"Манасовцы в Красноярске"
Организация кыргызской молодежи в Красноярске с именем "Манас" сформировалась достаточно недавно. Но даже за своё недолгое существование союз "Манас" уже успел заявить о себе в общественной жизни Красноярска.
Первоначально, поводом для создания такого союза было - объединение студентов кыргызской национальности. Уже вскоре после создания, "Манас" стал активно принимать участие в различный студенческих культурно-массовых мероприятиях города. Студенты активно принимают участие, как в спортивных соревнованиях, так и в культурно-развлекательных мероприятиях. Участие в межнациональном турнире по футболу "Кубок Нации" г. Красноярск, представление республики Кыргызстан на региональном конкурсе красоты и талантов "Мисс Азия Сибирь". Список можно перечислять долго. И стоит заметить, потенциал у наших студентов однозначно присутствует. Сплоченность нашего союза видно на всех мероприятиях, куда все приходят и болеют за наших.
Основными целями союза является не только представление студентами в межнациональных мероприятиях республики Кыргызстан, но и внутренняя взаимоподдержка. У многих приезжих студентов естественным образом возникают проблемы связанные с владением русского языка. В особенности эта проблема первокурсников, которые только адаптируются в незнакомой для них среде. Организация студентов призвана помогать снижать языковой барьер между учащимися выходцами из Кыргызстана и России.
Союз "Манас" - это что-то вроде братства, объединение друзей. Специально для своих студентов они устраивают дискотеки в ночных клубах, организовывают совместные пикники и другие встречи в неформальных обстановках. Наши студенты всегда рады различным формам досуга и сами нередко предлагают свои идеи совместного проведения отдыха.
Манасовцы вносят вклад в культурное развитие Красноярска. Ведь многие даже не знакомы с нашей страной, с нашей культурой, традициями. В таких случаях поставленные лица устраивают межнациональные выставки. Где приходят любопытные люди, и удивляются, что живут рядом с такими людьми, чья культура богата историей и устоями. Это помогает не только знакомить людей с нашей культурой, но и формировать толерантное отношение к культурным особенностям Кыргызстана.
За плечами союза не только участие в различных мероприятиях. Порой наши студенты сами организовывают различные праздники. К таким, к примеру, можно отнести проведенное осенью прошлого года мероприятие, посвященное национальному празднику дню урожая "Оп майда", где манасовцы продемонстрировали не только свои таланты, но и знание национальных особенностей нашей страны.
В ближайших планах союза стоит организация первого конкурса красоты среди кыргызских девушек города Красноярск, подробности которого будут известны уже в начале этой осени.
Это только начало союза студентов "Манас". Впереди ещё много событий, много идей. А нам лишь остается гордиться нашими студентами и пожелать им успехов во всех начинаниях, потому что живя на берегу нашей родной реки Эне Сай мы понимаем, презентуя культуру кыргызского народа несем ответственность за имидж нашего Кыргызстана.

Азиза Султанова.


  САНДАН - САНГА

АБДЫРАХМАН
ПАЛВАН
(Башталышы өткөн санда)
Орто Азия чемпиону
Жай мезгили өкүм сүргөн чакта Совет-Абадда кечки саат 7де күрөш башталчу. Күндүз иштен кол бошобойт. Күрөш түн бир оокумда араң бүтчү. Эл быкпырдай жайначу. Ошондо көптөгөн палвандардын ичинен Абдырахман палвандын гана аты айтылчу. Элдин баары "Абдырахман палван бүгүн ким менен күрөшөт экен?" деп кызыгышчу. Не бир, Бакай бабабыздай ак сакалын жайкалткан карыяларыбыз барчу. Ошондой күрөштөрдүн биринде Абдырахман палван Өзбекстандык Рахим деген палван менен күрөшүп калды. Бул да өтө зор, абсолюттук чемпиондукка жеткен палван экен. Күрөшкө келерден алдын жергиликтүү газеталардын бирине интервью берип, кабарчынын "Орто Азия боюнча өзүңүзгө тең келчүсү барбы? Болсо ким деп эсептейсиз?" деген соболуна "Мага тең келчүсү азыр жок" деп жооп узаткан экен. Бул интервьюнун газетага жарыяланганына бир айдын жүзү толуп, эл арасында ал тууралуу уу-дуу сөздөр жүрүп жаткан экен. Ошол күрөшкө Рахим палванды коштоп, райондун акимдери, эл башчылары келишкен эле.Ортодо күрөш жүрүп жатат. Эл дуулдап өзбек, кыргыздын баары "Абдырахман" деп турат. Бой-келбети 2 метрди чапчыган Рахим палван Абдырахман палванды жерден көтөрүп кетип, айландырып туруп, биринчи оң тизе менен жерге ныктап урду. Абдырахман жыгылбастан мышыкчасынан чап жабышып туруп калды. Экинчисинде сол тизеси менен жерге дагы ныктап урду. Чамасы бутун сындыргысы келди окшойт. Абдырахман дагы туруп калды. Ошол көз ирмемдин ичинде Абдырахман Рахимдин ичине кирип кеткен экен. Кандай чапканы көзгө илинбеди. Айтор, Рахим палванды көкүрөк жагына көтөргөн бойдон айландырып келип, башы менен жерге сайып койду. "Эми эмне болуп кетет?" деп жанатан бери нес болуп, бир чекиттен карек үзбөстөн тиктеген эл ордуларынан жапырт туруп кетишти. Кыйкырык-сүрөөндү айтпай ак коёлу. Ошондо Рахимди ээрчип келген өзбекстандык акимдердин бири ортого чыгып, Абдырахман палвандын оң колун өйдө көтөрүп "Оо, эл-журт, баарыңар билип алгыла, Орто Азиянын чемпиону ушул үкөбүз болот! А биз болсо мына бу экен деп адашып жүргөн экенбиз" деп ызасына туттугуп, бозала болуп, бурчта отурган Рахим палванга сөөмөй кезеген бойдон келген тобун ээрчитип чыгып кетти...

Абдырахман аттуу ысымдардын көбөйүшү
Андан соң дагы бир жерде күрөштү.Өзбекстандын түбү кыпчак кыргыздан тараган Абдилаз деген палваны бар экен. Бир гана Абдырахман палван менен күрөшүүнү эңсей берип, баш-аягы 26 жолу күрөшүптүр, а бирок 26 жолу тең жеңилүү ызасын тартыптыр. Эми Абдырахман палван күрөш өнөрүн ушунчалык аспиеттеген, кудай берген касиети бар, анык уста экен да. Кандай абалда ким менен күрөшпөсүн, сөзсүз жеңишке жетишчү. Эгерде азыркы мезгилде Абдырахман бар болгондо, же болбосо Абдырахмандын мезгили азыркыдай болгондо кыскасын айтканда, Өзбекстан болобу, Тажикстан болобу, Кыргызстан болобу, кайсыл округдан талапкерлигин койсо да, милдеттүү түрдо депутат болуп шайланмак. Ошол мезгилде төрөлгөн балдардын баарынын ысымы Абдырахмандын урматынан коюлуптур. Ошол жактарга күрөшүп барганыбызда, аксакалдар келип таанышытырар эле "Мынабу неберемдин ысымы Абдырахман" деп.
Анан да Өзбекстандын, Тажикстандын кайсыл жеринде той болбосун, бир жума мурун "Жөн гана келип тойго катышып берсеңиз эле болду" деген чакыруу баракчалары байма-бай келип турган. Кудум Киркоров, Газманов өңдүү музыканттарды чакыргандай. Абдырахман ал жерде күрөшпөчү. Бар болгону "Абдырахман палван келди" деген сөз той ээлеринин көңүлүн көкөлөтүп, зоболосун оболотуп таштачу. Чоң океандын эрке балыгындай бул турмушта каалагандай сүзүп, атак-даңктын кучагында куунап өмүр сүргөн эле. Аны көрүп эле эмес, ал жөнүндө сүйлөшүп отуруп эле черлери жазылчу, элдин. Жомок эле. Өзү кызга окшоп күлүмсүрөп турчу. Ким менен болбосун тил табышып кетчү. Ал жүргөн жерлердин баарына эл жыйналып калчу. Азыркы телевизордо көргөн шоу-бизнес жылдыздарын эл ороп калгандай көрүнүш өкүм сүрчү. Айрыкча, аксакалдар көп кошточу. Анан дагы Абдырахмандын тушунда өзбек, тажик, кыргыздын баары бир улуттай биригип кетишкен. Бири-бирин бөлүү деген болгон эмес. Мындайча айтканда, улуттар аралык ынтымакты чыңдоого да өтөлгөлүү салымын кошкон.
1978-жылы Оштогу стадиондо күрөш болуп, Казакстандан офицер келди. Алибеттүү, алп денелүү палван экен. Биздин палвандардын баарын жыгып койду. Акыркы кезек Абдырахманга жетти. Аңгыча болбой жамгыр себелеп кирди. Кол чатыр жок. Жамгыр төгүп турат, куюп турат. Эл кетпей турат. "Абдырахман күрөшөт" деп бир адам ордунан жылбады. Мына күрөштүн күчү! Жамгыр токтободу. Абдырахман казакты чапты. Артынан беш-алты палванды жыгытып, стадиондон чыгып кеткен соң гана, эл үйлөрүнө тарай баштады. Азыр футбол болот десе жамгыр жаамак тургай, шамал саал катуулай баштаса, эл чилдей тарамак. Бул да болсо Абдырахмандын элдин жүрөгүн тегиз багындырып алгандыгынын далили болсо керек. Биз Абдырахманды идеал тутар элек. Өнөктөшүн оңго, солго, каалаган жагына ыргытчу. Жолборстой эле көрүнчү, көзүбүзгө.

Жыгылбаган палван болбойт
Жыгылбаган палван болсо, анда ал адам эмес. "Далысы жерге тийбеген палван" деп коёт кыргызда. Айры төштүн астында калбаган палван болбойт. Бир ирет Бакшы деген түрк палван менен күрөштү. Ошондо кантип жыгылганын деле билбей калдык, айтор, Абдырахман жыгылып калды. Эл ынабай Бакшыга соорун берген соң, экөөсүн кайра күрөштүрүштү. Абдырахман секунддун ичинде Бакшыны чапты. Андан кийин дагы бир жерде 140 кг салмактагы өзбекстандык Эркин деген раис палван менен күрөштү. Эркин эки-үч ирет силккенде Абдырахмандын оң буту кызыл ашыктын түп жагынан жарака кетип калды. Анан эки аксакал кол жоолук менен бутун таңып, кайра салды. Ошондо акырын аксап күрөшүп, так көтөрүп урбастан жамбашка алып жыкты. Анан аксакалдар "Болду эле болду" деп бүтүрүштү. Кайра ошол эле күрөштө Жалал деген өтө зор өзбек палван менен күрөштү. Булар он жыл бою Абдырахмандан жыгылып, өчүн кууп жүрүштү. Эми Жалалды да мурун 20-30 жолу жыгыткан экен. Ушул күрөштө негедир жыгылып калды. Ошентип күрөш бүтүп кетти. Абдырахман бут кийимин кийип, ордунан жылбай турду. Бирок эл тарабай аны күтүп турушту. Беркиге көңүл деле бурушпады. Жыгылса да эл Абдырахманга жан тартчу.
Мүнөзүнө токтолсом, Абдырахман үн созгондо таңда таңшыган торгойго тете ырдачу. Жалан, Рыспай Абдыкадыровдун обондорун созчу. ГАЗ-24 үлгүсүндөгү Волга айдачу. Ал убакта Волганы ар ким эле мине берчү эмес. Жумурткадай ак Волгасын алкынтып, жанында жүрсөң ырдап, сөзмөрдүгү менен чер жазчу. Өз доорунун алдыңкы адамдарынын алдыңкы сабында турган. Мезгилине төп келген инсан эле...

Жигит өлбөс болсочу
Өлүмү трагедиялуу болду. Бактылуу адамдын тагдыры ушундай болот окшойт. Тарых баракатарына көз чаптырсак, эчендеген белгилүү адамдардын өмүрү өкүнүчтүү көрүнүштөр менен аяктагандыгы анык. 1980-жылы 7-мартта 30 жашында Ошто өлдү. Саар менен элдин баары ыйлап жүрүшөт. Ошондогу ШИИБ начальниги кыргыз милийса экен. Эми чиновник да, патриотизми жок. Элдерге "Атаңдын оозун урайын! Бир палван өлүп калыптыр. Элдин баары Ошто ыйлап жүрөт. Тигил Монголиянын Сухе баатыры өлгөнсүп" дептир өтө пас ойлорун ортого салып. Эми ал милийса Абдырахман палвандын алдында ким эле? Сөөгү Лейлекке коюлган. Артында уулу жок, кыздары калган. Тажикстанга, Түркмөнстанга, Өзбекстанга бир кеткенде 2-3 айлап жоголчу. Аркасынан 40 адамды ээрчитип, багып келет эле да. А мен билгенден бул киши Ошто жашап, Ошто өлдү. Гагарин бүт дүйнөгө элес калтыргандай Фергана өрөөнүнө өзүнчө жаркырап элес калтырган жылдыз эле.

Жыйынтык сөз
Ушу тапта Абдырахман палвандын атын алып жүргөн мекеме-уюмдар балким бардыр, бирок билбейт экем. Абдырахман палван жөнүндө, ушундай таанымал, ушундай чоң каарман жөнүндө, чынында эле өзүнчө бир чоң баатыр жөнүндө токтоло турган нерсе жок болуп жатат. Кыргыз элинин намысын дээрлик 10 жыл бою коргогон ишмер жөнүндө оозго алаарлык иштер болбой жаткандыгы өкүндүрбөй койбойт. Жердештери жыл сайын 9-майдагы Жеңишке карата Абдырахман палван атындагы турнир өткөрүп гана турганы болбосо, башка жагы алиге дейре аксап турат. Жыйынтыктап айтканда Абдырахман палван жөнүндө көп нерсе айтыла элек, айтылышы керек. Көп нерсе жазыла элек, жазылышы керек.Кыргыз Өкмөтү тарабынан тиешелүү баа берилиши керек..."