"Кыргыз ырдайт Рыспайдын ырларын"

"Москвалыктардын Тверь шаарындагы концерти"
Тверь областтык кыргыз диаспорасынын жетекчиси, Бүткүл Россиялык мелеорациялык илим изилдөө институтунун биотехнология боюнча илимий кызматкери Юлдашев Калмурат

Жаркылдап жанып өттү жамалың
Аз өмүрдө кереметти жараттың
Кылымдагы кыраандар суктанышып
Кыргызымды талантыңа суусаттың.

деп Рыспай Абдыкадыровдун ырына суусаган кыргыз улуту кайсы өлкөдө,канча алыстыкта болбосун анын талантына ажайып суктануу менен угуп жана ырдоого даяр экендиги маалым. Баарыңыздарга белгилүү болгондой Москва шаарында Кыргыз Маданий борбордо түзүлгөн Р Абдыкадыровдун ырын сүйүүчүлөр клубу өтө катуу аракеттенүү менен, Рыспайдын чыгармачылык өмүрүн изденүү, жана ырына болгон сүйүүсүн даңазалоо менен, алгачкы тушоо кесүү концертин берип,алгач Тверь шаарына бет алып, жердештерге жагымдуу маанай тартуулады. Албетте баарыбыз эле турмуштун айынан бөлөк-бөтөн жерде жүрсөк дагы Рыспайдын ыры десе кандай жагдайда болбосун даяр экендигибизге дагы бир жолу ынандык.Себеби Твердеги жердештердин тиричиликке карабай, маданиятты чогу ала жүрүп, "Кыргыз ырдайт Рыспайдын ырларын" аттуу концерт, элдик чыгармачылык топ келет десе, өтө кызыгуу, өтө урматтоо менен кабыл алышып, кеч курун иштен чарчагандарына карабастан бала-чакаларын жетелеп келип калгандары кубандырды. Муну менен Рыспайдын ырларын мен кыргызмын деген атуул, жана кайсы улут болбосун түшүнгөнгө шедевр, табылгыс жан дүйнөнүн ажары катары туюлуп, кандай күндө жүрбөйлүк жүрөктө бекем сакталаарын даңазалагым келет. Ошентип концертибиз ачык деп жарыяланып, бизди жагымдуу маанай менен тозуп алган Тверь шаарынын диаспорасынын жетекчиси Калмурат Юлдашев өз сөзүндө кайда жүрбөйлү биримдикте болуп, жалпыбызга тынчтык каалап өттү. Андан ары таланттуу жигиттерибиз Жумалиев Дүйшөн, Баетов Кубаныч, Жуматаев Талант жана Кайназаров Ашырбек колдоруна аккардиондорун алып кезеги менен Рыспайдын "Периштем", "Алмашым", "Издейм сени", "Түгөйүм" жана "Сагындым туулган жер сени" ж.б ырларын аткарып, элдин көңүлүнө көңүл кошту. Ошону менен бирге элдик чыгармачычылык дагы эске алынып, Рыспайдын окуучусу Жамантаева Калия, Апешова Махабат, Шерматова Сайрагул аттуу ырчы айымдарыбыз нукура кыргыз көйнөктөрү менен сахна ажарын ачып" "Ибарат", "Чагылган", "Жалжалым", "Алымкан" ж.б чыгармаларды аккардиондо аткарганда көрүүчүлөр суктануу менен угуп, маанайына-маанай кошуп, кучак толо ыраазычылык гүлүнө ээ болушту. Андан да эң кызыгы биздин ырчыларга кошулуп, элдин арасынан суурулуп чыгып, аккардион талаша, биздин катарга кошулуп ырдоолору болду. Албетте биздин клуб мүчөлөрү чоң жылдыздар болбосо дагы, жан дүйнөлөрү менен Рыспайдын чыгармаларын ырдаган сайын кумарлануу менен аткарышып, өздөрү дагы угуучуларга да ырахат тартуулап, дүркүрөгөн кол чабуулар менен жагымдуу маанай тартуулашты. Ошентип концертти жетектеп барган Москвадагы Кыргыз Маданий борбордун директору Гапыров Максат сөз сүйлөп, клубка мүчө болууну каалагандар үчүн эшик ачык экенин айтып, жалпы кыргыз калкына ынтымак тилеп өттү. "Конокко кой союп күтпөсө, ошол да толук кыргызбы" - дегендей концерттин акырында Тверь шаарынын диаспорасынын жетекчиси К.Юлдашов, жана көрүнүктүү өкүлдөрү өз ыраазычылыктарын билдирип, биздин топко бата тилеп өтүү менен бирге ак дастарконго узатышып, чыныгы кыргыз салтын колдоп, алыс-та болсок дагы сый-урматташууну унутта калтырбадык. Албетте алыста жүргөн соң боордоштор менен бирге тамактанып, кеп улап отурууга эмне жетсин. Ошентип аз убакыт болсо дагы өзүбүздүн жердештер менен чер жазышып, алгачкы концертибиз ойдогудай өткөрүлүп, жердештердин көңүлүн көтөрө алдык деген үмүт менен, кичине болсо дагы пайдалуу иш кылгандыгыбызга ыраазы болуп кайттык. Бирок кандай ажайып керемет ырлары ырдалып, жан дүйнөбүз эргип, ырахат алганыбыз менен, албетте арабызда улуу таланттуубуз Р.Абдыкадыров өзүнүн жоктугу өкүндүрбөй койбойт. Эгерде ушундай күйөрмандардын көбүн өз көзү менен көрсө, менин оюмча ыраазычылык менен бактылуу болоор беле деген өкүнүч. Андыктан сөзүмдүн акырында Рыспайдын арбагына таазим этүү менен бирге, түбөлүккө кыргыз ырдайт Рыспайдын ырларын деген ишеним менен Тверлик боордошторго ыраазычылык билдиремин!

Кыял Жазыкбекова




  Поэзия жан-дүйнө эргүүсү

Москвалык акындардын ийгилиги
Москвада Кыргызстан жазуучулар союузунун филиалы ачылганына бир жылга жакындап калды. Филиал ачылганга чейин эле "Москва кайрыктары" адабий ийрими уюуштурулуп, былтыркы жылы үч акындын китептери жарык көрсө, быйылкы жылы "Москва кайрыктары" ырлар жыйнагы жарык көрүп, Багыт Бапановдун демилгеси менен жаш акындардын ырлары элге тартууланды.
Ошондой эле Москвадагы "Аруужан" фондусу аркылуу акын Айталы Жандаровдун, "Мезгил", "Аалам", "Дүйнө" аттуу үчүнчү китеби жарык көрсө, акын эжелерибиз Гулбара Алдаярованын "Каректе калган жылдар" ошондой эле Бактыгул Сейитбекованын "Тургангазы" аттуу поэтикалык китептери жарык көрдү. Албетте
Москвалык акындарыбыздын бул ийгилиги Кыргызстан Жазуучуларын союузунун көз жаздымында калбай акын Айталы Жандаров Союзга кабыл алынып, атайын алыскы Мекенибизден Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын эжебиз Бактыгул Чотурова келип, Айталы Жандаровго Жазуучулар союузунун күбөлүгүн жана төш белгисин тапшырды.
3-сентябрь күнү "Аруужан" фондусу уюуштурган бул поэзия кечесинде акындар тарабынан канаттуу ырлар окулуп, Айталы Жандаровдун дарегине куттуктоо сөздөрү айтылды. Кечеде "Кыргыз биримдиги" уюумунун жетекчиси Абдыганы Шакиров, "Ала-Тоо айымдары" уюумунун жетекчиси Алима Раимбекова, "Алтын казык" Аксы коомунун жетекчиси Бахтияр Өмүрзаковдор сөз сүйлөшүп Айталы Жандаровдун ырларына баа беришип, кызуу куттукташты. Алыскы жерде бир аз болсо да поэзия дүйнөсүндө саякат кылып, канаттуу ырлар угуп мекендештер чер жазып көңүлдүү тарашты.

Кыял Жазыкбекова.