Үлгүлүү жаңы коомдук уюм

"Мекендештин" дүбүртү
Окурман, сизди ойлоно турган эмес, кубана турган кабар менен кабардар кылалы дедик.
Дегеним, өз эл, өз журтубуздан алыс, азып-тозуп кайран океңдердин отуну менен кирип, күлү менен чыгып, көк рубль таап жүргөнгө карабай, кыргыздын чыгаан жигит-кыздарынын катары коюуланып, дүбүртү улам барган сайын Орусиянын жүрөгү болгон Москва калаасын жаңыртып келет. Мисалы, айтса айтаарга арзырлык сиз менен биз билгенден буга чейин Москвада түзүлгөн "Кыргыз биримдиги", "Достук", "КайМос", Кыргызстан аялдары" фонду жана башка уюмдар түзүлүп "Кыргызстандын келечеги үчүн" деп билек түрө иштеп жатышкан болсо, бүгүнкү күндө алардын катарын "Мекендеш" коомдук фонду толуктады.
"Мекендеш" коомдук фондунун негиздөөчүлөрүнүн бири Искендер Абдуллаевдин айтымына караганда аталган фонддун президенти Исаков Кубатбек баштаган ишкер жигиттин артында 150дөн ашык патриот жигит - кыздар чогулган. Алардын биринчи максаты айылды таза суу менен камсыз кылып, турмушун оңдоп мамлекеттик деңгээлге чыгуу жана өлкөгө өз салымыбызды кошобуз деген тилек менен фонд түзүлгөндүгү жөнүндө кабардар кылды.
"Жаман айтпай жакшы жок" дейт кыргызда, анын сыңарындай илгертен жакшылык-жамандыкты чогуу - чаран көтөргөн кыргыздын салты менен бөтөн эл, бөтөн жерде жүрүшкөндүктөрүнө карабай оор жеңилди бирдей көтөргөн фонддун мүчөлөрү өз чөнтөктөрүнөн көңүлдөн чыккан акчалай жардамдарын фонддун казынасына төгүп түп көтөрүлө фондду сүрөөнгө алып турган чактары.
Экинчи дагы бир баса белгилеп айта кетүүчү нерсе аталган фонддун мүчөлөрү өздөрүнүн, башкача айтканда, Ноокат районунун Зулпуев айыл өкмөтүнө караштуу Кашкалдак айылынын тургундарынын үй - бүлө мүчөлөрүнөн кимдин уулу,кимдин кызы Орусия жергесинде эмгектенип, кайсы жерде жашап жатат, баарын тактап териштирүүнү пландап, бул план азыркы тапта ишке кирди десек болот. Бул пландын негизги максаты жаштарды ыймандуулукка, таалим-тарбияга, негизгиси оң жолго чакыруу болуп саналат.
Анткени, акыркы мезгилдеги Москвадагы "Москвачылык жашоодон" азын-оолак кабардар болсоңуздар керек. Себеби, "бир уйдун мүйүзүнө урсаң, миң уйдун мүйүзү зыркырайт" болуп, кээ бир кыргыздын кыз-жигиттеринин "өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем" деген жеңил ойлуулуктарынан улам эми Кыргызстандын жер-жерлериндеги айыл аксакалдары, айыл соттору менен иш алып барууну көздөшүүдө. Албетте, бул жакшы жышаан. Дегеним, ар бир айыл, айыл өкмөт жигиттери ушинтип өз короолоруна карышкырды кийирбей кайтарышса, албетте башка улуттуу жээндердин катарлары суюлат деген үмүттөобүз.

Турдайым Кожомбердиева


КЫРГЫЗ ДИПЛОМАТ КЫЗЫ ГҮЛЗАР
Кыргыз элинин атак-даңкын көтөрүп, желегин желбиретип туусун көккө тийгизип келе жаткан инсандарыбызды айтсак учу-кыйыры табылгыс деп мактана кетсем жаңылышпаймын. Мына ошол инсандарыбыздын бири Москва шаарынын Мамлекеттик Тышкы Иштер министирлигинин Дипломатиялык Академиясынын бүтүрүүчүсү Карыбекова Гүлзар Борисовна жөнүндө сөз кылмакчыбыз. "Бешиктеги баланын бек болорун ким билет" дегендей ким ойлоптур кыргыз кыздары Курманжан датка энебиз Каныкей, Айчүрөктөй акылман даанышман кыздарыбыз тарых барактарына изин калтыргандыгын айтуу менен бирге Карыбекова Гүлзардын кыргыз элинин келечегине чоң салымын кошууга жакшы жетишкендиктери менен кыргыздын улуу инсандарынын бири катары эсептесек болот. Карыбекова Гүлзар Кыргыз Республикасынын Тогуз-Торо районунун Казарман айылынын Макмал орто мектебин эң жакшы ийгиликтер менен бүтүрүп ошол учурда эле өзүнүн даанышман экендигин көргөзө алган. Гүлзардын шыгына көзү жеткен ата-энеси Карыбеков Борис жана Абдубалиева Асылбүбү эженин чоң көмөгү болгон ишеничи менен КРнын Мамлекеттик Улуттук Университетинин юридикалык факультетине 2001-жылы эң жакшы чоң жетишкендиктер менен аяктады. Кыргыз элинин келечегине кайдыгер мамиле кылбаган Гүлзар ушуну менен эле токтолбостон КРнын Баңгизаттарды контролдоо боюнча Мамлекеттик кызматында алты жыл кызматташууга жетишкен. Албетте, бизде ушундай жигиттер менен тең калышпай келечекке өз салымын кошуп, кыз болсо дагы өзүнүн өжөрлүгү менен кызмат өтөгөн кыздарыбыз бар экендиги үчүн башыбызды бийик көтөрүп сыймыктанабыз. Гүлзардын бул жетишкендиктерине биринчиден атасы Карыбекова Борис агабызга, апасы Абдубалиева Асылбүбү эжебизге таазим. Албетте Гүлзар өзүнүн таланты, өжөрлүк сапаты менен Москва шаарында окуганга да жетишип, быйыл минтип кыргыз журтуна дагы бир дипломатыбызды кошуп кубандырып олтурат. Ал эми кыргыздын атагын алыска тааныткан кызыбыз Гүлзар азыркы учурда чоң максаттарды алдыга коюп, кыргыз элине кызмат өтөөгө даярданууда. Ушундан улам биз Гүлзардын ийгилигине кубанып. Алдыда дагы далай үлкөн максаттарына жетишет деген ишеничтебиз. Анан дагы кыргыз элинде мындан ары да илим-билимдүү, туубузду көккө жеткизген кыздарыбыз көбөйө берүүсүн тилек кылып, Гүлзарга жалпы кыргыз элинин атынан ыраазычылык билдирип келечегине кең жол каалайбыз. Ылайым, алга карай бараткан арымдуу сапары дамамат байсалдуу болсун!
Кыял Жазыкбекова


Жек көрүмчүл көрүнүштөр ыдырап,
жергебизде өкүм сүрсүн ынтымак!
Кыргызстан. Ар бир кыргыздын медер туткан ыйык Ата-Журту экендиги талашсыз. Андыктан каерде жүрбөйлү, Кыргызстанды сагынмайын күн кечире албастыгыбыз аштан бышык. Кайра канчалык алыстарда сапарлаган сайын көкүрөгүбүзгө кыттай уюп, акыр түбү барар жерибиз, токтор акыркы аялдамабыз экенин эске салат. Ушул себептүү, ар качандан бир качан көзгө медер туткан ак мөңгүлүү тоолор менен курчалган Ата-Журтубузда ынтымактын желеги желбиреп, андагы жакын боордошторубуздун саламаттыгын тилейт экенсиң, ак дилден. Дамамат жакшы кабарлар угууну каалайт экенсиң. Кабар демекчи, өткөн жылы Кыргызстан тууралуу жагымдуу кабарларды уга албастан кабыргабыз жаман кайышканын айтпай коюуга болбойт. Тагыраагы, өлкөдө жайдын баштапкы чендеринде этникалык согуш оту тутанып, өзбек-кыргыз коогалаңы өкүм сүрдү. Бир топтон бери очор-бачар жашап келген эки боордош элдин ортосуна чок түшүп, нечендеген адамдар жабыр тартышты. Антсе дагы бактыбыз бар экен, Кудурети күчтүү Кудайдын көзү түз экен, узакка созулбастан токтоду, согуш.

Дал ошол согуштун бир жылдыгын эскерип, үстүбүздөгү жылдын 10-июнь күнү Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясынын Элчилигинин баш кеңсесине жанаша жайгашкан жаңы ачылган кыргыздардын "Бай-Хан" кафесинде эскерүү күнү болуп өтүп, келгендерге чай берилди. Эң алгач "Үн катуу" расмиси менен башталган эскерүү күнүнө ар түркүн курактагы, ар түркүн кызматтагы мекендештерибиз катышып, көңүлүндө бугуп жүргөн ойлорун ортого салышты. Алгачкылардан болуп сөз кезеги энчисине тийген элчибиз Чиналиев Улукбек мырза: "Урматтуу мекендештер! Бүгүн эң жүрөк оорутарлык саясий окуянын бир жылдыгын эскерүү күнүнө чогулдук. Былтыры, ушул күндөрү бир ууч кутумдар эки этностун ортосуна чагым чагып, коогалаң отун тутандырышты эле. Ушунун өзү албетте, жакшылыкка апкелбеди. Ырасында, күнөөлүүлөр өз жазасын албай койбойт. Бул өкүттүү маселени өзбек болобу, кыргыз болобу, ар бир кыргызстандык жүрөгүнөн сезиши керек. Андыктан өлкөбүзгө терс таасирин тийгизбей койбоду. Канчалаган үйлөр өрттөлдү, адамдардын тагдыры талкаланды. Курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө терең кайгыруу менен көңүл айтам", - деди. Андан соң жарыш сөзгө чыккан белгилүү коомдук ишмер, экс-элчи Апас Жумагулов : "Былтыр ушул маалда кыргыз жеринде ушунчалык кыйын кырдаал өкүм сүрдү. Кыргыз эли менен өзбек эли канча кылымдан бери бир сындырым нанды тең бөлө жеп, бир чөйчөктөн суу ичип келишкен эле. Ошол достукту бузууга аракет жасагандар киши кейпинен кеткен айбандар дегим келет. Түшүнүү кыйын. Коогалаңдын келип чыгуу себептери күнү бүгүнкүгө дейре изилденүүдө. Неге мындай болду? Болтурбай коюуга болот беле деген суроолор жаандай жаайт. Кантсе да бул тарых. Дос элдердин ортосуна түшкөн апаат. Тынчтык керек бизге. Не иш кылсак да, каерде күн кечирсек да тынчтык керек. Унутпашыбыз керек. Сабак бул.",- деди. Андан соң "АлаТоо" коомдук уюмунун жетекчиси Жамийла Бегиева, Ржевскийдеги агрардык колледждин директору Жигунов Сергей мырзалар да жогорудагыдагы эки элчибиздин сөздөрүнө үндөшкөн пикирлерин билдиришти. Сөздөр бүтүшүнө удаа молдоке куран окуп, чай берлиди. Баса, бул эскерүү расмиси КРдин Россия Федерациясындагы элчилигинин демилгеси менен уюштурулду. Акырында келген элдер бир тилектен "Эч качан Кыргыз өлкөбүздү коогалаң өртү чулгабасын, эки элдин ортосуна орногон ынтымак кылым бою бекемделе берсин!" деген тейде алакан жая бата кылышып, тарап кетишти.

Акылбек Мамадалиев