Кимиңерден кимиң эр
Жаңы муун - жаңы багыт
Мекендештерибизди өлкөбүзгө кайтаруу үчүн туруктуу экономика керек. Элибиз саясаттын кырдуу мизиндеги инсандарыбызды караңгы үйдөн шам күйгүзбөй эле таанып турган чагы. Ушундан уламбы барган сайын жаңы жаңы каармандарды эл чыдамсыздык менен күтөөрү турган иш. Анткени оозунда бал тили бар айрым саясатчылардан көңүлү калып, кимдин ким экенин эл жакшы эле билип калышпадыбы. Мына жакында президенттик шайлоо турат. Бул Кыргызстан эли үчүн өтө жооптуу иш чара. Мындан аркы бактысы дал ошол болочок президенттин колунда. Жакшылыктан илгери үмүт менен алыста мекендештерибиз да жүрүшөт. Айрым окурмандарыбыз Москвада биз менен бирге жүргөн мекендешибиз Темирбек Асанбеков кайда жүрөт дегендер да четтен чыгат. Биз окурмандардын суранычын эске алып Кыргызстандагы өз кабарчыбыз Кубанычбек Чынгышбаевге Темикени таап суроо узатчы деп тапшырма берген элек. Анда кеп учугун өз кабарчыбызга берсек.
Кубанычбек Чынгышбаев: Кадырман окурмандар, сиздер сурап жаткан Темирбек Асанбеков өзүңүздөргө деле маалым "Мекен ынтымагы" партиясын жетектеп, өткөн парламенттик шайлоого ат салышкан эле. Шайлоо өнөктүгү учурунда Темирбек Асанбеков саясат чөйрөсүндө өз ордун ээлеп калганга жетише алды. Айрыкча шайлоо жыйынтыгында беш партия алдыга озуп чыкканда "эки Темике" Ак Шумкар партиясынын лидери Темир Сариев жана "Мекен ынтымагы" партиясынын лидери Темирбек Асанбеков шайлоодо уттурушканын, утуп чыккан партиянын иштерине ийгилик каалап чыгышы бир туруп элди таң калтырышкан. Анткени Кыргызстанда шайлоодон кийин "жыгылган күрөшкө тойбойт" болуп соттошуп- боктошуп калганга көнө түшкөн эл таң калып эле калышкан. Бирок эл деген улуу экен. Акырындык менен шайлоону да түшүнүп, добушун сатканга эми моюн бербей калган чагы. Айрыкча саясатка жаңы муун кирип жаңы багыт алышууда. Андыктан сөзүбүз кургак болбош үчүн сиздер издеген, сиздер суранган Темирбек Асанбековго суроо узаткан элем.
- Темирбек мырза, учурда Кыргызстандагы саясый жана экономикалык абалга сиз кандай баа бере аласыз?
- Азыр өлкөбүздө кризис бардык багытта курчап турган чагы. Экономикабы, саясаттабы, ал гана эмес ички жан дүйнөбүздө да кризис терең орун алды. Туруктуу экономикабы, туруктуу идеологиябыздын жоктугунан улам мына ушундай абалга келдик. Мекенчилдик сезим четке калып, материалдык көз каранды озуйпасы биринчи орунда турат. Экономиканын такыр төмөндөшүнөн улам кирешеден чыгаша көп болуп, бюджеттик дефицит өргө чыкты. Тышкы карыз сазына батып, Кыргызстан банкрот абалына эле жетти. Саздан чыгуу үчүн менин оюмда мамлекеттик активдерди күрөөгө коюу жолу менен инвестицияны тартуу зарыл. Ал үчүн инвесторлорду тартуу шартында өнөктөштүктү арттыруу зарыл. Мындан чиновниктер инвесторлордон пара албай жөнөкөйлөштүрүлүп, инвесторлор менен тең тайлаша аларга керек болсо өз шартыбызды коюу мүмкүнчүлүгүнө жетишибиз керек.
- Айтсаңыз, ал эми Кыргызстандын Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна же азыр кызуу талкууда турган Бажы союзуна кирүү маселеси туура чечимби, анын экономиканы көтөрүүдө кандай орду бар деп ойлойсуз?
- Менин оюмча Бүткүл дүйнө соода уюмуна кирүү өтө эртелик кылган. Ошол эле учурда Бажы бажы союзуна. Кыргызстан ачык базар экономикасына кирген менен атаандаштык кудурети жокко эсе. Башкача айтканда биздин продукцияларыбыз башка өлкөлөрдүкүнө атаандаш боло албайт. Экономикалык эсептөөдө ачык пошлинасыз аймакты каалоо менен коррупциялык жолду бөгөттөө биринчи планга коюлган. Туура, уюмга мүчө болуп кирүү акылдуулук иш чара. Бирок биздин экономикалык абал менен пайда берүүдөн проблемалар көп болуп келет. Ал эми бажы союзу туурасында айта кетсем бир канча дүйнөлүк базар бар. Түндүк Америка борбордук, европалык, түркиялык, арабдык болуп. Биз акыркы жылдары кытайдын эскпорту менен гана жашап калганбыз. Жыйынтыгы сапатсыз да зыяндуу товарларга толду. Бүгүн үч мамлекет түзгөн бажы союзу өздөрүнүн ички рыногун сактап калуу үчүн биздеги товарларды жүгүртүү киреше жолубузду бууп салышты. Бажы союзуна кирүүдөн мурда "жети ченеп бир кес" макалын эске алып, пайда алып келүү жана чыгаша жолдорун дыкат эсептеп чыгыш керек. Түшүнүктүү биздин продукцияга россиянын продукциясынын бажы пошлинасы атаандаштык кылат. Бул жерде бажы союзуна мүчө мамлекеттер бизге кандай жардамдарды, биз аларга кандай жардам бере алабыз маселе ушунда жатат. Маселен БСу бизге инвестициялык кандай климат түзүп бере алышат.
- Темирбек мырза миграция толкунуна да кайрыла кетсеңиз?
- Мен чет жакада көп болгондуктан, мекендештер менен жакындан таанышмын. Ансайын аларды терең түшүнө баштайт экенсиң. Мен ойлой берем эгер баары эле чет өлкөгө чыгып кете беришсе Кыргызстанда ким калат деп. Өкүнүчтүүсү чет өлкөгө билимдүү илимдүү адистер, ишке жарамдуу эр азамат, кыз келиндер чыгып кетүүдө. Бул 20 жыл ичиндеги бийликтегилердин күнөөсү. Азыр биздин өлкө иш орундары менен камсыз кылуунун ордуна жумушчу күчтү сатууда. Мен өзүмдү башка өлкөдөн көтөрө аларыма ишенип гана чыгып кеткем. Эми бутума туруп, тажрыйба топтоп келгенден кийин элиме жардамым тийсин деп кайтып келдим. Өлкөнүн экономикасын, саясый абалын жөнгө салуу үчүн сөз менен эмес иш менен далилдөө учуру келди.
- Суроомдун акырында алдыдагы президенттик шайлоого өзүңүздүн талапкерлигиңизди коесузбу. Анткени сизди да коет деген эл арасында сөз көп го?
- Жашыруун эмес бул маселе боюнча партиянын өткөргөн съезди чечет. Партиялаштарым менин талапкерлигимди көргөзсө анда шайлоого бел байлап катышамын. Эгер курултайда президенттик шайлоого талапкер койбойбуз же башка талапкерди коюшса анда мен өз талапкерлигимди шайлоого койбойм. Мен партиялаштарымдын чечиминен чыкпаймын.

Маектешкен Кубанычбек Чынгышбаев.




Курултайдан кийинки сөз
Бул күнгө чейин республикабызда канча курултай болду. Курултайда кооз сөздөр айтылган менен анын жыйынтыгы куру сөз болуп келгени жашыруун эмес. 18-майда Бишкек шаарындагы Т,Сатылганов атындагы Улуттук филамониясында Кыргызстан эл Ассамблеясынын кезексиз VII Курултайы болуп өтүп, анда өлкөнүн стабилдүүлүгү туурасында негизги маселе козголуп ага карата айрым сын пикирлер айтылды. Айта келсек мамлекет башчысы Роза Отунбаева мамлекеттин стабилдүүлүгү биринчи кезекте мамлекеттик тилди өнүктүрүү керектигин, мындан улуттар арасында азчылыктын деңгээлинде гана эмес мамлекеттик деңгээлде каралышы зарыл экендигин баса белгилей кетти. Белгилей кетсек мындай чечкиндүү пикирди буга чейин өткөн эки президенттен да айта алган эмес. Мамлекеттик тилдин ордун ошол өлкөнүн негизги идеологиясы мамлекеттүүлүктүн түпкүрү экендигин айта алышкан эмес. Ушундан улам өткөндөгү июнь окуясы келип чыгууда. Ошондой эле Кыргызстан эл Ассамблеясынын VII Курултайында Р.Отунбаева ассамблеянын улуттар арасында ынтымакты бекемдөөгө кош мамиле жасабай жигердүү иштеш керектигин, ал үчүн жаңы концепцияны иштеп чыгуу зарылдыгына токтолду.

Өкмөттүк эмес уюмдар тыңчылар эмеспи
Курултайда мамлекеттик тил мамлекеттүүлүктүн түпкүрү деп кан какшап жатышса айрым Өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү өзбек тилине официалдуу тил статусун бериш керек деп чыгышканы айрым массалык маалымат каражаттарында басылып чыкты. Элибиз душманды алыстан издеп убара болбой эле коюшсун. Эгер кыргыз атуулу, андан да түпкүлүктүү кыргыз улутундагы жарандарыбыз чет өлкөнүн акырынан жем жеп, укук коргоочуларыбыз деп карышкырдын терисин жамынып жүрүшсө жетишкен экенбиз. Эне тилине шек келтирүү мекенди сатканга тете. Тынч жаткан өзбек туугандарыбызды жөн эле дүрбөтө беришпесе. Ал үчүн чет өлкөлүк каражаттан каржыланып, алардын койгон талаптарын аткара беришсе буларды саясат иштерине кийлигиштирбеш керек.. Болгону бир сөз менен журт бузарлар даана ушулар экен.

Кыргызтандагы өз кабарчы:
Кубанычбек Чынгышбаев.