Кой аксагы менен жүз
Беш кол тең эмес экен депутаттар арасында кимдин ким экени эл арасына билинип калды. Сүткө оозу күйгөн депутаттар (эски бийликтин экс- чиновниктери) бирдеме деп айтайын десе эски жараны ырбатып алабыз дешет. Буктурмада бир учурду күтүп олтурганы жашыруун деле эмес. Жаштыгына салып айрым депутаттар ой пикир айтайын десе карт бөрүлөрдөн кагуу жейм деп коркушат. Ошентип биз билген, биз билбеген депутаттардын арасында кандай коомдук пикир жатат кудайдын бир өзү билээр. Бирок 7- апрель, июнь коогалаңына күнөөлүүлөр сөзсүз бар, жооп бериш керек. Аны комиссиянын жыйынтыгында ачык айкын тергөө ишине тартылчулардын аттары аталыш керек. Анан эле Бакиевге, анын бийлигине , Салахутинов, Батыровго эле оодара бербей аларды ким чыгарды, эмне себептер чыгарды, мына ушулардын кылтакка алса анан качкындар өздөрү эле келет дешет эл. Ал эми Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү Азимбек Бекназаровдун ошол учурда бийлик алсыз болчу, качкындар каалашынча чыгып кетишкен дегени бул кургак сөз.

Кыйкырсам үнүм жетеби?
Талкуудан кийинки талаш
Биз жогоруда кеп кылгандай түштүктөгү июнь окуясын иликтеген ЖКтин депутаттарынан турган комиссиянын жыйынтыгы үч ачакей чыгып, элдин ичи толбой турган чак. Кечээ жакында эле Аки- пресс маалымат агентчилигинде түштүк региондон келген жарандар депутат Жылдыз Жолдошеванын чыгарган жыйынтыгы, ага тиркелген документалдуу фильми өткөн окуянын анык чындыгы деп колдошууда. Мындай талаш тартыштан, кайчылаш пикирден улам жыйынтыгы анык чыкпай жаткандыгына басым жасашууда. Ал эми депутат Жылдыз Жолдошева ЖКтин трибунасында болгон күйүтүн болгон эмоция менен айтып, өз пикиринен кайра тартпастыгын ММКда байма бай билдирүүдө.


"Эртең тилим жоголору чын болсо, анда жакшы бүгүн өлүп калганым".
(Расул Гамзатов)
Бардык балээнин баары
тилден болот...
-деп Салижан Жигитов мамлекеттик тил боюнча "Кыргызстан маданияты" газетасына ж.б. ММКна көптөгөн макалаларды чыгарган эле. Бүгүн ал агайдын таамай айтканына өткөн июнь каргашалуу окуясы далил болуп олтурат. Мени бир таң калтырганы ЖКте мамлекеттик тил, аны өнүктүрүү, анын коомдогу орду туурасында бир да депутат, буларга чейинки депутаттар да чечкиндүү сөз козгогон эмес. Анан эле биз эл өкүлүбүз дешип чыга калышат. Дал ошол элдин ишениминен шайланып баргандар өздөрү шайлаган элдин 80-90 пайызын кыргыздар түзөт эмеспи. Ошол эне тилибиз үчүн кезегинде тилчи илимпоздорубуз Касым Тыныстанов, Ишеналы Арабаев, коомдук ишмер Исхак Разаковдор кандай кордуктарды баштарынан кечирбеди. Эми бактыбызга тынчтык жолу менен келген эгемендүүлүктө өз эне тилибиздин баркын аброюн көтөрө албаган эл өкүлдөрүнөн эмнени гана күтсө болот. Мына ушундай жалтанчаактыгыбыздан өткөндөгүдөй окуялар болууда. Туура Кыргызстан көп улуттуу республика. Бизге окшогон улуттар коңшу өлкөлөрдө деле бар. Маселен казак элин көрүп ичиң күйөт экен. Элинин биримдиги, экономикасынын көтөрүлүшү өз эне тили үчүн күйгөндүктөн аларга кудай өзү эле берип жатат. Мамлекет башчысынан тарта чет өлкөнүн башчыларыбы дагы башка жолугушууларда эне тилинде сүйлөп турушса эл аны кантип сыйлабасын. Парламенттик жыйындарында депутаттар бир гана казак тилинде сүйлөшөт. Ал эми телерадио берүүлөрү 60-70 пайызы казак тилинде. Бизде болсо 50пайыздан кем эмес кыргыз тилинде берилиш керек деп мыйзам кабыл алышты эле, КТРКдан башка 5- канал, Пирамида каналдары чоңдугуңа чокоюм деп өз билгендерин кылып, берүүлөрү көбүнчө орус тилинде. Бир гана мисал 5- канал таңкы көрсөтүүсүн жалаң орусча беришет. Ал жерде кыргыз тилинин чанын чыгарган журналисттер да иштейт. Демек кыргыз тилинде бербегендик ошол мекемеде иштеген жетекчилик мамлекеттик тилди тоготпойт, кыргыз улутундагы журналисттер болсо алган маянасына көз каранды. Башка эмне деп айтууга болот. Ал эми ЖКга кайрылсак улуту кыргыз болуп туруп кыргызча билбегендер, билип турса да кыргызча сүйлөгүсү келбеген депутаттар креслодо (кечиресиздер) көчүгүн чайкап олтурушпайбы. Жок дегенде сөздүн таамайынан сүйлөм курап, жүздөгөн чыгармалары менен дүйнөгө кыргыз деп тааныткан Чыңгыз Айтматовдун кызы Ширин карындашыбыз атасынын кыргызча китептерин бир сыйра окуса эле кыргыз тилин билип алганында, оюн чачыратпайт эле улуу кичүү кесиптештерин артист дебей сый сыпаа гана сүйлөмөк. Минтип сүйлөгөндүн ордуна колунан келсе Феликс Кулов жана башка тил билбеген депутаттарга атасынын китептеринен "бекер" берип койсо эне тилди үйрөнүп алышат беле деп кетесиң. Дал ушул кайдыгерликтин түпкүрү каргашалуу окуяга да тиешеси бар. Ат башындай армандуу эне тилибиз туурасында айтып түгөтө албайсың. Бир гана сөз Кыргыз тили мамлекеттик тил, орус тили официалдуу тил деп мыйзамда бакыйып эле турат. Демек мыйзам чегинде сыйлай билиш керек. Ал эми башка улуттун өкүлдөрү таарынбасын жашаган мекенин сыйлагандык анын тилин сыйлагандыкка жатарын эстеринен чыгарышпаса. Албетте, жогоруда айтылган пикирге бардыгыбыз күнөөлүүбүз. Андыктан балык башынан сасыйт болбой алгач депутаттар үлгү көрсөтсө ынтымак, тынчтык өзү эле келмек.

Билеги күчтүү бирди жыгат,
Билими күчтүү миңди жыгат
Эл айтат Ташиевдин таскасы чыгып жатат деп...
КРнын башкы прокуратурасы ЖКке Ата Журт фракциясынан Камчыбек Ташиевдин кол тийбестигин алып салуу туурасында сунуш менен кайрылды. Анткени К. Ташиев ачуусу чукулбу өзүнүн партиялаш депутатын канжалата коюп, чоң муштум атка конгон. Элибизде айткандай "өзүңдү эр ойлосоң бирөөнү шер ойло" дегендей кайра өзү А. Сулаймановдун муштумун жеген. Кызык эле парадокс. ЖКтеги мындай шоуну көргөн эл арасында дагы эле күбүр- шыбыр жүрүүдө. Мындай оюндарын ЖК башка өлкөлөрдүн парламентинде деле мушташып жатпайбы деп элди жоотушканына андай болсо Жириновскийге бир балбанды камдап жатышкан турбайбы дегендер да жок эмес. Дал ушул оюндун каарманы Камчыбек Ташиевди кара булут каптап турган чак. Буга чейин эле К. Ташиев Бакиевдин камчысын чапкан деп жүрүшүп, кийин чоң муштум деп калышкан. Качан өзү токмок жегенде "байкуш" болуп турду эле. Эми иши прокуратурада турганда кантет болду экен деп кулак салган баягы эле карапайым эл. Бир карасаң кайран элге эле бооруң ооруйт экен. Бирде таарынып кетишип, бирде боору ооруп жатышса. Деги ким билет "карга карганын көзүн чокубайт" дечү беле?..

Шайлоонун шарапаты
Ай ким билет, ким билет
Үстүбүздөгү жылдын 31- декабрында президент Роза Отунбаеванын өз милдетин өткөрүп берет. Саясаттын каймактарыбыз дегендер ММКры азыртадан эле ким президент болот деген суроонун тегерегинде жаңгак чагып турган чактары. Айрымдары жакшыэле чабам деп аша кетип, бармагын тиштегендер да жок эмес. Айтканым дегеле аты таанылбагандар да, аты аттын кашкасындай таанымал мурдагы экс-чиновниктер да президент болуу дараметинде. Кыскасы Кыргызстан дагы бир саясый тарых бетине сыя камдап сыясы тама баштаган учуру. Кезегинде эл арасында сөз болуп кетпеди беле. Таластыктар президент кайдан болсо болсун, бирок апчебиз Таластан болсун деп. Бүгүнкү күндө бул желим макал кайрадан айтылып, эми ар регионго таандык боло баштады. Аят гезити чу дегенде эле президенттикке талапкер деп сүрөттөрү чыккан кыраандарга SMS аркылуу добуш бергиле деп старт берди. Талапкер болом деп ачыгын айтышпаса да бир иш чара өткөрүмүш шылтоосу менен айрымдары эл кыдырып жүрөт. Эми үчүнчү президенттен багыбыз ачылаар деп карапайым калк тынч. Ылайым эле тынч болсун.

Бермет Ысык- Көлгө кош келиңиз
Айрым эскперттердин айткандарына караганда быйыл буюрса Ысык- Көлгө туристтердин агымы зор болмокчу. Анткени алыскы чет өлкөлөрдөгү туризмдин камкаймагы кайнаган жерлерде стабилдүүлүк жокко эсе дешет. Атаганат, туристтер көп келип беришсе ишсиз олтурган Ысык- Көлдүктөргө бир топ эле пайда алып келмек. Мындай тилек үмүт менен көлдүктөрдүн даярдыктары жакшы дейт губернатор. Болбосо былтыркы коогалаңдан пансионат, санаторийлер, жеке секторлор таптакыр эле калбады беле. Бирок саясый кырдаал күнөөлүү деп алакан жайып олтура бербей Ысык- Көлдөн тарта региондордогу бардык кооз эс алууга ыңгайлуу жерлерди турагентчилиги бир даназаласа боло. Болбосо Сары- Челек, Сулайман - Тоо, Соң- Көл, Нарындын арпа жайлоо деги канчалаган ажайып кооз жайларыбызды дүйнө элине даңазалаш керек. Мына ошондо каалаган турист кандай кырдаал болбосун келе беришет. Буга далил катары Африканын кайсыл өлкөсүндө абал курч болсо деле туристтер ал жакка барып эс алуудан качышкан эмес.

77 саны манасчыларга таандыкпы?
Кыргызстан эл ассамблеясынын 7- Курултайына катышып, акыркы жолу Ала- Тоо программасына интервьюсун берип, залкар манасчы Уркаш Мамбеталиев о дүйнөгө сапар алды. Уркаш агай жеке эле манасчы эмес анын адамдык касиети нарктуу экендигин замандаштары, исскуство адамдары акыркы сапарга узатууда баса белгилешти. Манасчылардын айткандарына караганда мындан мурун өткөн көптөгөн манасчылар 77 жаш курагында каза болгондугун, жети санында бир сыр жаткандыгын айтышат.