Москва кайрыктары
Бакыт
"Бала - бакыт, бала - бал,
Бакытка даана барабар"
Алтындай нарктуу бул сөздү,
Айтышчу биздин бабалар.

Маалында жалгыз үчүнбү, эй,
Маанисин туура түшүнбөй.
Жүрчү элем ойлоп "жөн сөз" деп,
Жүрөккө мээрим жүгүрбөй.

Арадан күмүш күн өтүп,
Адырга кызыл гүл өсүп.
Жаркыган жаштык куракта,
Жарыма алдым үйлөнүп.

Оолактап күндөр саналуу,
Оо, анан болдук балалуу.
Ошондон бери толкундап,
Ой менен жирейм абаны.

Үйрөнүп турмуш күзгүсүн,
Үрөймүн талбай бүт күчүм.
Башым бир тиет булутка,
Баланын уксам күлкүсүн.

Бала бар, жанган жанармын,
Бала бар, алга агармын.
Бактысы үчүн алардын,
Баарына гана даярмын!

Аллахым өзү жар болсун,
Ар үйдө бала бар болсун.
Таалайлуу ата-эненин,
Татканы шербет, бал болсун!

"Бала - бакыт, бала - бал,
Бакытка даана барабар".
Сөз атасын айтыптыр,
Сөөлөттүү биздин бабалар!..

Акылбек Мамадалиев,
Сузактан, 8 (926) 069-11-17

Кутулбасмын
карызымдан

Наристе жатат чала жан,
Бир жан жок караган.
Эне байкуш жүрөгү,
Бир заматта түндөдү.

Врач кирди шашыла,
Эки көзү чачыла.
"Кан куюу керек" - деп,
Кете берди кайрыла.

Туйланган жүрөк сездиби,
Аңгыча ата кирип келди.
"Кандай болду кыз" - деп,
Апага кайрыла тиктеди.

Апа карайт оң-солду,
"Билбейм, эмне болду?"
Апа дартын ким билсин,
"Кан куюу керек" деп койду.

Врач да кирип келди,
"Атасы жүргүн" - деди.
"Каның текшерели",
Апа дартын айталбай
Ичинен күбүрөп кала берди.

Деди да "Баары жакшы",
Кроватка жаткызышты.
Кызга карай ата каны,
Тып-тып таамп жатты.
Ошо күндөн ата мээримин,
Ата жытын сезип атты.

Баккан атам багым болду,
Жашоодогу ажарым болду.
Көрдүңөрбү, туугандарым,
Баккан атаны абайлагын!

Өмүрүңө өмүр улап берсем деле,
Өмүр гүлүн өзүңө терсем деле.
Кутулбасмын карызымдан атаке,
Желкемде алып жүрсөм да Меккеде.

Эл оозунда болсо да баккан атам,
Жүрөгүмдө болуп жашайсың өз атам.
Жаратканга тизе бүгө ыраазымын,
Бул жашоодо эң бактылуу мен адам.

Жүзүңө карап айткым келди ырларымды,
"Ыраазымын" деп төгө-төгө жашымды.
Бирок карап туралбасмын ошондогу,
Жамгыр болуп агып аткан жашыңды.

Окурсуң атаке ырларымдан,
Толкурсуң бул жазганымдан.
"Бактым бактысыз" деп ойлобо,
Силер менен бактылуумун атажан!..

Патма Галжигитова,
Лейлектен 8(925)030-48-37



Ата-эне

Эмне үчүн мен башкага тең эмесмин,
Ойлоп көрсөм башкалардан кем эмесмин.
Эмне үчүн мындай кылды ата-эне,
Түшүнбөдүм турмуш кандай татаал экен.

Ата-эне деп айткым келет башкалардай,
Бирок жок го энем болсо атам жандай.
Кимди айтам ата деп эми мен да,
Же айтамбы апам тапкан бирди жандай.

Эмне үчүн жарашпайбы мага жашоо,
Жүрсөмчү ата-энемдин кол алдында.
Эмне үчүн мага муну буйрубаган,
Карачы эми кантем Москвада?..

Фатима Ажыбаева,
Кара-Кулжадан, 8 (926) 191-38-04



Эне-Сай

Эне-Сайда элим кылым карытып,
Канчалаган кылым чачын агарткан.
Күн кечирип, Эне-Сайдын боюнда,
Ат ойнотуп, кечтер кирип, таң аткан.

Суу боюнда кызыл аска жарында,
Мекендеген бабалардын жери бар.
Ошол жерди кызыл-жар деп аташып,
Кыргызымдын тарыхтагы изи бар.

Эне-Сайым миң кылымды өткөрүп,
Өз ичине көп сырларды камтыган.
Күндөн-күнгө мүрөк суусун ичкендей,
Эч карыбай жашарганы жашарган.

Эне-Сайды Ала-Тоодо жүрсөк да,
Ар кыргыздын жүрөгүнөн табалы.
Тээ заманда кыргыз элим жашаган,
Эне-Сайдын ак батасын алалы.

Амирбек Муратов,
Кара-Суудан 8(923)283-79-23

Cүйүү арманы

Жан-дүйнөмдү оттуу сага багынып,
Күттүм сени кара көзүң сагынып.
Неге сени кезиктирдим кайрадан,
Калдым беле махабатка кабылып?

Биз таанышпай койсок эгер ошондо,
Мындай азап болбойт эле жашоодо.
Терс бурулуп неге кете албадың,
Башка ойго алдырдыңбы ардагым?

Аттиң арман куса болуп кыйналам,
Сүйүү мындай болушун мен туйбагам.
Оо, сүйгөнүм элесиңди сагынып,
Көкүрөктө арман калды туйбаган.

Айбек Нуржигитов,
Сузактан, 8 (905)714-62-68


Ата-эне

Гүлдү көрсөм ачылган,
Апам болуп көрүнөт.
Сагынычтан бук болуп,
Көздөн жашым төгүлөт.

Кушту көрсөм бийикте,
Ата сизди эстеймин.
Жолум алыс барууга,
Кандай жетем билбеймин?

Бубак баскан чачтарын,
Атам-апам ардагым.
Берген ак сүт, наныңарды,
Мен канткенде актаймын?..

Марина Орозбаева,
Кадамжайдан 8(925)886-13-04