Акындардын таймашы
"Өнөрүң болсо өргө чап"- деген элибизде накыл кеп бар. Анын сыңарындай таланттуу адам эч качан артка кайтпас, бир максатка умтулган болот тура. 22- июнь күнү "Нур" компаниясынын алдындагы "Нур" гезитинин "Москва кайрыктары" адабий клубунун ыр сынагын уюштурду. Сынак "Тойкана-Кординал Холл" ресторанында өтүп, кыркка жакын клубдун мүчөлөрү катышты.
Москва мегаполиси чоң болгондуктан мекендештерибиз ар кайсы бурчтарында иштеп, жашап жатса да конкурс үчүн атайын даярданып келгендери көрүнүп турду. Конкурсту өткөрүү үчүн уюштуруучулар тарабынан атайын программа түзүлгөн.
Алгач кечени ачып берүү үчүн "Нур" гезитинин жетекчиси, "Москва кайрыктары" адабий клубунун негиздөөчүсү, КРнын маданиятынын мыкты кызматкери Бапанов Багыт Шериевич чыгып сөз сүйлөп, аталган конкурстун катышуучуларына ийгилик каалоо менен бирге сынактын шарттары менен
тааныштырып өттү.

Кадырлап турса кең Мекен,
Каныкей болуш эмне экен?
Мактап бир турса кең Мекен,
Манастай болуш эмне экен!

А дегенде эле буга чейинки аракетин баалоо максатында "Москва кайрыктары" адабий клубунун өнүп-өсүшүнө кошкон салымдары үчүн, клубдун айрым алдыңкы мүчөлөрүнө жана КР Жазуучулар союзунун мүчөлөрүнө мактоо баракчалары берилди. Албетте, иштегени келип, таланттын шагын сындырбай көөдөндө жаткан сөз берметтерин ак баракка тизе коюп, аз эле убакытта эл оозуна алынуу, минтип атайын жетекчилик тарабынан мактоо баракчасына ээ болуу жөн адамдын колунан келе бербес. Кыргыз сөз баккан, сөз таптаган кеменгер эл экендигин дагы бир жолу далилдей турган бул иш чарада жалпысынан 40 ка жакын сөз султандары катышып, өз таланттарын тартуулашты.
Кара кылды как жарган калыстар тобунда КРнын Жазуучулар союзунун мүчөлөрү Айталы Жандаров, Адашкан Пирматов, Акылбек Мамадалиев, Акрам Турдубаев жана "Нур" компаниясынын жетекчиси Багыт Бапановдор болушуп, ар бир окулган ырга дыкат көңүл буруп ырдын маани- маңызына, тематика, идеясына регламенттин так сакталуусуна маани берип отурушту.
Чыгармачыл инсан, өзгөчө акындар көңүлү назик келип, ааламдагы не бир кооз кубулуштарга, адам сезиминин чертилбес кылдарына маани бере турган касиетке ээ болушат окшобойбу. Сынакта да ар бир акын дал ушул көркөмдүк ажарларын ачып берүү үчүн таймашып жатышкандай сезилди. Акындар бири-бирине атаандаш катары мамиле кылбай, тескерисинче, бири-биринин ырларын кунт коюп угуп баа берип отурушканы таң калаарлык көрүнүш катары бааласак болчудай.
Катышуучулардын орун тартиби жеребье таркатуу менен такталып, улам кезеги келген акын өзүн тааныштырып, чыгармасын сунуштап жатты. Алардын арасында өтө уялчаа-гы да, өтө такшалганы да ыр жазуу ыкмасынын жогору болгондору да, деги койчу акын затына тиешелүү ар кандай сапаттагыларын кезиктирдик.
Өмүрүндө аз, бирок саз жашаган Алыкул Осмонов: "Мен тансам, жаштан танам, ырдан танбайм" деген ыр саптарынын накта далилин акындар топтолгон жерден көрүү эч кыйынчылык туудурбайт тура.
Конкурс башталганда да, аягында да калыстар тобу сөз сүйлөп, өздөрүнүн поэзиядан тамган тамчыларынан тартуулап өтүштү. Айталы Жандаров өз сөзүндө акындарга: "Ыр жазууда диалекти, говордук сөздөрдү колдонуудан арыла албай атасыңар"- деп эскертүү берсе, Адашкан Пирматов уюштуруучу топтун баштоочусу катары бир канча алдыңкы катышуучулардын жана ыр жазуучулардын атын атап, баса белгиледи. Ооба, атын атаса куту сүйүнөт демекчи, бул акындардын келечегине жакшы таасирин тийгизет деген ойдобуз.
Конкурстун жүрүшүнөн да анын жыйынтык чыгаруу бөлүгү жалпы конокторду кызыктырды болуу керек. Анткени, айрым катышуучулардын баллдары бирдей болуп, дагы бирден ыр окуп, талаштын чордонуна айланды. Жыйынтыгында, Абылкасымова Насыйкат жана Топчубаев Эрнис-тер 49 упай менен, Шерматов Кулан, Назаркулова Нуркыз, Дүйшеева Уулкан, Кожакматов Жаңыбайлар 48 упай менен тең тайлашып калышты. 1 орунга 1 гана талапкер болгондуктан 49 упай алгандар бирден ыр окуп, калыстар тобунун баалоосу менен I-орунга Абылкасымова Насыйкат татыды. Жеңүүчүгө "Нур" Компаниясынын I-даражадагы диплому жана медаль, кафеге 2 кишилик романтикалык тамакка чакыруу, акысыз медициналык кароого жолдомо ыйгарылды. Ушул сыяктуу кайра баалоолор аркылуу II жана III-орундар да аныкталып, II-орунга Топчубаев Эрнис, Кожакматов Жаңыбайлар жетишип, аларга II-даражадагы диплом, кафеге романтикалык тамакка 2 кишилик чакыруу, медициналык борборго акысыз текшерүү, ал эми III-орунга Шерматов Кулан, Дүйшеева Уулкан, Назаркулов Нуркыздар көрсөтүлүп, аларга да демөөрчүлөр тарабынан акысыз медициналык кароого жолдомо жана III-даражадагы диплом ыйгарылды.
Биринчи орунга ат салышуу башталганда, Топчубаев Эрнис март жигиттин сөзүн сүйлөп, Абылкасымова Насыйкатка өткөрүп берди. Кыз баланын аты улук, кыз сыйлабас макулук белем, айтор мына атанын уулу, мына жигиттик намыс деп алкай турган иш болду бейм… Айта кетчү нерсе, аталган "Москва кайрыктары" поэзия клубунун алдыңкы жеңүүчүсү Насыйкат Абылкасымованын "Жолукканда экөөбүз" деген ырына музыкант Кеңешбек Cаюнов обон жазып, созолонтуп, аккордеондо ырдап келген коноктордун көңүлүн көтөрдү.
Жеңүүчүлөргө акысыз медициналык кароолорду уюштурган демөөрчү медициналык борборлорго "Мээрим", "Анельмед", "Шоола", "Лидер", "Дина-К плюс", "Светал Медикалга" жана жеңүүчүлөрдү романтикалык тамакка чакырган "Тойкана", "Браво", "Тойкана Городок" демөөрчү кафелерге клубдун атынан ыраазычылык билдирилет!
Ал эми таланттуу "Москва кайрыктары" адабий клубунун мүчөлөрүнө чексиз чыгырмачыл ийгиликтерди каалап кетебиз!
Гүлбарчын Таирова