"Бирөөгө кор бала, бирөөгө зар бала"
Күндөрдүн биринде ден соолуктун айынан оорукана жатып калдым. Ошол күндүн эртеси, палатада телевизор көрүп жаткам, бир убакта ак жүздүү, сулууча келген жаш кыз келди. Ал мени менен жылуу учурашып жанымдагы кроватка жайгашты. Экөөбүз таанышып олтурдук. Узун кара чачтуу, арык чырай бул кыздын аты Аина экен. Дилинде жаман ою жок, бирок азыркы алсыз абалында кимдин айтып турган кеңешине баш ийерин да билбей турган ал-абалын мындайча айтып берди:

- Үй-бүлөдө үч бир тууганбыз. Менден улуу агам жана менден кичүү сиңдим бар. Апам мугалим, атам жумушчу. Мектепти бүтүргөн соң Ошто жогорку окуу жайда окуп жаткам. 3-курста окуп жүргөнүмдө мен тааныбаган, көрбөгөн балдар мени ала качышты. Кызыгы, алар качырып барган айылда менин тайежелерим бар экен. Ойлоп көрсөм, азыркы учурда кыз ала качууга катуу чаралар көрүлгөн, бирок аны эч ким оюна деле алган жок. Тайежелерим болсо, болсоң ушундай жерге келин болосуң да, аябай жакшы үй-бүлө, баласы да жакшы бала дешип мени жоошутушат. Апам алардын көңүлүнөн өтө албадыбы же "кыздын бараар жери күйөө", кызымды эшик аттатып алып кетпейин дегенби айтор, "таш түшкөн жеринде оор" деп калып калдым. Той болду, көпчүлүктүн айтканы менен калгандан кийин күйөө баланы да жактырымыш болдум. Той жакшы өттү. Келиндик жашоо башталды. Окуумду уланткан жокмун. Сырттан окуу бөлүмүнө котортуп коюшту. Бактыма кайын эне, кайын атам аябай жакшы адамдар болуп чыкты. Өз кызындай эле мээрим төгүшөт. Ошентип, тойдон жыйырма күн өткөн соң Орусияга жөнөмөй болдук. Күйөөмдүн үй-бүлөсү мурунтан ошол жакта иштешет экен. Жүгүбүздү даярдап күйөөм экөөбүз учканы жатканыбызда мен "черный списокто" бар болуп чыктым. Анткени, каникул убагында Орусиянын Камчатка шаарында болгон элем. Мына эми кайтууга арга жок. Жаңы жашоо башталганда сүйүктүүңдүн жанында бирге жүргөн чоң бакыт эмеспи ! А мен мына ошол бактымдан убактылуу кол жуудум. Күйөөм Орусияны көздөп учуп кетти. А мен кайтып үйгө бардым. Ата-энем бул убакта тынчсызданып мени кайра жиберүү аракетин көрүп жатышты. Атам бир аптада атымды өзгөртүп башка паспорт алып берди. Бул учурда метрикам да алмашты. Кайра билет алганы жатсам кайненем каршы болду. Албетте, мен үчүн ошол күндөр оор болчу. Жаңы эле үйлөнүп анан экөөбүз эки жакта калганыбызга кайгырдым. Ал арада кайынсиңдим турмушка чыкты. Аны узатып, биз кайната, кайын энем болуп бир ай дегенде Моквага бардык. Жолдошумду сагынганымды жашырбайм. Ушул арада ал эмнегедир мага звонок деле кылбай жүрдү. Кыялымда ал да менчилеп сагынычы ашып-ташып жүргөн чыгаар, жылуу күтүп алат деп келдим. Бирок, сүйүктүүм алдымдан мен ойлогондой тосуп чыкпады. Анан Орусиядагы жашоо башталды. Кайын эне, кайнатамдар коңшу бөлмөгө жайгашышты, а биз турган бөлмөдө дагы бир үй-бүлө бар экен. Эрте менен баары жумушка кетишет, өзүм жалгыз калам. Күйөөм сутка иштегендиктен кээде үйгө келбей да калат. Мен жумушка орношоюн дегениме кайын энем көнбөдү. Ушундай жашоо уланып жатты. Күйөөмдүн эмнегедир өзгөрүлүп калганын келгенде эле байкагам. Анын мага болгон суз мамилесинин жана кээде үйгө келбегенинин себеби, анык билинди. Көрсө, анын бул жерде мурунтан жашап, сүйлөшүп жүргөн кызы бар экен. Бул кабарды укканда бычак барып сөөккө сайылгандай эле болдум. Күйөөмдүн кечинде келип жылуу күтүп жаткан менин мамилеме араңдан зорго жооп кылгандарына эми чыдабай төшөгүмдү да бөлүп салдым. Мени кайра ата-энемдин астына алып барып коюусун талап кыла бердим. Мунун баарын баштан билген кайын энем мени жоошуткан болот: - Аны мен эч качан алып бербейм балама. Чыда, кагылайын. Жакшы мамиле кыла берсең өзү кайтып келет, - деп. Күйөөмдүн апасынын сөзүн сыйлап, көз жашын сыйлап чыдайын десем колумдан келбеди. Бул убакта өзүмдүн бир тууган агам менен Москвада жүргөн жакын досу мага жардам беришти. Агамдын досу - менин мурда сүйлөшкөн жигитим. Тагдырдын буйругу менен кош бойлуу да экенмин. Бул күндөрдө жигитим мени шаар айлантчу болду. Анткени, кайын журтум, күйөөм мени менен иши жок бөлмөдөн чыкпай олтура берип буулугуп да кетем. Токсикоз убагым да. Ошентип, агам менен досу Кыргызстанга билет алып беришти. Кайын журтум кетишиме каршы болушту.
- Сени алабыз деп тойго көп каражат коротконбуз, - дейт. А менин жашоомдун талкаланганы эп эместей сыягы. Ошентип, Кыргызстанга да келдим. Жанагы ортомчу болгон тайэжемдер да, апам да бармагын тиштейт. Орусиядан келген күнү жүктөрүмдү алып келдик. Ошол жерде кайын эжем кечирим сурады менден. Мына азыр ичимдеги эки айлык ымыркайды алдырганы ооруканадамын. Аина колундагы дарыларды стакандагы суу менен жутуп - бул баланы түшүрүүчү таблетка. Өзүм эмне кылаарымды деле билбейм. Биринчи баламды алдырып салсам кийин төрөй аламбы? Алдырбайын десем күйөөмдү жек көрөм. Ичимдеги кантсе да ошонун баласы да. Апам алдыр деп жатат. А жанагы тайэжелеримдин бири алдырба, төрө да мага бер дейт. Мен андай кыла албайм. Аңгыча Аинанын телефонуна кат келди. Кайынэжесинен экен: - Аина, кандайсың алтыным, азыр уктум. Кош бойлуу экениңди куттуктайм! Аида, сиңдим жашсың, өзүң акылдуу кызсың го. Жаным, ичиңдеги баланы алдырба. Сенден суранам, ал биздин каныбыз. Суранам, алдырбачы. . . Аина катты окуду да өңү бозоруп туруп калды. Эми кеч болуп калбадыбы деп оор үшкүрдү. Ошентип туш ооду. Аинанын эрте менен дары ичкенине карабай ичиндеги баласы түшпөдү. Толгоо келип аябай кыйналып жатты. Акыры доктурлар өздөрү алышты. Эртеси абалы бир аз жакшыргандан кийин ал менден сурады: - Эже, сиз эмнеге жаттыңыз ооруканага деп. А мен боюмда болбой жатат, мына үч жылдын жүзү болгону турат. Кызым жакында үчкө чыгат - бөбөк алып келчи деп көп суранат, күйөөм экөөбүз да чыдамсыздык менен күтүп жатабыз. Ошон үчүн дарыланып жатам дедим. Аина ойлуу олтуруп, - "Бирөөгө кор бала, бирөөгө зар бала" деген ушул да. Бактылуу жашаганымда мен да алдырмак эмесмин дейт улутунуп.

Мираида Каныбаева




"Алышпагын палбан менен, жыга
албайсың чалган менен"

Кайда барба Мамайдын көрү демекчи, кайда барба жалган дүйнөнүн көйгөйү тиричиликтин машакаты менен алышып кантип жашоону жакшыртып көмөчтү көбүрөөк тапсам деген бул күндөрдө жашоонун мазеси качып турган чак. Заман канчалык жакшырса да жашоо ошончолук оор болоорун ата-бабаларыбыз атамзамандан айтып келгени чын белем кимди караба үмүтсүз көздөрдү көрөсүң. Жалыны өчүп бараткан жүрөктөрдү сезесиң. Кудайдын ушул берген машакатынан кыргыз да кур эмес. Ата-энени таштап, бала- бакыра багам деп Орусиянын булуң-бурчунда "аяп ичсең аташат, тартып ичсең тай ашат" - деп ичпей-жебей, иттей тиштенип иштеп жүргөн кыргыздарга бул жердеги жашоонун кызыгы аздай. Бири-бирине жөлөк болуп, өйдө болсо өбөк болгон мекендештерибизге кыргыздан чыгаан бирөө чыкса чын дилден кубангандарын көрүп чын ниеттен ыраазы болосуң. Кыргыз да, каны бир да деп кубанасың. Айтса-айтпаса төгүнбү, жанагы ак аюу аталган Мыктыбек деген жигитибиз эрежеси жок эр урушта төшү түктүү кавказ улутундагы эргулду эсин оодара чапса, тажаалданган тажик жигитин урганда, машине уруп кеткендей чалкасынан жатса, аны көргөн кыргыз: "Алышпагын палван менен, жыга албайсың чалган менен", - деп кыйкырып турганын көргөндө ким да болсо Манастын урпактары деген ойго кетет. Азаматсың иним дейсиң, кыргыздын туусун бийик көтөрө бер дейсиң. Бар бол иним!



Албарстынын чачы, айдай кыздын башы
(Болгон окуя)

Бул окуя Кыргызстандын тоолуу райондорунун биринде болуп өткөн. Кыргыздын жашоосу мал-жан менен байланыштуу болгондуктан, тоолуктардын дээрлик көпчүлүгү жайлоого көчкөн. Кыдырып кымыз ичмей, кыйкырып ырдап бозо ичип жашоонун доорун сүргөн каныбызда бар эмеспи. Атты минип кыңылдап ырдап бозо менен кымызга тойгон бир кыкен өзүнүн эжесинин боз үйүнө түшөт. Бозого тойгон эргул эжесин аракка жумшап, арак таппаган эжеси самаштан банкеге куюп келип инисинин көңүлүн таап күрүшкеге куюп сунуп ал-жай сурашып көпкө баарлашат. Бозо менен самаш өз ишин кылдыбы айтор, эргулдун басыгы жайланып, башы айланып баштаганда эжеси менен кош айтышып ээрге оой мине атты бастырып жүрүп кетет. Жүрүп баратып арыда ойноп жаткан алты жашар жээн кызын бетинен өөп эркелетип дагы жолун улантат. Артынан ээрчип ыйлаган жээнине самогонго тойгон тагасы таптакыр көңүл бурбай бастырып кете берет. Алты жашар кыз да тагасын ээрчип ыйлап артынан ээрчип жүрө берет. Бозо менен самаштын күчүбү же жайлоонун салкын таза абасыбы, эргул эс алганы бир белге келгенде аттан түшүп жамбаштап жатып эс алууну чечет. Эс алып жатып ныксырап көзү илингенде алдында ыйлап турган жээнинин ыйынан чоочуп ойгонуп оозуна келмеси келбей тоо арасында албарсты көп болот дечү эле деп чачын кесип кончуна салып алса албарсты артынан ээрчип жалынып чачын сурайт. Айтканыңдын баарын кылат деген уламышты көп уккан эргул кончундагы кой сойгон бычагын алып албарстынын чачын бура кармай баш терисин кошо шылып кончуна салып алат.Тагалап чучуктай чыңырган албарстыны табалай карап өзүнө өзү корстон. - Мунун дагы жээним болуп келгенин кара, уу энеңди, - деп аттын оозун бура тартып бастырып кете берет, кансыраган албарстыны таштап. Кеч киргенде кызын таппай эси чыккан эжеси тагасын ээрчип ыйлаганы эсине келип иниси кеткен тарапка жүгүрөт. Барып баш териси шылынган, кансыраган кызын көрүп шашылыш ооруканага жеткирип араңдан зорго аман алып калат. Азыр ал кыз кырктын кырына келип кыздардын энеси, уулдардын апасы. Болгону, тагасынын айынан таз болуп жасалма чач кийип келет.
Каныбек Кадралиев



 

Warning: include(../gezit.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/nur/15/0524_11.htm on line 80

Warning: include(../gezit.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/nur/15/0524_11.htm on line 80

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../gezit.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/nur/15/0524_11.htm on line 80
Яндекс.Метрика