"Нобель" сыйлыгына талапкер окумуштуу Аскар Акаев!
Эсил кайран СССР тарап,эскилиги жетип экономика дегенден эч нерсе калбай, социалисттик түзүлүштү түп тамырынан өзгөртөбүз деп,өзүбүзчө эгемендүүлүк алып, эми эмне кылабыз деп турган чагыбызда замандын оорун, жоопкерчилигин моюнга алганга бир адам керек болуп турду. Эл арасында башы көрүнгөндүн баары мен алып кетем деп президенттик шайлоого чабуул жасап көрдү. Ит жыгылыш болуп эч ким өтпөгөн соң, мурда кийин саясаттын сасык тумоосунан алыс, орус жергесинде иштеп жүргөн окумуштуу Аскар Акаевтин кандидатурасына токтолуп бир добуштан колдоп президенттике шайлап алдык. СССР тарагандан кийин пайда болгон он беш республика ар кимиси өз алдынча өз оокатын өткөрүп,бири батышты бири американын экономикасынын моделин алып башка өнүккөн мамлекеттерди туураганга аракеттер болуп жатты. Анын арасында Кыргызтан да бар. Бактысыбы же шорубу айтоор ошол кыйын кезенге туш болуп,мамлекеттин экономикасын оңдойм деп белсенип киришкен Аскар Акаев акыл калчап ойлогон адамга ат көтөргүс иштерди аткарганы көрүнүп эле турду. "Ашууда ат алмашпайт" деп үч жолу президенттикке шайладык. Кандай болгон күндө да тарых өз баасын берээри бышык. Экономика ар дайым тышкы факторлорго байланыштуу болоору карапайым калкка болбосо да, экономистердин баарына белгилүү. Андан бери нечендеген суулар агып замандын өнүгүүсү байкалып келе жатат. Кандай деген менен Кыргызтандын экономикасынын өнүгүүсүнө кошкон салымы чоң.
Ал эми бүгүн 23-майда Москвадагы окумуштуулар үйүндө Аскар Акаев студенттер, аспиранттар, кыргыз диаспорасынын активисттери, коомдук ишмерлер, илимдин кандидаттары, професорлор жалпылап айтканда Москвадагы окуп иштеп жаткан кыргыз жарандары менен жолугушуу өткөрдү. "Основные направление развитие науки в 21 веке" деп аталган темадагы илимий семинардын негизги уюштуруучусу "Ширшов" атындагы океанология иниститунун башкы илимий кызматкери Асанов Дамир Сатаркулович болду. Конференцияны ачкан Москвадагы "Менделеев" атындагы Химко- Техникалык Университетинин профессору Алиева Күлийпа Мукашевна, Аскар Акаевичтин өмүр баянына токтолуп келип Аскар Акаевичтин "Нобель" сыйлыгына көрсөтүлүп жатканын кабарлады. Ушул илимий конференциядагы Аскар Акаевичтин докладынын башкы темасы: "Эпоха великий дивергенции к эпохе великой конвергенции" деп аталып, Азия жана Батыш өлкөлөрүн, ал эле эмес бүткүл дүнүйө жүзүндөгү экономикалык технологиялык илимий көз караштарын айтты. "Ломоносов" атындагы Москвадагы Мамлекеттик Университеттин башкы илимий кызматкери Акар Акаевич жакынкы келечекте боло турган глобалдык масалелерге да токтолуп өттү. "Пресный вода" деп атап жүргөн таза суунун таңкыстыгы жакынкы келечекте билинерин, ушул жерде Кыргызтандын таза суу боюнча деңгээли чоң экендигин баса белгилеп өттү.Москвадагы окумуштуулар иммаратында өтүп жаткан бул илимий конференцияга келген жүздөн ашык катышуучулар да өздөрүн кызыктырган көп суроолорго жооп ала алышты.Өздөрүн кызыктырган көйгөйлүү маселелерге жооп алуу менен бирге сунуш пикирлерин да айтышты. Алардын катарында Кырыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Мураталиев Акылбек Аскар Акаевичтин кылган эмгеги тууралу жана адамдык сапаттарына токтолуп өтту. Москвадагы Кыргыз Биримдик коомунун төрагасы Абдыганы Шакиров мигранттардын көйгөйлөрүн кантип чечүүнүн жолдорун жана ЭАЭСке киргенибиздин канчалык деңгээлде тууралыгын сураганда, Аскар Акаев Кыргызтандын ЭАЭСке кошулгандыгы эң эле туура экендигин айтып, бирок экономиканын өнүүгүсү эми бир гана бийлик башындагылардын колунда экендигин, туура багытты тандап алса экономикабыз өнүгөөрүнө ишенээрин билдирди. Илимий жактан жана кыргыз элин түйшөндүрүп келе жаткан кызыктуу суроолору менен Кыргызтандан келген физико математика илимдеринин кандидаты Тыныбеков Азамат, Москвадагы "Ломоносов" атындагы университеттин профессору Коңурбаев Марклен, Москвадагы Курулуш Университетинин доценти Жумагулова Назира жана энергетика институтунун, физика техникалык университетинин студенттери жана башкалар өз суроолору менен кайрылышып жооп ала алышты. Ал эми коомдук ишмер, маданияттын мыкты кызматкери Багыт Бапанов Москвадагы мекендештердин жетишкендиктери жана Москвадагы ак сакалдар кеңешинин иштери тууралуу баяндап, ошол аксакалдар кеңешине мүчө болушун сунуш кылып кетти. Бул сунушка макулдугун билдирип Аскар Акаев сөзсүз түрдө катышып тураарын убада кылды. Өз кезегинде Аскар Акаевди коштоп келген кызы Саадат Акаева, жубайы профессор Майрам Акаева менен да кызыктуу пикир алмашуулар болду. Сөз сонунда айтаарыбыз, ушул илимий конференцияга келип катышкандардын дээрлик бардыгы Аскар Акаевди үй бүлөөсү менен Кыргыз жергесине кайтуусун, Кыргыз мамлекетинин илимий өнүгүүсүнө өз салымын кошуусун суранышып, илимий жетишкендиктерди каалап кетишти. Жыйындын сонунда эстелик үчүн жалпы сүрөткө түшүп, жыйынга келгендер жакшы маанайда тарашты.

Каныбек Кадралиев,
Москва шаары.
"Нур" газетасынын
атайын кабарчысы
+7- 965- 364- 59- 93





 

Warning: include(../gezit.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/nur/15/0524_7.htm on line 66

Warning: include(../gezit.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/nur/15/0524_7.htm on line 66

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../gezit.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/nur/15/0524_7.htm on line 66
Яндекс.Метрика