АК ЖОЛ САГА БҮТҮРҮҮЧҮ
Москвада 23.06.11 күнү "ДОСТУК" фонду тарабынан уюштурулган, Жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү үчүн, "Ак Жол Сага Бүтүрүүчү - 2011" кечеси Сулайман-Тоо кафесинде болуп өттү. Кечеге Кыргыз Рес-публикасынын Элчилиги, "Кыргыз Биримдиги", "Ала-Тоо" коомдук коомдук уюмдары, мугалимдер жана жеке ишкерлер бүтүүчүлөрдү куттуктап келишти. Кечеге Москвадагы МЭСИ, РЭА, РГСУ, ГУУ, МЭИ, МГЛУ, МГОУ, МВУ, жана РУДН окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү катышышты. Бүтүрүүчүлөргө жакшы жакшы, жылуу сөздөр айтылды. Мыкты окуган студенттерге, Кыргыз Элчилигинен ардак грамоталары тапшырылды. Бүтүрүүчү кыздарга ROBERTO BRAVO фирмасынан күмүш браслеттер белек кылынып, балдарга PARKER фирмасынан калемдер тапшырылды. Кеченин аягында бүтүрүүчүлөр "ДОСТУК" фондуна ыраазычылык сөздөрүн айтып, аксакал жана ага-эжелерге рахмат айтып таазим кылып кетишти. Ак жол сага бүтүрүүчү.
"Нур" пресс


Москвадагы мугалимдердин демилгеси
Ушу жылдын июнь айынын 16 күнү "Кыргызстандыктарды коргоо жана колдоого көмөктөшүү" борбору менен "Достук" фонду биргеликте Москвадагы кыргызстандык мугалимдердин катышуусу менен тегерек стол уюштурушту. Күн тартибинде "Москвада кыргыз мектеп түзүү керекпи?" деген тема турду.
Бул маселе көп жылдан бери каралып келе жатканын, Кыргызстандын Россиядагы өкүлчүлүгүнө, Кыргыз республикасынынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына жана айрым Министрликтерге жана Москва мэриясына кайрылуу боюнча жүргүзүлгөн иштерге докладчы "Достук" фондунун жетекчиси Мухтаров Шумкарбек кеңири токтолду. Андан кийин ал Жогорку органдар бул маселеге кызыкдар , бирок чечүүгө келгенде көп проблемалардын барлыгы бар экенин баяндады. Башка мамлекеттердин Москвада улуттук мектеп куруу боюнча тажрыйбасын айтып келип, ал мугалимдерди кыргыз мектеп ачууга жапа тырмак киришүүгө чакырды. Бул маселени бийлик органдары, коомчулук, мугалимдер жана ата-энелер биргеликте такай киришкенде гана чечилүүсү мүмкүн деп ал өз сөзүн жыйынтыктады.
Сөзгө чыгуучулар өз ойлорун кайчы пикирлерди айтуудан башташты. "Мигранттар балдарын мектепке окутууга чыгымдарды көтөрө албайт, ата- энелердин тапканы абдан аз" дегендер болду. Айрым мугалимдер "Кыргызстандагыдай эле айлык аз болсо мугалимдер иштебейт" деп айтышты.
"Москвада кыргыз мектеп ачылып калса, анда кыргызстандыктардын бардыгы эле көчүп келет, анда эмне кыргыз эли жок болобу, ачылбаганы деле жакшы" дегендер да болду. "Мектепти курууга көп акча кетет, ага жардам берүүгө биздин ишкерлердин кудурети жетеби, патриоттук сезимдери барбы?" деген суроолор туулду.
Бирок сөзгө чыгуучу орус тилчи эжекей Эшанова Эльмира докладчынын идеясын колдоп чыкты. "Мисалы, мына мен 3 баланы орус мектепте окутуп жатам. Чыгымдарды каптагыдай эле иштеп жатабыз. Менин курбум Алтынай дагы өзүнүн эки баласын окутуп жатат. Биздейлер абдан көп. Эгерде кыргыз мектеп болгондо биз балдарыбызды кыргыз мектепке бермекпиз. Биз азыр балдарыбыз кыргыз тилин, кыргыз маданиятын билбей калабы деп кооптонуп жатабыз. Моквада канча күчтүү, кудуреттүү ата- энелер бар… өкүнүчтүүсү, алардын балдары кыргызча сүйлөй албайт. Алардын айрымдары репетитор жалдап жатат . Кыргыз мектеп ачуу абдан зарыл" деп ал сөзүн бүттү.
Кыргыз тилчи мугалим Турганбаев Эрмамат болсо, Кыргызстанда мигранттардын балдары ата- эненин мээрими жок кандай оор күндөрдү өткөрүп жатканын айтып келип: - Бала ата-эне менен болуусу керек. Ошондуктан кыргыз мектеп керек- деп сөзүн тыянактады. Мугалим Шабданова Бактыгуль болсо азыркы мезгилде көпчүлүк мугалимдер беш-алты жылдан бери сүйүктүү кесибинен ажырады, алар мектепти сагынды. Кана эми мектеп ачылса, канча мугалимдин бактысы ачылмак. Кыргыз мектеп ачканга ар кесиптен мугалимдер бар экен.
Мисалы бүгүн эле тарых, география, сүрөт тартуу боюнча мугалимдер менен тааныштым. Биз билбегенибиз канча. Кыргыз мектеп ачууну мен тура деп табам" деди. Сөзгө чыккан Москвадагы кыргызстандык ишкерлер коомдук уюмунун аткаруучу директору Исаков Гүлжигит "Бул туура идея. Эми сөздөн ишке өтүшүбүз керек. Ар бир мугалим үчтөн мугалим табыш керек жана бештен ата эне менен сүйлөшүп чыгышы керек. Бул иште негизги күч мугалимдер. Бирок биз ишкерлер да четте калбайбыз. Биз дагы өз салымыбызды кошобуз. Ишкерлерге маселени туура жеткирсек, алар колдоруна ишенем" деди.
Жыйытыгында тегерек стол төмөнкү чечимдерди кабыл алды:
- Кыргыз тилиде сабак бере турган мугалимдердин информациялык базасын түзүү.
- Мектепти үч түрдүү түзүү жолун аныктоо жана бюджетин түзүп чыгуу.
- Мектептерди түзүүдө жана курууда чет өлкөлүк тажрыйбаларды колдонуу.
- Ата энелерге кайрылуу жасоо жана алардын балдары жөнүндө маалымат топтоо.
- Ар бир мугалим башка мугалимге жана ата-энелерге маалымат жеткирүүсү.
- Маалымат каражаттары аркылуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.
- Белдүү кыргызстандык ишкерлерди бюджеттин айрым статьяларын каптаганга демөөрчү болуп берүүсүн сурануу.
- Бардык мугалимдердин жана ата-энелердин пикирлерин жана сунуштарын угууга Кыргызстандыктарды коргоо жана колдоого көмөктөшүү борборунун (жетекчиси Гапыров Максатбек) жана "Достук" фондунун (жетекчиси Мухтаров Шумкарбек) эшиктерин ачык деп жарыялоо.

Максатбек Гапыров
АСТРОТӨЛГӨ
24-июндун 24-июлга
чейинки жылдыз төлгө
Кой
Бул ай эсте кала турган кызыктуу күндөр менен толукталат. Ар кандай жолугушулар,саякатка чыгуу,конокко баруу менен күндүн суугуна карабай кызыктуу болот. Алдыда өздүк эки майрамдын катар-катары менен келип жатканына кичине тынчсызданасыз жана белек алуу менен алек болосуз.Жакын адамдарыңыздын бири көптөн бери күткөн кыялданган адамыңызга жолуктурушу мүмкүн.

Букачар
Букачар белгисиндегилерге эс алганга убакыт келди. Жумушка өтө эле берилип кеткендер үчүн эс алганга ыңгайлуу апта. Үй-бүлөңүздүн кашында болуп эс алганыңызды баалаңыз. Анткени алар сиздин маанайыңызга жана көңүл бурганызга муктаж.

Эгиздер
Эгиздердин ийгиликтери бул жумада дагы уланат. Бардык кылган ишиңиздин акыбети кайтып кылган ишиңизге "ушунун баарын жасадымбы?" - деп өзүңүз таң каласыз. Мындан тышкары сүйүү жаатында дагы сүйүнүчтөр көп болот. Июнь айынын экинчи жарымында күтүлбөгөн белек алышыңыз мүмкүн.

Бөйөн
Дайыма эле жашооңуз кызыктуу өтө бербейт экенин биле жүрүңүз. Июнь айынын башталышында сиз көптөн бери ишенип жүргөн адамдарың алдап кетиши мүмкүн. Ошондуктан кеңеш алып жатканда жөн эле угуп коюңуз дагы өзүңүз чечим кабыл алганыңыз дурус. Дагы бир эскерте кетчү нерсе жакын адамыңызды жаман сөз менен күнөлөгөндөн алыс болуңуз.Эгерде ооруп же акча жоготуп алсаңыз көп кайгырбаңыз.Сиз күчтүү болсоңуз ийгилик сизге гана жылмаят.

Арстан
Айым арстан белгисиндегилер күнүгө жасап жүргөн эртең мененки зарядкаларды жасап өз келбетиңизге 15 мүнөт кам көрүңүз. Кам көрсөңүз бир жума бою жеңил жүрүп,өзүңүздү бактылуу сезе баштайсыз. Айдын башталышы менен биринин артынан бири кызыктуу боло берет. Анткени айды кандай маанай менен баштасаңыз аягы дагы ошондой болот деп астрологодор эскертишет.

Бийкеч
Бийкечтер бир гана жакын адамынын жардамы менен маанайын көтөрө алат. Анткени иштин көбүнөн чарчап,кайгырып, маанайларын түшүрүшү мүмкүн. Көптөгөн проектерди иштеп чыгып коллегаларыңыз менен жакшы мамиледе боло аласыз. Баардыгы жакын адмдарыңыздын жардамы менен болот экенин унутпаңыз.

Тараза
Иш жүзүндө көптөгөн өзгөрүүлөр болуп жаңы ийгиликтер пайда болот. Сүйүү жаатында дагы сиз күтпөгөн окуя болот. Июнь айынын биринчи жарымында эсте кала турган белек аласыз.Бирок анын ордуна башка нерсе беришиңиз мүмкүн.Жаңы карьера баштап жаткандар болсо ийгиликтин куйругун бекем кармап алыңыздар.Эгерде колдон чыгарып жиберсеңиздер көпкө ал учур кайталанбайт.

Чаян
Аптада башыңызга жаңы идеялар келиши мүмкүн. Жаңы таанышуулар менен сүйлөшүүлөр моралдык жактан сизге жардам берет. Андан тышкары көпчүлүк элдин борборунда болуп,өзүңүз үчүн жаңы ачылыштар ачылат. Ошондуктан романтикага эмес,карьерага бул жуманын баарын арнаңыз.

Жаачы
Элдер менен иштешип же начар жашаган үй-бүлөлөргө жардам берип бул жума кызыктуу өтөт. Көптөн бери ишке ашыра албай жүргөн пландарыңыз болсо романтика менен аяктайт. Бул жумада материалдык жана моралдык жактан колдоо болуп жашооңуз жакшырат.Ошого жараша карьераңыз дагы өсүп жакшы адамдар менен пикир алмашасыз. Айдын аягында саякаттап же киного барып кызыктуу өткөзөсүз.

Текечер
Ушул убакка чейин сизди тынчсыздандырып жүргөн бир нерсе бар болсо ал өзүнөн өзү чечилет. Сүйгөн адамыңыз менен келишпей жүрсөңүз элдешесиздер. Эгерде сиз ал адамдан эч нерсе жашырбай ичиңизде болгон нерсени ачык айтып берсеңиз. Бул кечте келечектеги пландырыңыз өзгөрүп кетиши мүмкүн.

Суупери
Бул ай ийгиликти колуна кармап калышы үчүн баардык мүмкүнчүлүктөр суупери жылдызындагыларга түзүлгөн. Ошондуктан эмгектенбей жалкоолонуп отура берсеңиз баардыгынан кур калышыңыз мүмкүн. Сүйүү жаатында болсо эч кандай коркунуч жок бирок урушуп кетпеш үчүн туура эмес сүйлөп алуудан качыңыз.Акча каражатын жөндөн жөк коротпой сарамжалдуу болушуңуз керек.

Балык
Айдын башында эле жашооңузду өзгөртүп кызыктуу кылып алсаңыз болот. Алдыга койгон максаттарыңызга жетиш үчүн болгон күчүңүздү жумшаңыз. Айдын ортосунда өзүңүзгө кам көрүп ,стилисттерге кайрылып сырткы келбетиңизди өзгөртсөңүз болот. Июль айынын башталышында үй иштери менен алек болуп үй-бүлөңүздүн жанында болгонуңуз оң.