КЫЯЛДАРГА АЗГЫРЫЛБАГЫЛА !

Мурдакы Союздаш, азыр өз алдынча көз карандысыз мамлекет болгон Украинадагы соңку окуялар дүйнө коомчулугунун көңүл борборунда турат. Анткени телеэкрандардан көрүп, радиодон угуп, гезит-журналдардан окуп бул боордош өлкөдө Америка Кошмо штаттары менен Европанын айрым өлкөлөрү тарабынан каржыланган, эч кандай эл аралык мыйзам актыларына туура келбеген фашисттер-бандерачылар азчылыкты түзүшкөн улуттарды жек көрүшкөн кылмышкерлердин тобу көңтөрүш жасап бийликти ээлеп алышканын туюп турубуз. Советтик доорго таандык жана улуттар аралык достукту даңазалаган В.И.Лениндин, Т.Шевченконун эстеликтери талкаланып, калктын орус тилдүү бөлүгү ачыктан ачык эле кысымга алынууда. Мамлекеттин чыгыш областтарында мындай кылмышкердикке элдин басымдуу бөлүгү нараазы. Арга жок он миңдеген адамдар Россия Федерациясынын аймагына качып өтүшүүдө. Боордош Украинанын президенти Виктор Янукович мыйзамдуу түрдө бийликтен четтетилген жок. Кылмышкерлердин тобу жөн эле бийликти басып ээлеп алышты. Канчалаган замандаштарыбыз курман болушту жана жаракат алышты. Мамлекеттик башкаруу уюмдары толук кандуу иштебей карапайым калк кыйынчылык тартып жатат. Крым автономиялуу облусунда Россия Федерациясынын куралдуу күчтөрү эл аралык келишимдерге ылайык стабилдүүлүктү сактап турат. Фашисттерден жабыркаган калк жардам сурап Россия Федерациясынын президенти Владимир Путинге кайрылууга аргасыз болду. Бул маселе Россиянын парламентинде каралып депутаттар президенттин Украинадагы абал турукташканга дейре Россия Федерациясынын куралдуу күчтөрүн колдонуу боюнча Кайрылуусуна макулдугун бир добуштан беришти.
Эми ушундай будуң-чаң түшкөн учурда "өлө албай жатып, өлөң айтат" дегендей кыргызстандык айрым саясатчылардын баш аламандыктарды уюштурушкан украин кылмышкерлерин колдоп отурушу уят нерсе. Кыргыз эли тарыхы терең, дүйнөдөгү эң байыркы жана сабырдуу элдердин бири. Жердештерибиз кимдин ким экенин, Украинанын талкалоодо кимдердин ролу болуп жатканын дурустап билиши шарт. Ошондуктан азыркы учурда Кыргызстанга да тынчтык жана биримдик керек. Айрым бир ала көөдөн саясатчылардын берген акчасына же куру чакырыктарына азгырылбай мыйзамдуу түрдө жалпы эл тарабынан шайланган президентибиздин мөөнөтү бүткөнчө иштөөсүнө мүмкүнчүлүк берели. Эгемендүүлүктүн жылдарындагы эки төңкөрүш кыргыз элине жакшылыктарды алып келген жок. Андан көрө кадырман калкыбыз айткандай "ырыс алды ынтымак" дегендей сүйүктүү мекенибиз Кыргызстанды оорчулуктан алып чыгууга ар бирибиз чын дилибизден салым кошолу.
Бүгүнкү күндө Россия Федерациясынын аймагында бир миллионго чамалаш кыргызстандыктар эмгек мигранттары катары иштеп өздөрүнүн үй-бүлөлөрүн жана ата-энелерин багып жатышат. Жыл сайын орточо эки миллиард долларга жакын накта акча Кыргызстанга жөнөтүлүүдө. Бул өтө чоң каражат деп ойлойбуз. Дагы бул жактан квартира алып же ишкерликти баштоого каржы жумшагандары да көп. Россияда айрым мекендештерибиздин документтердин айынан кыйналып жатышканы ырас. Ошондуктан бул жакка келип иштеп жатышкан жаштардын басымдуу бөлүгү жана алардын ата-энелери, туугандары Кыргыз Республикасынын Баажы биримдигине киришин кызуу колдошот. Ал эми ага каршы чыккандар жалпы кыргыз элинин маанайын, пикирин билдирбейт. Мурдакыдай шериктеш өлкөлөрдүн достугу чыңдалып, экономикабыз көтөрүлсө, жаманбы? Россия Федерациясы Нарын дарыясынын жогорку жээктерине эгемендүүлүктүн жылдарында токтоп калган гидроэлектр станцияларын курууга, калктын жаратылыш газы менен камсыздоону жакшыртууга, транспорт жана өндүрүш тармагын жакшыртууга салым кошууга ниеттенип жатат, Мындай чын ыкыластан достук максатта берилип жаткан жеңилдетилген инвестициядан баш тартууга болбойт. Эл аралык мамилелердин алкагында биздин эң жакын досубуз жана өнөктөшүбүз Россия гана болуп кала алат. Чындыгында улуу Россия же совет эли болбогондо экинчи дүйнөлүк согуштун кандай трагедия менен аякташын элестетүү кыйын эмес. Балким ошол кезде ишке ашпай калган планын фашисттер эми болсо да аткарууга дилгирленип жатышкандыр. Демек, учурдун орчундуу маселесин ашыкпастан, "жети өлчөп, бир кесип" дегендей акыл-эстүүлүк менен чечкенибиз оң болуп туру. Төмөндө Москвадагы коомдук уюмдардын лидерлеринин пикирлерине орун беребиз.
"Нур" пресс


Москвада аксакалдар кеңешинин төрагасы.
РУДНдин профессору. МАНЭБдин академиги Турсунбай Кубатбеков:
"Тынчсыздануу менен Кыргыз элине кайрыламын!"

Москва шаарындагы жана Москва обласында алды 90 жашка чыгып калган, 40-50 жылдан бери жашап эмгектенип жатышкан кыргыз диаспорасынын акасакалдар кеңеши Украинадагы ситуациага байланыштуу кыргызстандагы кээ бир саясатчылардын жасап жаткан жумуштарына тынчсыздануу менен Кыргыз элине кайрылабыз.
Кайра, кайрадан революция жасай берип элдин, өлкөнүн өнүгүшүн 20-30 жылга аркага тартып салдыңыздар. Дагы бир революция Кыргызстанды бир жолу жок кылат. Кыргыз эли аны көтөрө албайт. Ансыз деле африканын артта калган өлкөлөрүнө теңелип калдык. Кыргыз элине кайрылаарыбыз провокацияга алдырбаныздар. Бийликтин катачылыктарын цивилизованный жол менен оңдогонго өтүш керек. Кыргызстандагы бир дагы революция өлкөнү оңдогон жок. Азыр дагы эле элдин акыбалы начар, кыргыздын иштей турган жаштагы кыз, жигиттери башка өлкөлөрдө жыргаганын жүргөн жок. Ошол жерде ата-энесин, үй-бүлөөсүн багам деп эң оор жумуштарды аткарып жүрүшөт. Жылына 300-400 "груз 200" кыргызстанга кетип жатат. Эгерде сиздер дагы провокаторлордун тилине кирсеңиздер орусия менен кыргыздардын мамилеси начарлайт, кыргыз элине кыйын болуп калат. Ансыз деле кыргыз мигранттарынын укугу жакшы абалда эмес.


Москвадагы коомдук-маалымат "Нур" гезитинин редактору.
"НУР" Компаниясынын башкы директору Багытбек Бапанов:
"Россиялык мекендештер башаламанга каршыбыз!"

Урматтуу мекендештерим. Оппозициянын мүчөсү Равшан Жээнбеков азыркы өкүмөткө каршы элди кайрап, бурмалап атканын кабарлардан угуп өтө өкүндүм.
Кыргыз эли буга чейин эки жолу революцияны башынан өткөрдү. Канчалаган жердештерибиз өлүп, өлкөбүздүн экономикасына чоң зыянга учуратты. Бийликтер алмашып ушул убакытка чейин өзүбүзгө-өзүбүз келе албай аткан убагыбыз. Президенттик бийлик жакпай, парламенттик бийликти чогу кабыл алдык. Эгер кыргызстандын экономикасын оңдой албай, саясий туруктуулукту сактай албаган болсок бул бардыгыбыздын күнөөбүз.
Американын дүйнөнү баш аламанга алып келген саясий ойнун биз кабыл албашыбыз керек! Россия менен кылымдар бою чогу жашап келдик. Кыргызстандын жакшы-жаман күндөрүндө россия биз менен бирге болуп жардамдарды берип келгенине күбөөбүз.
Россияда бир миллиондон ашык эмгек мигранттарыбыз иштеп келүүдө жана кыргызстандагы үй бүлөөсүн багууда, буларды унутпашыбыз керек. Россия менен Кыргызстандын ортосундагы достукту чындашыбыз зарыл! Бажы биримдигин кабыл алуубуз шарт. Эгер бажы биримдигине кирсек элибиз Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы чек ара жоюлуп эркин жүрүп, эркин иш кылуу мүмкүнчүлүгү болот. "Европа биримдиги" сыяктуу бизде да жашоо оңолуп кетерине ишеничибиз керек!
"Ынтымак, биримдик, тынчтык бар жерде" - ырыс болоорун унутпайлы. Биз кыргыз эли кара- күч менен эмес, акыл- эс, билим, иш тажрыбайлары менен бардык кыйынчылыктарды чогуу кеңешип чечүүбүз зарыл. Американын долларына мас болуп, өз элибизди бири-бирине душман кылып кайраштырган адамдарга ишенбейли, алар арабыздан жоголсун!
Кыргызстан өлкөсүнүн саясий туруктуулугун бузуп, адамдарды бурмалоо менен алек болгон адамдарды жазалоо үчүн, парламенттин өзгөчө катуу мыйзам кабыл алуусун сунуш кыламын!
Биздин карапайым элибиз саясат менен эмес , жакшы жашоо сүрүү үчүн, ар ким өз ишин оңдоо менен алек болуп, алга умтулуусу зарыл!
Урматтуу мекендештерим, украинадагы башаламан саясий абалдан пайдаланып, элди бурмалап аткан Равшан Жээнбековдордун сөзүнө, ишенбегиле, акчасына алданбагыла!
Биз өлкөбүздө кайра башаламан жашоо болушун каалабайбыз жана ага жол бербейбиз!
Биздин кыргыз өлкө дүйнөгө жакшы жактары менен гана таанылышы керек!
Мекендештеримди тынччылыкка, сабырдуулукка чакырып, дүйнөгө жүзүбүз жарык болушун каалаймын!



Москвадагы "Кыргыз биримдиги" коомдук
уюмдун жетекчиси Абдыганы Шакиров:
"Орун алмашуудан сумма өзгөрбөйт"

Батыш өлкөлөрүнүн империалистери мыйзамдуу мамлекеттин бийлигин дагы бир көңтөрүш жолу менен алуу жолун ойлоп табышты. Аны СНГ мамлекеттеринин арасында Украина мамлекетине колдонушту.
Ушундай метод менен иштөөнү Кыргызстандын кээ бир Б.О.К. уюмунун мүчөлөрүнө үйрөтүлүүдө.
Дүйнөдө кайсыл гана мамлекет болбосун ал бир же бир канча өлкөлөрдөн саясат же экономика тарабынан көз каранды. Көз карандысыз мамлекет бул дүйнөдө жок. Кыргызстандын азыркы учурда Россия өлкөсүнөн көз каранды болуусу - жаңылык эмес, же намыстана турган жумуш эмес.
Акыркы 100-200 жылдын ичинде кыргыз эли көп элдерден жардам алды, бирок Оруссия эли берген жардамды, менин оюмча, эч кайсыл эл жардам бере элек. АКШ элинин жардамы айтканга да татыксыз, бергенинен алганы көп.
Эки элдин топ келишинин бир белгиси - кыргыз элинин акыркы кылымда, башка коңшу өлкөлөргө салыштырганда, экономика, илим-билим, социалдык өнүгүүсү аябагандай жогорулады. Дүйнөдө сабаттуулук боюнча, киши башына салыштырганда, эң алдыңкы мамлекеттердин санына кошула алдык. Мунун баарын элибиз билип, туюп турат. Ошого байланыштуу, намыскөй элибиз теңме-тең ат чабышып, эки элдин ынтымагына, өнүгүүсүнө, көз-карандылыгына көп салым кошуп келатат. Буга мисал болуп 1941-1945-жылкы Ата Мекендик согушту эсептесек болот.
Кээ бир эл душмандары "Согушта немец элине жеңилип берсек турмушубуз жакшы болот эле" деген сөздөрдү бүгүн "США эли менен жакын болсок турмушубуз оңолуп кетет" деп өзү менен кошо элди алдаганга аракет кылып жатышат. Менин оюмча, кыргыз эли бирөөгө кошулуп кетүүдөн эч качан жакшы жашап кете кала албайбыз, себеби кенен эркиндикти сүйгөн улуу элбиз. Биз - өзүбүз аракет кылып өлкөбүздү түптөндүрүү жолу менен өнүгүүбүз талашсыз.
"Орун алмашуудан сумма өзгөрбөйт" дегендей, азыркы шартта "бийликтеги кишинин алмашуусунан турмуш өнүгүп кете албайт" дейт элем. Дагы бир жолку "революцияны" элибиз көтөрө албайт, мамлекет ич-ара бөлүнүп жарылуу болуп кетет деп ойлоймун. Экономиканы өнүктүрүүгө, мыйзамдардын туура иштөөсүнө шарт түзүп, убакыт жана жаңы идея-проектилерди тартуулаш керек.
Кыргыз эли бүгүнкү күндө тыркырап бүт дүйнө жүзү боюнча тентип кетти. Мунун жакшы жагы - келечекте кыргыз элинин өнүгүүсүнө алып келет. Кантип? Бүгүнкү күндө, таарыхта эсте кала турган, жакшы мүмкүнчүлүктөр пайда болууда. Көчмөн эли өнүгүү, турмуш шартын жакшы жакка буруп өнүктүрүү максатында - бир жерден (жайлоодон) экинчи жерге (жайлоого) жылып (миграция) жүргөн. Мындан эл жалпы пайда тапкан, эмесе жылбайт болчу. Ошол себептен азыркы миграция, кыйынчылыктарга карабастан, келечекте элибизди жакшы ийгиликтерге жетүүсүнө алып келет.
Кыргыз эли менен Россия Федерация элдеринин келечеги бири-бири менен байланыштуу экенин эске саламын.



Пикир: