ЫР САПТАРЫ

Москва кайрыктары
Кечирчи

Кечиргин асылзаада жароокерим,
Мен сенин көз жашыңа себепкермин.
Балдай ширин ак сүйүңдү сезе албай,
Баалабастан чоң каталык кетирдим.

Билем сени кечирбейсиң эч качан,
Башымды ийип тизе бүгүп ыйласам.
Жаштык кылган мастык кылган экенмин.
Бир максатты кана көздөп ар качан.

Жолукканда жүзүң турса жылмайып,
Карегиңден сагынычты байкачым.
Жан эргиткен жылуу сөздөн айтпастан,
Жасап күлүп мыйыгымдан жылмайчым.

Мага болгон сезимиңди сезбедим,
Кеч түшүндүм анда бакыт келгенин.
Толгон айдай татынакай кезиңде,
Түшүнбөстөн тилегиңди тепседим.

Бакыт жолуң башка менен ачылды,
Сары оору жүрөк дартың басылды.
Абалыңа түшүнө албай бир жигит,
Сенден келген сүйүү кушун качырды.

Бакыт тилейм бактылуу бол ар качан,
Бейкут жаша жарың менен кармашкан.
Убагында жете албастан баркыңа,
Кеч түшүнүп мени санаа ой баскан.

Улан Болотов,
Түптөн 8 (926) 042-21-28

Табышпай кетти
махабат

Адашып айлуу түндө махабат,
Айласыз ай батып таң агарат.
Акылдан кеткенсип бир жигит,
Аргасыз, жок сүйүүгө алданат.

Издеп жүрдү сүйүүсүн канча убак,
Ириң толуп, жүрөгүнөн кан чубап.
Изин калтырбай сууп кетти сүйүүсү,
Издеп энесин таппай калды жетим улак.

Айталбады ал кызга жигит өзү,
Ал кыздан үзүлбөдү жигит көзү.
Адашпай кармап калган сүйүүсүн,
Алар болду экен, кимдер өзү.

Кантип айтсын чынында сүйүп турса,
Кагып жүрөк ошол кыз деп күйүп турса.
Качып кетти ал кыз эми жигиттен,
Кантет эми үмүт жибин үзүп салса.

Билди жигит өз сүйүүсүн айталбасын,
Билип сезди сүйүүсү арманга айланганын.
Бир убак тоголонуп ойго батып,
Билди эми турмуш чынында жалганын.

Элестетип ал кыз менен кол кармашып,
Эстеди, апасын күтүп жол карашып.
Эсинен кетпейт ал кызды сүйөөрүн,
Эми кетти апасы менен кол кармашып.

Анкени жигит кирди сарайга,
Ары жактагы көзү түштү арканга.
Абайлап өзүнө жасап сыйыртмак,
Ал турсун жетишти мойнуна салганга.

Айласыз жигит кете берди жашоодон,
Ал коркподу жазасын алаар тозокотон.
Айласыз кыз калды көздөн жаш таамп,
Анткени кызга да тийген ал ????

Бороев Элдияр,
Жалал-Абаддан 8 (926) 951-32-00


Бир жигитке

Болсоң керек жары жаркын бирөөнүн,
Кытмыр күлүп мени сынап күлбөгүн.
Жалганчылар көбөйдү го жашоодо,
Сен ошонун бирөө болуп жүрбөгүн.

Менин жашым сенден улуу экенин,
Билип алгын балалуу да экеним.
Заманага төңкөп койбой шылтоону,
Эй жаш жигит ойлосоңчу эртеңиң.

Уккум келбейт эч кимдердин "жомогун",
Сен жаш жигит эч убара болбогун.
Москвада боло берет дебестен,
Үй-бүлөңдү, балдарыңды ойлогун.

Күн

Дүйнө жүзүн жаркыраткан жаркын күн,
Жылуулугу бардыгына жаккан күн.
Жандуу-жансыз, алдуу-алсыз дебестен,
Жарык нурун тегиз кылып чачкан күн.

Күн болбосо суулар акмакпы,
Күн болбосо гүл буралып чыкмакпы.
Күн болбосо кайдан келмек сулуулук,
Күн болбосо болмок беле жылуулук.

Чынара Саданова,
Кара-Суудан 8 (926) 125-47-32
Акыйкатка
кайталы
Жаратканым жаратты адам кылып,
Айбанаттан акылды артык кылып.
Адеп, ыйман, акыйкат, адилетти,
Алла берди бардыгына мүнөз кылып.

Ал касиет мүнөздөрдү адамзат,
Көтөрө албай, кайсыл жакка баратат.
Алла алдында парзыбызды аткарбай,
Динди бузуп, шайтандыкты жаратат.

Адамзаттын өз денеси өзүнө,
Белек сымал берилген бир аманат.
Эй адамдар, аманатты аткарып
Айбанаттан жашайлычы арданып

Жакшы көрүп жаратканга жалынып,
Ата эненин караанына кагылып.
Сыйлап дайым ага ини , тууганды,
Уят болбой эл жериңден катылып.

Оңдойлучу жан дүйнөнү адамдар,
Ар нерсеге, азгырыкка алданбай,
Акыл эссиз, адилетсиз, мээримсиз.
Айырмабыз эмне биздин айбандан.

Биринчиден тарбияла сезимди,
Жүрөгүңдү, ички дүйнө мээримиңди
Анан калса жыргалчылык бейишке
Жан дүйнөңдүн түпкүрүнөн биринчи.

Жаман иштен алыс болгун ар дайым,
Нарко заттын ойлойлучу ар жагын.
Зулумдук, зомбулукту биз таштап
Даңктайлычы бул дүйнөнүн ак шамын.

Дагы дагы жашасынчы кыргызым,
Ыйман менен дүйнө жүзүн кыдырып.
Салт санаасын, кадыр баркын бек сактап
Жашайлычы тарыхка из калтырып.

Кыял Жазыкбекова
Караколдон, тел: 8-968-843-89-07

Ата-энеңдин сөзү
сага тумар болуп

Үй куруп, үйдү өйдө көтөрүшкөн,
Барктай бил ата-эненин эмгектерин.
Аздектеп бөпөлөп өстүрүшкөн,
Барктай бил ата-энеңдин мээримдерин.

Жаш кезде сени колдон жетелеген,
Түшүнгүн ата-эненин сезимдерин.
Чоңойсо бизди колдон жетелейт деп,
Түшүнгүн ата-эненин тилектерин.

Бой керип сен чоңойуп калганыңда,
Кулак сал ата-энеңдин насаатына.
Ошондо бул жалганда жетишесиң,
Ойлогон тилегиңе максатыңа.

Ата-эне жамандыкты ыраа көрбөйт,
Жакшылык жолдоруна тилеп жүрөт.
Түшүнсөк ата-эне бул өмүрдө,
Балам деп сыймыктанып өмүр сүрөт.

Алыста жүрсөң эгер ата-энеңден,
Чыгарба аларды сен эч эсиңден.
Себеби ата-эненин мээрими эле,
Сен жыйган байлыгыңа тең келишкен.

Ахунова Мейликан,
Лейлектен 8 (926) 701-56-05



Кыргызстаным

Кагылайын карааныңдан Кыргызстаным,
Кандай болду келечегиң ар күн сайын.
Камалып туңгуюкта жаткан өңдүү,
Кайгыдан башың чыкпай калды дайым.

Кыргыз элим тентип кетти чет жерлерге,
Жумушсуздук кризис курчап элге.
Маянанын аздыгына суроо жоктур,
Кантсе да толгон-токой маселелелер.

Апрель, июнь окуясы эс учуңду тандырган,
Ойго келбес окуялар өттү сенин башыңдан.
Азап тартып кыйналышты кыргыз элим,
Жараткан өлкөбүзгө ушуларды жаздырган.

Мен ишенем мындан ары Кыргызстанга,
Оңдолуп, өнүгөт го тез арада.
Кудай буйруп тынч жашоо келет бизге,
Кыргызстаным өркүндөп өнүгөттүр жакында.

Элиза Маматислам кызы,
Чоң-Алайдан, 8 (926) 976-14-59