"Нур" гезити,
сенин-менин гезитим
Айтканга оңой, жазганга оңой кыска кеп,
Ким бааласа бул - өзүнчө нуска кеп.
Гезит атын койгон окшойт ойлонуп,
Нур пайгамбар жөлөп, колдоп турса - деп.

"Нур" - гезити, өзүңө көптү караттың,
Ар кандай ой-максатты жараттың.
Убакыт таап газетаны окуп кой,
Метродо, автобуста баратып.

Түркүн-түрдүү темалар тартуулап,
Чоң гезитке ыр да, сөз да жазылат.
Табышмак таап, сөз байлыгын кеңейтип,
Ар бир үйгө алып келет ынтымак.

Кыргызстанда кыргын-чапкын көп болуп,
Көпчүлүк эл Россияга келди агылып.
"Нур" - гезити кызмат кылат эл үчүн,
Калсаң эгер, кыргыз сөзүң сагынып.

Окуп алып газетадан көп кабар,
Кубанычым койнума батпай баратам.
Кат жазгандар, ыр жазгандар көбөйдү,
Алыс-жакын ар кайсы крайдан.

Эл баалаган, эл сыйлаган бул-гезит,
Чоң калаадан нурун чачып жатпайбы.
Москвада кыргызча гезит бар - деген,
Өзүнчө эле жакшы сөз болуп атпайбы.

Кыргызымдын тилин-дилин камтыган,
Газетаны мактоого акым бар.
Аба - суудай, күн нурундай гезитти,
Колдойлу, сактайлычы эстүү атуулдар.

Маматжан Парпыбаев (Маки),
Майлы-Суудан,
8 (905) 734-96-31

Жалгыз дарак
Жолугабыз жалгыз дарак түбүндө
Сыр чечишип, сыр айтышып күнүгө.
Кеткен соң махабатым алыстап,
Жалгыз мен, зар болуп келем өзүңө

Сүйүүбүзгө күбө болгон жалгыз дарак,
Жетимсиреп өзү жалгыз карып барат.
Күтө берип экөөбүздү тажаган го,
Турса керек өткөн өмүрлөрүн барактап.

Кеткенсиң турмуш жолун өзүң баштап,
Даракты да, мени да жалгыз таштап.
Мен эмес жалгыз дарак күбө го,
Сени издеп көзүбүздөн жаш тамган.

Келдим бүгүн жалгыз даракты сагынып,
Башка келген тагдырыма багынып,
Турдум түбүндө, өткөн өмүрүмдү эстеп,
Сен жөнүндө болгон сырды ачышып.

Карааныңды издеп жатты жанымдан,
Таппаган соң ыйлап ийди капыстан.
Ал дагы өз тагдырына таарынып,
Жүзүн жууду көзүнөн кулаган тамчыдан.

Айласыз биздин дарак, жалгыз калат,
Убакыт жеңип, баарыбызды карытат.
Сен эмес жалгыз дарак жөнүндө,
Ак кагазга алтын сөздөн ыр жазылат.


Бороев Элдияр.
Таш-Көмүр шаары, 8 (926) 951-32-00


Чынарым

Шуудурап булак үнгө үнүң кошуп,
Күттүңбү келишимди жолум тосуп.
Сергинип уктап жаткан сезим тозуп,
Турдуңбу, салынып сен жашыл жоолук.

Жыпарың ошол баягы жыпарың,
Кысып-кысып кармагылайм бутагың.
Жаз болуп дүйнөм кайра жашарып,
Жүрөк ырдап, тун сүйүүнүн кайрыгын.

Эске алам ал кездердин мүнөтүн,
Айлуу кечте өзүң болдуң түнөгүм.
Эсиңдеби капысынан бир чыккан,
Тамашама сен да катуу күлгөнсүң.

Жаштык өтсө шаштырып мен таарынбайм,
Өмүрүмө сени кошуп байлагам.
Бүт сырларым катып жүрүп өзүңө,
Анан кантип, Чынарымдан тан алам.

Кечеги күн бүгүн күнгө окшойбу,
Мезгил чиркин атылган бир октойбу?
Уялыңкы жалжал карасаң көзүмө,
Кайрылгансыймын ырахатка ошондогу.

Эгиздей, бирге өскөн тайлактардай.
Жоктогом бир азга мен садагам ай.
Махабат - жылт-жылт этип алоолонтуп,
Мезгилдин бир жаап өткөн жамгырындай.

Тайир Ташмурзаев,
Айдаркенден, 8 (926) 663-84-05


Ырысыңды качырдың
Каным, жаным касиеттүү кыргызым,
Чачылып сен кай жерлерди кыдырдың?
Адеп-ахлак ыйман менен жашаган,
Ынтымактуу ырысыңды качырдың!

Карыялар айтып келген санжыра,
Кайда калды намыскөйлүк калкымда?
Чачылгандан чачылып баратабыз,
Салбайлычы апаларды арманга!

Өз жериңде батыша албай тентидиң,
Кейпиң кантет өз баркыңдан кетипсиң.
Кимге барып, кайсы жерде кор болуп,
Өз тагдырың кантип өзүң тепседиң?

Ынтымагың күндөн-күнгө ыдырап,
Бирөө кетип, бирөө келип чыркырап.
Биримдикти бир тыйынга татытпай,
Бийлик үчүн канча көздү тазалап.

Көрө албастык зомбулукту таштасак,
Айкөлдүк ынтымакты баштасак.
Бийлик үчүн күрөшүүнү токтотуп,
Кары сөзүн капка бекем сактасак.

Келечекке жаңы мунду үндөсөк,
Мекенчилди шылдың кылып күлбөсөк.
Ойлонбостон туулган жерге тез кайтып,
Мекеним деп сыймыктана сүйлөсөк.

Аттуу-баштуу азаматтар көбөйүп,
Үзүлгөндү улаганын көрөлүк.
Ынтымактуу-намыскөйлүү калк болуп,
Жашайлычы биримдикке сөйөнүп.

Кыял Жазыкбекова
Караколдон, тел: 8-968-843-89-07


Асыл турагым

Кара -Кулжам туулуп-өскөн мекеним,
Бир өзүңдөн алыстап мен кеткемин.
Учкан куштай мезгил өтөт сезбепмин,
Ылай-Талаа кең айылымды эстеймин.

Жайлоосунун атыр жыттуу гүлдөрү,
Булбулдардын сайраган кооз үндөрү.
Эх чиркин, Ажике менен Бел башат,
Ысык боорсок, кымызыңы ичип чер жазган.

Токпай Таала-тага журтту мактасам,
Карагайы, арчасы да жайнаган.
Алайкуунун өрөөндөрүн байкасам,
Тоолорунда кекилик, кийик жайгашкан.

Ырчысы да, палвандар чыккан бул аймактан,
Рыспай агам, Төрөбектей авалар өттү арадан.
Аккардеон коштоп, обон салып боздогон,
Аманбаев Исрадин эскерип аларды коштогон.

Областта көк бөрү оюнун бербестен,
"Бүркүт" деген аты менен биринчиге жетишкен.
Манастын миң жылдыгында эр-азаматтар,
Замирбек, Намаз, Мамурасулдар жол баштаган.

Асыл турак алтын уям бар болгунуң,
Ар убакта Алла-Таалам колдосун.
Ала-Тоонун суктанарлык өзгөчө мекенисиң,
Алкыш айтып ыр токтомун жаза бермекмин.

Райимжан уулу Кенжебек
Кара-Кулжадан, 8 (929) 906-95-70


Москвадагы жашоо
Көчөдө баса албайсың өз жериңдей,
Үнүң дагы бийик чыкпайт өз элиңдей.
Сагынычтар жүрөккө толуп барат,
Жүрө албайсың, ар убак эч кейибей.

Акча табуу бийлеп биздин сезимди,
Алыстарга таштадык элибизди,
Баш ийип бул турмуштун татаалына
Макул болуп, бекем буудук белибизди.

Кандай гана жумуштарды аткарбайбыз,
Кандай гана жерлерге баш катабыз.
Болбой калса документиң өз жаныңда,
Милицияга алыстан көз салабыз.

Эрте менен турасың ишти эстеп,
Жумушта жүрөсүң саат эсептеп.
Кошто эзилген атка окшоп кечиндеси ,
Квартирага жетесиң эптеп-септеп.

Жумуштан келип кара курсак кайгайы ,
Окшош эле нерселер да баягы .
Эч нерсеге кызыкпайт көңүл чиркин,
"Жат, укта, өчүр"- деген сөздөр адаттагы.

Жашоонун кызыгы изденилбейт,
Өзүнө-өзү адам ким делинбейт.
Кандай жумуш аткарчусуң өз элиңде.
А бул жерде айырмасы иликтенбейт.

Пул дегенди жакшы көрүп жаныбыздан,
Түнкүсүн да иштейбиз уктабастан.
Өз жериңде ушундай иштетсе эгер,
Кетебиз го ошол жерде чалкабыздан.

Сулуу-сулуу кыздарыбыз солкулдаган
Акча үчүн иштөөдө алыстаган
Жаштайынан акчанын кадырына
Жете билип жүрүшөт азыртыдан.

Жапжаш гана жигиттер жалындаган,
Акча үчүн ар ишке жалданылган.
Убактысы утулуп ушул шартка,
Унутат го жаштыгын жаркылдаган.

Тапканыбыз буйурсун жакшылыкка,
Жолугалы ар убак жакшылыкта.
Чын жүрөктөн тилеймин ак жолду,
Кеткендерге Москвадан Кыргызстанга.

Чынара Саданова
Кара-Суудан, 8 (926) 125-47-32