кыргызстандык мигранттардын күткөнү да дал ушул маселе болчу. Алар биримдикке кирген күндөн тартып патент жана "кара тизме" жоюлат деп күтүп жатышкан. Бул тууралуу Орусияда беш жылдан бери иштеп келаткан Минавар Алибаева "Азаттык" менен маегинде билдирди:
- Азыр 2,5 миң рублга бир жылдык документ жасай башташыптыр. Буга чейин 1,5 миң рублга үч айга жасап, бирок ошол эле учурда кирди-чыкты деген көйгөйлөр бар эле. Беларус, Казакстандын жарандары жумушка оңой кирет. "Кара тизме" дагы алынат деп көптөр күтүп аткан. Телефондон бир аз карыз болуп калсаң деле киргизип койо берет экен. Көптөр үч айга документ жасатып алып эле патент албай коюшту. Орточо айлык 30 миң сом болуп атса, ай сайын төрт миңден төлөгөн кыйын эле.
Министрликтин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө 77 миң кыргызстандык "кара тизмеде". Андан чыгарууну өтүнүп кайрылган төрт миң кишинин жарымы тизмеден чыгарылган. "Замандаш" ассоциациясынын өкүлү Азамат Айтбаев "кара тизмедегилердин" санын кыскартуунун жолдорун караштырууну сунуштоодо:
- Биримдикке киргенден кийин мигранттар үчүн үмүттөр акталды деп айтууга эрте. Анткени азыр эч ким жеңилдиктерди жон териси менен сезе элек. Мамлекет башчылардын Орусия менен түз мамилесин эске алып, мунапыс маселесин көтөрүп же жеңилдиктерди берүүнү ортого салуу керек. Анткени 77 миң кишинин көпчүлүгү жеңил, кээде өздөрү билбеген мыйзам бузуулар үчүн "кара тизмеге" кирип калган. Ошолордун мөөнөтүн кыскартып, айыппул аркылуу чечүүнү караштыруу керек. Көбү 8-майды күтүп, патент албай жүргөн. Азыр мигранттарга маалымат жеткирүү керек. Билбей калып дагы "кара тизмедегилердин" санын көбөйтүшпөсүн.
Кыргызстан, Орусия, Беларус, Казакстан жана Армениянын президенттери Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине биротоло кирүүсүнүн шарттарын караган соңку документтерге Москвада 8-майда кол койгон. Кыргызстандын биримдикке кошулуусу боюнча келишимдерди Жогорку Кеңеш 20-майда карай турган болду. Керектүү документтер бүгүн парламентке жөнөтүлдү. Парламент комитеттери 18-майдан тартып карай баштайт.
Азаттык. Канымгүл Элкеева.


Элчиликтеги чогулуш
Элдин эсин кетирген эскиче эмес жаңыча жашоо баштап жакшы турмуш курабыз деп ажообуз Атамбаев баш болуп илгери үмүт менен бажы биримдигине ашыгып кирип олтурабыз.Кечээ эле казактын тың чыкма бир экономисти интервию бергенин угуп ар кандай ыргылжын ойго барасың .Анын айтымында казактар бажы биримдигине киргени казактын базарларында орустун буюму сатылганы менен казактын товарлары үчүн кагаз жүзүндө баары жайында делгени менен орустун базарында орун жок болуп турат. Демек бажы биримдиги орусиянын продукциясы учун түзүлгөн базарды элестет десе кыкендин эси чыгып турган кез.Эртеңки күндү ачык элестете албасак да алдыга ишеним менен үмүт менен бараткандайбыз.Ар кандай түшүндүрүү иштери жүрүп карапайым калк жумурай журтка белгилүү болгону ушул болду.Башкалар багат деп башты кашып жатып албай чыныгы рынок экономикасында изденип конкуренсияга туруштук берип, дайыма изденүү менен жашоо экенин. Анан да бажы биримдигине киргенде кыргыз мигранттары үчүн бир кыйла жеңилдиктердин берилээрин, патент иштоо үчүн уруксат кагаздарын орус тилинен экзамен өндүү жана башка толгон токой тоскоол болгон масалелердин жок болоорун айтып келишкен.Ушул маселелер, мигранттардын көйгөйлөрү ,жанада алдыда келе жаткан шайтан ойундуу шайлоону кантип өткөрөбүз деп, ийри олтуруп түз кеңешейли деген тейде Москвадагы Кыргызстандын элчилигинин имаратында 21- майда кыргыз диаспорасынын активисттери коомдук ишмерлер, журналистер дегеле кыргыз элинин келечеги үчүн чын дилден күйгөн кыргыздын уул кыздары жана да Кыргызтандын Москвадагы элчиси Болот Төлөгонович баштаган элчиликтин кызмат керлеринин катышуусунда чоң жыйын болуп өттү.Жыйында көбүн эсе мигранттардын көйгөйү болгон көп нерселер ортого салынып айрыкча кара тизмеге кирип калгандарды кантип чыгаруунун жолдорун өкмөттүк деңгээлде карап Россиянын тийиштүү органдарынан өтүнүч келтирип жатканын Болот Тологонович айтып берди.Бажы биримдигине киргенден кийин,кыргыз жарандары үчүн кара тизме жоголот экен деген түшүнүктүн туура эместин баса белгилеп өттү. Анан да июнь айынан баштап кыргызстандын айдоочулук күбөлүктөрү Россия аймагында жарабай кала турганын, бул тууралуу орус бийлигинен кыргыз мигранттары үчүн 2017-жылга чейин айдоочу күбөлүктөрүнүн сүрөсүн улантусун суралып жатканын айтты.Бул өтүнчкө орустардын каршы эмес экенин белгилеп кетти.Талаштан тактык жаралат демекчи аркандай пикир алмашуулар болуп акырында Кыргызтан ИИМдин Москвадагы өкүлдөрү сөз алып,мигранттардын арасында болуп келген кылмыштар жана да уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнүн кылган иштери тууралуу жана аларга карата көрүлүп жаткан чаралар тууралуу кенен маалымат берди.

Каныбек Кадралиев,
атайын кабарчы





 

Warning: include(../gezit.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/nur/15/0524_8.htm on line 94

Warning: include(../gezit.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/nur/15/0524_8.htm on line 94

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../gezit.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/nur/15/0524_8.htm on line 94
Яндекс.Метрика