Москва сүйлөйт

Чыныгы достук
Адам баласы канчалык өмүр жашы өр таяган сайын артка кылчая карап, өткөн-кеткен күндөрү тууралуу ой учугун чубай берет окшобойбу. Анын сыңарындай мен да ой учугун чубап отуруп, кыйчалыштуу кырдаалдарда мага көмөкчү колун сунган бир адамдын элеси көз алдыма тартыла берет.

Эсимде ал убакта мен Москва облусуна караштуу Шатура деген шаарда "Мертонстрой" курулуш фирмасында иштеп жүргөм. Үй-бүлөм да жанымда эле. Курулуш фирмасын түрктөр жетектечү. Мен Зеки Бебик деген топографтын (геодозист) жардамчысы болуп иштеп жүрдүм. Курулуш мыйзамына ылайык ал адамды "Шефим" деп койчум. Жумушубуз курулуштагы кандай иш болбосун, маселен бетон куюлабы, кирпич урулабы, гипсокартон коюлабы, айтор бардык иштер биз аркылуу өтчү. Шефим экөөбүз барып, нивелир менен өлчөп, проекттеги чиймелер менен дал келиштирмейин иш өтөөсүнө чыкпачу. Ушундан улам биздин аброюбуз башка тармактагыларга салыштырмалуу төөчөлүк өйдө эле. Андан сырткары үй-бүлөлүк катышыбыз да бар эле. Шефим казакстандык жеңебиз менен бирге жашачу. Квартираларыбыз да жакын жайгашкандыктан жумуштан сырткаркы маалда байма-бай бири-бирибизди конокко чакырып, сыйлашчубуз. Жазуучу экеними билген, жаратылышынан жаркын мүнөз күткөн шефим мени курулуштагы көптөгөн оор иштерден куткарчу. Мындайча айтканда шефим бар да башка шефтер мага иш буюруп, каалаган жагына айдай алышчу эмес. Антсе дагы шефимдин ачуусу чукул эле, өз ишин мыкты билип, чапчаң кыймылдагандыктан, кээде жай кыймылдаганыма ичи чыкпай урушуп ийчү. Бир-эки ирет ошенткенинен ызаланып, "Сиз менен иштешпейм!" деп үйгө да баса бергем, жумушту таштап. Ошондо да өзү чалып, "Биз бир тууганбыз, жумушта уруш-талаш боло берет, келип иштей бер, Акыл" деп жумушка кайра чакырган. (Окемдердин "Служба службой, дружба дружбой" дегени чын бейм). Же болбосо менин ордума кызыккандар иттин кара капталынан эле. Ошолордун бири менен иштеше берсе деле кылы кыйшаймак эмес. Болгону шеф мени өзү айткандай бир боорундай көрчү турбайбы.
Ошондой күндөрдүн биринде, кыштын кирген буурадай күпүлдөгөн чилдесинде өпкөдөн кагынып, катуу ооруп калдым. Чоочун өлкөдө каралашар жакындарым жок, жаш келинчегим, чиедей эки балам менен карайлап турган кезимде, шефим жеңемди ээрчите келип кабар алып турду. Ушунун өзү эле адамгерчиликтин белгиси эмеспи. Андан соң бир ай ооруп, үйдө жатып жумушка чыксам, чоң шефтер мени аз жерден "Ахыбалың дагы деле оңоло элек окшойт, кааласаң бүт акчаңды эсептеп берели, Кыргызстанга кете берсең болот" дешип, иштен бошотуп кое жаздашты. Ошондо да Зеки шефим "Акыл, эч жакка кетпейт, мени менен иштейт!" деп коргоп, жумушумда калтырды, кайра. Бирок анчейин ден-соолугум оңолбой, араң иштеп жүрдүм. Шефим болсо ансайын менин ал-абалымы жаап-жашырып, жакшы иштей албасам да, жакшы иштегенимдей элестетип, көмөкчү колун сунуп жүрдү. Кийинчерээк аердеги жумуш аяктап, мен үй-бүлөөм менен Кыргызстанга көчүп кеттим. Ошондо да Зеки шефтин жакшылыгын эч унутпай, дайыма эстеп жүрдүм.
Буйрук экен, быйыл кайра келдим, Москвага. Ушу тапта өз кесибим менен гезит жаатында эмгектенип жүрөм. Кечээки күндөрдүн эсебинен интернет аркылуу шеф экөөбүз кайрадан табыштык. Телефондон да сүйлөштүк. Москвадагы курулуш фирмасында иштеп жатыптыр. Ал тургай конокко да чакырды, үйүнө. Кудай буюрса, аз күндүн ичинде жолугуп, дасторкон үстүндө таттуу кеп учугун чубарыбызга терең ишенем. Мен кыргыз болсом да, шеф түрк болсо да ортодогу сый мамилебиз үзүлбөгөнүнө кубанам. Көрсө, чыныгы достук, чыныгы адамгерчилик улутка карабайт тура...

Акылбек Мамадалиев, Москва шаары





"АПАКЕМ ТЕЗ КЕЛСИН" -
ДЕП ТИЛЕНЕМ...
"Туулдуң калдың балээге, турмушуң эшек араба"- демекчи баарыбыз эле көр турмуштун аркасынан ушул жерге келип, бала-чаканы үйгө таштоого туура келип жатпайбы. Бул тууралуу чиновниктерибизден үмүт кылып, какшап жатып тилибиз тешилгендей деле болду. Мына ушул турмушубузда бүгүнкү күндүн дагы бир оор маселелеринин бири балдарыбыздын ата-энесиз, балалык күндөрүнүн өтүп жаткандыгы. Бул жакта үч, же беш жыл жүрдүк дегенибизде эле бештеги бала онго чыгып, балалыгы ата-энесиз өтүп жатат. Эгерде мамлекетибиздин экономикасы жарды болуп, элди бага албай жатышса, бала кыял перзентте эмне күнөө? Мына ошондой апасынан алыста жүргөн 2-класстын окуучусу Медер, Москвага кетип жаткан бир кишиден апасына кат жазгандыгын сиздерге сөзмө-сөз жеткиргим келди. "Апа кандайсыз? Алтыным апам сизди сагындым. Мен болсо жакшы жүрөм. Өзүңүздүн келбетиңизди, айдай жүзүңүздү сагындым. Апа сизди катуу бекем кучактап жыттагым келет. Сиз келсеңиз тилиңизди угуп, кыйкыртпай, суу ташыйм. Сиз дагы мени сагындыңызбы? Эгер сагынган болсоңуз тез эле келе бербейсизби. Сизди сагынганда сүрөтүңүздү эч кимге көргөзбөй чөнтөгүмө салып алып, ойлоно баштаганда, сүрөтүңүздү өөп-өөп алып жыргап калам. Апа эмнеге Адылдын апасы дайыма жанында жүрөт? Атасы дагы чогуу. Баары чогуу жүрүшөт. А биз болсо сиз Москвада, атам болсо билбейм. Атамды дагы сагындым. Апа биз көп акчаны эмне кылабыз? Көп болбосо деле келе бериңизчи. Сиз келсеңиз, мен бат эле чоңоюп, сизди багам. Анан сизди бек кучактап, эч жакка жибербейт элем.Сиз дайыма жанымда болуп, менин башым ооруганда,мурункудай башымды сылап айыктырасыз. Москвадан берип жиберген машинем сынып калып, аябай ыйлабадымбы. Бирок сиз "эркектер ыйлабайт" дегенден кийин, такыр ыйлабайм. Кээде эле сизди эстегенде ыйлагым келип кетет. Сиз жасагандай нанды эч ким таттуу жасай албайт. Баса дайыма оомийин кылганда "Апам тез келсин" деп бата кылам. Мен чоңойгондо балдарымды эч жерге калтырбайм. Апа мен сизди аябай жакшы көрөм. Тез келсеңиз эле болду. Балаңыз Медер." Мына ушул катты окуп, көзүмө жаш алып, өзүмчө ойго баттым. Аттиң турмуш ушу экен да. Алтындай балалык кез өксүү, кусалык, сагыныч, жашык мүнөз менен өтүп жатат. Урматтуу апалар жок дегенде тез-тез барып келүүңүздөрдү өтүнүү менен бирге тагдырдын жазмышынан кайда барабыз, кайратыңыздардан жазбаңыздар демекчимин. Бирок балаңыздын балалыгы сизсиз өтүп жаткандыгын унутпаңыз. Чоң кишинин эмес,баланын үнү кудайга жетип жатса да, биздикилер ойлонуп, чара колдонгуча ким бар ким жок. Өйдөдөн жөлөк күткүчө өзүңүзгө тың болуп, ошону менен бирге эле акчадан бала артык экендигин эске алаарбыз. Кыргызстанда балдарыңыздар ылайым бар болсун.
Кыял Жазыкбекова


Наристелер куса болбосун!
Балдар - жашоонун гүлдөрү. Балдар биздин келечегибиз дегендей балдардын дени сак болсун, ата-энесинин маңдайында эч нерседен кем болбой чоңойсун.
Аттиң ай, кантебиз, азыркы учурда көр-тирчиликтин айынан жаңы талпынган балапанга окшогон наристеден баштап, там-туң басып, тили эми чулдурап чыккан балдарын кыргызстанга таштап, Москвага келген үй-бүлөөлөр толтура эмеспи.
Куса болуу дейбиз сүйүшкөндөр-дүн бири-бирин сагынып куса болушу, эли жерибизди сагынып кусаланабыз. Бирок, наристенин ата-энесинин жытын эңсеп, сагынып куса болуусу баарынан күчтүү чексиз экенин билесиздерби? Чоң энесиби, же таенесиби, айланып үргүлүп, кирпигине чаң жугузбай караса да, ата-эненин мээрими башка. Туура ай сайын акча салып, материалдык жактан камсыз болгону менен баары бир бала ата-энесин көргүсү келет.
Бир жаш үй-бүлөнүн Айзат аттуу бир жашар кызы болот. Келинчеги Москвага иштегени келет. Күйөөсү кызы менен кыргызстанда калат. Күндөр өтө берет. Аялы ай сайын акча жөнөтүп турат. Күйөөсү бекерчиликтен шаарга келип, автомат ойноп, акчасын уткуруп жүрө берет. Кийин кыздын ата-энеси күйөө баласынын кылыгын угуп, небересин өздөрү алып кетишет. Жадагалса ачуулары келип күйөө баласын кызын көрүп турганга уруксат бербей коюшат. Арадан жыл айланып өтүп калат. Максат дагы эле автомат ойноп ичип жүрө берет. Бир күнү кичинекей Айзат арыктап, тамакка болгон табити жоголуп ооруп калат. Таене менен таятасынын шаштысы кетет. Эки-үч күн ооруп жатып калат. Айлалары кетип, Айзатты ооруканага алып кетишет. Бирок врачтар да анык диагноз кое алышпайт.
Ооруканада кечиндеси кичинекей Айзат көз жумат. Чындап эле Айзаттын бир жери оорудубу? Же ата-энесинин мээримине зарыгып, сагынып куса болдубу? Табышмак болуп калды.
Карагаттай тунук наристе көздөрү кусага толбосун, чыркырап ыйлашпасын. Күнүмдүк акчага кызыгып иштеп жүрө берип, үй-бүлө жарыгы болгон балдарды унутуп калбайлы!
Пешенебизге балдар бар болсун, ден-соолуктары чың болуп, ата-энесинин ишеничин сактаган, адам болсун!
Нааркан Самидинова