![]() |
|
Кайрылуу каттары жана келген каттар:
Турмуштан тамган тамчылар башаламан Барбасам башым ооруйт, барсам бала-чакам коруйт Ар бир жандык бу жашоого жуп-жубу менен жаралганы төгүн эмес. Анын сыңарындай эркек менен аялзаты да тээ Адам-Ата менен Обо-Энебиздин заманынан бери карай бири-бирин толуктап, эриш-аркак өмүр күнүн кечирип келатыры. Ушундан улам нени айткым келди? Мен да жубумду таап, ортодо бала-чакалуу болуп, эл катары жашап жаткам. Анан эле тириликти бир аз тыңдап, бардар болуу максатында, сүйүктүү бүлөөмү калтырып, ноябрь айында Россияга баса бердим... Россияга жалаң кыялдардын жетегинде келгеними поездден орус жергесине алгачкы кадамымы таштаганда эле жон терим менен туя баштадым. Кычыроон суук, элдердин маанайы да бөлөктөй, эч ким менен эч кимдин иши жоктой. Колхоздун тар сарайында тыгылышкан козуларга түспөлдөшкөн бир бөлмөдөгү 10-15тей кыргыздардын бириси дагы ахыбалымы сурап, "Ой, кандай жетип келдиң, Ала Тоо ичи тынчпы?" дешпеди. Ал тургай тамак ичерге келгенде, ар кимиси ар бурчта отуруп, ар кандай тамак-ашын алдыларына жайнатып, өз бетинче иче башташты. Кыргызстанда экенимде бүлөм менен чогуу-чаран чай ичип көнгөн жаным, ушуреки көрүнүштөрдүн баары мага өөн учурады. Ошентип арадан күлүк күндөр сызып, айлар ага баштады. Убакыт учкан сайын баарына көндүм, бир гана аялзатысыз жашаганга көнө албадым. Алыстагы жарымы сагынганымы айтпай ак коеюн. Анан Умсунай деген бир келин менен таанышып, таттуу мамиле курууга туура келди. Өңдүү-түстүү Умсунайда акча да кеңири, бөлмө да кеңири эле. Курулуш фирмасында 11 жылдай бригадир болуп иштеген Умсунай ачыгында эле бардар жашачу, бирок аялзаттык бакыттан куру жалак экен. Бир-эки ирет турмушка чыгып, жолу болбоптур. Мага бардык шартты түзүп койду, "Чыгармачылыгыңды өркүндөт" деп ноутбук да сатып берди. Эрди-катын катары жашай баштадык. Күндүзү жумуш менен түнү Умсунай менен алекмин. Мындай карасаң, баары сонун! Антсе дагы жан-дүйнөмдөгү дүрбөлөң эч басылбады. Түнү Умсунайга жолосом эле көз алдыма келинчегимин элеси тартылып, балдарымын үндөрү кулагыма угулуп, бут алдымда жер көчкөндөй мээм тегеренчү болду. Акыры өз каалоом менен андан кол үздүм... Эптеп эки айдай жалгыз жүрдүм. Башым ооруп, табигаттын мыйзамынан кыйгап өтө албай дагы бир аялзаты менен мамиле түздүм. Бирок кайра эле баягыл көрүнүш. Келинчегим көз алдыман кетпей, балдарымын үнү кулагымда чуулдайт... Ал келинден да баш тарттым. Бул көрүнүш башкалар менен мамиле түзгөнүмдө да кайталана берди. Ошол күндөн ушул күнгө чейин. Кээде "Келинчегим дубалап койгонбу?" деген да ой кетет же келинчегими өтө катуу сүйгөнүмөн уламдыр. Айтор, ушугезге дейре ушул көрүнүштүн жандырмагы чечилбеди, ага карабай табигат мыйзамынан баары бир кыйгап өтө албай келем... Жатып ичер жан бактылар жадатты Кайда барсаң Мамайдын көрү дегендей кайда барсаң жатып ичер жанбактыларга туштугасың. Мындайларды мителерден кенеге, битке салыштырсак жарашат. Кенелер да башкалардын эсебинен жашаганды жактырышат. Иттин жүндөрүнүн арасына кирип алып, канын кактабай соргон кенелерди көрүп эле жүрбөйбүзбү. Көйнөктүн тигишине кирип алып, кишинин жанын көзүнө көрсөткөн биттерди бала кезде далай ирет эки тырмактын ортосуна кыпчып өлтүрдүк го. Ал эми кишинин митеси болсо кишилердин эсебинен жашаганды эп көрөт. Илгери студент кезде жатаканада жашап жүрүп, далай жатып ичер жанбактыларды бактык эле. Шумдук эле, алар. Өздөрүнүн бөлмөсүндө такыр казан кайнабайт. Дамамат биздин бөлмөнү сагалашчу, жаңыле тамак бышырып, дасторконго коердо кайдан-жайдандыр жетип келишчү, шүмшүйүшүп. Кудайдын тамагын кыргыз качан аячу эле? Чогуу-чаран жечүк. Ошончо кишиге кичинекей казандагы аш жетмек беле? Чала- бучук чай ичип, кара курсакты сооротчук. Баарынан да алардын "Бекер тамактын берекесин көр, кайда болсоң айда бол, тамак бышканда пайда бол!.." деген девиздери укмуш болчу, ушундай бийик пафосто айтылган сөз ураандарын эмгиче башка булактардан таппай келем. Акыры окууну аяктап, жатаканадан чыгып кетип араң кутулгам, алардан... Тагдыр экен, ушу тапта Москва шаарында эмгектенип жүрөм, жашоом эл катары өтүп атыр. Бир бөлмөдө 15 киши турабыз, ар кимибиздин ар кандай кыял-жоругубуз бар дегендей. Баары менен сый мамиледемин. Бир үйдө баш калкалап жаткан соң, антпесең да болбойт, жаныңдагыларды жактырасыңбы, жактырбайсыңбы баары бир тишиңдин агын көрсөтүп, сүйкүмдүү алака күтөсүң. Антпесең жек көрүнөсүң. Бирок арабыздагы Кубат деген жигит негедир көңүлүмө жакпай жүрөт, акыркы күндөрү кадимкидей жипкирчү болдум, аны көргөн сайын көзүмө мителер элестейт. Баягыл студент кездеги жатып ичер жанбактылардын эле өзү, ал. Куюп койгондой окшош. Жеткен жалкоо. Бир жерде жарытып иштебейт. Кыйратып иш тандаганына жаның күйөт. Ким тамак жасаса, шыпылдап жанына жетип барат, шилекейин куюлтуп. Мусулман эмеспизби, кичине кайрылышабыз. Эң кызыгы, тамакка такыр тойбойт. Казыр тамак ичип, саамдан соң дагы бирөөнүн дасторкону жайылса, ошону көздөй жылт коет. Уят, ар-намыс, абийир деген нерселер ал үчүн жат көрүнүш. Болгон күчүн сөздөн чыгарат. Оозу менен орок оруп, тили менен буудай куурат. Жана бир жаман жери, ар кимдин кийимин кие берет. Жашы отузга чукулдап калса да, үйлөнөлек. Кыздар деле жолобойт окшойт, буга окшогон мителерге. Өзү деле үйлөнгөндөн коркот. Үйлөнгөн соң келинчегиңди ичинтип-кийинтишиң керек дегендей. Көйгөйү көп. Жатып ичер жанбакты Кубат өңдүүлөр ааламдын ар кайсыл бурчунда тыгылып жатса керек. Күн өтө берет, мезгил күтпөйт, коом алга жылат. Ал эми жанбактылар болсо сиз жана мага окшогон көкүрөгүндө намыс оту алоолонгон аракетчил инсандардын эсебинен элдир-селдир пайдаланып, жашай бериши айныгыс көрүнүш. Көйнөктүн тигишине кирип алып, кишинин жанын көзүнө көрсөткөн биттерди бала кезде эки тырмактын ортосуна кыпчып далай ирет өлтүргөнүбүз жадымда жадыбалдай жатталуу турат. Битке го күчүбүз жетчү, а Кубаттай мителерди түп-тамырынан бери жоюп жиберүүгө бир Кудайдан башканын күчү жетпесе керек. Антсе дагы аларга адал тагдыр каалап, куру дегенде жүрөктөрүнө ыйман нуру уялап, ар кимдин ашын аңдыбай, жатып ичер жанбакты атка татыбай татыктуу күн кечиришсе экен дейм... Акылбек Мамадалиев, Москва шаары САНДАН - САНГА АБДЫРАХМАН ПАЛВАН (Башталышы өткөн санда) Ченемсиз кадыр-барк ээси Эл оозунда Абдырахман жөнүндө не деген икаялар, легендалар айтылып жүрөт. Ал негизинен 70-жыл менен 80-жылдын соңуна чейин, тагыраагы көзү өткөнгө чейин күрөшүп өттү. Ошол убактын аралыгында ага тең келээр абийирлүү палван болбоду десем жаңылышпайм. Түштүк Кыргызстан менен чектеш жайгашкан баардык улуттардын арасына өз баласындай жакын туюлган ченемсиз кадыр-баркка эгедер эле. Мындайча айтканда жөнөкөй эле күрөштүн аркасы менен атын дүңгүрөтүп алган болчу. Андыктан ким болсо Абдырахманды тааныйт, ким болсо Абдырахманды билет эле, ким болсо Абдырахман жөнүндө 15 минутпу, жарым саатпы, жомок айтып бере алат эле. Ошондо биз студент элек, Абдырахман да Ошто окуйт экен. Көчөдө бара жатканда соңунан сонуркаша карашкан элдин баары ээрчип алчу. Эми олбурлуу палвандар деле көп дечи. Бирок Абдырахмандай периштелүү, бешенесинен жылдызы жанган палванды мен бул чөлкөмдөн көргөн дагы, уккан дагы эмес болчум. 1974-жылы Ташкентте Орто Азиянын биринчилиги үчүн таймашышкан мелдеш болуп өтөт. Ошондо Кыргызстандан жалгыз барган Абдырахман палван баш байгеге ээ болгон экен, архивдеги сүрөтүнөн көрдүм. Бата менен эр көгөрөт Эми күрөштөрү тууралуу кеңири токтолсом. Эски Ноокаттын жогору жагында Сахаба деген жаратылышы кооз, ажайып, касиеттүү эл сыйынган жер бар. Жыл сайын ошерде 1-майдан 9-майга чейин күрөш өтчү. Күрөшкө Орто Азиянын "менмин" деп көкүрөк каккан палвандары катышчу. Ошондо мен көргөндөн Абдырахман палван 9 күн бою түк жыгылбастан, кандай гана өнөктөшү болбосун, мөөрөйдү эч кимге алдырбай турду. Мына чыныгы палвандын күчү! Ага асыресе, өзбек, тажик палвандар талапкер болушчу. Ушунчалык сыйкырдуу күчкө, сыйына турган касиеттүү палванга айланып кеткен эле. Андыктан ага ак сакалдуу, ак чач чалдар да 20-25 сомдук акчаларын чөнтөктөрүнө салып алып чыгышар эле. Бирок жыгылышат эле. Антсе да, Абдырахман катуу жыкпастан, айлантып келип акырын жерге таштап койчу. Көкүрөгүн үстүнө салчу эмес. Анан акчалары менен кошо Абдырахманга ак батасын беришип, касиеттүү палвандын белин кармап койгондуктары үчүн өздөрүн бактылуу сезишчү. Абдырахман чыгарда өнөктөшүнүн бетинен өөп, учурашкан соң күрөшө баштачу. Ошондо мен ойлочум "Неге мындай кылат?" деп. Көрсө, Абдырахман күрөшүштү гана билбестен, өнөктөшүн урматтоону да өздөштүргөн маданияты жогору мыкты инсан болгон тура. Дагы бир күрөштө Өзбекстандан СССР Жогорку Советине депутат Рустам Жапаров деген палван келди. Бою 2 метрге жакын, аябагандай алп денелүү неме эле, ыраматылык. Спорт чебери болчу. Ошо гана Абдырахман палванды бир сааттай былк эттирбей кармап турчу. Экөө дем алып, дем алып бир сааттан ашык күрөшүшчү. Бирок аны да аягында көтөрүп чапчу. (Уландысы кийинки санда) Акылбек МАМАДАЛИЕВ, КР Жазуучулар Союзунун мүчөсү .
WebMoney кошелек: Z189154646502 R429713653063
Тагыраак көрсөткүчтөрдү Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >> Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Алия Бактыбек:
Алия Тонова:
Жамалбек Ырсалиев:
Пресс-служба Ассоциации "Дордой":
Жамиля ОРМУШЕВА:
Асылкан ШАЙНАЗАРОВА: Кармыштегин Макелек Өмүрбай уулу, профессор...
Нуркулов Канат, журналист... Айбек Усенов
Баймуратова Нурила...
Мелис Эшимканов...
Кабул Юлдашев:
Министрликтин жообу:
Турсунали Толомушов:
Асыран Айдаралиев:
подполковник Т.Сусунбаев:
Жумаш Назаров:
Турсунали Толомушов:
Майрам АКАЕВА...
Академик Аскар АКАЕВ...
Академик Аскар АКАЕВге...:
Aidai Masylkanova:
Кыргыз атуулу:
Аскар Акаев:
Кабыл Шабданов
Алексей Рощин
Назаралиев Ж.
Турсунбай Бакир уулу
Назаралиев Ж.
|
|
|
| |||||||||||||||||