Аллахтан сурасаң, каалаганыңды берет

Кош келдиң куттуу
Рамазан!
Жакында Кыргыз Республикасынын Москвадагы элчилиги менен Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгынын Москвадагы өкүлчүлүгү биргеликте, Москвада эмгектенип жатышкан мигранттарга "Кош келдиң куттуу Рамазан" аттуу майрамдык маанайдагы ооз ачарды "Гранат" ресторанында уюштуруп беришти. Он эки айда бир келген куттуу Рамазан айындагы бул ооз ачарга Кыргыз Республикасынын Москвадагы элчилигинин кызматкерлери, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын өкүлчүлүгүнөн Максат Каңкыбаев баштаган дин кызматкерлери, Кыргызстандан атайын ат арытып келген зыярат жолунда жүргөн Кыргызстан Ислам Университетинин ректору, "Алтын муун" коомдук уюмунун жетекчиси Абдышүкүр Нарматов жана кыргызга аттын кашкасындай таанымал коомдук ишмер Апас Жумагулов жана башкалар катышып, кыргыз жарандарына жакшы каалоо тилектерин билдиришти.Ошону менен биргеликте "Россия Муфтийлер кеңеши", "Адамзаттын асыл сыймыгы Мухаммед саллаллаху алейхи вассалам" аттуу китептерди келген конокторго белекке беришип, жаштарды жалпы эле адамзатты ыйык Курани Каримдин шарият жолу менен пайгамбарыбыз Мухаммед алейхис-саламдын баскан изи менен ыймандуулукка, аруулукка, адеп-ахлакка, калыстыкка чакырышып, Кыргызстандын ар тараптан оңолуп кетишин Жараткандан тилешип бата кылышты.
Айрыкча Абдышүкүр Нарматов өз сөзүндө "Эл башчысы, элдин пейилине жараша болот, келиңиздер бурадарлар! Мен, сиз, ал ыймандуу болсун, анан Аллах бизге жакшы падыша жиберет. Муну биз ыйык Рамазан айында алакан жайып Жараткандан тилейли" деген таасирдүү ойлору менен сөзүн аяктады.
Албетте, урматтуу мусулман кыргыз калайык калкым, Исхак Раззаков айткандай "Сен таза болсоң, мен таза болсом коом да таза болот" деген даанышман сөзү жадыңызда болсо керек. Ошондуктан биз да кудуретүү куттуу айда жакынкы президенттик шайлоонун тынч өтүшүн, татыктуу эл башкараар падышанын келишин Аллахтан тилейли.
Турдайым Кожомбердиева,
"НУРреклама"
гезитинин өз кабарчысы


Сариев Алтынбек
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын
Москва шаарындагы өкүлчүлүктүн кызматкери.
altyn-janibek@mail.ru тел: 8(925) 051-90-19


Фитир садакасы
Фитир садакасы Рамазан айында мусулмандардын өздөрү жана үй бүлөөсүнүн мүчөлөрүнүн атынан аткарууга милдеттүү материалдык ибадат. Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи васаллам) мындай деген: "Карооңуздардын астындагы адамдардан фитир садакасын бергиле". Фитир садакасын ваажиб болуусу үчүн орозо кармоо шарт эмес, башкача айканда, орозо кармай албаган адамдар да милдеттүү түрдө фитир садакасын берүү тийиш. Фитир садакасынын Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи васаллам) заманында курма, арпа, кургатылган жүзүм (мейиз) сыяктуу ошол мезгилдин кеңири колдонулган азык түлүктөрүнөн бир саа(1 кг,600 гр өлчөм) берилген. Кээ бир аалымдарыбыз азыркы учурдун жашоо нормалары боюнча бул өлчөм өтө аз экендигин белгилешет.
Себеби, фитир садакасы үчүн бир адамдын бир күндүк азык-түлүгү өлчөм кылынганын эске алсак, мусулмандар бүгүнкү күндүн шарттарына жараша фитир садакасын кеңирирээк өлчөмдө бергени абзел. Фитир садакасы кадимки зекет берилчү адамдарга берилүүгө тийиш. Ошондуктан фитир садакасын өз аялына, түпкү тегине (ата-эне, чоң ата, чоң энелерине), жалпысынан өзү багууга жооптуу адамдарга берүүгө болбойт. Зекет жана фитир садакасы берилүүчү адамдарга Алла Таала "Тооба" сүрөсүнүн 60-аятында белгилеп, мындайча көрсөткөн: "Садака-зекеттер жарды-жакырларга, эч нерсеси жок кембагалдарга, зекетти жыйноого дайындалган адамдарга, мусулманчылыкка көңүлдөрү жибитилүүсү зарыл болгондорго, кулдарды эркиндикке чыгарууга, карызга баткандарга, Аллахтын жолуна жана ара жолдо калган жолоочуларга берилүүсү Аллах тарабынан парз кылынды. Аллах баарын жакшы билүүчү, ченемсиз даанышман" Москва шаары жана Москва областындагы 2011 жылы бир адам үчүн бериле турган фитир садакасынын эң төмөнкү өлчөмү байлыгынын абалына жараша бир кишиге 100.200.300 рубль берсе болот.

Айт намазы
Адат боюнча, айт күнү таң саарда эртелеп туруп, мүмкүнчүлүк болсо толук бой даарат(гусул) алынат, болбосо даарат алынат да, тап-таза жана тыкан ич, сырт кийимдер кийилет. Мечитке, намаз окулчу жерге жөнөп, бараткан жолдо өтө шашкалактабастан токтоо, олуттуу кадам менен жүрүп Алла Таалага зикир тасбих жана такбирлер айтылат.
Орозо айтта, айт намазы үчүн үйдөн чыгуудан мурда тамак -аш,же кээ бир таттуу нерселерден ооз тийип, ал эми Курман айт майрамында ошол күндүн алгачкы ооз тийген тамагы катары союлган курмандыктын этинен жеш сүннөт. Ошондой эле айт намаздарына кары-жаш, ал тургай тестиер балдардын да аралаш түрдө, же убай-чубай тартип менен баруулары, айрыкча жаш балдардын бул себеп менен намазга көнүгүүлөрү үчүн жакшы өбөлгө түзмөк. Айт намаздарына өмүрүндө алгачкы жолу катышып жаткан адамдарга да башкача көз караш менен карабай, жылуу мамиледе болуп,жакынчылык көрсөтүлгөн оң.Мындай адамдар бар болсо жакшы мамиле жасап, жакшы үмүт гана берген боордоштук куттуктоолорду айтканда, келечекте алардын диний турмуштун жагымдуу маанайын жүрөктөн сүйүп жашоолоруна жол ачылуусу мүмкүн.
Айт намаздарынын алгачкы убактысы күндүн көк жээктен найза бою көтөрүлгөн кези. Бул болжол менен күн чыккандан 40-45 минут убакыт өткөн маалдан башталат. Акыркы убактысы болсо, бешим намазынын убактысынын кирүүсүнө жакын маалга чейин уланат. Тактап айканда, айт намаздары ушул убакыттын ичинде окулуусу керек.
Айт намазды окуп бүтүп, айт намаздын хутбасын угуп, дуба кылынган соң, намаз жайдын айланасында, айыл арасында, колу -коңшулар арасында, үй жайларда адат боюнча өз ара айтташып, куттуктоолор башталат.

Айт намаздарынын окулуу эрежеси
Айт намазы эки рекеттен, жамаат менен жарыя окулат.Азан менен коомат айтылбайт. Имам, мисалы, " эки рекет Орозо айт намазын окууга ниет кылдым" деп ниет кылса, жамаат " эки рекет айт намазын ушул имамга уюп(жүктөп) окудум" деп ниет кылат. " Аллаху акбар" деп баштоо такбири айтылып, кол байланган соң имам менен жамаат купуя " Субхаанака аллахумма ва бихамдика ва табаарака исмука ва таала жаддука ва лаа илааха гайрука" дубасын окуйт. Андан соң имам жарыя, жамаат купуя " Аллаху Акбар" деп үч ирээт такбир айтып ар бир такбир менен колдор жогору көтөрүлүп, кайра кол байланбай, жөн гана эки тарабына түшүрүлөт. Айт намаздарынан башка намаздарда болбогондуктан, булар кошумча такбирлер деп аталат. Ар бир такбирдин арасында үч такбир айтылгыдай убакыт токтойт.Үчүнчү такбирден кийин кол байланып, имам "Ауузу,бисмилланы" купуя окуп, анан "Фатиха " сүрөсүн жана ага кошумча сүрөнү жарыя үн менен окуйт. Ошондуктан кийин жарыя үн менен " Аллаху Акбар " деп такбир айтып, рүкүү менен сежделер кадимкидей жасалат. Жамаат да купуя үн менен такбир айтып имамга уюп кете берет.
Анан такбир айтып экинчи рекет башталат. Имам купуялай " бисмилланы " , жарыялай " Фатиха " менен кошумча сүрөнү окуп, ушундан соң алгачкы рекеттин башындагы сыяктуу үч ирет такбир айтылат.Такбирлер менен кошо колдор да көтөрүлөт.Төртүнчү такбирди имам жарыялай, жамаат купуя айтып, рүкүүгө барылат жана сежделер жасалат. Андан кийин олтуруп, " Аттахият" , салаваттар жана дуба окулуп, эки жакка салам берилип намаз аяктайт. Демек, айт намаздарында ар бир рекетте үчтөн кошумча такбир бар болуп, бул такбирлерди аткаруу да ваажиб(милдет түрдө).
Хутба окуган адам айт намаздары окулуп бүткөн соң , жума намазындагы сыяктуу эки хутба(сөз менен элге кайырылуу) окуйт.Айт хутбалары такбир менен башталып, жамаат да бул такбирлерге жай гана кошулат. Айт намазынын хутбасын намаздан мурда окуу макрух(жаман көрүлөт).

Айт намазына чала үлгүргөн адам жөнүндө
Айт намазынын алгачкы рекетине кошумча такбирлер айтылып бүткөн соң келип үлгүргөн адам баштоо такбирин купуялай айткан соң ," cубханаканы" окубастан дароо кошумча такбирлерди айтып, имамга уюйт. Эгерде имам рүкүүгө барган кезинде үлгүрсө, дароо тик турган бойдон такбир айтып, рүкүүгө барат. Рүкүүдө демейде айтылып жүргөн тасбихтердин ордуна кошумча такбирлерди колдорун көтөрбөстөн айтып бүтүрөт. Эгер буга да үлгүрө албаса, кошумча такбирлерин айтууга милдеттүү эмес.
Айт намаздарынын экинчи рекетине үлгүргөн адам, имам салам берген соң , окуй албай калган биринчи рекеттин казасын окуу үчүн кыямга турганда, "бисмилланы"," Фатиханы " жана кошумча сүрөлөрдү окуп бүткөн соң купуялай айт намаз такбирлерин аткарат. Айт намазына такыр үлгүрө албай калган адам өзү жеке айт намазын окуусу зарыл эмес.Эгер кааласа шашке (духа) намазы катары, төрт рекет нафил намаз окуп койсо болот. Курман айт намазын эртерээк, ал эми Орозо айт намазын бир аз кечеңдетип окуу мустахаб(жакшы көрүлөт). Орозо айтта, айт намазга бараардан мурда курма же жемиш, ал эми Курман айт намазына эчтеке жебестен бару мустахаб. Бурайда, Аллах андан ыраазы болсун мындай деген; "Аллахтын элчиси ага саламдар жана салаваттар болсун. Орозо айтта даам сызбастан үйдөн чыкчу эмес. Курман айтта болсо, намаз окуганга чейин эч нерсе жечү эмес".
Мунун себеби, эгерде курмандык чалган болсо, курмандыктын этинен биринчи болуп ооз тийүүнү күтүү болуп саналат.
Айт күнү эртең менен ордунан эрте туруп, жакшылап жуунуп тазалануу, жыттуу нерсе колдонуу, эң жакшы кийимдерин кийип, Алла Тааланын жакшылык сыйларына шүгүрчүлүк келтирүүдөн улам жайдары, кубанычтуу жүрүп, кезиккен ар бир мусулман боордошуңа жылуу, мээримдүү мамиледе болуу, бири-бирин куттукташуу зарыл. Айт күндөрү көптөгөн кайрымдуулук кылуу, садака берүү, айт түндөрүн Алла Таалага бериле ибадат(сыйынуу) менен өткөрүү мустахаб.
Айт намазына олбурлуу, сыпайы кадамдар менен жөнөп, Орозо айтта намазга бараарда купуялай, Курман айтта айт намазга баратып жарыя такбир айтуу, намаз бүткөн соң мүмкүн болушунча намазга келгенден башка жол менен үйүнө кайтуу мустахаб. Ошондой эле айт күндөрү мусулмандардын, тууган - уруктардын бирин-бири куттукташып, өз ара кол алышып, дуба-тилек айтуулары да мустахаб.