Кыргызстандык ишкерлердин бирикмесинин төрагасы
Кубанычбек Кожоев:
"РФ жарандыгын алган кыргыздар Россияда шайлоого
катышууга укук алышты"
Күнөстүү Кыргыз өлкөбүзгө эгемендүүлүк орногондон бери да жыйырма жылдай мезгил шамалдай агыптыр. Ырасында эле улуу СССР державасы кулап, өз алдынчалыкка жаңыдан гана ээ болгон жылдары Ала-Тоо койнунан орун-очок тапкан алакандай өлкөбүздө оош-кыйыш кезеңдер оголе оожалганы айдан ачык. Ушундан улам ушул аралыктарда кайран калкыбыз нелерди гана баштан кечирбеди. Бир даары тириликтин айынан сырт жактарга кетүүгө аргасыз болушту. Анын ичинде көкүрөгү кең Россия аймагына көбүрөөк оп тартылганын калыс турмуш өзү таразалоодо. "Көч бара-бара түзөлөт" дегендей сырт жактарда жүрүшүп, Кыргызстандагы агайын-туугандарына акча жөнөтүшүп, өп-чап турмушун оңдошуп, өлкөбүздүн өнүгүшү үчүн эбегейсиз салым кошуп атышкан, РФ жарандыгын алган жердештерибизди ойлоп, биресе сыймыктангың келет.
Ал эми өзүңүздөргө белгилүү болгондой үстүбүздөгү жылдын 4-декабрында Россия Мамлекеттик Думасына партиялык тизме менен депутаттарды шайлоо өнөктүгү өткөнү туру. Дал ошол шайлоого катышууга РФ жарандыгын алган биздин кыргыз жердештерда укук алышканын угуп, ушу тапта төбөбүз көккө жетип сүйүнүп турган учурубуз. Андыктан ушул маселе тууралуу окурмандарыбыз кеңири кабардар болуусун каалап, Кыргызстандык ишкерлердин биримдигинин төрагасы Кубанычбек Кожоевди астейдил кепке тарттык.

- Саламатсызбы Кубанычбек мырза! 2011-жылдын 4-декабрында Россия Мамлекеттик Думасына партиялык тизме менен депутаттарды шайлоо өнөктүгү өткөнү туру, РФ жарандыгын алган кыргыздар да катышуу укугуна ээ болушкан турбайбы. Ушул маселе тууралуу кеп учугун уласаңыз...
- Жакшы болот. Эми өзүңүздөргө белгилүү болгондой акыркы жылдары кыргыздар Россияга дүңүнөн көчүп келишип атышат. Анын ичинде РФ жарандыгын алган кыргыздар оголе көп. Маалыматтарга караганда учурда 350 миңдей кыргыздар РФ жарандыгына ээ болгондугу тастыкталууда. Мунун баары өз жерин чангандыктан эмес, патриоттуулук сезимдин жоктугунан эмес деп ойлойм. Турмуш чындыгы кыстагандан улам гана ушул кадамга барышты бейм. Анткени, РФ жарандыгына ээ болгон кыргыздар мыйзамдуу жумуш орундарына ээ болуп, кирешеси көбүрөөк иштерге орношо алышат. Анан ошол тапкан акчаларын кайра эле Кыргызстанга жөнөтүшүп, туугандарына көмөктөшүп, өлкөбүздүн экономикасын көтөрүүгө салым кошушары турулуу иш. Ал эми жарандык алуу менен бирге биз кыргыздар да көп улуттуу Россия өлкөсүнүн калың бир тобун түзүп калганыбыз факты болуп атат го. Андыктан Россия ичиндеги башка улуттардай эле толук кандуу жашоо күтүп, Конститутциялык укуктарыбызды пайдаланууну каалайт элек.
- Мындайча айтканда...?
- Кандай десем, Жогорку окуу жайларына окууга, балдарыбыз мектеп, бала бакчаларына барууга, үй-жай күтүп, жер тилкелерине ээ болууга, медициналык жардамдарды алууга, ошону менен бирге эле жакшы жумушка орношууга, шайлоолорго катышууга укук алууларын каалайт элек. Кудай буюрса, биздин ушул тилегибиз жакындан бери жүзөгө ашкандай кырдаал түзүлдү. Анткени Россия Өкмөтү бизге жүзүн буруп, Россия Мамлекеттик Думасына партиялык тизме менен депуттарды шайлоо өнөктүгүнө катышууга укук беришти. Ушул себептүү Россия бийлиги тарабынан, аныктап айтканда "Единая Россия" партиясынын борбордук комитетинен Кыргызстандык ишкерлердин биримдигинин төрагасы катары мага сунуш түшүп, бүткүл Россия боюнча РФ жарандыгын алган кыргыздардын үстүнөн координатор болуп шайландым. Мунун баары келип келип эле биз үчүн өтө чоң жетишкендик экени талашсыз. Себеби, ушул убакка чейин бизге федералдык деңгээлде дал ушундай көңүл бурулган эмес эле, Россия Өкмөтү тарабынан. Эми буга чейин кандайдыр бир өкүлчүлүктөр болгон дечи, бул деген эки өлкө ортосундагы байланыштар болчу, ал эми РФ жарандыгын алган кыргыздарыбыз акыл көрөңгөсүнө жараша жакшы жумуш орундарын ээлешсе, керек болсо федералдык органдарда иштеп калышса кандай сонун болмок. Ошондо деле кыргыздын патриоту бойдон калып, өз эне тилин унутпай, камкордук көрөт эле деген оюм бар. Андыктан биз да бул сунушту кубаныч менен кабылдадык.
- Координатор катары аракеттериңиздер кайсыл өңүттө уланууда?
- Кудай буюрса, жакшы эле жүрүүдө. Россиянын ар бир аймагында кыргыздар толтура. Ошолордун өз-өзүнчө уюму, диаспорасы, жетекчилиги бар дегендей. Ушу тапта ошолордун баары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатам. Баары, негизинен 90 пайыз биздин мекендештерибиз азыркы президент, премьер-министр башында турган "Единая Россия" партиясынын экономикага болгон көз-карашын, Евразия биримдигин түзөбүз деген аракетин колдошуп, жапа тырмак киришип жатышканы жашыруун эмес. Мындайча айтканда өз келечегине кайдыгер карашпай, добуштарын өздөрү каалаган партияга берүүгө ынтызарланышкандары мактоого арзырлык. Баш-аягы 130 миңдей кыргыз шайлоого катышууга укук алышты, азыр.
- Дагы башка кандай маселелер бар?
- Эң негизги маселелердин бири катары РФ жарандыгын алган кыргыздар паспорт алышып, бирок каттоого турушкан эмес, ошого карабастан Конситутция боюнча шайлаганы да, шайланганы да укугу бар. Ушул маселени да Борбордук Комитет туура негизде чечип атат. Кудай буюрса, кыргыздар шайлоого катышуу менен бирге социалдык көйгөйлөрүн чечишип, турмуш-жагдайларын жакшыртып алышат деп ойлойм.
- Азыр депутат шайлаганы укук алдык, мезгилдин өтүшү менен бирге кийинчерээк кыргыздар депутаттыкка өз кишисин сунуштачу кез да келер, ээ?..
- Албетте, өткөн сапар элчибиз менен сүйлөшүп калдым. Ошондо элчибиз айтып калды. Мындан 100 жыл мурда, 1910-жылдары Россиянын экинчи же үчүнчү Думасында бир кыргыз депутат болуп шайланган экен. Бул Совет Өкмөтү орногонго чейинки мезгил. Эгерде биз ынтымактуу болуп, Россия мыйзамдарынын негизинде туура жашасак, балким келечекте биздин арабыздан депутат болчу кишилер суурулуп чыгар. Россия Өкмөтү буга жол берер деп ойлойм. Себеби, биз да өзүнчө элбиз. Биз да Россия Өкмөтүнүн өнүгүшү үчүн тиешелүү деңгээлде салым кошкон улуттардын катарын толуктап келебиз.
- Кудай тилегибизге жеткирсин! Кызыктуу маек куруп бергениңиз үчүн ыракмат!

Маектешкен:
Акылбек
МАМАДАЛИЕВ
akylbekmamadaliev@mail.ru
8 (967) 137-70-03


Кулактандыруу
Москвадагы Кыргызстандык журналисттерди
7-ноябрь Басма Сөз жана Маалымат Күнү майрамы менен куттуктайбыз! Майрамды белгилөө үчүн кеч болсо да 17-декабрда баардык журналисттерди ресторанда өтүүчү эс алуу кечесине чакырабыз.
"Нур реклама" гезитинин редакциясы.
Маалымат телефону:
8 (926) 250-99-22 Багыт агай


Москвадагы сиздерге керектүү телефондор:
Посольство Кыргызстан: тел.: 8 (495) 237-46-01
Редакция "Нур реклама" гезити тел.: 8 (495) 625- 39-78
Компания "Нур" тел: 8 (495) 625-39-78
Мед.центр "Дарыгер" тел.: 8 (926) 933-07-07
Мед. Центр "Светал Медикал" тел.: 8 (926) 397- 95-70
Стоматология, м. Пр.Мира тел.: 8 (926) 397-79-21
м. Пр. Мира, Мусулмандардын дин башкармасынын өкүлү
Канкыбаев Максат тел.: 8 (926) 069-47-44, 8 (925) 051-90-19
Кыргыз авиакасса тел.: 8 (926) 738-53-54, 8 (926) 811-48-17
"МОСТ" мигранттардын укугун коргоо борбору
тел.: 8 (495) 689-84-49