html>"Нур реклама", 21.11.11 - 11-бет: •


Москва кайрыктары
Тебилбей
калган
селкинчек

Кең Москва шаарында,
Кыргыз үчүн жан үрөп.
Кыйын чыкма, иш билген,
Демөөрчүлөр чыгышты.
Эгемендик жылына,
Жыйырма жыл толду деп,
Уюштуруп маареке,
Кыргыз үйдү тигишти.
Салтты бузбай аздектеп,
Көтөрүлүп маанайы,
Көңүл ачсын элим деп,
Салып берди селкинчек.
Уккан кулак сүйүнүп,
Таң аткандан агылып,
Шөкөттөнүп кийинип,
Маанайлары майрамдык
Жүздөрүнөн билинип.
Колдорунда комузу,
Дилдеринде жакшы ойлор,
Унутулуп көр турмуш,
Ой да черди жазаарда...
Орустардын шаалары,
Жаман жорук баштады.
Кыргызстандын майрамын,
Жогор жактан жооп бербей,
"Отказ" кылып таштады,
Кубанышкан кыргыздар,
Кубарышты жүздөрү,
Же ыйлаарын биле албай,
Күлөөрүнө себеп жок,
Суу сепкендей жалынча,
Турду дене чыйрыгып.
Кыргыз үйлөр ачылбай,
Түндүктөрү тартылбай,
Термелип турган селкинчек,
Тебилбей калды селкилдеп.

Айсалкын Сооронбаева,
Кара-Кулжадан
8 (926) 141-47-72


Ичкич квартирантыма

Адамдык мүнөзү көп,
Абайлап сүйлөйсүң төп.
Жан үкөм, жанды кордоп,
Не мынча ичесиң көп.

Тагдырдын бул сыноосун,
Тактыктуу тосо билгин.
Жардамды арак бербейт,
Алладан күтө билгин.

Сендеги акыл эсти,
Ар кимге бере бербейт.
Азыркы оор күндөр,
Дайыма келе бербейт.

Он беши айдын жарык,
Он беши караңгы дейт.
Жигитти, жаратканым,
Баарына түтөсүн дейт.

Калия Жамантаева,
Баткенден 8 (926) 879-29-88


Бөбөктай

Кут кирди мына бүгүн үстүбүзгө,
Бөбөк келди баарыбызды сүйүнтө.
Үнү сонун ал бөбөктүн ыйлаган,
Оорубасын ден-соолук, өмүр берсин бөбөккө.

Куттуу болсун бешик боосу таякемдин,
Кубаныч ырыскыны ала келсин.
Сүйүнүп кубанычында чек жок эле,
Бөбөктайга жараткан өмүр берсин.

Куттутайбыз баардыгыбыз тунук көңүл менен,
Бөбөктайга узун өмүрдү тилеп кенен.
Талпынып эне сүтүн эме гой бөбөктайым,
Бул ырым сага болгон ыйык белек.

Көздөрүң атакеңе чиркин окшошот,
Ак жүзүң апакеңе сонун ошкошот.
Чаңырып сен ыңалап ыйлаганда,
Кыялың сенин таятама окшошот.

Чынарка өмүрүң узун болсун,
Башыңа ыймандын куту консун.
Дайыма ата-энең менен бактылуу болуп,
Дүйнөдөгү жакшылыктар сенде болсун.

Бекболот кызы Жазгүл,
Туура-Суудан 8 (929) 949-79-52


Кыялымда
кыз-жигитпиз
экөөбүз

Кыялымда кыз-жигитпиз экөөбүз,
Ажырагыз ынак болуп калган.
Кыялдагы баа жетпеген дүйнөбүз,
Чындыгында эңсеп жүргөн арман.

Бир айдай болуп кетет сенсиз бир күн,
Билсең эгер, сенсиз бир ай жылдай узак.
Кылымдарга күттүрөм деп качпастан,
Тагдырга бир, мага бир капаланат.

Сагынып кат жазсам бир өзүңө,
Окуйсуңбу, билбеймин да, атаганат...
Карааныңды көрө албай жүрөгүм,
Тагдырга бир, мага бир капаланат.

"Асель"-деп, сенин атың, көңүлгө жакын,
Көңүлүң бөлчү мага, айга тең аруу затым.
Колуңдан кармаганда, жай алып кетет денем,
Кубантчу күндү самап, жол карап күтүп келем.

Келчи жакын жүрөк сырын чечебиз,
Сүйүү көлүн бирге кечип өтөбүз.
Жолуксак да бир мертебе болгону,
Кыялымда кыз-жигитпиз экөөбүз.

Жолдошбек Жолдиев,
Баткенден, 8-903-196-46-16
Ушундай
болуп калдым

Кичине шамал жүрсө,
Жүрөктү тешип өтөт.
Көңүлдүн жукалыгы,
Сен келсең өтүп кетет,

Арманым болуп менин,
Жүрөккө толуп калдың.
Сагынып келишиңди,
Сүйүүдөн ооруп калдым.

Кар жааса бороон улуп,
Көңүлүм кетет тоңуп.
Көрө албай карегиңди,
Калбайын муздай болуп.

Колуңдан кармаганда,
Жай алып кетет денем.
Кубаныч күчүн самап,
Жол карап күтүп келем.

Жел жүрсө ак жүзүңдү,
Шамалдан кызганамын.
Сүйүүмдү билдире албай,
Сага арнап ыр жазамын.

Жааса жамгыр төгүп,
Жан дүйнөм кетет ооруп.
Сагынып жүрүп сени,
Калдым мен мындай болуп.

Өзүңдү сүйөмүн деп,
Азабын тартып алдым.
Сагынсам ооруй берем,
Ушундай болуп калдым.

Дүйшенбаева Асел,
Мырза-Акеден
8 (929) 928-29-66


Өзүңө

Арбалып өткүр, сулуу көздөрүңө,
Сүйүүңдү баарын арнап бир өзүңө.
Тартыламын жылгым келбей жаныңдан эч,
Жан эриткен балдай таттуу сөздөрүңө.

Салыштырам ааламдагы айга-күнгө,
Кыйналамын уктай албай айлуу-түндө.
Миң түрдүү, баш-аяксыз ырлар жазып,
Кыялданам ойго батам сен жөнүндө.

Алыстасың сагынамын күндө эстеп,
Куса болуп карааныңды көрүүнү эңсеп.
Сени менен жашоом өтүп, таңы атып,
Жаткансыйт жүрөгүм да согуп сен деп.

Унутсам деп сүйүү издеп көңүлүмдө,
Жолуктурдум канча жанды өмүрүмдө.
Бирок такыр ааламдагы бүт адамды,
Салыштыра албай койдум бир өзүңө.

Алтыным, арнап сага ак сүйүүмдү,
Тандадым көпчүлүктөн бир өзүңдү.
Ардактап аз болсо да сактап алчы,
Аруу таза, сүттөй аппак сезимимди.

Жылдыз Кадырова,
Сузактан 8 (963) 972-74-25


Өмүр сапары

Барат алга жылып өмүр сапарым,
Барактаймын өткөн күндөр катарын.
Багыт алып улам алга өрүлөйм,
Бул жашоонун кылдыратып арабасын.

Уч-кыйырсыз жолдо бара жатамын,
Уялыңкы, токтоо таштайм кадамым.
Ушул жолдор кайда алып баратат,
Убайым жейм, издейм сырдуу караанын.

Бул жолдон жыгылган бар, сыгылган бар,
Ботодой боздоп жашы сызылган бар.
Беш убак намазыны окуп күндө,
Бейиштин ачкычына сыйынган бар.

Байлыкка эт-бетинен жулунган бар,
Бир күндө жүз мертебе кубулган бар.
Бакытка эми жеттим дегенинде,
Байкоостон, аттиң көзү жумулган бар.

Бул жолдордун кайда алып барарын,
Билбейм чыны кандай болот сапарым.
Билгеним бар бир нерсени а бирок,
Беш күндүк бул өмүрүм аяктаса,
Бир күн келип жер астына жатарым...

Нураида Кадырова,
Сузактан 8 (926) 285-13-59