Болот ЖУНУСОВ,
Кыргыз Республикасынын Россия
Федерациясындагы Ыйгарымдуу жана Толук Укуктуу Элчиси
Элчинин иш-аракеттери

Арабызда кыргыз элине татыктуу кызматын өтөп, жарыгын чачып келе жаткан инсандарыбыз ондоп саналат. Ошолордун бири - Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Ыйгарымдуу жана Толук Укуктуу Элчиси Жунусов Болот мырза экендиги талашсыз маселе. Окурмандардын өтүнүчүнө ылайык, кечээки күндөрдүн эсебинен Болот мырзага кезигип, кең-кесири кеп учугун уладык эле...

- Урматтуу Болот Төлөгөнович, алгач өзүңүз иштеп келе жаткан мезгилден бери карай Элчиликтеги иш- аракеттериңиз тууралуу токтоло кетсеңиз?
- Элчи болуп келгенимен бери эки жылдан ашты. Ошол аралыкта коллегаларым менен биргеликте көп эле иш-аракеттерди жасадык, бирок биз жасаган иштерди эл сындаганы туура болот го. Аткарган ишибизди массалык маалымат каражаттары аркылуу такай кабарлап турабыз, ошого жараша элдин өз пикири болсо керек. Ошентсе да маанилүүлөрүн атай кетсем.
- 2012-жылы Элчилик Москва Мамлекеттик Университетинин базасында Манас эпосубуздун улуу-лугун, өзгөчөлүгүн далилдеген бир нече мамлекеттердин окумуштуулары биригип, "Манас эпосу - дүйнөлүк эпикалык маданияттын мурасы" аттуу эң чоң эл аралык илимий конференция уюштурдук. Конференцияга Кыргызстандын Президенти А. Атамбаев өзү келип катышып сөз сүйлөп, кичинекей манасчы Үмөт Манастан үзүндү айтып, москвалыктарды таң калтырганы эсибизде көпкө сакталып калды. Ошол эле жылы 65ден ашык кыргыз маданиятынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен Кыргызстандын маданият күндөрүн Москвада өткөрдүк. Былтыркы жылы бир жыл бою улуу жазуучубуз, элибиздин сыймыгы болгон Чынгыз Айтматовдун 85 жылдык мааракесине арналган иш-чараларды катары менен өткөрүп, Москвадагы Рудомино атындагы Бүткүл россиялык чет элдик адабияттар Китепканасында жазуучубуздун бюстун орноттук. Москва мамлекеттик Лингвистикалык Университети менен биргеликте "Айтматовдун ааламы" аттуу илимий-практикалык конференция өткөрүп, кыргыз тили жана маданияты борборуна Ч. Айтматовдун аты берилди. Москванын көпчүлүк китепканаларында жазуучуга арналган иш-чаралар тынбай өтүп турду. Татарстанга барып, ал жакта Айтматовдун 85 жылдыгына арналган жумалыгын өткөрдүк. Бул иш-чараны улап, Москвадагы кыргыз коомдук уюмдары дагы өз салымдарын кошуп, бир топ маанилүү иш-чараларды өткөрүштү.
Мындан тышкары, Росиялык издөөчү топтордун жардамы менен табылган, 1941-1945-жылдагы согуш учурунда каза болгон эки мекендешибиз М. Давыдов менен С.Нургазиевдин сөөгүн мекенибизге жөнөттүк. Былтыркы жылы таланттуу акыныбыз Алыкул
Осмоновдун ар кайсы мезгилде орус акындары жана котормочулары которгон ырлар жыйнагын москвалык акын жана котормочу жердешибиз Михаил Синельников түзүп берген "Навек Иссык-Куль полюбила Нева" аттуу китебин чыгардык. Россиянын бир нече шаарында Ярославль, Самара, Тюмень облустарында кыргыз маданият күндөрүн кыргыз диаспоралары менен биргеликте ийгиликтүү өткөрдүк. Кыргыз киносун даңазалоо, азыркы учурда тартылып жаткан жаңы кинолор жана кино жаратуучулар менен Россияда эмгектенип жүргөн кыргызстандыктарды тааныштыруу максатында белгилүү кинорежиссер, актерлор жана продюссерлерди чакырып, Россиянын бир топ аймагын кыдырып, "Мекеним Кыргызстан" аттуу киножарыш уюштурдук. Кечээ жакында эле Москвадагы Манас атабыздан эстелиги жайгашкан "Достук" сейил багында 300дөн ашык кыргызстандыктар ынтымакта чогулуп, сейил бакты тазалап, Москва шаарына болгону жылуу пикирибизди билдиргенге аракет кылдык. Бул иш-чарабыз Москванын бийликтери тарабынан жакшы кабыл алынганын билдиришти. Учурдан пайдаланып, ушул иштерди аткарууда кыргыз диаспорасынын салымдары чоң экенин белгилеп кетүү зарыл деп эсептейм. Эми баарын санасам, кагазыңызга батпай кетет го (күлүп).
Ал эми Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы кызматташуудагы эң негизги жана приоритеттүү багыттар саясий, экономикалык жана миграциялык маселелерде дагы бир топ иштер аткарылып жатат. Алар эми өзүнчө сөз.
- Сиздердин мекемеге кыргыз мекендештерибиз көбүнесе кайсыл өңүттөгү көйгөйлүү маселелер менен кайрылышат?
- Күнүгө 150-200дөй кыргызстандыктар ар түрдүү маселер менен кайрылышат. Көбүнчөсү паспортторун жоготуп алышып, мекенине кете албай тургандар, юридикалык консультацияга муктаждар, иш издөөчүлөр кайрылышат. Бөлөк эл, бөтөн жерде жүргөндө ар кандай кырдаалга дуушар болуп калышат. Кээ бири бүт документтерин жоготуп же акчасын уурдатып барар жери жоктор, кай бири төрөп калып, баласы менен мекенге кете албай тургандар, кай бири оорунун айынан дарылына албай жүргөндөр, капыстан каза болуп калгандардын жакындарына жардам көрсөтүү, кыскасы маселенин учу-кыйыры көрүнбөйт.
- Эми мигранттар көп болгондон кийин, маселе дагы көп болсо керек, ошолордун баарына жардам берип жетишип жатасыздарбы?
- Өткөн 2013-жыл аралыгында укуктарын коргоо, паспортторун жаңыртуу же өлкөгө кайтуу күбөлүк жазап берүү, жарандыктан чыгуу, юридикалык жардам көрсөтүү жана башка консулдук аракеттерди көрүү ?түнүчтөрү менен 10 500дөн ашык эмгек мигранттарыбыз Элчиликке кайрылышкан. Ар түрдүү кырсык-окуяларга: мисалы аэропортко, соттук инстанцияларга, убактылуу кармоочу жайларга, базарларга жана курулуш объектилерине, ооруканаларга жана моргдорго консулдук-миграция кызматкерлери 600дөн ашык жолу барышкан.
Акчасын алдатып жиберген же жумуш берүүчү айлык акысын т?л?б?й койду деп кайрылган жарандарыбыздын 5 миллиондон ашык рубль ?лч?мүндөгү акча каражаттарын Элчилик ?ндүрүп беришкен. 2012-жылдан бери ушул кезге чейин энелери т?р?т үйл?рүн? таштап кеткен 30дан ашык бала Элчиликтин тикелей жардамы менен Кыргызстанга кайтарылган.
- Кээде эл арасында Элчиликтин дарегине айтылган
"Элчилик түзүк иш алпарбайт" - деген сыяктуу сындарга көз карашыңыз, дегеле сынды кандай кабылдайсыз?
- Сынды туура эле кабыл алып, ошол сындын ичинен чындыкты издегенге аракет кылам. Бирок тилекке каршы, кээ бир сындар чындыкка дал келбей да калат. Баарына жагып жетише албайсың, бирок колубуздагы болгон мүмкүнчүлүктөрдү жумшап, ак ниетибиз менен иштеп жатабыз. Сөзүм куру болбошу үчүн жогору жакта эмне иш кылып жатканыбызды цифралар менен далил келтирдим. Ал эми акыркы мезгилдерде коомубузда мигранттардын образын "байкуштардын" образына салыштырып, алардын жашоосун талкуулап, боор ооруган болуп, миграция темасын көтөрүмүш болуп, өзүнүн эсебине кадыр топтогонго же коомчулукка көрүнүүгө аракеттенгендер көбөйүп бараткандай. Мигранттарды жабырлануучу кылып, элчиликти жамандагандар мага чейин болуп келген, дагы эле боло берет. Биздин өлкөбүз эң эле демократиялуу өлкө, бирок кээде аша чаап, демократияны бирөөнү каралап, өз кызыкчылыгына жетүү үчүн пайдаланып жиберген учурлар да кездешет. Кимдир бирөөлөр иштейт, кимдир бирөөлөр тоголок кагаз жазып каралоого гана алы жетет.
Көйгөй бардык жерде бар, бул тууралуу кечээ жакында эле Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев кыргыз диаспорасы менен Элчиликте жолугушкан учурда белгилегендей, ошол эле Кыргызстандын ичинде жашап жаткандардын көйгөйү керек болсо мигранттардыкынан көп. Расмий эмес маалыматтар боюнча миллионго чукул деп жатабыз, ошолордун арасынан Элчиликке келип кайрылган жарандарыбыздын көйгөйлөрүн 5 консул, 4 юрист чечкенге бүткүл аракеттерин жумшап жатышат. Бирок ошончо кишиге 10 чакты консулдук кызматкерлер жетишүүсү мүмкүн эмес. Ошондой объективдүү себептерден улам, кээ бир жабылбаган маселелер чыгышы мүмкүн.
- Кыргызстандын Бажы Союзуна кириш-кирбеши тууралуу пикириңиз, эки жолдун кайсынысын туура деп эсептейсиз?
- Бажы союзуна кирүү же кирбөө маселеси оңго барсаң өзүң өлөсүң, солго барсаң атың өлөт дегендей эле кеп болуп турат. Менин жеке пикиримде утушубуз дагы, утулушубуз дагы бар. Бирок азыркы учурда мамлекеттик деңгээлде тиешелүү министрликтер жана адистер иштеп жатышат. Баардыгы өзүбүздөн - биздин тиешелүү министрликтин адистеринен көз каранды, канчалык деңгээлде мамлекеттин кызыкчылыгын эске алуу менен экононикалык жана эксперттик анализ жасап, Бажы Союзуна кирүүнүн жол картасын жазып чыгабыз, ошого жараша келечек болот. Азыр күчтүү адистерге жана аналитиктерге коомчулук муктаж болуп тургандай, себеби бизде бул маселеге келгенде адистер жетишпей жатканы сезилет.
- Соңку кезде мекендештерибизди бир топ ойго салган депортация, "кара тизме" өңдүү маселелер боюнча оюңуз?
- Россияда иштеп жүргөн чет өлкөлүк жарандар үчүн дагы бир кыйынчылык, бул "кара тизме" болуп турат. Мыйзам бузган чет өлкөлүк жарандар үчүн "кара тизме" түзүлүп, ал тизмеге кирген кыргызстандыктардын саны күндөн-күнгө көбөйүүдө. Акыркы маалыматтар боюнча ал тизмеге кирген кыргызстандыктардын саны 60 миңден ашты. 2025-жылга чейин Россиянын мамлекеттик миграциялык саясат Концепциясын ишке ашыруунун чегинде 2012-жылдын тартып 2013-жыл аралыгында миграциялык чөйрөдөгү мыйзамдарына 30дан ашык өзгөртүүлөр киргизилди. Алардын бири 2014-жылдын 1-январынан тартып Россияда чет элдик жарандар үчүн кирүү жана жана чыгуу тартиби өзгөрдү. Тактап айтканда, Россиянын 2013-жылдын 28-декабрында кабыл алынган федералдык мыйзамы күчүнө кирди. Ага ылайык, Россияда иштөө үчүн уруксаты, патенти же башка документтери жок чет өлкөлүк эмгек мигранттарына, анын ичинде Кыргызстандын жарандарына өлкөдө болуу мөөнөтүнө чек коюлду. Россиянын азыркы мыйзамына ылайык, биздин жарандар Россиянын аймагында жүргөн чакта эки же андан ашык штраф алса, кара тизмеге кирет. Мисалы: машина айдап бара жатып, ичип алып кармалса штраф алат же метрого же трамвайда жол билетсиз жүргөндө кармалса штраф алат. Бул штрафтар автоматтык түрдө Россиянын Федералдык миграция кызматынын жалпы базасына барып түшөт. Бирок эгер дагы бир башка эреже бузуу менен кармалбаса, иштеп, жашап жүрө берет дагы, Кыргызстанга кетээр күн келгенде эч тоскоолдуксуз чыгып кетет, бирок кайтып Россияга барган учурда киргизбей коёт, ошондо гана "кара тизмеге" түшүп калганын билишет. Себеби мыйзамда 2 же андан ашык штраф алган жаран деп көрсөтүлгөн, ал штрафты алып, чек арадан чыгып бара жатканда автоматтык түрдө кара тизмеге кирет.
- "Груз - 200" маселеси боюнча токтоло кетсеңиз?
- Адам баласы кай жерде болбосун өлүү жана төрөлүү, ийгилик жана кемчилдик, ый жана күлкү коштоп жүрөт экен. Тилекке каршы былтыркы жылдын аралыгында эле 350 дөн ашык мекендешибиздин сөөгү Кыргызстанга кетти. Алардын дээрлик көпчүлүгү Россияга келип иштеп, мекенинде калган жакындарын, үй-бүлөсүн багып жүргөн жаштар экендиги өкүнүчтүү. Учурда бир-эки авиакомпания ал жүктү бекер алып кетип жатышат. Бирок жүктү бекер алып кетүү менен бардык маселе чечилип калган жери жок. Жакындары, тааныштары жана коомдук уюмдар дагы көп салымдарын кошуп, ритуалдык кызматтардын төлөмдөрүн көтөрүп жатышат. Себеби мамлекеттен ритуалдык кызматтар үчүн атайын каражат каралбайт. Ушул учурда азыркы коомдун талантуу акындарынын бири Шайлообек Дүйшеев жазганы эсиме келе түштү: "жамандыктын дагы оң жактары бар, себеби жамандыкты укканда бардык эл бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, бириге калышат" деп өзүнүн жаңы чыккан "Агындылар" деген китебинде жазгандай, эл-журт көтөрүп, керек болсо үй-бүлөсүнө да жардамдарын берип жиберген учурлар көп кездешет.
- Жакында Москвада бүткүл дүйнөлүк кыргыздардын чет элдеги үчүнчү Форуму өткөнү турат, ушуга карата көз-карашыңыз?
- Бул кыргыздардын ынтымагынын бир формасы жана ийгиликтеринин күбөсү деп айтат элем. Форум-чоң жана маанилүү иш-чара. Ошондуктан москвалык диаспоранын бул сунушун Элчилик ар тараптан колдоп, уюштуруу комитетине атайын Элчиликтен офис бөлүп берип, дипломаттар кошо жардамдашып, ынтымакта өткөрүүгө болгон аракеттерибизди жумшап жатабыз. Буга дүйнөнүн ар кайсы бурчунан кыргыздар чогулганы турушат. Акыркы маалымат боюнча Америка, Түркия, Италия жана Япониядан кыргыздардын келиши күтүлүүдө. Кыргызстандан Жогорку Кеңештин бир нече депутаттары, бир катар министрликтен келип катышканы турушат. Андан тышкары Россия-нын бийлик өкүлдөрүнөн дагы катышуусу күтүлүүдө. Кыргыздардын дүйнөлүк III- Форумунун катышуучулары ар кандай талкууларды, ар тармак боюнча пленардык жыйындарды өткөрүп, тажрыйбалары менен бөлүшүп өлкөбүздүн өнүгүшүнө салым кошот деп ишенем. Сөз соңунда сиздердин "Нур" гезитиңиздерге да ийгилик каалап кетмекчимин. Окурманыңыздар арбый берсин. Эл сүйүп окуган басылмага айланып, кыргыз мекендештерибизге талыкпай кызмат өтөй бериңиздер.


Маектешкен:
Акылбек
Мамадалиев,
"Нур" гезитинин өз кабарчысы 8(925)357-16-78;
m.a.m.80@mail.ru