МАДАНИЯТ


Москва кайрыктары-2012 поезия сынагы


2012-жыл. 20-май. Көптөн күткөн, көктөн түшкөн күн ушул. Дегеним ар бир күндү Улуу Көкө Теңирим Көктөн түшүрүп, өз пенделеринин мээр шыбагасына ыроолойт окшобойбу. Анын сыңарындай биз үчүн да 20-май көкүрөгүбүзгө кут түнөткөн, көпкө жадыбыздан
жуулбай сакталчу жакшы күндөрдүн бири бойдон кала берери шексиз. Анткени, дал ушул күнү Москвада "Москва кайрыктары-2012" поэзия сынагы болуп өтүп, жалпыбыздын көңүл кушубуз көкөлөдү. Эмесе, негизги кепке өтсөк...

"Кыргызстан" Соода Үйүнүн жыйындар залында болуп өткөн ушул жылкы поэзия сынагын, "Кыргыз гимни" ойнолгон соң "Бөлүнсөк көз жашымсың, Ата Журтум, Аш ичкен аягыма тамчылаган. Жолдордун ортосунда турсам дагы, Сокурга окшоп кетем жол сураган" - деп, муңканган акын Т.Эргешовдун ыр саптары менен ачкан алып баруучу агайыбыз А. Пирматов, алгачкы сөздү "Москва кайрыктары" адабий клубунун негиздөөчүсү Б. Бапановго узатты. Ошондо Б. Бапанов: "Бүгүн бизде майрам болуп отурат, өткөн жылы "Москва кайрыктары-2011" поэзия сынагын уюштурганбыз. Натыйжасы жемиштүү болгон. Ошонун негизинде "Москва кайрыктары-1" альманахын чыгарууга да жетишкенбиз. РФда кара жумуш менен эле чектелбей, ыр жараткан кайратмандарга ыраазычылык айтам. Андыктан, бүгүнкү поэзия сынагыбызга ырга шыктуу бардык адам катыша алат. Эмесе, ийгилик каалайм" - деп, сынактын шарттарын түшүндүрдү. Ошентип, Б. Бапановдун айтымына ылайык сынак 2 бөлүктө өтө турган болду. Биринчи бөлүгүндө, жарышка чыккандар эркин темадагы он куплеттен ашпаган ырларын окушуп, алардын ырынын мааниси, көркөм окуу чеберчилиги эске алынары, экинчи

бөлүгүндө болсо, катышуучулардын берилген темага карата ыкчам ыр жазуу жөндөмү текшериле турганы белгиленди. Ал ортодо президиумга, өзөгүндө КР Улуттук Жазуучулар Союзунун мүчөлөрү акындар: А. Жандаров, Ө.Мамаева, А. Мамадалиевдер менен бирге "НУР" көп тармактуу компаниясынын ген.директору Б. Бапанов, акын А. Мамасадыковалар камтыган калыстар тобу чакырылып, орун алышты. Анан сынактын катышуучулары катар номерлери боюнча бир-бирден эл алдына чыгышып, өз ырларын окуй башташты...
Эх, десең! Мына ошондогу, көрүнүштү айт! Бирде сел жүргөндөй, чагылган чартылдап, күн күркүрөгөндөй, бирде гүлдөр жайнагандай, жайлоодо кулундар даң салгандай, бирде булак шылдырагандай, жай мукам музыка таңшыгандай, бүркүттөр көктө шаңшыгандай элестелген ажайып көрүнүштөр өкүм сүрдү бейм. Айтор, мезгил токтогонсуган, убакыт учпагансыган, өмүр көз ирмемдери түнөдү, көңүл чөйчөгүбүздө. Жалпыбыз, жапырт сыйкырдуу поэзия
ааламынын айдыңында акылдан азгандай, эс-мас боло каттык да калдык. Жүрөгүбүздү кудуреттүү күчтөр даарыгандай жыргалга баттык, бейм, чиркин ай! Ушундай. Ырлар болсо ирети менен окулуп жатты. Ар бир катышуучу ырын окуп бүтөрү менен ордуларына барышып, калыстар тобу тиешелүү 50дөн 100гө чейинки упайларын ыйгарууну колго алышты. Калыстар тобунун упайларын эсептөө тобунун мүчөлөрү манасчы К.Жээнбаев, журналист Т.Кожомбердиева, акын А. Бектемировалар эсептеп жатышты. Негизи жалпы эсеп боюнча дээрлик 4 саатка созулган поэзия сынагынын биринчи бөлүгүндө таланттуу 60 адам катышып, калыстар тобунун чечимине ылайык 1-орундагы 3 орунга М. Саматов, Т. Адилбеков, М. Сатыбалдиевалар татышып, "НУР" гезитинин жана "Москва кайрыктары" адабий клубунун диплому менен сыйланышты. Анан да ушул жеңүүчүлөрүбүзгө "Эл аралык миграциялык борборундагы" кыз-келиндердин жетекчиси У.Байматова (DVD), "Кыргызстандыктарды коргоо жана көмөктөшүү борборунун" жетекчиси Г.Исаков, "Каймос" фондунун жетекчиси Өмүрбек Абдилазизовдор акчалай сыйлыктарын беришти. 2-орундагы 3 орунга татыган М.Рыскулова, М. Бакиров, Н.Асанова, А. Сооронбаеваларга да "НУР" гезитинин жана "Москва кайрыктары" адабий клубунун диплому ыйгарылды. Ал эми 3-орундагы 3 орунду багынтышкан А.Рысбаева, С.Сайпидин уулу, А.Деванаевдер да "НУР" гезитинин жана "Москва кайрыктары" адабий клубунун диплому менен сыйланышты. Андан сырткары ушул жеңүүчүлөрүбүзгө "Кыргызстан аялдары" фонду тарабынан "ORIFLAME" маркасындагы атыр, упа, крем өңдөнгөн белектер берилди.
Анан бир аз танапис жарыяланып, алтымыш жашында, тагыраагы дал ушу тапта чыгармачылык дарамети тоо суусундай ташыган таланттуу агайыбыз М.Гапыров адаттагыдай эле кайда барбасын, колунан түшүрбөй, кошо ала жүргөн италиялык мандалинин чертип, Р.Абдыкадыровдун "Сагынуусун" аткарды. Ал эми К.Дүйшөбаева болсо "Апаке" деген обондуу ырды гитаранын коштоосунда аткарып, жүрөктөрдү толкутту. Баарынан да С.Шерматова эжекебиз Токтогулдун айтылуу "Алымканын" созолонткондо бүткөн боюбуз жибип, сезимдерибиз сергилең тартып, көйгөйлүү ойлор көңүлдөн сүрүлдү. Андан соңку кезек поэзия сынагынын 2-бөлүгүнө, тагыраак айтканда, ыкчам ыр жазууга келди. Калыстар тобу атайын 5 теманы бир бүктөм баракка жазышып, анан барактарды аралаштырышып, чүчү кулак карматышты. Ошондо баш-аягы таланттуу 11 адам катышкан 2-бөлүктүн негизги темасы катары 5 теманын ичинен тандалган "Кыргыз улуттук касиетин жакшыртуу" аттуу собол болду. Ушул соболдун тегерегинде ой калчап, ыкчам ыр жазууга 15 мүнөт белгиленди. 15 мүнөт ичинде ортону жымжырттык ээлебеши үчүн М. Бакиров Барпынын "Гөзал кызын" ырдап, атактуу куудул Д. Мадымаевдин иниси С. Мадымаев "Кыздар" аттуу тамаша аралашкан ырын окуп, Н. Назаркулова А. Жайнаковдун "Ала-Тоосун" созуп, баарыбыздын оюбузду көздөн учкан Ала-Тообузга бурду. Анан саат жебесинин чыкылдаганына карай, белгиленген 15 мүнөт да бүтүп, ыкчам ыр жазуучулар биринен сала бири ирети менен ырларын окуп беришти. Жыйынтыгында кара кылды как жарган, өз вазийпаларын туура аткарган калыстар тобунун чечимине ылайык 1-орунга М.Саматов татып, "НУР" гезитинин жана "Москва кайрыктары" адабий клубунун диплому менен сыйланды. Анан да ушул жеңүүчүгө "Кыргызстандыктардын Союзунун" жетекчиси Э.Мырзабеков 3000 рубль берди. Жана да 2-орундагы 3 орунга татыган Н. Асанова, Т.Адилбеков, А. Рысбаевалар "Нур" гезитинин жана "Москва кайрыктары" адабий клубунун диплому менен сыйланышып, Москвадагы "Старый город", "Жибек жолу", "Шерине" деген кыргыз кафелерине барып, романтикалык кече өткөргөнү 2 кишилик чакыруу билетин алышты. Ал эми 3-орундагы 2 орунга М. Бакиров, М.Рыскуловалар татышып, "Кыргызстан аялдары" фондунун "ORIFLAME" маркасындагы атыр, упа, крем өңдөнгөн белектери менен бирге "НУР" гезитинин жана "Москва кайрыктары" адабий клубунун дипломдору менен сыйланышты. Андан сырткары ушул поэзия сынагында таланттууларга демөөрчүлүк кылып, сүрөөнгө алганы үчүн У.Байматова, А.Кулукеева, Э.Мырзабеков, Ө.Абдилазизов, Г.Исаков, Б.Таңатарова, А. Райимбекова, У.Абдразаков, Б.Ташболотов, Ж.Абдрайимов, М.Гапыров, Б.Урзибаев, О.Сардарбеков, Ө.Мамаева өңдүү аттуу-баштуу мекендештерибиз
"Москва кайрыктары" адабий клубунун "Ыраазычылык кат" түрүндөгү, сый баракчасына ээ болушту. Ошентип дээрлик 6 саатка созулган ушул кече, өтө жогорку деңгээлде өттү десем жаңылышпайм.
Сөзүм куру болбош үчүн, кече аягында сөз алган айрым жарандарыбыздын таасын сөздөрүн ойго түшүрө кетсем. Атайын Санкт-Петербург шаарынан келип, калыстар тобунун катарын толуктаган Ө. Мамаева: "Карагылачы, туугандар! Бүгүнкү поэзия сынагы кандай сонун өттү. Керек болсо илгерки КПССтин чогулушу да мынчалык узакка созулбаган. Сөздүн кудурети деген ушул. Ушундан улам "Москва кайрыктары-2012" поэзия сынагын уюштурган Б. Бапанов иниме ыраазычылык билдире кетмекчимин." десе, Москвадагы Аксакалдар Кеңешинин төрагасы О.Сардарбеков: "Урматтуу таланттуу жердештер! Бул күн эч качан эстен кетпес. Көпчүлүгүңөр "НУР" гезитинин уясынан агардыңыздар. Ушу жерден А. Ахматова, С. Есенин өңдүү таланттар чыгышы мүмкүн. Ч. Айтматов да адабий институтту аяктап, дал ушул Москвадан атагы ааламга тараган. Балким, сиздер да ошондой деңгээлге жетерсиздер. Эң негизи дайыма кыргыздын туусун көтөрүп, адамзатка тийиштүү бийик үлгүлөрдүн чегинен тайбай жүрө берели" деди. Ал эми КРдин РФдагы Элчилигинин катчысы А. Кулукеева: "Урматтуу, ыр ышкыбоздору! Баарыңыздардын жүрөгүңүздөр таза. Ушундай кечелерди сагынып калганыңыздар сезилип атат. Чыгармачылык ийгилик болсун. Ушундай кече уюштурган Б.Шериевичке ыракмат айтам! Кыргыз адабиятынын башка өлкөдө өнүгүшүнө чоң салым кошуп аткандагысы деп ойлойм" - деп, ак дилинен оргуган пикирин билдирип, элчиликтин атынан биринчи орунга татыган жеңүүчүлөргө грамота тапшырды. Айтор, ушул өңүттөгү ойлор баарыбыздын жүрөгүбүздө магмадай кайнап турганын таналбасмын-ов! Дагы бир баса белгилей кетчү жагдай поэзия сынагынын жүрүшүндө адабий китептер сатыкка коюлуп, келгендердин бир даары ошол китептерди сатып алышып, үйлөрүнө жан азык алып кайтууну да унутта калтырышпады. Поэзия сынагынын соңунда катышуучулардын баары сыртка чыгышып, чаңкайган асман алдында эстеликке сүрөткө түшүшүп, жүздөрүндө нур уялап, жүрөктөрү сүйүнүп, келген жагына кадам ташташты.
Эх, атаңгөрү! Эми не десем? Эмки жылы дал ушул маалда өтүүчү "Москва кайрыктары-2013" поэзия сынагында кайрадан кучак жайып, жүз көрүшкөнчө саламатта бололу, ардактуу агайын-туугандар! Жалпыбызды Жаратканым колдосун...
Акылбек МАМАДАЛИЕВ,
"НУР" гезитинин
өз кабарчысы


Нур реклама
сайт ээси Жанызак:
гезит сайтка чыгарылыш туралуу Жакшылык:
тел:+996779085712
0312 893264
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!